Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:36

Сталинизм: Бабалар тагдыры калыс иликтөөгө муктаж


Жазыксыз репрессияланган Айткул Бабашалиндин фото сүрөттөрү.

Айрым депутаттар сталиндик репрессиялардын курмандыктарынын тагдырларын терең жана калыс иликтеш үчүн 1918-жылдан 1953-жылга чейинки саясий террорго байланыштуу архивдик даректерди ачуу маселесин көтөрүп чыгышты. Тарыхчынын блогу.

Депутат, жазуучу Каныбек Иманалиев демилгечи болуп, башка пикирдеш депутаттар да колдоп чыккан мыйзам долбоору учурда калайыктын ачык талкуусуна коюлду. Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги бул кадам, арийне, маалымат каражаттарында, Интернеттеги ар кыл коомдук тармактарда ар башка пикирлерди жаратууда.

Айрым замандаштар бул долбоорду «Украина жыттанган зыяндуу кадам» деп да баалап жиберишти. Чын-чынында бул долбоорго шайкеш иштер 1990-жылдардан бери Орусияда жана башка посткоммунисттик өлкөлөрдө деле жасалып келет.

«Ата-Бейит» эскерүү жайындагы айкел.
«Ата-Бейит» эскерүү жайындагы айкел.

Тээ 1991-жылы августта эле «Кыргызстанда расмий түрдө «Ата-Бейит» көрүстөнүн ачтык, анда ГУЛагдын курмандыктарынын музейи бар» деп мактанып келчү элек. Соңку бир нече жылда коңшу Өзбекстанда жана Казакстанда сталиндик тоталитаризмдин кылмыштарын ашкерелеп, атайын музейлерде чагылдыруу жаатында кыйла иштер жасалып, Кыргызстан дээрлик бир орунда эле туруп калганы да айгинеленди десек болот.

Эми жаңы мыйзам долбоору СССРдин жана РСФСРдин (Кыргызстан 1936-жылдын декабрына чейин РСФСРдин курамында болгону эсиңиздердедир) бийлик органдарынын 1918–61-жылдардын аралыгындагы бир катар адилетсиз мыйзам, декрет, токтом, буйруктарына негизделип, бөөдө жерден «кылмышкер» атыктырган учурларды сыдыргыга салып, бул жагдайларда «кылмышкер» аталгандарды актоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачат.

Өз доорунда ырайымсыз жазаларга жол ачкан ошондой чаралардын арасында, маселен, РСФСР Эл комиссарлар кеңешинин «Кызыл террор тууралуу» токтому (05.09.1918), Түркстан фронтунун Революциячыл аскердик кеңешинин басмачыларга каршы деген көрсөтмөлөрү (1919–1924), Кыргыз АССРинин Кеңештеринин 1-курултайынын «Бай-манаптарга жана кулактарга каршы күрөш тууралуу» токтому (12.3.1927), Кыргыз АССРинин «Ири байларды жана манаптарды Кыргыз АССРинин аймагынан көчүрүп салуу тууралуу» токтому (04.2.1929), СССР Эл комиссарлар кеңешинин «кулак чарбаларына» байланыштуу токтому (21.5.1929), Бүткүл союздук Компартиянын (б) Кыргыз обкомунун бюросунун «Колхоздорду кулактык, бай-манаптык элементтерден тазалоо тууралуу» токтому (03.12.1932) жана башка расмий документтер болгон. Аларды мыйзам долбоорунун авторлору төкпөй-чачпай санап беришет.

Бул долбоорду талкуулоо маалында кызыктуу көрүнүштөр да байкалды.

Бир замандаш айымдын чоң атасы 1938-жылы жазыксыз жерден атууга кеткен, бирок 1950-жылдардын аягында кайра акталган. Анын жана анын колдогондордун пикирлерине караганда, СССР маалында акталгандар жетиштүү, эми «ар кандай мекен чыккынчыларын, Түркстан легионунун өкүлдөрүн, басмачыларды актай берүүгө жол бербешибиз керек».

Аларга каршы чыккандар болсо алигиче акталбай келе жаткан миңдеген күнөөсүз кишилер бар экендигин белгилешет.

Мыйзам долбоорунун авторлору да улам жаңы фактылар советтик тоталитардык жазалоо машинасы курмандыкка чалган жана алигиче жылуу сөз уга элек маркум кишилердин саны эбегейсиз зор өлчөмдө болуп жатканын тынчсыздана баса белгилешет.

«Бул, иш жүзүндө, коомдун бардык катмарларын, атуулдардын бардык категориялык топторун, иш жүзүндө тигил же бул өлчөмдө, түз же кыйыр түрдө, ар бир үй-бүлөнү камтыган эч чидерленбеген мамлекеттик саясий террор болгон», деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Бул мыйзам долбоорун өзгөчө кубаттагандардын бири Айдар Самыкбаев «Фейсбуктагы»​ талкуулардын биринде: «Бардык репрессияга кабылгандарды актап тим болбостон, ошону менен катар сталиндик режимди да айыптоо зарыл. Ошол доордо СССРдин Ички иштер эл комиссариатында (НКВД) иштегендердин жүзүн ашкерелөө абзел» («Не только реабилитировать всех репрессированных, но и осудить сталинский режим. Деанонимизировать всех, кто тогда служил в НКВД»), – деген пикирин жазды.

Чындыгында жазыксыз жерден жабыр тарткандар көп болгон.

Азыркы тапта көп партиялуу демократиялык коомду түзүүнү көксөгөндөр үчүн эч кандай коркунуч жок. Ал эми ошол сталиндик доордо мындай аракет саясатчынын өмүрүнө турган. Бир кезде, 1917-жылы, «Алаш Ордо» же Түркстан автономиясы үчүн күрөшкөн саясатчылар кийинчерээк Компартияга өткөнүнө карабастан, Убактылуу Өкмөттүн тушундагы бул автономиялык аракеттер жокко чыккандан 15–20 жылдан кийин деле адилетсиз түрдө жазалана беришкен.

Акын Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел жана Кемел Шабдан уулу Оренбургдагы сүргүндө. 1929-жыл.
Акын Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел жана Кемел Шабдан уулу Оренбургдагы сүргүндө. 1929-жыл.

Далай агартуучу жадитчилер бай-манаптардын урпактары болушкан, бирок Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдары алар да советтик агартуу системасын түптөөгө жан-дили менен катышкан. Кай бирлери мектептерде мугалимдик кылса, башкалары окуу китептерин жазууга, басма сөздү өркүндөтүүгө кол кабыш кылышкан. Акыры алар да 1930-жылдардагы жазалоо капшабынан качып кутула алган эмес.

Ал эми басмачылык кыймылдан сүйлөшүү жолу аркылуу Кеңеш бийлиги тарабына өтүп кеткендер болсо бир нече жылдан кийин кайрадан «эски күнөөсү» үчүн жазага тартылып турган.

Айрымдар «кыргыздар бири-бирин эле сатып, жазага тарттырышкан, буларды Ыстакең (Сталин) билчү деле эмес» дешет.

Бул – бүткүл СССР боюнча коёндой окшош айыптоолор менен миллиондогон кишилер жазыксыз жазага тартылгандыгынан кабары жок кишилердин жоромолу. Борбор Азияда пантүркизм, панисламизм үчүн айыптоо «мода» болсо, Карелияда «панфинчилик», Бурятияда «панмонголчулук» менен айыпталышкан. «Панславянчылык» менен айыпталгандар да чыккан.

Сталиндин сүрөтү тартылган гезиттин келкисин байкабай кепичинин таманына салып алып, бул «контралык» айыбы үчүн Шиберге айдалып кеткен карапайым кишилер, саясий жактан оңтойсуз сөз айтып алып, атууга кеткен айрым элеттиктер тууралуу айың кептерди жер-жерлерден далай уккан элек.

Бул – жалаң гана кыргыздарга таандык маселе эмес. Жалган жерден Жапониянын тыңчысы катары камалган дунгандар, нацисттик Германиянын тыңчысы катары айыпталган жергиликтүү немистер да болгон.

Бир чүйлүк немис фашисттик Германияга каршы каармандык менен согушуп жаткан жеринен, 1941-жылдын сентябрында камакка алынган. Кийин ал камактан качып чыгып (анын эшелону бомбалоого кабылган), кайра «Иванов» деген жалган тегат менен согушка барып, баатырлык көрсөтүп, ордендери менен 1945-жылы Чүйгө кайтып келгенде, аны кайрадан 25 жылга ГУЛагга жиберишкен. (Бул окуяны мен Кыргызстандагы немис диаспорасынын жетекчилеринен уккан элем).

Далай жазыксыз куугунтукталгандардын «кылмыш» иштери артынан издеген тукум жок калгандыктан эле ачылбай кеткен. Эми алардын тагдыры менен байланыштуу эски архивдердин маалыматтары «ачык сүйлөөгө» тийиш.

Мыйзам долбоорунун ээлери негизинен 1918-жылдан 1953-жылга чейинки доорду бутага алышат. Бирок бул иш-чара жүзөгө ашырыла баштаса, албетте, андан кийинки доорлордогу жазыксыз куугунтукталгандарды акташ үчүн коомдук тажрыйба топтоло баштайт деп айтканга негиз бар.

Айрым өлкөлөрдө мындай аракеттерге тоскоолдуктар жасалууда. Маселен, «мамлекеттик сырга» шылтоо кылып, кээ бир КГБ архивдерин дагы ондогон жылдарга чейин ачпай коюуга далалаттанып жаткандар да кездешет.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алган соң аны жүзөгө ашыруу өтө олуттуу саясий эркти талап кылары бышык.

Ушул жаңы кылымдын башында эле эки элдик ыңкылапты баштан өткөргөн жана коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшкө белсенген Кыргызстан үчүн бул мыйзам долбоорун жүзөгө ашырууда саясий эрк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кээ бир постсоветтик өлкөлөргө караганда кыйла жогору. Бул – тилегибиз жана үмүтүбүз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG