Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Газада дагы 30дай киши мерт кеткени, Дохада жана Каирде сүйлөшүүлөр өткөнү кабарланды


Газа. 2024-жылдын 5-июну.
Газа. 2024-жылдын 5-июну.

Газа секторунда Израилдин соккусунан бүгүн 6-июндун таңында дагы 30 киши каза болгонун, алардын бешөө балдар экенин Associated Press (AP) агенттиги жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып билдирди. Бул мекемени ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөйт.

Сокку Газанын борбордук бөлүгүндөгү мурдагы мектептин имаратына урулганы, ал жерди, Израил аскерлери билдиргендей, ХАМАС жана “Ислам жихады” тобу өзүнүн базасы катары колдонуп келгени маалымдалды.

Израил Газанын борбордук тилкесинде абадан жана жерден жаңы чабуулдарын баштаганын билдирүүдө.

Эл аралык медициналык кайрымдуулук уюмдары сектордо каза болгондор көбөйө баштаганын белгилеп жатышат.

Бир катар эл аралык маалымат каражаттары 5-июнда Газадагы атышууну токтотуу тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр Катардын борбору Доха шаарында жана Египеттин борбору Каирде өткөнүн жазышты. Бирок жыйынтыгы кандай болгону тууралуу так маалымат бериле элек.

Египеттик Al-Qahera News телеканалы кабарлагандай, Дохадагы жолугушууга египеттик, катардык жана америкалык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Израилдик жалпыга маалымдоо каражаттары ХАМАСтын өкүлдөрү Катардын премьер-министри жана Египеттин Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси менен жолукканын жазышты. ХАМАС бул боюнча маалымат бере элек.

ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Исмаил Хания Израилдин ок атуусунун туруктуу негизде токтотулушуна, аскерлерин Газа тилкесинен толугу менен чыгарып кетүүсүнө жана туткундарды чындап айырбаштоосуна негизделген кандай гана келишим болбосун, “олуттуу жана оң караларын” билдирди.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант барымтадагыларды айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүнү кайра баштоо үчүн Газага чабуулдарын токтотушу керек деген шартка макул эместигин айтты.

АКШ ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАС макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүп жатканын апта башында Ак үй билдирген. Бул планды өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден сунуш кылган. Анда атышууну токтото туруудан тышкары Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү, ХАМАС барымтада кармап отурган израилдиктер менен чет элдиктерди Израилдин абактарында жаткан палестиндерге айырбаштоо сунуштары да бар.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 36 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG