Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Тажикстандагы кандуу окуяга байланышкан маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Окуя болгон кыштак.
Окуя болгон кыштак.

Тажикстандын Согд облусуна караштуу Канибадам шаарына караштуу аймагындагы Санжидзор кыштагында киши колдуу болгон этностук кыргыз үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында көтөрүлүп, депутат Камила Талиева каза болгондордун жакындары ага байланышып жатканын белгилеп, окуяны дыкат териштирүүнү сунуштады.

“Ата-энеси да каза болуп, үч бала томолой жетим калды. Мен туугандарына “Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги бар, териштирүү жүрөт” деп аларды кармап турам. Каза болгондордун Кыргызстандагы агасы үч баланы өзүм багып алам деп жатат. Балдардын тагдырына кайдыгер карабай, буга дыкат мамиле жасоону суранат элем”, - деди Талиева.

Окуя Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгон. Эки үй-бүлөдөн алты адам киши колдуу болгонун, бир үй-бүлө этностук кыргыздар, экинчиси тажик үй-бүлөдөн экенин “Озоди” радиосу жергиликтүү тартип коргоо органдарына таянып жазган.

Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланган.

Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болгон. Бул мектепте этностук кыргыздардын балдары билим алышат.

“Озоди” радиосунун маалыматына караганда, тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы келин жана анын 17 жана 14 жаштагы эки окуучу уулу каза болду. Туугандары үчөө тең күч колдонулуп өлтүрүлгөнүн айтып беришти. Келин айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, күйөөсү Орусияда миграцияда.

Азырынча Кыргызстандын расмий мекемелери маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG