Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Столтенберг НАТОнун Украинага күчтөрүн жайгаштыруу планы жок экенин айтты


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТО Украинага аскерлерин же куралын жайгаштырууну көздөбөй турганын бүгүн 6-майда уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында өткөн пресс-конференцияда сүйлөп жатып ал негизги көңүл Украинага жардам жана колдоого бурулуп жатканын айтты:

«НАТОнун Украинага күчтөрүн жайгаштыруу планы жок. Украинаны колдоо үчүн канткенде бекем негиз түзө аларыбызга, Украинага жардамды камсыздоо үчүн узак мөөнөттүү каржылык милдеттенмелерибизди макулдашып, орнотууга көңүл буруп жатабыз».

Столтенберг НАТОнун кайсы бир мүчөсүнө Орусиядан коркунуч жок экенин кошумчалады.

Бир нече күн мурда Столтенберг The Economist басылмасына курган маегинде Батыш мамлекеттери өзүлөрү берген курал менен Орусиядагы аскердик жайларды бутага алууга уруксат бериши керек экенин айткан. Көп өтпөй Софияда өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын катышуучулары батыш курал-жабдыгын колдонууда киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырган резолюция кабыл алышкан.

Орусия президенти Владимир Путин эгер Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урула турган болсо Москва жооп катары Батыш өлкөлөрүнүн каршылаштарына алыс аралыкка атуучу курал жөнөтө башташы мүмкүн экенин билдирди.

Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG