Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

СССР депутатын жок кылган куугунтук


«Ата-Бейит» - кайрандардын жалгыз эстелиги.
«Ата-Бейит» - кайрандардын жалгыз эстелиги.

Сталиндик «кызыл кыргынга» туш келген кайрандардын катарында Мукаш Иманбаев да бар.

Ал отуз жашында атылган. Каргадай кезинен кара жумушка тартылып, турмуштун азап-тозогун аябай тарткан. Анын кыска өмүрүнүн урунттуу учурлары өз колу менен толтурган таржымалында калды.

Сегиз жыл Кытайда

«Ушу азыр баралыма келип турган кезим, мындан ары да партиялык иштерди аткарууга кызыгам»,- деп жазган Мукаш Иманбаев өздүк баракчасына.

Убакыт 1937-жылдын 8-июну болчу. Москвадан жер-жерлерге буйруктар жаап, партия душмандарын бир четтен жок кылып, кийинки кезек улуттук кадрлардын тамырын кыркууга багытталып, репрессия машинеси күнү-түнү күжүлдөп ишке кирип, «кызыл кыргын» кычап турган.

Бир жылдан кийин Мукаш Иманбаев атылып, аты-жөнү айтылбай, адам баласынын төбө чачын тик тургузчу большевиктик кылмыштын курмандыктарынын катарында унутта калтырылган.

Акыйкат акыры келет экен, 1991-жылы Чоң-Таштан сөөгү табылып, 138 кайрандын катарында кайрадан сый-урмат менен коюлган.

Мукаш Иманбаев Көлдүн күңгөй жагындагы Чолпон-Ата кыштагында 1908-жылы төрөлгөн. Атасы Иманбай Жалбыев колунда жок кедей адам болгон экен. Кийин совет бийлиги келгенде Бирлик колхозунда иштеп, өз айылында өмүр кечириптир.

1916-жылкы көтөрүлүш башталганда качкан эл менен кошо Иманбай эки уулу менен аялын алып Кытайга барган. Үй-бүлөсү менен Кулжадагы Үсөнбай Мусабаев деген байдын тери иштеткен заводунда иштешип, кичинекей Мукаш байдын коюн кайтарган. Кытайда кадыресе орун-очок алып, ал жерде сегиз жыл туруп калышкан.

1916-жылкы көтөрүлүштөн соң Кытайга баш калкалап баргандарды кайтаруу аракети 1917-жылдын башында Убактылуу өкмөттүн бийлигинен эле башталган. Кийин бул ишти большевиктер да улантып, Кытайда калып кеткен кыргыздарды кайтарууга атайын акча да бөлүнгөн. Кулжадагы советтик консул киришип, Иманбайдын үй-бүлөсү 1924-жылы Көлгө кайтып келген. Бирок бул жерде деле жыргаган турмуш жок экен. Мукаштын ата-энеси Караколго, андан Жолголот айылына келип, бул жерде үч жылдай Өмүрзаков Бакей деген байдын коюн кайтарып, ошол эле учурда Караколдогу Ленин атындагы мектептен билим алуу мүмкүндүгүнө жетишкен.

Кичинекей койчунун сабаты ачылып, үч класс билим алган. Ошол билими менен эле зирек улан комсомол ишине аралашып, Түргөн менен Барскоондо комсомолдук уюмдардын ишине кызуу катышкан. Андан комсомолдун кантондук комитети иш билги баланы Калинин райком комсомолуна катчы кылып дайындаган.

Булар кыргыз болсо бир жерде эле иштеп турса эл топтоп, киши топтоп, СССРге каршы уюмдарды уюштуруп жибереби деп да коркушса керек деп ойлойм.

Ишке дилгир жаш азаматтын комсомолдук кызмат тепкичтеринен жогорулашы 1928-жылдан башталган. Чүйдө, Ошто эки жылдай иштеген соң 1930-жылы партиянын Алай-Гүлчө райондук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган. Жаңы орунда бир жылдай иштеген соң Мукаш Иманбаевди 1931-жылы Москвага ВКП(б) Борбордук комитетинин эки жылдык курсуна окууга жиберишкен.

Караколдогу үч класстык башталгыч билимден кийинки атайын курс кызмат тепкичинен аз-аздап жогорулап бараткан кадрдын теориялык билиминин тереңдешине жол ачкан. Ал кезде жаңы бийликке кызмат кылчу кадрларды ыкчам даярдоочу курстар ири борборлордо көп ачылган болчу. Жергиликтүү кадрлардын арасынан билимге ынтызар, практикалык иште өзүн көрсөткөн азаматтарды коммунисттик идеологияга сугарып, ишенимдүү кадрларды даярдоо милдети ал кезде кабыргасынан коюлган эле.

Анын үстүнө бир четтен камалып, сүргүнгө айдалып, жок кылынып аткан партиялык-советтик кадрлардын ордун жаңылары басышы керек эле. Мукаш Иманбаев Москвадагы эки жылдык курстун угуучуларынын партком катчысы болгон. Окуу менен ишти айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү ал кезде өзгөчө ишеним артылган кадрларга гана берилчү. Мукаш Иманбаев ошондой жооптуу ишке дайындалган.

Партиялык тизилген кызматтар

1932-жылы окууну бүтүп келгенден кийин Мукаш Иманбаев Фрунзеге келип ВКП(б) кыргыз обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген. Кийинки жылдын аягында Кызыл-Кыя көмүр кенине, №1 шахтанын парторгунун кызматына жөнөтүлгөн. Ал кезде шахта парторгу ВКП(б) Кызыл-Кыя шаардык комитетинин катчысы болчу.

1935-жылы Мукаш Иманбаевди Таш-Көмүр шаарына шахтадагы партия уюмунун башчысына, ВКП(б) Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы кылып жөнөтүшкөн. Бул кызматта ал бир жылдан ашуун иштеген. Ал кайсы жерге, кандай жумушка жөнөтүлбөсүн баарында тагылган милдетти так аткарган. Таласта иштеп жүргөндө бир жолку партиялык сөгүш алып, аны бир жылдан кийин жоюуга жетишкен. Эмгек жолундагы мына ушул жалгыз жагдайды эсепке албаганда, Мукаш Иманбаевдин тапшырылган милдетин аткара албай калган учуру болгон эмес.

Мукаш Иманбаев аялы Үркүмбаева Батима деле кедей-дыйкан кызы экенин, экөөнүн жалгыз кызы бар экенин белгилеген. Мукаш Иманбаев 1929-жылдан партиянын мүчөсү, биринчи чакырылыштагы СССР Жогорку кеңешинин депутаты, Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөсү болгон. 1938-жылдын 13-майында камакка алынган. Ошол эле жылдын ноябрында атылган. Сөөгү Чоң-Таштагы эски кыш заводунун чуңкуруна катылганы 1991-жылы ачыкка чыгып, мамлекеттик сый-ургаал менен кайра көмүлгөн.

Иманбаевдин көчөсү

Сталиндик репрессияда курман болгон Кыргызстандын азаматтары тууралу архивдик материалдарды Бейшемби Ибраев кыйла жылдардан бери изилдеп келатат. Анын аракети менен ушу тапта Ысык-Көл районундагы Бостери айылында репрессияда жок болгон кайрандардын музейи ачылганы турат.

Айылдагы Маданият үйүндө музей ачуу боюнча Бейшемби аба демилге көтөрүп, аны жергиликтүү эл, бийлик колдоого алган. Бейшемби Ибраевдин айтымында, Мукаш Иманбаевдин артында калган аялы менен кызынын көзү өтүп кеткен.

«Бостериден репрессияда жок кылынган төрт атабыздын өмүр баянын издеп жүрүп, бул кишинин документтери менен таанышып калдым, - дейт ал. – «Мен документтерди издеп Бишкекке архивге баратам» десем Мукаш абанын аталаш инилери «биздин да чоң аталарыбыздын бири Мукаш Иманбаев атууга кетип, сөөгү Чон-Ташка коюлган, ошону да карай кел» дешти. Изилдеп көрсөм Мукаш Иманбаев 1908-жылы Чолпон-Ата айылында төрөлгөн экен. Өспүрүм кези Үркүнгө туш келип, Кытайга үй-бүлөсү менен барышкан. Кулжада Үсөнбай деген байдын малын карап, жанын багып кыйладан кийин кайра келишкен. 1924-жылы Кытайдан Караколго келип, ошонун тегерегинде байыр алып калышыптыр. Ал жерден деле малай болуп иштеген.

Өзү зээндүү, тырышчаак бала экен, Караколдогу Ленин атындагы мектепте үч жыл окуптур. Ошол билими менен комсомолдук жооптуу кызматтарда иштеп, кийин Ошто Алай-Гүлчө райондук партия комитетинин биринчи катчысына жеткен. Анын иштемчилдигин, зээндүүлүгүн көрүшүп Москвага ВКП(б) БКнын алдындагы эки жылдык партиялык курска окууга жөнөтүшүп атышпайбы.

Ошентип окуп, анан жер-жерлерде иштеп жүргөн чагында 1937-жылы Фрунзеге чакырылып, Борбордук комитеттин транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй сентябрда Кыргызстандын Москвадагы өкүлү болуп дайындалган. Ошол кезде СССР Жогорку Советинин биринчи чакырылышына депутат болуп шайланган. Ал жерде аз эле иштейт да, кайра Кыргызстанга чакырылат. Бул жерге келип партиянын Борбордук комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

1938-жылдын 13-майында аны «эл душманы» деп камап атышпайбы. Отуз жашында камалып атат. Ошончо жооптуу кызматтарда иштеп, өзүн иште көрсөткөн адамды күнөөлөп, айыпка жыгып, атып тынып атышпайбы.

Бул кишинин аялы Үркүмбаева Батима, жалгыз кызы бар экен. Ал кызынын да дайыны жок, каза болуп калыптыр. Бул жакта жакын туугандары калбаптыр. Булар өзү Чолпон-Атадагы катагандардан. Мукаш Иманбаевге жакын тууган кадимки Абдыразаков Ишенбай аба экен. Ал кишини Кыргызстан эмес, бүт билишет да. Сураштырсам Мукаш абаны жакшы билген жакын туугандары жок экен. Тууган экенин билишет. «Мукаш биздин тууган эле. Артында тукум калбай калды, жаш кезинде жок кылып коюшкан» деген өкүнүчтөрдү көп уктум. Чолпонаталыктар шаардагы бир көчөгө Мукаш Иманбаевдин атын беришкен».

Мукаш Иманбаевдин өмүр баянын окуган адам анын кызмат орундары тез-тез алмашып турганын байкабай койбойт. Бейшемби Ибраев бул жагдайды эки себеп менен түшүндүрөт:

«Менин оюмча, булардын такшалышына, тажрыйба топтошуна кызматты тез-тез алмаштыруу жардам бергендир. Чыңгыз Айтматовдун атасын, мисалы, бир аз убакытка Ысык-Көлгө кызматка алып келишкен. Анан Ошко, Таласка, Чүйгө алып барышкан. Ошентип такшалткан. Анан экинчи чети – «булар кыргыз болсо, бир жерде эле иштеп турса эл топтоп, киши топтоп, СССРге каршы уюмдарды уюштуруп жибереби» деп да коркушса керек деп ойлойм. Өйдө жактын да планы ошондой болуш керек. «Аз-аздан иштетип, жылдырып тургула» дешкендир».

Сталиндик репрессия кыргыздын мыкты жетекчи кадрларын жок кылган. Анын залакасын республика ушул кезге чейин тартып келатат. Элине жан аябай кызмат кылып, республиканын экономикалык, маданий кызыкчылыктарын бекем коргогон, өз алдынча ой жүгүрткөн нукура жетекчилердин ордуна жогортон түшкөн буйруктарды гана аткарып, өз алдынча аракет кыла албаган күнкарама жетекчилер ошол сталиндик заманда калыптанган.

«Улуу Сталин, бардык элдер менен мезгилдердин атасы», «улуу урматтуу Никита Сергеевич», «дорогой Леонид Ильичтерди» додолонтуп айтуу, чоң борборго жагынуучулуктун, көшөкөрлүктүн арыгы ошол кезде чабылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG