Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:08

«Тагдыр каалагандан аз, сурагандан көп берди»


Алексей Андрианов.

«Азаттык» менен «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсүнүн биргелешкен долбоору.

«Азаттык» менен «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсүнүн биргелешкен долбоору Элмира Ногойбаеванын ГУЛАГда төрөлүп, кийин инженер-долбоорчу катары таанылган (Кыргызстанда ал чиймесин чийген үйлөрдү ар бир шаардан табууга болот) акын, жазуучу Алексей Андрианов тууралуу макаласын сунуш кылат. Жеке адамдын тагдырына байланган тарыхтын буга чейин актай келген барактарын чогуу иликтейбиз.

Ак жүрөктүү адамдар өздөрү аз,

(Байкуштар аа, бактысыз, шордуу жандар)

А канчасы айыпка жыгылышып,

Бу турмушта абдан көп «айгакчылар».

Как мало тех, кто сердцем чист,

(Они, как правило, несчастны),

Как мало тех, кто сопричастен,

Как много тех, кто «настучит»…

Алексей Андрианов – «Поэзия». 2017.

«Жыбыраган тамгалар арасына көр турмуштун изи калган, ага дымактуу үгүт-насааттын изи түшө элек. Алагүү, кыжылдаган жерде, Вишерлагдын жыгач үйлөрүндө, баткак менен жакырчылыкка басылган тар көчөдө өткөн турмуш баяндалган болчу. Катаал замандын бир бүркүмү, менин кыска өмүрүмдүн кыйласы ошол жерде калды. Баяндоого киришкенде бекем калыптанып калган коммунисттик кулчулукту кыйгап өтпөй, жыгылганыма, тытылганыма карабай, эркиндикке ыкчам жетейин деп чуркаганымды жаздым. Алардын арасынан кынаптала тизилген окуяларды издебей эле койгула (андай жок), болгону чекиттер, акыл эсте калган көп чекиттер гана… Анын баары кайрадан эске түшүп, кайрадан кайгыртты».

Алексей Андрианов, «Вишера-река»: проза и лирика жизни. 2010.

Иван менен Матрена

Алексей ГУЛАГда төрөлгөн.

Апасы Матрена Ивановна, боюнда бар жаш келин, эки жашар сербейген кызын жетелеп алып күйөөсүнүн артынан сүргүнгө барган. ГУЛАГ деген эмне экенин билбейт да, «күйөөсүнүн артынан барат» десе баарына тобокел кылып узун жолго чыгып алган. Ата-бабасынан бери «күйөөнүн жанында болуш керек» дегенди туу туткан зайып толгон-токой тоскоолдукка карабай эринин артынан барып атпайбы. Декабрчылардын аялдарынын азаматтыгы жайында эл арасында аңызга айланып кеткен кепти уккан-укпаганын эч ким билбейт. Матренанын тарбиясы ошондой экен, анысы аз келгенсип Иванын да жанындай жакшы көрчү. Атасы ыраматылык толстойчулардын катарында болчу. ХIХ кылым аягына чыгып бараткан кезде улуу жазуучунун окуусу орус интеллигенттеринин арасында өтүмдүү эмес беле. Толстойдун диний-этикалык окуусу христиан динине, гуманисттик көз караштарга негизделип, «таш менен урганды аш менен ур» деген сый-урматка, инсандын адеп-ыймандык жагына ыктачу. Помещик Иван Степанов мына ушул принциптерди ишинде да, жашоо-тирлигинде да бекем карманчу. Ошон үчүн социалдык айырмачылыгына карабай, карапайым дыйкандын кызына үйлөнгөн. Степановдордун короо-жайы кооз жана кенен болчу, бай турушчу. Өздөрүнүн сыйынчу жайы болор эле, ал жерде тирелип китептер турчу. Кийин балээ басып байларды кубалап, кызылдар жаңы бийликти орнотуп атышканда баары талкаланып, чоң сарай менен ошол ыйык жайдагы китептер гана калган. Жаңы бийлик помещиктерди жок кылып атканда Степановду китептерине кошуп тирүүлөй өрттөп жиберишти. Жакшы көргөн кызы Матрена кара башын калкалап качкан бойдон Петроградга барып, ал жерде көпчүлүккө аты дайын Бадаевдин кампаларынын бирине ишке орношот. Ал кампаларда ошол кездеги керектүү оокаттын баары сакталып, тамак-аш, кийим-кече, буюм-тайым, жабдуу жайнап турчу.

Ушул жерде Матрена кийинки өмүрүн чогуу өткөрчү жары, кең далылуу, узун бойлуу Иван менен таанышат. Иван болсо Псковдун жанындагы жашоо-турмушу тың дыйкандын уулу экен. Анын кыштагы дүйнөгө орустун улуу акыны А.С. Пушкинди берген Михайловскийден 27 чакырым арыраак жайгашкан. Ал жерлердин сулуулугун улуу акын ырга кошуп, өмүрү өткөнчө даңктап кетти. Булардын үй-бүлөсү да тамырын кенен жайган экен. Атасы, агасы, төрт уул, төрт кызы - баары 11 адам. Кийин алардын бардыгы кулакка тартылып, 11дин ичинен аман калганы бирөө гана – Иван. Кара жумушту бу бакубат үй-бүлө кантип ырга айлантканын, чөп жытына мас болуп чалгыны кере шилтешкенин, таң эртеден кызыл күүгүмгө чейин созулган дыйкандын эмгегин Иван эсинде сактап калды. Бала кезинен эле Иван сезимтал, билим алууга ышкыбоз болчу. Тестиердин ушул сапатын байкаган Лиховская деген помещик аял аны китепканасына келип, каалаган китебин алып окуп турууга уруксат берген.

Бул эми совет бийлигине чейинки бейпил кез, жай турмуш ыргагы өкүм сүрүп турган учур. Совет бийлиги кийин көбүн атып жок кылды, калгандарын кулакка тартып алыска айдап жиберди. Кулак деп ал кезде кара жумуштан качпай жашоо-тирдигин оңдоп алган, бала-чакасын муңайтпай багып, эшигинде малы, талаасында эгини көйкөлүп, эч кимге жүгүн артпай жашаган калкты аташчу. Ошол жашоо-тирдигине тың болуунун азабын кийин баары тартты. Иванды Түндүк Двинага, Архангелскиге жакын аяк-башы көрүнбөгөн түнт токойго – жыгач даярдоого айдашты. Алгачкы тозоктон ал аман калды. Жаш, кайрат-күчү ташкындап турган учуру экен, кылаңгыр муз каптай баштаган дарыядан сүзүп өтүп, сүргүндөн качып кетти. Ленинград сындуу чоң шаарда жашынып жүрсө болор деген алдамчы ойго азгырылып ошол жерге келди.

Дүрбөлөң заман болчу, канча адамдар, канча үй-бүлөлөр кумга сиңген суудай жок болду. Бир жеринде согуш жүрүп, кан майданда кырчын өмүрлөр кыйылып атса, башка бир жерине бийлик өзүнө душман эсептегендердин колуна кишен салып, күргүштөтүп сүргүнгө, абактарга тыгып жаткан. Иван жанагы Бадаев кампаларынын бирине жүк түшүргүч болуп орношту. Матрена экөөнүн жылдызы ошол жерден кошулуп, ошол кампадан башталган сүйүү экөөнүн өмүрү өткөнчө уланды. Кийин күйөөсүнүн артынан сүргүнгө барат, анан тагдыр жолу аларды Орто Азияга байырлатты, бул жерде эр жеткен уулу иштеп калган болчу.

Эркиндик деле утурумдук нерсе окшобойбу. Кыска убакытка ээн-жайкын тура турсун дегенби же кайрымсыз мезгилдин жаңылып-жазган бактысыбы – баары аягына чыгат экен. Кайрадан жаңы өлкөнүн убакты-саатын жалпы журтка жарыялаган коңгуроосу өтө эле катуу кагыла баштады. Бийлик кармачусун кармап, жазалачусун жазалап, жок кылчусун тыйпыл кыла баштады. Өз жарандарын ушунчалык да жек көргөн мамлекет болобу?!

Келишкен үй-жайынан, жакын адамдарынан ажырап, жаңы бийликтин жат адамына айланып калган эки жаш үч ирет атын өзгөрткөн Нева боюндагы чоң шаардан бактысын таап, тирүүлүктүн көчүн улай башташты. Эки жаштын бирге түтүн булатышканына бир жылга жакындаганда кыздуу болушту. Баары жакшы башталгандай болгон…

Вишера-Вышлаг (Вишерлаг) - ГУЛАГ

Кайрадан камоо. 1937-жылы Иванды дагы камакка алып, бул ирет башта-кийин атын укпаган Вишерлагга жөнөтүшөт..

ВИШЛАГ (Вишерлаг) – СССР өлкөсүндө биринчилерден болуп уюшулган жаза мөөнөтүн өтөгөн эмгек лагерлеринин бири. Чоң өлкөнү кийин түрмө, концентрациялык лагерлер менен чылгый каптаган кеңири масштабдагы эксперимент ушул жерден башталган. Миңдеген айыпкерлерди Совет өлкөсүнүн атын чыгарган ири курулуштарга кул катары иштетүү мына ушул жерден башталган. Кама менен Вишер дарыялары кошулган жерде айтылуу «Архипелаг ГУЛАГ» башталат. Укугу жок советтик кулдардын боо түшүп өлгөнүнө карабай кыйнап иштетүү, социализмди куруу доорунун жашырылып-жабылып келген өкүмзор-буйрукчул системасы тамыр жайып чыккан жер.

Мына ушул жерден «ОГПУга жаза өтөө жайлары берилет, жайнаган лагерлерди салуу, баарын ыңгайга көндүрүү иштери кулач жаят. Концентрациялык лагерлер жаза өтөө - эмгек лагерлери деп атала баштайт. Камакка алынгандар көбөйгөндөн көбөйүп баратты. Күн-түн тынбай поюздар каттап, камакка алынгандар сүрүлүп келип жатышты. Биздин лагер «тажрыйба жүргүзчү, баарын айласыз көндүрчү жерге айланды», деп жазган айтылуу очерктеринин биринде Варлам Шаламов. Вишлагдын ичинде эмне болгонун Шаламов жакшы билчү, айыпкер катары ал жазасын ушул жерде өтөгөн.

Вишлаг тозогуна репрессияга кабылгандардын баары туш келген:

Камакка алынгандардын биринчи этаптагылары 1928-жылы жеткирилет.
1930-жылы биринчи болуп кулакка тартылгандарды алып келишти. Февралдан мартка чейин 4500 үй-бүлө болчу. Бир үй-бүлөдө көп жан бар экенин да эске ала кетиш керек. Расмий документтерде бул жараянды «колониялаштыруу» деп аташкан, үн-сөзү жок дыйкандарды жеринен кууп чыгып, алыскы түндүк аймактарын өздөштүрүү ушинтип башталган. 1932-жыл - жеринен куулуп, кулакка тартылган дыйкандардын үй-бүлөлөрү агылып келип аткан кез. Бул экинчи сүргүн эле. Аларды аяк-башы көрүнбөгөн Тайганын түнт токоюна, кирген киши чыккыс болгон сормо саздуу жерлерине ташташкан.

Ушул эле жылы мойнунан шору арылбаган советтик немистерди бул жакка айдашат, сүргүндүн эң оор учуру башталган.

1934-жыл - «Ленинград иши» (Кировду өлтүрүү) боюнча репрессиялангандар кескин көбөйгөн.

1938-жыл - Вишерде сүргүнгө айдалган поляктар. Алгачкы 200 поляк. Бетти каарыган суук. Жатар жайын издеп атышат. Аларды үй-үйлөргө бөлүшөт. Эртең менен түндүктү карай айдап жөнөшөт. Үстүнө жамынган жамынчыларына шагырап муз тоңуп калыптыр. Биттер өрүп жүрөт. Балтика боюнан келгендер арбый баштайт. Финдер көп (ичинде аялдары арбын).

1944-жыл - Кырым татарлары, гректер, болгарлар.

1945-жыл - баржаларда сүргүнгө айдалган немистерди алып келишет.

Кулакка тартылган дыйкандардын катарына Иван менен Матрена да туш келет. Сүргүндө жүргөндө алардын үйүндө бир уул, эки кыз төрөлөт.

Ленинграддан күмөн калган Алексей 1938-жылы сүргүндө – Вишлагда төрөлгөн. Жарык дүйнөгө келгенден, эне сүтүн эмгенден анын боштондукка умтулуусу, эркиндикке талпынуусу башталган.

«Эркиндиктин даамын мына ушул Вишерлагдан энемдин сүтү аркылуу сездим, эне сүтү менен мага жыгачтын таарындысы кошулган кара нандын даамын сезүү да буйруган экен».

Кийинчерээк Вера менен Евгения аттуу эки карындашы төрөлдү.

ВИШЕРА

Вишера – деле адам баласы чыдай албай турган шартта, баарына кайыл пенде баласын кайрадан «тарбиялап» жасап чыккан жер. Бул жерде эрки күчтүүлөр гана басылып калбай, кадыр-баркын түшүрбөй, эркиндикке үмүтүн үзбөй жашады. Сүргүндүн оор турмушуна карабай, ата-энеси балдарына жакшы тарбия, билим берүүгө аракет кылышты. Ачкадан өлбөгүдөй нан таап жеш кыйын эле, бирок андан да оору - адамдык касиетти сактап калуу болчу.

Кийин Алексей Андрианов «Идеологиялык уруш» аңгемесинде минтип жазды:

«Ушунчалык жек көрүү, жатыркоо алгачкы «беш» коюлган мектеп дептерин антаңдап сүйүнүп көтөрүп (окуучунун күндөлүгү ал кезде жок) келгенимден башталды окшойт. Апам байкуш жамак салар бир да бүтүн жери калбаган көйнөгүмө тигилген октябрёноктун кызыл жылдызчасын калтыраган колдору менен кармап жулуп, күйүп аткан мешке ыргытты, кубанычка өрөпкүгөн көкүрөгүмдү ошондо бир муздак сезим аралап өттү. Эмне үчүн сүйүнүп келген мени мустарап кылып, көкүрөктөгү «жылдызчаны» жулуп ыргытыштын себебин апам айткан жок. Эмне кыларды билбей буулуга түшкөн жаным керебетке күп түшүп, ыйлап ийдим, апамдын маанайын чөктүргүм келбеди. Эртеси, жалгыз мен эмес, класстагы балдар-кыздардын көбү көкүрөккө кадалган жылдызы жок, мектепке маанайы пас келишти… Ошентип мен октябрёнок да, пионер да, комсомол да, КПСС мүчөсү да болбой калдым, ал кездеги идеологиялык катаал кысымга карабай бирине да кирген жокмун».

Вишера дарыясы.
Вишера дарыясы.

Алексей ыкчам өнүгүп бараткан Кызыл-Красновишерск шаарында эр жетти. Шаардыктардын көбү сүргүнгө айдалып келген болчу. Ар кыл улуттагы, бири экинчисине деле коошпогон маданиятты карманган, айырмалуу диндеги адамдарды тынч жашап аткан жеринен зордоп көчүрүп, ушул шаарга чогултуп коюшкан эле. Алардын баары ушул жерде, сүргүн азабын чогуу тарткан адамдар, буркан-шаркан агып аткан Вишер дарыясынын боюнда турмуш жолун улантышы керек эле. Алексей ал адамдардын көбүн билчү, кийин жазган аңгемелеринде аларды эскерип жүрдү.

Катя эжеси (К. Екикян) Алешанын экинчи апасы болуп калган, сүргүнчүлүк азабын чогуу тарткан кошуна армян зайыптын чөжүрөгөн төрт баласы бар эле. Ушул боорукер аял Алешаны да бооруна батырып, кийин Соликамскиге аны окууга өзү узаткан. Катя эженин балдары Алеша менен чогуу ойноп жүрүшүп ага армян тилин, жакшынакай сылык сөздөрүн, анан оозго алгыс уят кептерди да үйрөтүп коюшкан, бала деген бала да. Ошол үйрөнгөн армян тилинде кийин Армениянын Спитак шаарында бетинен май тамган аткаминерге, эмне үчүн алар курган үйлөр кичине жер титирөөгө деле туруштук бербей урап калганын түшүндүргөн.

Немис тил мугалими Вилгелм Адольфович анын эң мыкты мугалими болчу, андай керемет адамдар аз го. Сүргүн азабын билгизбей, ак сөөк алмандардын жөрөлгөсүн сактап дайым таза, тыкан жүрчү, сүргүндөгү тестиерлерге дүйнөлүк адабияттын кереметин кенен ачып берген ушул киши болду. Кийин институтка кабыл алчу сыноодон аны «эл душманынын баласы» деп өткөрбөй коюшту. Сынакта отургандарды Вишлагдан келген уландын Гете менен Шиллерди немисче жат окуганы таң калтырып, бирок эч нерсе кыла албай алакан жайып тим болушат.

Кийин-кийин, тагыраагы 1976-жылы Кыргызстандын Талас облусунда жүрүп немистер басымдуулук кылган Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) район борборуна салынчу имарат, жайлардын схемалык түзүлүшүн чиймекке долбоорун даярдап жүргөн кезинде, Вишерлагда чогуу ойногон Фриданы учуратып калбаспы. Алексей Иванович кыя өтпөс китеп дүкөнгө бурулуп калганда аны артынан акмалап, бир аз тартынгансып жанына жакындаган аял акырын жанына басып келип: «Леш, сенсиңби?» деп кадала карап калды. Ошондон кийин ал бу тирүүлүктө ойго келбес укмуштар болуп каларына ишенип калды. Канча жыл өткөндөн кийин, ушунча узак жерден, дегеле ойго келбес жолугушуу болот экен. Мындай кездешүүлөр кийин көп болуп, Вишерлагдын жаңырыгы дагы кыйла жылдар бою аны коштоп келди. Ленинполь районунун үч кыштагында бүт Союздан жыйналган немистер жашачу. СССР заманында үч ирет сүргүнгө туш келген жүрөкзаада калк жок болуп кетпештин аргасын кылып, ушул жерге чогулган.

Кийин эр жетип адабиятка аралаша баштаганда ушул Вишера сайынын боюнда көргөн-билген адамдар тууралуу, Алексей Андрианов аңгемелеринде кенен-кесир сүрөттөдү. Ошол ак жүрөк адамдардын арасынан жүрөгүнө жакыны, өмүр бою ыраазы болчу жакыны – ата-энеси эле. «Атам менин жол көрсөткүчүм» дейт ал. Вишера сайынын жайылып кеткен агымын, анын эки жээгин жыш каптаган токойдон атасынын коңур үнүн эшитчү, суунун жылтылдаган агымы, көктө канат сермеген канаттуулар, мемиреген тынчтыкта албеттүү атасы бир укмуш көрүнчү. Баласы бекем чырмалган жыгачтардын үстүндө жатып асманды карайт, атасы экөө кожогаттын бутактарын үйүп, дарыянын жай агымы менен төмөн кетип баратышат. Бутактар менен жалбырактар - үй-бүлөнүн жалгыз ишеничи, бир үй-бүлөнү унчукпай багып келаткан жалгыз эчкинин тоюту. Атасынын жай үнү, баласына айтып берген аңгемелери, жайылып аккан дарыя, айланасын курчаган укмуш кооздук Алексейдин өмүр бою эсинен кеткис таржымалы болуп калат.

Алексей менен Иван Андриановдор.
Алексей менен Иван Андриановдор.

«Жан дүйнөм жабыркаганда…»

Баарысы чоңойгондо Алексей адабиятчы болот, тынч кесипти аркалап, балдарга сабак берет деп ойлошчу. Шаарчадагы сабакты баарынан мыкты окуган, ак көңүл, калыс, анан да тартынчаак балага мугалимдик эле жарашат дешчү окшойт. Кирүү экзамендерин баарынан мыкты тапшырса да «эл душманынын» баласын институтка окууга албай коюшту. Жаман мустарап болду, сабакты билбесе бир жөн. «Отурган жеримен тура албай калгам, жан дүйнөң жабыркаганы жаман экен». Атасы келип эң мыкты баалары коюлган сынак баракчасын Пермдеги курулуш техникумуна алып барып тапшырды. Ал жерде Алексейди окууга алышты, болгону бир гана талап коюшту - эң мыкты окушу керек экен.

«Андан кийин оо кыйла убакытка чейин досум экөөбүз ар жума сайын «конторага» барып каттоодон өтүп турдук. Эдик Пэнервсе досум буга аябай жаман болчу, кээде бүлкүлдөп ыйлачу. Каттоодон өтүп туруу бизди башкалардын алдында басынтчу. Студенттердин арасында өзүбүздү ыңгайсыз сезип, ындыныбыз өчүп калчу».

А бирок убакыт өтө берди, окуу да аягына чыгып баратты. Атасы менен абалары эки метрге жакын узун бойлуу, албеттүү адамдар болгону менен Алексей кичинесинен ирбийген арык, жүдөмүш бала болду. Жеген тамагы, жашаган шарты начар болсо кайдан чоңойсун? Ал кантип чарчап калбай, тирүү калганын билчү. Институтта окуп жүргөн кезинде Алексей спортко көңүл буруп, такай көнүгүүлөрдү жасачу, анын натыйжасында жеңил атлетика боюнча спорт чеберине талапкер наамына жетишти.

1958-жылы аны аскерге чакырышты. Мал ташычу жыгач вагондорго миңден ашуун баланы салып алган поюз 18 күн-түн токтобой жүрүп Ыраакы Чыгыштын үлкөн шаары Владивостокко жакын жердеги Алтын мүйүз булуңуна жеткирди. Аскер калкы ар кыл болчу, арасында жанын жеген баш кесерлер деле толтура эле. Поюзда жетер жерге жеткиче ал бейбаштар ичип, аскер өтүгүнүн кончун кесип, кийимдерин өз алдынча оңдоп-түзөп, койкоңдоп калышты.

«Темир жолдун боюндагы аялдамада жапжаш, татынакай кыз перронду бойлоп келатыптыр. Жоокерлер аны кармап алып күч менен вагонго сүйрөп киришип, жоолугу менен көзүн жаап, жаман ишти баштаганы калышты. Уят-сыйытсыз желмогуздар жол бою ичип, оюна келгенди сүйлөп, шарактап келатышкан. Мастыкта эмне кылышканын элес-булас билип калган чагы болчу. Адамдык кейиптен кетип калган тигил айбандарды көрүп туруп чыдап тура албадым. Негизи мен тартынчаак, уялчаакмын, кандай күч келе калды билбейм, бечара кызды тигилердин чеңгелинен ажыратып калдым. Адам жасагыс айбандыкты көргөндө мендеги каршылык сезим ойгонуп кетти окшойт, таптатынакай тазалыкты бу жапайылар кордоп атканы менде нааразылыкты, каршылыкты жаратты окшойт. Тазалык таза бойдон калышы керек. Менин ичимде болуп атканы ушул каршылыкты тигилер да сезишти окшойт, кызды коё беришти. Андан бери канча убакыт өттү, азыр менден «жашоонун маани-маңызы барбы» деп сураса жооп бере албасмын. Бирок да солкулдаган жаш кезимде бейкүнөө бир татынакай кызды эки аяктуу айбандардан сактап калгам. Мына ушул маани-маңыз го деп ойлойм».

Узактан-узак жолдун аягына жетишкенде мас эмес соо, өз кийимин бузбай, тытпай же сатып, алдатып ийбей бүтүн жеткендери саналуу эле калыптыр. Ошол бүтүндөрдүн бири Алексей болчу. Поюзга кандай кийим менен түшсө ошол кийими менен, башкаларга окшоп арак ичпей, жиндилик кылбай, спорттук формасын жоготпой аскер мөөнөтүн өтөй турган жерине түштү. Перрондо туруп алып келген жаш аскерлерди иргеп аткандар аны ошондо байкашты окшойт. Ошол жерден эле аны аскер окуу жайына жөнөтүштү. Окуусун мыкты окучу. Бир гана нерсе аны түпөйүл кылып жүрдү. Акырын билинбей жылып келчү «особисттин» узак сүйлөшүүлөрү, тамекинин түтүнүн зериге үйлөп, маңдайында отурган жаш жоокерге «Ата мекен менен Ата журттун» кызыкчылыгы үчүн кантип кызмат кылыш керек экенин узактан-узак түшүндүрүп, башка иши жоктон бетер, аны гана жандап алганы көңүлүн кайт кыла баштады. Анын баары натыйжасыз аяктады.

Эки жылдан кийин Алексейге дагы калып аскердик кызматын улантууну сунуш кылышты, «офицер болосуң» дешти. Анын аскердик кызматты каалабай турганын айтып, макул болбой коюшу тигилерге кызыкча сезилди окшойт. Ушундай да апендилик болобу? Темир тор менен бекем курчалып, согуштук даярдыкты баарынан жогору койгон чылк аскердик өлкөдө, форма кийип, кол алдындагыларга кыйкырып, буйрук берип турган адамдар ал кезде сый-урматтын төрүндө болчу. Өзү сүргүндө төрөлгөн, «эл душманынын» баласы эгер аскердик кызматты тандап алса келечегине жакшы болуп, жаманаттыдан кутулушуна шак эле жол ачмак. Бирок буйрук дегенге баарын байлап, керелден-кечке жаны тынбай кыйкырып, даярдык көрүп, убакытты кантип өткөрүүнү билбеген бир түстүү аскер турмушун Алексей жактырчу эмес, казарма ичинде тумчугуп кетчү.

«Ушул казарма менен казармачылыктан кутулуш үчүн мен баарына даяр элем».

​Алексей Андрианов чогуу окуган группалаштары менен.
​Алексей Андрианов чогуу окуган группалаштары менен.

Кесипке керектүү төрт чарчы

Аскерин бүтүп, окуу жайын аяктап, инженер деген диплому менен кайткан Алексейди Соликамскиде нан заводун курууга жиберишет. Бул шаарда анын жаңы турмушу башталып жаткан. Жаш адамдын жан дүйнөсү арымы алыска чабыттаган ойчулдукка, акын-жазуучулукка жакын болчу. «Мугалим болуп жаңы муунга таалим-тарбия берет» дешчү. Кесиби жагынан ал жаратмандыкка ооп кетти. Бүтүндөй комплекстерди, кичи райондорду, келишкен үйлөрдүн долбоорун чийди. Табият кырсыгы, андан кантип коргонууга болот дегенди ойлонуп, алдын алуунун камын көрдү. Ошондон СССРдеги ири жер титирөөлөрдөн толук кыйрап калган калааларды калыбына келтирүү иштерине эксперт болуп, жооптуу иштерге катышты: Ташкентте (1966-жыл), Газлиде (1976), Спитакта (1988), ошондой эле Кыргызстандын Түп районундагы, республиканын түштүгүндөгү жер титирөөлөрдөн зыян тарткан жерлерде иштеди.

1963-жылы жаш адис катары ал Кыргыз ССРине иштөөгө келген. Кыйла жыл сүргүндө басынып-кысынып жүргөн атасы менен энесин ушул жакка чакыртып алды. Бул жерден ал болочок жары Вераны жолуктурду. Анын бабасы Филимон Шмелев 1888-жылы чалкыган Аралдын боюнан болгон оокат-ашын жалгыз бука арабасына жүктөп, алыс жол басып, арып-ачып Пишпекке келип, үй-бүлөсү Уста сепилдин (Кузнечная крепость) жанына үй салып, бала-чакасы менен ушул жерде жашап калган экен. Алексей менен Вера ушул жерде тамыр жайып, балалуу болушту. Алардын улуу кызы Наталья Андрианова атасынын жолун жолдоп курулуш жагына кетип, таанымал архитектор жана дизайнер болду.

Курулушта Алексей Андрианов кесиптештери арасында мартабалуу сыйга - алтын төрт бурчтукка жетишти. Анын кесиптик чеберчилигин айкындоочу төрт сертификаты – башкы инженер, башкы долбоорчу, прораб, эксперт деген ырастамасы бар. Ал жалгыз Кыргызстан эмес, башка жерлердеги ири курулуштардын көбүнө катышкан. Анын долбоору менен салынган Нарындагы, Ленинполдогу, Майлуу-Суудагы, Кажы-Сайдагы, Бишкектеги жана башка шаарлардагы үйлөрү ушул азыркы күндө да койкоюп бузулбай турат.

Сөз арасында Алексей Иванович Бишкектин Москва-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү, үйдү кармап турчу түркүктөрдү кирешеге кызыккандар алып салышканына камтама болгонун жашырган жок. «Ал жерде адамдар жашайт, балдар бар! Бизде жер титирөө коркунучу күчтүү! Өтө коркунучтуу!»,- дейт Андрианов.

«Анан да биз бакыт, абийир, мээрмандык тууралуу кеп кылганды жакшы көрөбүз, бирок абийир болбогон жерде кайдагы чындык? Чындык чыркыраган жерде калыс сот жок. Калыс сот болбогон жерде мээрмандык турбайт. Мээрмандык келбеген жерге айкөлдүк, кечиримдик кантип келсин? Кечиримди билбеген жерде ачуусун ичке каткан заар гана калат. Андай жерде мурду жыт издеп «кайдан каңшаарга бир нерсе чыгып калат экен» деп душман издегендер гана болушат. Душман болсо анын өзүндө, мажирөөлүгүндө. Андай илдети бар экенин тиги байкуштун өзү деле аңдабайт».

Согуштун, ачарчылыктын азабын көрүп, ГУЛАГда төрөлүп эр жеткен адамдар менен аңгемелешкенде алардын боорукерлиги менен өзгөчө бир марттыгы таң калтырбай койбойт. Аларда коркуу деген жок, тескерисинче эч нерседен чочулабаган тайманбастык күчтүү. Анан да ыймандуулук, алар динчил деле эмес, жарык жүзүнөн төгүлүп турган мээрим башкаларга чачылып, анысы адамдарга, жаратылышка, жан-жаныбарларга жасаган мамилесинен байкалып турат.

Алексей Андриановдун китептери.
Алексей Андриановдун китептери.

Менин алдымда болгон дүйнөсүн ачып койгон акын жана жазуучу Алексей Иванович Андрианов отурду. Анын татаал тагдыры менин изилдөөчүлүк кызыкчылыгыма туш келип калгандыгынан деле эмес. Анын калеминен жаралган сөз керемети жайылып аккан Вишер дарыясындай болуп жан дүйнөмдү ээлеп алып, автордун көркөм дүйнөсүнө аралашып, суу үстүндө калкылдаган жыгачтардын үстүндө жатып алып жанымдагы жылтылдаган суу алдында кайдадыр шашкан чоң балыктарды, ар кыл түстөгү таштарды, кубаттуу агымга бой бербей турган эңгезер күчтү сезип мен да агып жөнөйм…

Толкунунда пенделик бир нерселер,

Агымында көралбастык заар чачып,

Мээге сиңчү карандай калп жаңылык,

Жашоо шунтип өтүп барат кыбырап.

Чаңда, суукта, суук жамгырга карабай,

Жаркыраган ачык күндү узатып,

Жоготууну, бүркөк кезди эстейбиз,

Көкүрөктө «орок менен балкабыз»…

Бул ырды Алексей Андрианов 2014-жылы жазган.

В волнах бушующих страстей,

В потоках подлости и злобы,

Вранья, промытых новостей,

Живем, уподобясь микробам.

И в пыль, и в холод, и в дожди,

И после солнечной погоды

Клянем потери и невзгоды

С «серпом и молотом» в груди ….

Кеп соңу


Алексей Иванович жанына эки китебин этият коюп ойлуу отурат. Китептеринин бири - кара сөз, экинчиси - ырлар жыйнагы. Ары жагында басылган эки барак кагаз жатат. Кош барак расмий ырастама. Анда Алексей Иванович Андрианов, чын эле Вышлагда төрөлгөнү, саясий репрессиянын азабын тартып кийин акталганы жазылган. Расмий кагаз 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан берилген. Ага Орусия ИИМ Пермь облусунун акталгандыгы тууралуу ырастамасы негиз болгон.

Элмира Ногойбаева, «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсү

Кыргызчалаган Бекташ Шамшиев

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG