Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 04:46

Ленинград блокадасынын адамды сынаган азабы


Ленинград блокадасынын катышуучуларына арналган эстелик.

Анна Кутанова - Ленинграддагы курчоодон аман калып, кийинки өмүрүн Кыргызстанда өткөргөн ардагер. Фашисттердин блокадасында калган шаардагы азаптуу күндөрдү башынан өткөргөн байбиче кан майданда калган жаштыгын эскерет.

“Азаттык”: Оболу "блокада" дегенди чечмелей кетсеңиз, анын кан майдандан өзгөчүлүгү эмнеде?

Кутанова: Блокада деген туш тарабын кысып, курчоого алуу, шаар ошондой курчоодо калган. Калаа душмандын курчоосунда, эч ким кире да, чыга да албайт. Чоң шаар курчоодо, баарынан бөлүнүп калган. Ошондуктан эч кандай катнаш жок, биз курчоодо калдык. Бири менен бири сүйлөшмөй, жолугушуу – булардын баары албетте, токтогон болчу. Бизди чылк жаап салышкан.

“Азаттык”: Ал кезде сиз секелек кыз экенсиз. Ошондой курчоодо жашооңуз кантип өзгөрүлдү? Сиздин кийинки жашооңузга курчоо кандай таасир этти?

Кутанова: Согуш башталганда мен 11 жашта элем. Анан 12-13 жашка чыктым. Согуш деген азап, согуш деген тозок. Азап-тозок жалаң эле балдардын башына түшпөстөн, баарынын башына келди. Тынч турмуш менен согуштун айырмасы асман менен жердей. Мына азыр арадан канча жылдар өткөндөн кийин мен башымдан өткөндөрдү эстеп чочуп кетем, "кантип аман калдым экен" деп. Коркунучтан адам чочуркабай деле калат экен. Адамдар боо түшүп өлүп жатса, Ленинград толук курчоого алынганга чейинки турмушубуз менен блокададан көргөнүбүз эстен чыкпай калды да. Баскан-турганыбыз, баары заматта өзгөрүлдү. Мен анда 11 жаштагы секелек элем, чоң кишилер жасай турган иштерди жасачубуз. Бизден башка жасай турган киши жок. Аялдар ишканаларда иштечү, эркектер согушта. Мен тыкылдаган тың кыз элем, мендей тирикарак балдар-кыздарды чогултуп, чоңдор гана жасай турган иштерди аткарууга кириштик. Биз үйлөрдүн чатырларын, жертөлөлөрүн тазалачубуз. Чатырда кезметке туруш үчүн, жертөлө болсо бомбадан коргонуучу жай эле. Үйдүн чатырында күйгүзүп ийчү бомбалардан коргонуп жашиктерди, бочкелерди ташычубуз. Ага суу, кум толтуруп, даярдык иштерине катышчубуз. Күйгүзмө бомбаларды кычкач менен кармап, аны сууга салып же кум менен жапчубуз. Жагдай ушундай эле, күйгүзмө бомба жарылса өрт өчүргүчтөрдү чакыра албайсың. Ишенгенибиз өзүбүз эле, башка бирөөлөр келип жасап бербейт. Ушундай түйшүктөр балдардын мойнуна түшкөн эле.

“Азаттык”: Коркуу сезими андайда унутта деле калса керек?

Анна Кутанова.
Анна Кутанова.

Кутанова: Коркуу сезими, албетте, бар болчу. Мисалы, бомба жарылып же үстүңдөн түшүп келатканда. Немистин учактарынын үнүн укканда эле алаңдап каласың, анан алар таштаган бомбалар кулак-мээни жеп чаңырып келатканда анын кайсы үйгө келип жарыларын билбейсиң. Сенин үйүңөбү же башкагабы? Коркуп күтүп турасың. Бомба жарылганда үй солкулдап, айнектери талкаланып, кийин айнектин ордуна кадалган фанералар, тактайлар, жаздыктар чачылып, астын-үстүн болуп жатканда коркпой койбойсуң. Коркунуч бизди дайыма андып турчу. Жогортон төмөн түшүү же көчөдөн өтүү кооптуу эле, жаның калсын десең чуркайсың. Кийин-кийин кичине көнөсүң дечи, бирок бомба сенин үйүңө келип түшөрүн билип дайыма коркунучта болосуң. Бир жолу биздин үйдүн жанындагы Ленинград университетинин жатаканасына фугас бомба жарылды. Биз анын жертөлөсүндө окучубуз. Чоң бомба имаратты тыптыйпыл кылып таштады. Аябай көп киши курман болду, жертөлөдө калгандарды казып чыгарып алуу мүмкүн эмес эле. "Коркунучка көнүп калдык, коркпой калдык" деп айта албайм. Дайыма коркуп жүрчүбүз.

“Азаттык”: Блокаданын башталышында сиздерде "бул утурумдук нерсе, бизди курчоодон тез эле бошотуп алышат" деген илгери үмүт болду беле?

Кутанова: Башында андай деле болбоду. Согуш, башаламандык... Биз шаар четиндеги кыштакка ата-энебиз менен барып эс алууну ойлоп жатканбыз. Ленинград жайкысын ысык, анан өнөр жай ишканалары көп болгондуктан абасы булганыч. Ошондуктан шаардыктар сыртка чыгууга куштар эле. Биздин планыбызга согуш жолтоо болуп, биз кеткени жаткан күнү согуш башталып кетти. Атамды түндө аскерге алып кетишти, учактар тез-тез уча баштады, биз бир нерсе болгонун сезип калдык. Күндүз Ата Мекендик улуу согуш башталганын жарыялашты. Баарыбыз үрпөйүп отуруп калдык, анан коркунучтар башталды.

“Азаттык”: Блокада, ачарчылык, тамак-аш тартыштыгы... Коркунучтан да жаман ачкалык тууралуу сизден сурайын дедим эле.

Кутанова: Ленинграддагы тынымсыз бомбалоо, ит өлгөн суук, аяз 40 градустан ашып турган кычыраган катуу кыш болду. Ачарчылык башталды, бул шаарга түшкөн эң оор мүшкүл болчу.

Башында шаардын негизги азык-түлүгү сакталган Бадаевдеги кампаларды бомбалап салышты. Ал жер үч күн бою жалындап күйүп турду. Биз курчоодо турсак, азык-түлүктү кантип жеткиришсин? Немистер учактарды да шаарга киргизишкен жок. Шаарда тамак-аш түгөнүп эл ачка калды, эч бир айла жок эле. Карточка менен балдарга 125 грамм нан, жумушчуларга 250 грамм. Биз 500 грамм нан алчубуз, башка эч нерсе жок. Нан алып келгенче кезекте кезерип туруп үч кишиге 500 грамм нан алчубуз. Атам абадан коргонуу бөлүгүндө кызмат кылчу, аларга азыноолак тамак-аш беришчү экен. Балдарын ойлоп атам тамагынан анча-мынча алып келчү, кээде мени чакырчу: “Анечка, келип кетчи” дечү. Атам тамагын өзү жебей бизге берип, жүрөк оорулуу болчу, ошондон 1942-жылы атамдан ажырап калдык.

Биздин отуздан ашуун тууганыбыз блокадада каза болду. Ачарчылык эң оор азап эле, 500 грамм нанды апам үчкө бөлүп, аны бир күнгө үлөштүрчү. Нан, анан суу, чай жок, кичине темир мешке суу кайнатып берчү. Апама "мага эң кичинесин бер" дечүмүн.

Ачарчылык сыноолордун эң эле оору болду. Өлгөндөр аябай көп эле, ачарчылыктан ленинграддыктар көп кырылды. Эшикке чыкканда болгон кийимин, жылуу нерселерди үстүнө жаап чыгышат, нандын кезегине турганы же башка иштерге кетип баратып эле жыгылат, ошол бойдон турбайт. Эч үн чыкпайт, унчукпай өлүшчү. Мен жакын туугандарыбыздыкына келгем, 2-3 жашар кыздары бар болчу. Келсем эки кыз керебетти айланып атыптыр. 15 мүнөттөй айланышты окшойт. Анан экөө бир убакта жыгылды, бүттү, экөө бир убакта жан берди. Ачарчылыктан ленинграддыктар ушинтип өлүштү.

“Азаттык”: Блокадага карабай шаардын маданий, интеллектуалдык турмушу токтобогонун айтышат. Айрым театрлар, китепканалар иштеп, ал түгүл футболдук мелдеш өткөн дешет. Ошондой иштерди эстей аласызбы?

Ленинград. Архивдик сүрөт.
Ленинград. Архивдик сүрөт.

Кутанова: Мен буга эмгиче таң калам. Музыкалык опера театры иштечү, мыкты театр. Анан эстрада театры да ишин токтоткон жок. Артисттердин көбү аскерде кызмат кылганы менен убакыт таап, театрда оюн коюшчу. Дайым эмес, албетте. Фронттогу жоокерлерге концерт коюшчу. Анан Дмитрий Шостаковичтин 7-симфониясы. Чыгарманы ал Ленинградда жазган. Анын эки бөлүгүн бүткөн болчу. Чыгарманын баалуулугу эл үчүн, мамлекет үчүн бийик болгондуктан Ленинград толук курчоого алынаарда композиторду Москвага алып кетишкен экен. Москвадан кийин Куйбышевде 7-симфониясын бүткөн. Симфонияны Ленинград менен ленинграддыктарга арнаган.

Шостакович Ленинградда болгусу келчү, бирок шарт жок эле. Симфонияны алгач Москвада угузуп, кийин Лондонго барып, Ленинградда абал бир аз оңолгондо шаарга келип симфониясын тартуулады. Партитура боюнча 79 музыкант болушу керек экен. Музыканттардан 15 эле киши калыптыр, айрымдары аскерге кетип, башкалары каза болуп. Композитор жакын жерлерден музыкант издеп, аскерлердин арасынан таап, башка жакта иштеп жүргөндөрдү алып келип, жетиштүү киши топтоп, концертке даярданып атканда симфония ойнолчу жер бекем кайтарууга алынып, баары шаарды кайтарып турушту.

Концерт тууралуу кулактандыруулар шаарга жайнап кеткен. Анда мен секелек кыз элем, кулактандырууну окуп, концерт болорун билдим. Үстүмдө жарытылуу кийимим жок. Чоңураак көрүнөйүн деп эжемдин кийимин кийип алып филармонияга, ошол концертке баргам. Чылкый кара түнгө капталган шаардагы филармонияда люстралар жаркырап, театр ичи суук болгону менен жарык экен. Аскерлер, матростор, карапайым шаардыктар отурушту, кийинип алганы бар, көбү жууркан жамынып отурушканы эсимде, суук болчу.

Симфонияны угуп отургандарда үмүт жанып, согушта биз жеңишке жетерибизге үмүттөнүп, баары толкунданып отурушту. Ач-жылаңач адамдар, коркойгон сөөгү эле көрүнгөн адамдар, музыканттар да колдо бар кийимин кийип, бирөөлөрү аскер кийимчен - баары арык, инструменттерин зорго көтөрүп, бирок чыгарманы аткарышты. Керемет чыгарма, баарында "биз жеңебиз" деген үмүт пайда болуп, симфония дем берди.

Талас: унутулбаган эрдик
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

“Азаттык”: Орусиянын “Дождь” деген каналы 2014-жылы угармандарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, анда: "Жүз миңдеген бейкүнөө адамдарды сактап калыш үчүн шаарды душманга берүү зарыл беле?" деген сурамжылоо жүргүзгөн. Ага жооп берген адамдардын теңинен көбү "булардын баары Орусиянын жарандары, шаарды душманга таштап кетиш керек эле" деп жооп беришиптир. Бирок кийин көпчүлүк "телеканал андай суроо беришке моралдык укугу жок" деп чыкты. Ушул маселе боюнча сиздин пикирди уккум келет.

Кутанова: Менин оюм, эс тарткандан кийин да көп ойлондум. Баарына карабай жеңишке жеткенибиз, баарына чыдаганыбыз, албетте, опсуз чоң курмандыктар менен жеңип чыкканыбыз улуу иш. Бул жерде элдин маанайын да эске алыш керек. Элдин мекенчилдик маанайы, аны мамлекет тескебесе деле өзүнөн-өзү чыгып көкөлөп турган. Бирөө курман болуп атса, өлүм алдында жатып жанындагыга: “Ленинградды бербегиле!” деп жан берчү. Рухтун улуулугу, дымактын бийиктиги ал кезде укмуш болчу. Мындайда бери жакта туруп алып "бул жакшы, бул туура эмес" деп айтуу жарабайт.

Согуш учурунда мекенчилдик маанай бийик болчу. Бул жерде мамлекетти айыптоо менин пикиримде ыксыз. Мен көп кыйынчылыктарды көрдүм, өзүм үчүн айта алам, керек экендигин билип, өзүбүз эле "кеттик, муну жасайлы" деп турчубуз. Адам чыдагыс кыйын шартта да биз жоголуп кетпедик, сыноодон өттүк.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн ырахмат! Сизге ден соолук, узун өмүр каалайбыз! Майрамыңыз менен!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG