Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:09

Корейлердин 82 жыл илгерки армандуу көчү


Ыраакы Чыгыштан корейлерди көчүрүү боюнча токтом. Архивдик документ.

«Азаттык» менен «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсү Светлана Петровна Нимдин тагдыр жол баянын сунуш кылат.

СССР заманында туулуп-өскөн корей кыз мындан 82 жыл илгери август айында Ыраакы Чыгыштан Борбор Азияга капыл-тапыл көчүрүлгөн улутташтарынын азап-тозогун эстеп калган. «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоору буга чейин ачык айтылбай келген тарых барактарын айрым адамдардын тагдыры аркылуу ачып берет.

- Эми коркпой ачык айта берсе болобу?

Светлана Петровна Ним.

Өткөн жылы «Эсимде» долбоору «Үй-бүлө тарыхы. Кыргызстан ХХ кылым» деген кыска баяндардын конкурсун баштаган. Жарыя чыккандан кийин ага аябай кызыгып, жөн-жайын сураган дилгир окурманыбыз Светлана Петровна болду окшойт. Башынан өткөргөндөрүн айтып бериш үчүн бизге атайын келиптир. Ар кыл жылдарда чыккан гезиттердин керектүү жерлерин кесип, сүрөттөрдү чогултуп, анан баарын конвертке салып алыптыр. Анын баарын сүрөткө тартып алып, үй-бүлөлүк баянын жарыяламак болгонбуз. Иштеген жерибизде чай иче отуруп, анын үйүнө барып сүйлөшүүнү макулдашканбыз. Аныбызды көп созбой Светлана Петровна жашаган Бишкектин жанындагы Лебединовкадагы үйүнө барганбыз.

***

«Кыргызстанга корейлер качан келишкен?» деген суроо жалгыз мен эмес, курбалдаштарым арасында деле болгондур деп ойлойм. Менде ошондой суроолор көп эле болгон. Курдаш кызым корей улутунан болчу, алардын бул жакка качан келгенин сурайм деп ойлочумун, бирок ыктуу учур болбоду окшойт. Анан менин суроомо курдашымдан баарын камтыган кенен жооп алаарым деле күмөн эле. Тарых сабагында биз корейлердин зордоп көчүрүлүшүн окучу эмеспиз, андай тема программада жок болчу. Бу элдин Орто Азияга кантип келип калышынын чоо-жайын Светлана Петровна Ним бизге келип айтып бергенден кийин гана түшүнүп, кызыгуубуз артты окшойт.

Ушу тапта Борбор Азияда жашап жаткан корейлердин көбү - 1937-жылы Ыраакы Чыгыштан Борбор Азияга өкүмзордук менен көчүрүлгөн 172 миң корейдин тукумдары. Так ушул жылы большевиктик ири канабайрам күчөгөн. Сталин менен Молотов Эл комиссарлар кеңеши (Совнарком) менен ВКП(б) БКнын атынан «Ыраакы Чыгыш аймактарынын чек арага жакын аймактарынан корей калкын көчүрүү жөнүндө» жашыруун токтомго биргелешип кол коюшкан.

Расмий тапшырма боюнча корейлер 1938-жылдын 1-январына карата толук көчүрүлүп чыгышы керек болчу. Иш жүзүндө ал аткарылбай, зордоп көчүрүү октябрда араң аягына чыккан. Айласы куруган адамдарды кары-жаш, катын-бала дебей товардык вагондорго тыгып, жашаган жеринен миңдеген чакырым батышты көздөй айдашкан.

Расмий токтомдо зордоп жер которуунун себеби катары «жапон тыңчыларынын Ыраакы Чыгыш аймагына кирип кетишине жол бербөө максаты» көрсөтүлүп, ага каршы ушундай мажбур иш жасалып жатканы белгиленген. Ал кезде СССР менен Жапониянын мамилеси кылоосуна жетип, чыңалып турган. Өлкө калкынын башка мамлекет жарандары, айрыкча, душман эсептелген капиталисттик дүйнө менен байланыш-катышын биротоло үзүп салуу максатында корейлерди жашаган үйлөрүнөн кууп чыгып, аларды Түштүк Казакстан облусунун, Арал деңизинин, Балхаш көлүнүн боюндагы ээн жерлерге, ошондой эле Өзбек ССРине күч менен көчүрүү боюнча чечим кабыл алынган.

Светлана Петровна чоң энеси Ти Сиден чиедей үч баласы менен кантип Өзбекстанга көчүрүлгөнүн көп жолу уккан:

«1937-жылы корейлерди Ыраакы Чыгыштан зордоп көчүрүштү. Сыртынан караган адамга корей менен жапондордун кебетеси окшош. Анан корейлердин баары тыңчы болуп кетет деп корккон бардык элдердин атасы Иосиф Сталин менен Ежов, алардын жанындагы адамдар корейлерди орун-очок алып калган жеринен козгоону чечишкен…

Чоң энем Ти Синин айтуусунда, аны эки кызы, уулу менен кошуп жүк ташуучу вагонго тыгышыптыр. Уулу - менин атам. Үстүндө эмне кийип турса ошону менен эле чыгышыптыр. Чоң энем «вагондун бир бурчунда тыгылып отурганбыз» деп айтып калчу. Кишилер жык толгон жыгач вагондогулар баары өлүп калса, ал вагонду өрттөп ийишчү экен. Эгер кимдир-бирөөнүн жакыны өлсө жолдо токтоп, аны чуңкурга көөмп, үстүнө таш жыйып коюшчу экен. Кыйчалыш жолдо маркумдарды ошентип көмүшкөн».

Тагдыры татаал миңдеген корейлер азыркы Өзбекстан менен Казакстанга келип, ушул жерлерден орун алышкан. Көчкөндөрдүн айтуусунда, аларды мурда киши жашабаган чөлгө же айыл-кыштактан алыс ээн жерлерге ташташыптыр. Айла жок, келгиндер жертөлө казып, өлбөстүн күнүн көрүп, чөптүн тамырын жеп, чөп кайнатып эптеп аман калуунун аргасын издешкен. Бийлик убада берген жөлөк пул баарына жеткен эмес, аны да толугу менен төлөп беришпептир. Андан аз илгери (1932-1933-жылдар) Казакстандын өзүндө ачарчылык болуп, кыйналып турган республиканын жаңы келгендерге үй салып, тамак-аштан каралашууга чама-чаркы да жок эле.

Казакстанга зордоп көчүрүлгөн корейлер, 1940-жыл. (Сүрөт АЛЖИР музейинен алынды, Казакстан).
Казакстанга зордоп көчүрүлгөн корейлер, 1940-жыл. (Сүрөт АЛЖИР музейинен алынды, Казакстан).

Оор жагдайга карабастан адамдар турмуш-тиричилигин жөндөөгө киришкен. Өзүнө, үй-бүлөсүнө жегенге азык-түлүк табышы керек эле. Өзбек ССРинин башкаруучулары келгиндердин жашылча, жер-жемиш өстүрүүгө мыктылыгын эске алып, жаңы түзүлгөн корей колхоздоруна мурда иштетилген жерлерди беришкен, ал жерлерге шалы эгишкен, пахта, тамеки өстүрүшкөн. Кийин Арал деңизинин боюндагылар балык чарбаларын уюштурушкан.

Бири экинчисине каттоосу кыйын болсун деп корейлер жашаган кыштактарды бири-биринен алыс жайгаштырышкан. Зордук менен көчүрүлгөн башка калктардан айырмаланып, корейлерде Орто Азия республикалары ичинде жер которуп жүрүүгө, мектепте окууга, кызмат тепкичинен көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Согуш башталганда корейлерди кан майданга алышкан эмес, бирок алар эмгек армиясына алынып, оорук жумушун жасашкан. «Шектүү» калктардын катарына кирип, колуна курал алып душман менен ачык согушпаса да Советтер Союзунун аймагындагы эң оор, кыйын кара жумуштарды аткарышкан.

1939-жылдын январында Светлананын атасы Петр Ним 27 жашка чыгып өзүнө колукту издей баштаган. Өмүрлүк жар да табылып, экөө үйлөнүшкөн. Ошол жылдын аягында Самарканддын жанындагы Сияб деген кыштакта жаш жубайлар кыздуу болушкан. Света ошол айылда төрөлгөн.

«Апамды жакшы деле билбей калдым. Ата-энем бирин-бири жактырып эле баш кошуп алышкан экен… Сталиндин урматына анын кызынын атын мага коюп атышпайбы, ошентип Светлана болуп калдым. Атама ушул ат жагыптыр. Ошентип мен Ним Светлана Петровна болуп калдым», - дейт Светлана Петровна.

Айтса, анын атасынын чыныгы ысымы – Пен Тхва. Товардык вагонго шыкап атканда Ыраакы Чыгыш аймагы НКВДсынын кызматкери аны туура жаза албай (же каалаган эмеспи) «Мындан ары Петр болосуң» деп жазып коюптур.

Светлананын атасын эмгек армиясына Комиде токой кыюуга алышкан. Светлана анда беш жашка чыгып калган. Кийин айкын болгондой, Петр Ним сабаттуу экен, техниканы түшүнгөн, орусча мыкты сүйлөгөн адисти карагай кыюуга эмес, түндүктөгү согушка - финдер менен урушка салышкан.

Тилекке каршы, Петр Ним кайсы жерде аскердик кызматын өтөгөнү белгисиз, аны Светлана Петровна минтип түшүндүрөт:

«Эмгек армиясынан үч бурч каттар келе баштаганда аны чоң энем алчу, сабатсыз кемпир катты мыжыгып, окуй албай отко салып ийчү. Сүрөттөрдү өрттөбөй матрацтын ичине катышчу. Мынабу сүрөт экинчи фронт ачылат деп турган кезде, Монголия аркылуу, Халхин-Голго чабуул коймокчу болуп турушкан учурда тартылган. Бул сүрөт конвертке салынып келген, анан да кат эжеме, атамын карындашына тийип атпайбы. Ошон үчүн сакталып калган».

Сүрөттө оң жак четте Пен Тхва Ним, Светлана Петровнанын атасы.
Сүрөттө оң жак четте Пен Тхва Ним, Светлана Петровнанын атасы.

Азыр, арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин эмне үчүн Ти Си кемпир майдандан келген каттардан чочулап, колуна тийгенин өрттөп салышын түшүндүрүү кыйын. Мүмкүн уулунан калган небереси менен эки кызына зыяны тийип калабы деп корккон чыгаар. Байкуш кемпирди коркута беришип жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан да. Ошондон кандай кагаз, документ болсо аны жоготууга киришкен, артыкбаш айгакты ким эле жакшы көрсүн. Жакын адамдарына азап алып келчү андай кагаздарды, документтерди сабатсыз кемпир жок кылууну туура көргөн болуш керек.

«Чоң энем аягы жакшылык менен бүткөн жомокторду мага айтып берүүнү жакшы көрчү. «Тигиндей» нерселерден аябай чочулачу, калтырап-титиреп коркуп жашады», - дейт Светлана Петровна.

Атасы аскерге кеткенде Светлана Петровна чоң энеси, апасы атасынын эки карындашы менен өзбектин тамында турушкан. 1944-1945-жылдары тамак-аштан кыйналып, жашоого мүмкүн болбой баратканда аны башка балдар менен бирге убактылуу балдар үйүнө беришкен. Ал жерде Ленинграддан, Советтер Союзунун башка шаарларынан чогулган 8 жаштан 11 жашка чейинки балдар тарбияланчу.

Светлана Петровнага балалык кезин эстеш аябай оор. Ошол кезди айтып атканда үнү дирилдеп, катуу толкундангандан ыйлап жибере жаздап, маанайы чөгө түштү. Жетим балдар үйүндөгү тентектер корейлер менен өзбектерди кордоп, маанайын чөктүргөнүн айтып, качанкы балалык кездеги таарынычын эске алып отурду. «Уруш башталса башыңарды катып түнт токойго кире качасыңар, бүттү дегенди укканда таштаган үйүңөргө жашырынып келесиңер!», - кичинекей Светаны жанындагы курбуларын ушинтип шылдыңдашчу. Ал кезде ата-энелери согушуп жаткандардын мөрөйү үстөмдүктө болчу. «Баарын эстеп калчумун, анда мектепке деле барчу эмесмин… Анткен менен үч маал тамак беришчү, бир кесим нанга сүйкөлгөң маргарин тийчү», - дейт Светлана Петровна балалык кезин эскерип.

Атасы 1945-1946-жылдары согуштан таптакыр өзгөрүп келиптир. Эч кимге чечилип сүйлөбөгөн түнт, сырын айта бербеген адам болуп калыптыр. Согуштан кийин алардын үй-бүлөсү Кыргызстанга келген.

Эчен азап-тозокторду, кыйынчылыктарды көргөнү менен Светлана Петровна башка корейлер сыяктуу жаңы коомго батыл аралаша албай, кошула албай турушат.

Мүмкүн бул корей калкына гана тиешелүү сапаттардын бири болушу мүмкүн: иштемчилдик, кандай шартта болсо да жашап кетүү, жаңыны жасоого кызыгуу, ошол эле мезгилде өзүнүн каада-салты менен улуттук өзүнчөлүгүн сактап калуу корейлерде өзгөчө күчтүү.

Светлана Нимдин өмүр жолу – жаман-жакшыга жык толгон татаал турмуш, өзү жашаган коомдун бир бөлүгү болуп калыш үчүн колунан келген аракетин жасаган мээнеткеч адамдын таржымалы. Ал ушу кезге чейин ак эмгеги менен жеткен эмгектеги ийгиликтерин, грамоталары менен медалдарын көрсөтүп отурду. Жамаатташтарынын арасында кадыры бийик, эмгек сиңирген мугалим, 2000-жылдары айылдык кеңештин депутаты болгон, эмгектин да ардагери.

Светлана Петровна Ним (ортодо).
Светлана Петровна Ним (ортодо).

Светлана Петровнанын кебин угуп отуруп башка курбалдаштары сындуу анын да советтик коомдун идеясына сугарылганын, Сталинди жерге-сууга тийгизбей мактоочулардын бири экенин байкоого болот. Бирок атасы, апасы, чон энеси, балалыгы тууралуу айтып келатканда анын үнү пастап, эки жагын элеңдей карап, өзүнө-өзү ишенбей: «Эми коркпой эле ачык айта берсе болобу?» деп суроо берип, анысын бирөө угуп жаткандай селт этип чочулап отурду.

Өткөндү эскерип атканда жүрөгү үшүп калган улуу муундун өкүлдөрүнүн көбү ушинтип чочулай беришет. Чоң энелерибиз менен улуу кишилер дагы эле эркиндикке ишене беришпейт, куугун-сүргүн кайра башталчудай чочулашат.

Чындык менен калптын ортосу кылдай ичке, аны үзүп салыш оңой эле. Жаңы муунга өткөндүн катаал чындыгын кошумчалабай, апыртпай, басынтпай, болгонун болгондой ачып берүү зарыл. Ал коом үчүн, эл үчүн, үй-бүлө үчүн керек. Азыркы заманды жакшы билиш үчүн өткөндөн сабак алыш абзел.

Айдай Алгожоева, «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG