Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

Кыргыз-кытай тарыхы: Бөөдө эле «...саманкана өрттөнүптүр» болбойлу!


«Манас» Бишкекте кытайча жаңырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады. 11.6.2019.

Кытайдагы расмий эмес интернет-барагында Кыргызстан тарыхы жаатында жарыяланган айрым бир беткей маалыматтарга жана алар тууралуу пикирлерге карата тарыхчынын блогу.

Актуалдуулугу жоголуп калды деген ой кетиши мүмкүн, бирок, мааниси дайым олуттуу боло берген фактылар жөнүндө сөз...

1-макала. «Сүткө саман түшсө, саманкана өрттөнүптүр» болбойлу...

Кыргыздын бүйүрүн кызыткан маалымат...

Акыркы күндөрү интернет-сайттардан анча көңүл бурбай эле коё турган кабарды «чоң сенсация» кылышып, аны «коркунуч» катары кабыл алгандар болууда.

Кеп, «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Кытайда чыккан макалага Бишкек жооп береби?» (15-апрель, 2020) аттуу макаласы жана анын артынан айтылган айрым пикирлер жөнүндө жүрүп жатат.

Макала чыккандан бир күн мурун –– 14-апрелде «YouTube» каналына кытай тилинде окуу-сүйлөө боюнча жеткиликтүү сабаты бар Серикжан Билаш уулу аттуу казак блогеринин 25 мүнөттүк сөзү «TARAZA MEDIA» аттуу жеке сайтка «Өтө дүң болду...» деген видео материал катары коюлган эле. Бул маалымат «Фейсбук» аркылуу да байма-бай жарыяланды.

Видео материалда комментарияланган материал Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Toutiao.com интернет-сайтына ушул жылдын 11-апрелинде «Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эмне үчүн өз мекенинин кучагына кайткан жок?» деген аталыш менен жайгаштырылган экен. Автору Юнхо-Шума аттуу адам экен. Серикжан бул видео макаланы сүйлөмдөп кытайча окуп, аны казакча которуп, комментарий берүү менен социалдык тармакка жеткирүүгө аракеттенди.

Казак блогеринин жана айрым Кыргызстандык интернет-сайттардын айткандарына караганда, Toutiao.com интернет-сайты кытай борбордук бийлиги, Компартиясы менен тыгыз иштешкен, окурмандарынын саны 750 миллионго жакын, баш кеңсеси Бээжинде жайгашкан белгилүү сайт экендиги жазылган. Чын эле ошондойбу, ал жөнүндө макалабыздын тиешелүү жеринде сөз кылабыз...

Аталган эки «сенсациялуу» кабардан соң социалдык тармакта толгон-токой ойлор жазылып, аларда «Бир келесоо кытай тарыхчысы жазган го бекер олтуруп...» деген комментарийден баштап, «кокуй, кыргыз өкмөтү тезинен реакция кылбаса болбойт... Кытай басып алат окшойт» дегенге чейин көбүртүп-жабырткан пикирлер чыгып кетти.

Интернетте «Фейсбук» сыяктуу тармактарда Гүлжигит Исаков, Асыкбек Оморов ж.б. айрым окурмандар ачуу сын-пикирлерин жана суроо-сопкуттарын жарыялашты.

Алардын ой-пикирлерине аралаш тарыхчы, журналист Тынчтыкбек Чоротегиндин макаласы «Евразия жана кыргыз тарыхы: Жаатташпастан, ынтымакка көпүрө салуу кезеңи» деген ат менен «Азаттыктын»​ «Блог-миңсанат» куржунуна өзгөчө пикир катары 16-апрелде коюлду.

Кытайдан жарыяланды деген маалыматка реакциялардын арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фондунун төрагасы, тарыхчы окумуштуу Кыяс Молдокасымовдун 18-апрелдеги «бул маалыматты Кытай Эл Республикасынын расмий окумуштуулары эч качан тааныбайт» деген пикирин айта кетүү да ашыктык кылбас.

(Караңыз: Иванов С. Молдокасымов К. Информация на сайте Touitao.com никогда не будет поддержана учеными Китая // Новое наблюдение Шелкового пути (ru.siluxgc.com). 18.4.2020).

19-апрелде болсо «Азаттыктын» берүүсүндө журналист Бакытбек Орунбековдун алып баруусунда «Арай көзү чарай» талкуусу уюштурулуп, анын кыскача жүрүшү жөнүндө маалымат «Кыргызстан Кытайдын жери болгон эмес» деген ат менен «Азаттыктын» барагында жарык көрдү.

Тынчтыкбектин кеп кылынган блогунда Toutiao.com интернет-баракчасына коюлган бул маалымат «кытайлык туристтерди жана башка окурмандарды Кыргызстанга кызыктыруу максатында 2016-жылы 20-сентябрда жазылган популярдуу (б.а. илимий жана саясий эмес) макала болуп чыкты. Бул интернет-барак эч кандай расмий мекемеге таандык эмес экени анык. Макаланын автору өз ысымын жазган да эмес» деген пикир камтылган.

Ушул жерде айта кетчү нерсе - Серикжан Биляш уулунун видео комментарийинде бул макала интернет-баракчага ушул жылдын 11-апрелинде Юнхо-Шума аттуу автор тарабынан жайгаштырылган деп айтылган.

Серикжан менен Тынчтыктын ача булактары жөнүндө төмөндө сөз кыларбыз. Азырынча оюбузду калыбы менен андан ары уланта берели.

Тынчтыктын блогунда 2016-жылдын 20-сентябрында жазылган деп көрсөтүлгөн ханзуча макаланын көлөмү чакан, сүрөттөрү менен кошо 5 бет, автору өз ысмын көрсөтпөгөн, анын ордуна келишимдүү кыздын фотосу берилген (чамасы, ал ханзу кыз эмес, түрк тилдүү кичи улуттардан экендигин боолголоого болот).

Маалымат кытайчадан кыргызчалаганда «Борбор Азиядагы өлкө: Анын тургундары өздөрүн хан доорундагы генерал Ли Линдин урпактары деп санашат жана жергиликтүү калайык кытайлык товарларды колдонгонуна сыймыктанат» деп аталат. Эң кызыгы - бир адам да комментарий берген эмес. (Караңыз: https://www.toutiao.com/a6332278264925815041/. 2016-09-20).

Мындан улам Toutiao.com сайтынын ханзу колдонуучулары мындай маалыматка эч кандай реакция бербегендиги оңой эле баамдалат. Аны макаланын ысмы белгисиз авторунун «Бүгүн сиздерге мугалим Борбордук Азиянын өлкөсүн сунуш кылды. Бул өлкө Кытай менен терең кызматташтык жүргүзөт» деп баштаган сөздөрү бышыктап турат. Баамыбызда автор студент же окуучу кыз, тарых сабагынан берген окутуучусу Кыргызстан жөнүндө билгенин айтып берген окшойт.

Айтмакчы, Гүлжигит Исаковдун «Фейсбуктагы» постуна Тынчтыкбек Чоротегин: «...2016-жылы макала жазган киши эч кандай окумуштуу эмес. Ал деле фолк-хистори өкүлү. Анын жазганына Кытайдын профессионал тарыхчылары эч көңүл да бурушпайт. Ал жарыялаган интернет-барак да биздеги жөнөкөй, расмий эмес барактардай эле экен. Муну мен Бээжиндеги тарыхчылардан тактадым. Ишенбей коюуга толук укугуңуздар бар», -- деген пикирин жазган.

Ал эми Жалал-Абад шаарындагы тарыхчы Жеңиш Дүйшеев мырза (ушул эле постто): «Дегеле тарыхтан түшүнүгү жок кишинин жөн салды саптары сыяктуу туюлду. Макала эл аралык мамилеге көлөкө түшүрөт деген мааниде социалдык желеден алынып коюлуптур», -- деп пикир жазып, окурмандардын көңүлүн жубаткан (Шилтемени караңыз).

Toutiao.com интернет-сайты жөнүндө

Биз сөз кылып жаткан Toutiao.com интернет-баракчасы социалдык тармакка маалымат берүүгө арналган жеке колдонуучулардын мобилдик (уюкфон) тиркемеси болуп эсептелип, жасалма интеллект технологиясына негизделген Jinri Toutiao (кытайча 今日头条, пиньинь, сөз мааниси «Бүгүнкү темалар - Сегодняшние заголовки») деп аталган ири компаниялык, бараандуу интернет-сайт экен.

Анын интернет-домени Toutiao.com болуп, сайттын колдонуучуларынын талабына жараша коюлган түрдүү маалыматтардын (контент) өзгөчөлүгүнө карап, аларды атайын алгоритмдик модел менен компьютерде иргеп, колдонуучулардын социалдык жана жеке кызыкчылыгына багытталган түрдүү жаңылыктарды жүктөшөт экен.

Jinri Toutiao интернет-сайтынын 2017-жылга карата 700 миллион колдонуучусу, ар бир айда кеминде 175 миллион активдүү колдонуучусу болгон, ар бир күнү 78 миллиондой жаран эч болбосо бир сааттан ачып караган, бир суткада 1,3 миллиард макаласы окулган Кытайдын килейген компаниялык мобилдик платформасы болуп чыкты. Анда маалыматтар администратор аркылуу эмес, жасалма интеллект, башкача айтканда компьютердик эсептөө машиналары менен иргелип, жайгаштырылып турат. Компаниянын баш кеңсеси Бээжинде болсо, бир кеңсеси АКШда Лос-Анжелесте жайгашып, учурда компания 10 миллиард долларлык инвестиция күтүп жатыптыр.

Албетте, Toutiao.com биз көп колдонгон Facebook веб-сайтына же Google Play’дин тиркемеси эсептелген Instagram’га окшош, бирок Toutiao.comдун масштабы кийинки эки веб-сайтка жетпейт. Маселен, Facebook дүйнөдөгү 5 ири социалдык тармактык веб-сайттын бири болуп, анын баракчаларына кирген колдонуучулардын саны Toutiao.com сайтынан алда канча көп. Мисалы, 2017-жылдын апрель айында Facebook веб-сайтына 1,968 миллиард адам кирсе, ошол эле жылдын июнунда 2 миллиарддан ашык колдонуучулар эч болбосо Facebook’ка бир жолу баш баккан.

Биз Jinri Toutiao компаниясынын иштөө эрежеси жана ырааты менен таанышып чыктык. Албетте, ал ханзу тилинде жана кытай иероглифи менен аткарылат. Бирок, бурчундагы көрсөткүч аркылуу дүйнөнүн белгилүү тилдерине тез эле компьютердик которуу жолу менен окуса болот. Биз орусча котормо аркылуу тааныштык, бул жерде айта кетүү керек, котормо, албетте, механикалык, калька жолу менен которулат. Бирок, маанисин толук түшүнүүгө болот.

Компаниянын сайтында түрдүү видеолор, илим, маалымат, тарых, оюн, экономика, окутуу, реклама, туристтик жана башка бөлүктөр бар. Алар колдонуучуларга социалдык талаптарды эске алуу менен автоматтык түрдө суроолорду жайгаштырып, ага колдонуучулар тарабынан жооп жазуу аркылуу ишке ашырылып турат.

Маселен, «Кытай өлкөсү эмне үчүн Сибирди өздөштүрө албайт» деген суроо коюлса, ага кеминде 100гө жакын ыктыярдуу колдонуучулар (арасында окумуштуулар, тарыхчылар, экономисттер, биологдор же жөн эле катардагы адамдар болушу ыктымал) өздөрүнүн пикирин эркин жайгаштыра алышат. Бул жери биз колдонуп жүргөн Facebook’тун же башка сайттардын шеринелерине –– «форумдарына» окшоп кетет.

Мындай интернет барактарда колдонуучулар каалаган пикирин каалагандай эркин билдире берет эмеспи, Toutiao.comдо да так ошондой. Албетте, кемсинтүүчү, орой, сөгүнүү сөздөрүн компьютердик эсептегич өзү эле иргеп турат.

Колбашчы жана стратег Сун Цзы (б.з.ч. VI—V кк.) жазган деп жоромолдонгон "Согуш өнөрү" трактатынын сакталган көчүрмөлөрүнүн бири.
Колбашчы жана стратег Сун Цзы (б.з.ч. VI—V кк.) жазган деп жоромолдонгон "Согуш өнөрү" трактатынын сакталган көчүрмөлөрүнүн бири.

Мен тарых багыты боюнча кеминде 100дөн ашуун түрдүү макала менен таанышып чыктым. Аларда Кыргызстандын тарыхчыларына кызыктуу маалыматтар да көп экен. Кытай династиялары, алардын согуштары, Хань доорундагы Кытайдын Борбор Азия багытындагы саясаты, хуннулар, динлиндер, түрктөр, албетте, Энесай кыргыздары, ала-тоолук кыргыздар, колбашчы Ли Лин тууралуу жана башка толгон маалыматтар учурайт. Ли Линдин чоң атасы –– легендарлуу Ли Гуан деген кол башчы болгон.

(Ред.: «учуп жетүүчү колбашчы» атыккан Ли Гуан, Li Guang; 李廣; б.з.ч. 119-жылы өлгөн; аны Парканага кол салган Ли Гуанли менен чаташтырууга болбойт) .

Ошондой материалдардын кыскача тизмегин берели:

Авторсуз. «Эмнеге кытайлык бабалар Азия менен Европадагы эң сапаттуу аймактарды ээлей алган?» // https://www.toutiao.com/a6796668257366442254/;

Шэн Сяо. Мэй Мо. Цин династиясы маалында канча жер колдон чыккан? 1928-жылы түзүлгөн «улуттук шерменделиктин картасы» сырды ачат» // https://www.toutiao.com/a6813270859432591883/ 2020-04-08;

Авторсуз. «Тан династиясы тарыхыбызда канчалык жипкиртет? Тан династиясы тэ бир кездерде канча өлкөнү кыйратканын элестете албайсыңар» // https://www.toutiao.com/a6815572136782987776/ 2020-04-14;

Авторсуз. «Чын эле өлкө аймагы канчалык чоң болсо, ошончолук жакшы болобу? Тан династиясына көз чаптырсак, өлкө канчалык чоң болсо, ошончолук көп көйгөй жаралганын билебиз» // https://www.toutiao.com/a6805392384419955204/ 2020-04-12;

Авторсуз. «Цин династиясы Кытайдын аймактык чегин аныктаган. Эмне үчүн көп кишилер бул үчүн Цин Шихуанга сыймык артып жатышат?» //https://www.toutiao.com/a6810750879671517699/. 2020-04-02;

Авторсуз. «Таң калычтуу! Кытайдын Цин династиясынан (2200 жылдан көп мезгилден) берки аймактык өзгөрүүлөрүнүн тарыхы»// https://www.toutiao.com/a6803144381151838731/. 2020-03-12;

Авторсуз. «Кап, Кытай ушул эки аймакты –– Байкал менен Сахалинди колдон чыгарганы өкүнтөт» // https://www.toutiao.com/a6795185043284165133/.2020-02-19 23:48:27; жана башкалар.

Ушул сыяктуу бир канча макалаларды жолуктурганым менен казак блогери Серикжан Билаш комментарийлеген макаланы быйылкы 11-14-апрелдердеги маалыматтардан карап таба алганым жок.

Айта кетүү керек, toutiao.com сайтында Серикжан Билаштын комментарийлериндей жана Тынчтыктын пикирлеринде шилтеме жасалгандай маалыматтар абдан көп.

Кыргызстан гана эмес, Венгриядан тартып, Кореяга чейинки жерлер, Орусиянын Түштүк Сибир аймактары, Алтай чөлкөмү, Байкалдын айланасы менен Ыраакы Чыгыш, Монголия, Казакстан менен Борбордук Азиянын чыгыш жактары, Индокытай өлкөлөрү жана башка аймактар «бир кездери Кытай императорлорунун бийлик кылган аймактары, эч болбосо вассалдык көз каранды болгон жерлер болчу» деген сыяктуу фактыга негизденбеген пикирлер арбын.

Бирок, баса көрсөтүүчү бир нерсе, ар бир маалыматтын жыйынтыгы катары азыркы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ошол аймактардын тигил же мунусун кайрадан каратып алышы керек деген расмий сунуш эч жерде кезикпейт.

Тек, алар - өз ысымын жазган катардагы адамдардын же автордугу белгисиз карапайым окурмандардын электрондук интеллекттин усулу менен чогултулган пикирлери...

Биздин кыргыздар деле, айрыкча казак, өзбек туугандар, ааламдын баарында өз улутунун «изи бар экендигин» тастыктап, айрым инсандарды өзүнүн тикелей бабалары катары санап, маселен «Адам-Ата, Иисус Христос, Чыңгыз хан казак болгон, Аттила, Мухаммед-пайгамбар кыргыз экен, Темир Чолок менен Бабур - өзбектин аталары» деген сыяктуу пикирлерди эркин сайттарда жаза беришет эмеспи. Бул жерде да так ушундай...

Эми жогору жакта белгилеген Серикжан Билаштын видео билдирүүсү менен Тынчтык Чоротегиндин биз сөз кылып жаткан макаласына негиз болгон кытайлык макалалардын жарыяланган датасы, авторунун бардыгы же жоктугу, маалыматтын аталышы боюнча айырмачылыктарга токтоло кетелик.

Серикжан Билаш уулу макала 2020-жылдын 11-апрелинде Юнхо-Шума аттуу автор тарабынан «Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эмне үчүн өз мекенинин кучагына кайткан жок» деген аталышта жарыяланган десе, Тынчтыкбек Чоротегин макаланын автору белгисиз, дээрлик үч жарым жыл мурда, 2016-жылдын 20-сентябрында «Борбор Азиядагы өлкө: Анын тургундары өздөрүн хан доорундагы генерал Ли Линдин урпактары деп санашат жана жергиликтүү калайык кытайлык товарларды колдонгонуна сыймыктанат» деген аталышта жарык көргөн деп жазган.

Биздин пикирибизче, бул жерде тактай турган деле принципиалдуу нерсе жок. Жогору жакта Toutiao.com интернет-сайты жөнүндө берилген мүнөздөмөнү эске алсак, Кыргызстан жөнүндөгү жана Кыргызстандын Кытай империясына болгон мамилеси жаатындагы мазмуну жакын маалыматтар сайттагы Кыргызстандан башка өлкөлөргө, аймактарга карата айтылган макалалардай эле «жеке адамдардын жеке пикири», көчөдөгү аздыр-көптүр тарыхый маалымат менен үстүрт тааныш жөнөкөй адамдын сөзү болуп чыга келет.

Андай бир беткей маалыматтын авторунун бары же жогу, 2016-жылы же 2020-жылы жарыяланганы, маалыматтын аталышы – ушунун баарынын өзгөчө мааниси деле жок.

Себеби, биз Toutiao.com интернет-сайтын караганда, Серикжан менен Тынчтыктын кытайлардын Кыргызстан жөнүндө айткандарына окшогон башка да ондогон маалымат кезикти.

Алардын аталыштары ар башка, бирок негизги мааниси бирдей. Айрымдарынын автору көрсөтүлгөн, көбү авторсуз.

Баамдашыбызча, автордун ысмы деле компьютердик эсептегич машинанын өзү эле коюп койгон аталыш сыяктанат. Анткени, Toutiao.com интернет-сайтынын маалыматтары эсептегич электрондук технология менен (жасалма интеллект) тарабынан коюлуп турат экен дебедикпи.

Демек, жогору жактагы ойлорду жыйынтыктап айтаарыбыз - Сериктин да, Тынчтыктын да сүрөттөгөн Кыргызстан, кыргыздар жана аларга карата Кытай династияларынын саясаты жөнүндө маалыматтары, негизинен, кытайча макалага негизденгендиги анык.

Кытайда интернетте жарыяланып жаткан жогорудагы макалаларга баа берүүдө «сүткө саман түшсө, саманканада өрт кетиптир», же, көбү колдонуп жүргөндөй, «саман күйүптүр десе, Самарканда өрт кетиптир, деп айгай салыптыр» деген макалдардагыдай болуп, көбүртүп-жабыртпашыбыз эп.
Т.Кененсариев

Мындай караганда, сөз кылынып жаткан тасма менен макаладагы маалыматтар биздеги тарыхты бурмалаганга уста «фолк-хистори» агымынын өкүлдөрүнүн тарыхый логикадан сырт, теңирден тескери жазган псевдо-илимий ой-пикирлеринин эле кытайлык түрү, синоними катары кабыл алынышы абзел.

Ошол эле учурда КЭРдеги бул интернеттик макалаларды «расмий пикир болчу» деп эч кандай кабыл албастан, «жөн салды эле көчөдөгү пикир» катары кабылдоо зарыл.

Демек, Кытайда интернетте жарыяланып жаткан жогорудагы макалаларга баа берүүдө «сүткө саман түшсө, саманканада өрт кетиптир», же, көбү колдонуп жүргөндөй, «саман күйүптүр десе, Самарканда өрт кетиптир, деп айгай салыптыр» деген макалдардагыдай болуп, көбүртүп-жабыртпашыбыз эп.

(Ред.: Т.Чоротегин, К.Молдокасымов сыяктуу тарыхчы кесиптештер да ушул жаатта өзгөчө этияттыкка чакырат).

* * * * * * *

Тарыхчы Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде. 2016.
Тарыхчы Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде. 2016.

2-макала. Кыргызстан – Кытай: кыскача тарыхый сересеп

Макаладагы Кытай тараптын пикирлери канчалык чындык?...

Биринчи макалада «чуулгандуу маалымат» жарыялаган Кытайдын Toutiao.com интернет-сайтынын тегерегинде сөз кылып, сөз кылынып жаткан маалымат расмий көз караш эмес экендигин жана аны олуттуу көңүлгө алууга арзыбай тургандыгын негиздеп өткөн элек.

Бирок, жалпы кыргыз окурмандар Кыргызстандын аймактарынын байыркы тарыхынан жаңы доорго чейинки Кытай мамлекети менен кандай алакасы бар экендиги жөнүндө жеткиликтүү маалыматты билбегендиктен, аздыр-көптүр окурмандардын дүйнө таанымын (кругозорун) арбытыш үчүн сөз болуп жаткан тема боюнча төмөнкү кыскача тарыхый серепти сунуштап кетели деп чечтик.

Серик Билаштын видео билдирүүсүндө жана Тынчтык Чоротегиндин макаласында камтылган «кытай сайты жазган» деген талаш-тартыштуу ой жорумдардын негизгилери төмөнкүлөр:

Биринчи, «Тарыхка назар салсак, Кыргызстан Хань династиясынан баштап Кытайдын аймагы,,,» У-ди императорунун мезгилинде Кыргызстандын аймагы Кытайдын Аньши-Дуньху мекемесинин башкаруусуна киргизилген... Кийинки жылдарда ал Кытайдын башкаруусунда болуп келип, аралаш болуп жашап келген. Цинь династиясы кезинде деле (аймак) Кытайдын курамында эле. Цинь династиясынын аягында аны Орусия басып алды...».

Экинчи, биздин заманга чейинки I кылымда Хунну-Кытай согуштарынын биринде ханзу колбашчысы Ли Лин хуннуларга (сюнну) колго түшүп, кийин анын кыргыздардын (гянь-гунь) башчысы болушуна байланыштуу аны «кыргыздар өздөрүн анын урпактары катары санашат»...

Үчүнчү, Тан доорундагы залкар акын Ли Бай (Ли Бо) Кыргызстандын аймагындагы Чүй өрөөнүндөгү Суяб шаарында (азыркы Ак-Бешим шаар чалдыбары) туулган жана ал факты бул жерлер Тан династиясынын жерлери болгонун көрсөтөт...

Тасма. Лишан тоосунун этегиндеги Цин Шихуандиге арналган чопо жоокерлер (б.з.ч. III к.). Сиан (Xi'an) шаарынын четиндеги музей.

Экинчи макалабызда ушул талаш-тартыштуу үч жоромолдун биринчисине кыскача сереп салалы.

Оболу, ток этерин айтсак, «Кыргызстан байыркы Хань династиясынан баштап Орусия каратканга чейин Кытайдын аймагы болуп келген», деген пикир антилогикалык, бурмалоочу «фолк-хистори» пикири болуп эсептелет.

Албетте, Кытай империясынын армиясы азыркы Кыргызстандын аймактарына бир нече жолу кирген, бирок алар бул жерлерди Кытай династияларынын ээликтери катары административдик бирдик кылганы ушул убакка чейинки илимий логикага, фактыга таянып изилдөө жүргүзүшкөн расмий тарыхчылардын, чыгыш таануучулардын, кытай таануучулардын бирөөнүн эмгегинде да айтылган эмес. Ал нак чындык.

Бирок, Кытайдын toutiao.com сайтынын автору белгисиз бир маалыматында «Мурда биздин кытайлык мамлекетибиздин аймагына кирген азыркы таптагы көптөгөн мамлекеттер бар... Тан династиясынын аймагы кыйла кеңейген, аймагы боюнча ал өзүнө чейинкилерден алда канча ашып түшкөн. Анын эң батыштагы бөлүгү Кыргызстанды камтып турган болчу...» деп айтылат.

(Караңыз: https://www.toutiao.com/a6803144381151838731/.2020-03-12). Демек, андай маалыматтардын чын-жалганын коомчулукка түшүндүрүп турушубуз абзел.

Төмөндө бүтүндөй 2 миң жылдык тарыхый доордо Кытайдагы ар кыл династиялардын Кыргызстандын аймагына карата катышы канчалык болгонун кыскача баяндайлы.

Бириккен Кытай мамлекетинин алгачкы күчтүү империясы Цинь династиясы (б.з.ч. 221-206-жж.) эле. Анын эң абройлуу ишмери –– император Цинь Шихуанди (б.з.ч. 259-210 жж.) болуп саналат. Ал өз кезегинде аскер, финансы жана башка ички-тышкы реформаларды жүргүзүп, Кытай цивилизациясын бир кыйла өнүктүргөн. Тышкы саясатта негизги окуялар Хунну-Кытай көп жылдык согуштары менен коштолгон.

Түндүктөн тынымсыз чабуул коюшкан көчмөндөрдөн коргонуш үчүн Цинь Шихуанди Улуу Кытай сепилин курдурганы белгилүү.

Улуу Кытай дубалынын бир бучкагы. Бээжиндин түндүгү. 2011.
Улуу Кытай дубалынын бир бучкагы. Бээжиндин түндүгү. 2011.

Тарыхый маалыматтарга караганда бул курулушта миллиондогон дыйкандар, кулдар, аскер туткундары иштеген. Улуу Кытай сепилин куруу иши миңдеген жылдарга созулган. Анын курулушу кийинки Хань династиясында (б.з.ч. 206 - б.з. 220-жж.) да уланып, узундугу болжол менен 9 миң чакырымды түзгөн. Кийинки доорлордо куруу иши токтоп, Мин (1368-1644) династиясы кезинде кайрадан уланган. Сепилдин бардык узундугу, тармактары менен 21 196 чакырымды түзсө, ушул убакка чейин сакталган бөлүгү - 10000 чакырымдай.

Бирок, байыркы Цинь династиясынын кезинде кубаттуу башкаруучу Цинь Шихуандидей көсөмү болгонуна карабай, ал доордо кытайлар Орто Азия (Борбор Азия) жөнүндө кабары жок эле, кызыккан да эмес. Алар негизинен түндүктөгү - Ички Азиядагы каардуу коңшулары - хуннулар жана ага канаатташ болушкан жалпысынан «сюнну» деп аталышкан көчмөндөр менен алек болушкан. Алардын арасында эзелки кыргыздар да болгон чыгар, бирок азырынча көзгө көрүнөрлүк факты жок.

Цинь Шихуанди түзүп кеткен материалдык жана саясий өбөлгөлөр менен Хань дооруна (б.з.ч. 206 - б.з. 220-жж.) өткөн Кытай түндүк коңшуларынын коркунучу азайгандан соң Орто Азия жөнүндөгү эң алгачкы кабарларды ала баштайт.

Анын негизги демилгечиси - династиянын көрүнүктүү императору У-Хань (б.з.ч. 140–87-жж.) болгон. Ал тарыхта император У-Ди деген ысым менен да белгилүү. Хань императору У-Ди эми саякатчыларды коштогон аскер кошуундарын Орто Азияга жибере баштайт. Так ошол кездерде кытайлар Кыргызстандын аймагына биринчи жолу келишкен.

(Караңыз: Дэвид У. Великая Эпоха. Император У Хань — величайший император династии Хань. // https://www.epochtimes.ru/content/view/55876/4/| 2011-12-11)

Кытайлардын Орто Азияга кириши менен Улуу Жибек жолу ачылган. Ал б.з.ч. II кылымдарда кытай элчиси Чжан Цзяндын байыркы Ферганага болгон сапарына байланыштуу. Ал кезде кытайлар хуннуларды биротоло талкалаш үчүн Батыш тараптан өнөктөш издеп жаткан эле.

Орто Азияда ошол кезде атагы чыгып турган юэчжи көчмөндөрү менен келишим түзүүгө У-Ди 128-жылы Чжан Цань аттуу офицерди Батышка жиберген. Ал жолдо азыркы Ысык-Көл кылаасында жашаган Усун мамлекетинде кармалып калып, 10 жыл чамасында туруп калат, ал түгүл үй-бүлөлүү да болууга үлгүрөт.

Бирок, бир топ кыйынчылыктардан соң Нарын дайрасын бойлой Фергана өрөөнүндөгү өнүккөн Даван мамлекетине (б.а. Паркана өлкөсүнө) жеткен. Борбору Эрши шаары (азыркы Аравандагы Мархамат), ошондой эле Ю (Өзгөндүн жанындагы Шоро-Башат, же Ош), Гушуан (Касан) шаарлары баш болгон 60тай шаары, өнүккөн дыйканчылыгы, фарфор, айнек жасай билген, өзүнүн жазуусу бар Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен.

Маалыматтардын эң негизгиси - Даванда өстүрүлгөн легендарлуу асыл тукум «даван аргымактары» болучу. 11 жылдан кийин гана Кытайга кайткан Чжан Цандан мындай кабарларды уккан У-Ди дасыккан генерал Ли Гуанлинин жетекчилиги астында ири кошуунду б. з. ч. 103-жылы Даванга жортуулга жиберген. Негизги себеп - ал кезде аскер ишине жетишпей жаткан жакшы аттарды алып келүү эле.

Суусамырдагы желеленген кулундар жана бээ. 7-август, 2013-жыл.
Суусамырдагы желеленген кулундар жана бээ. 7-август, 2013-жыл.

Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Ю шаарына жетип, бирок, азык-түлүктүн айынан жана жергиликтүүлөрдүн катуу каршылыктарынан улам артка кайтып кеткен. Бирок, б.з.ч. 101-жылы Ли Гуанли жүз миң аскери менен экинчи ирет жөнөтүлгөн. Кармаштар кытайлардын жеңиши менен аяктап, натыйжада Давандын падышасы Мугуа өлтүрүлгөн. Анын ордуна убактылуу көз каранды («тактеке») Моцай олтургузулганы менен Даван эли толук багынган эмес. Согуш кайрадан башталып, Ли Гуанли б.з.ч. 99-жылкы үчүнчү жортуулда гана Давандан 3 миң аргымак тартып ала алган, бирок кытайлар кармаштарда 90 миң колунан ажыраган. Алынган олжо менен аргымактардын 1 миңдейи гана Кытайга жеткирилген. Ли Гуанлинин аскери кайтып кетээри менен Даван мамлекети Хан империясынын таасиринен чыгып, өз алдынчалыгын калыбына келтирип, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган.

Так ушул окуялар, Чжань Цзяндын Орто Азиядагы бай мамлекеттер (Давань, Кангюй, Дася-Бактрия) жөнүндөгү кабарлары, жаратылышы кооз, кен-байлыктары мол Ысык-Көл, Теңир-Тоо жана Фергана чөлкөмү, айрыкча «кан тердеген, учуучу тулпарлар - давань аргымактары Кытай империясын бул жакка согуш менен гана келбестен, соода алакасын жүргүзүш үчүн да зарыл экендиги жөнүндө чечимге алып келген. Батыш элдерине баалуу товар болгон кытайлык жибекти бул жактагы товарларга алмашуу үчүн Улуу Жибек жолу ошентип башталган.

Бул фактылар «Кыргызстандын аймактарын Кытай ээлеп, империяга кошкон экен» деген тыянак эмес. Бирок ошол доордон баштап Батыш өлкөлөрүнө карата Кытайдын тынымсыз экспансиясынын көп жылдык чынжыры уланган деп айтса болот.

Кыргызстандын аймактарына карата Кытай экспансиясынын геосаясий дагы бир окуясы б.з.ч. 36-жылкы биринчи Талас салгылашуусу болуп эсептелет. Ал окуя мындайча болот. Хунну державасындагы башкы шаньюй (теңиркут) тактысын ээлеш үчүн болгон б.з.ч. 49-жылкы так талашуу согушунда тактыга талапкерлердин бири Чжичжи (Хутуусы, Тезек теңиркут) бир тууганы Хуханьеден жеңилип калат да, 3000ден ашуун тарапкерлери менен хуннулардын борбору болуп эсептелген Монголиянын түштүгүндөгү Ордос талааларынан түштүк-батышка карай качат.

Жолдо ал алгач Чыгыш Түркстандын түндүк аймактарында (Боро-Хоро тоолору, Манас өзөнү) жашап жаткан гянь-гундарды (кыргыздарды), андан кийин кыргыздардан түндүгүрөөктө жайгашкан динлиндерди (кыргыздардын ата-бабаларынын бири) талкалап, алардын эр бүлөлөрүнөн күчтүү аскер кураган.

Андан кийин борбору Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан усундар (кара-кыргыздар) менен согушуп, алардан күчтөндүргөн аскерин баштап батышка жөнөйт. Чүй өрөөнүнөн өтүп, Арал деңизинин түштүк-чыгышында жайгашкан Кангюй мамлекети менен келишим түзгөндөн кийин Талас өрөөнүнө токтоп, ал жерде Батыштын стилинде сепил куруп, шаарча түптөп, ээлик түзгөн. Сепилдин римдик стилде дегени, булактарга караганда Рим империясы менен согушкан Парфиядан сатылып келинген рим туткун-легионерлеринин бир тобун Кангюй падышасы Чжи-Чжиге белек кылган имиш. Алардын жардамы менен Талас сепили курулган экен.

Ошентип, Чжичжи теңиркут Таласта чакан ээлик түзүп, б.з.ч. 48-жылдан баштап ордо күтүп жашап калган. Муну кыргыздардын алгачкы жаңы ордолорунун бири катары санаса болот. Хуннулар менен өчүгүшкөн душманы - Кытайдын Хань империясынын ошол кездеги императору Юань-динин (б.з.ч. 48-33-жж.) буйругу менен хуннуларды акырына чейин талкалаш үчүн Чжичжинин ордосуна каршы Чен Тан аттуу генерал күчтүү армиясы менен Таласка жиберилген.

Чжичжинин Таласта 12 жыл бою тынч турган ордосун талкалаган геосаясий ири салгылашуу – Талас салгылашуусу б.з.ч. 36-жылы болуп өткөн.

Көрүнүктүү чыгыш таануучу Л.Гумилевдин пикири боюнча, бул салгылашуу Кытайдын батыш саясатындагы тагдыр чеччү окуя болуп эсептелет. Натыйжада Чжичжи өлтүрүлүп, армиясы талкаланып, эли таркатылып жиберилет.

Биз сөз кылып жаткан toutiao.com сайтындагы бир маалыматта «Чен Тан: Ше Хоунун байрагын тутуп, Чжичжинин башын кес» деген маалымат учурайт. (Караңыз: https://www.toutiao.com/a6800284955818590471/.03-04 17:38.).

Демек, генерал Чен Тандын бул салгылашуусу Кытай тарыхында белгилүү окуялардан болгондугу ырас. Б.з.ч. 36-жылкы Талас салгылашуусу Манас эпосундагы Алоокенин Орозду ханды чапканы жана андагы «Бири кетти кереңге, бири кетти тереңге, бири кетти Каңгайга (Кангюй мамлекети), бир кетти Алтайга» деген саптарды элестетип турат деп эсептейбиз. (Ред. – Манас таанууда «Каңгай» деп азыркы Хангай тоолорун түшүндүргөн вариант да бар).

Биздин замандын I-V кылымдарында кытай булактарында кыргыздар жөнүндө маалымат дээрлик учурабайт. Негизи кытай хронисттери коңшулары жөнүндө алар качан гана ири согуштарды уюштурса, мамлекет түзсө же Кытай саясатына таасир этсе гана кыскача жазып турган. Демек, бул мезгилде Улуу Талаада түндүк жана батыш көчмөндөрүнүн, анын ичинде кыргыздардын катышуусунда Кытай империясына таасир эткен ири окуя болбосо керек деген тыянак чыгарууга туура келет.

Акын Анна Ахматова күйөөсү Николай Гумилёв жана уулу Лев менен. 1915.
Акын Анна Ахматова күйөөсү Николай Гумилёв жана уулу Лев менен. 1915.

Аталган мезгилдеги кыргыздардын тарыхындагы эң эле белгисиз доор - биздин замандын II–V кылымдары. Л.Гумилёвдин этногенез жана биосфера теориясына карасак, бул мезгилде Улуу Талаада зор кургакчылык өкүм сүргөн. Мындай абал көчмөндөрдүн жер которушуна, башкалар менен алака түзүшүнө, жалпы эле тарыхый активдүүлүгүнө тескери таасир тийгизген. Бир катар уруулар жок болуп да кеткен.

Ал доордо Кытайдагы абал кандай эле? Биздин заманга чейинки доордун акырынан баштап алдан тая баштаган Хань империясында бийликте туруксуз абал түзүлгөн. Кытай императорлору хуннулар баштаган көчмөндөрдүн чабуулун токтото албай шаштысы кетип турган. Анын үстүнө Түндүктө көчмөндөрдүн жаңы күчтөрү пайда боло берген. Тынымсыз чабуулдардын натыйжасында Кытай императорлору айрым көчмөн уруу башчыларына бийлик берип, башкаларынан коргонууга өтө баштаган. Алар, айрыкча көп сандаган хуннулардын өздөрүнүн бийлигине нааразы болушкан топторунун башчылары болучу. Кытай императорунан колдоо алган мындай куралдуу топтор, эми куралын Кытайдын өзүнө карай бура баштаган.

Анын үстүнө Кытайдын борбордук бийлигинде ич ара араздашуу күчөп, биздин замандын башында, тагыраагы 8-жылы Хань императору Юань-динин кайниси болгон Ван Ман аттуу адам бийликти тартып алып, «Синь» деген жаңы династия негиздеген. Бирок, ал династия 23-жылы Ван Мандын өлүмү менен аяктап, ал жылдары Кытайды табигый жана социалдык-саясий кырсыктар каптаган (Хуанхэ дарыясынын ашып-ташышы, ачарчылык, «кызыл каштуулардын көтөрүлүшү» жана башка).

Натыйжада Хань династиясы кайрадан ордуна келип, бирок эми «Чыгыш Хань династиясы» деген аталышта калган доорун 220-жылга чейин уланткан.

Дээрлик 200 жылга жакын созулган бул мезгилде Кытай алсыраган. Кургакчылыктан улам көчмөндөр ири согуштук аракеттерди жүргүзө алышкан эмес. Жалпысынан айтканда, Кытай жана Улуу Талаанын тарыхынын «бүдөмүк доору» өкүм сүргөн.

Б.з. 220-жылы Хань династиясы кулап, анын ордун «Үч падышалыктын доору» (220-280-жж.) орногон. Алар өз ара ыркы келишпеген Вэй, Шу жана У деген падышачылыктар эле. Ал арада түндүк көчмөндөрдүн ириси – хуннулардын конфедерациялык мамлекети 155–56-жылдары Манчжуриядан каптап кирген сяньби урууларынын ханы, легендарлуу Таншихайдын соккусунан кулап, үч бөлүнүп кетишкен.

Хуннулардын бир бөлүгү Кытайга кире качкан, бир бөлүгү Орто Азияга кеткен (абдал, б.а. эфталиттер), өтө согушчан бир бөлүгү түз эле батышка - Урал тарапка кеткен (Алар 200 жылдан кийин «гунндар» деген ат менен Евразияга дүң болушкан).

Улуу Талаадагы ушундай окуялардан соң мурунку бирдиктүү Хань империясы бөлүнүп-жарылып, 304-жылы Кытайда түштүк хуннулардын Лю Юань деген башчысы өзүн хунну федераттарынын башкы теңиркуту (шаньюй) деп жарыялайт да, Кытайда «Түндүк Хань мамлекетин» негиздейт. Так ошондой эле аракеттерди хуннулардан башка көчмөндөрдүн башчылары да жасашып, натыйжада Кытай тарыхында 304-жылдан 431-жылга чейин созулган «16 варвардык мамлекеттердин доору» өкүм сүргөн.

Алардын ирилери башчылары негизинен хуннулардан чыккан Түндүк Хань (304–318), Чжао (318–351), Түндүк Лян же Хэси (397–439) жана Ся (407–431) мамлекеттери эле.

Кийинки жылдары түндүктөгү сяньби эли күчөп, «Тоба Вей» (386–535) мамлекети түзүлгөн жана Кытай аймагынын баарын башкарган. Андан кийин ал мамлекет «Чыгыш Вей» (535–550) жана «Батыш Вей» (535–556) болуп бөлүнүп кеткен. Бир катар согуштардан кийин Кытай жеринде «Суй династиясы» түзүлгөн (581–618). Ал династия Батышта алгылыктуу саясат жүргөзө алган эмес.

618-жылдан баштап Кытай мамлекетин жаңы бийиктикке көтөргөн доор башталып, «Тан династиясы» (618–907-жж.) орногон. Жаңы династиянын негиздөөчүсү шансилик феодал Ли Юань болучу.

Ошентип, биздин заманга чейинки I кылымдын акыркы чейрегинен башталган Улуу Талаадагы саясий олку-солкулук, табигый кырсыктар, кургакчылык жана ачарчылык Кытай империясынын батыш саясатын үзгүлтүккө учураткан.

Кытай, ошентип, Орто Азия менен Кыргызстанга таасирин тийгизмек түгүл, өзүн эптей албай калган. Демек, бул мезгилде «Кыргызстан Кытайдын карамагында болгон» деген пикир таптакыр тарыхый чындыкка каршы жыйынтык болуп саналышы абзел.

Шэнси вилайетиндеги Цянлун көрүстөнүндөгү айкелдер (Тан династиясы доору).
Шэнси вилайетиндеги Цянлун көрүстөнүндөгү айкелдер (Тан династиясы доору).

Тан империясынын (618–907) тушунда Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын аймактарына Кытайдын таасирин жайылтуу аракетинин экинчи толкуну болгонун моюнга алуу керек. Чынында Кытай тарыхында Тан империясы эң кеңири чөлкөмдү ээлеген мамлекет болгон.

Анын «Батыш чөлкөм» деген ээликтери азыркы Турпан, Кашкар, Хотан, Үрүмчү, Аксуу шаарлары турган Чыгыш Түркстанды гана камтыган.

Өз аты Ли Шиминь, хан сарайлык титулу Тай-цзунь (627–649) болгон императордун тушунда жогоруда аталган жерлер Кытай тарабынан ээленген.

Бирок, баары бир так белгилеп коюучу нерсе - Кытай империясы эч качан азыркы Кыргызстандын аймактарына саясий ээлик кылган эмес.

Тан империясынын айрым бир экспедициялык аскер кошуундары 620–630-жылдарда Кыргызстандын аймактарына убактылуу сүңгүп кирген учурлар гана болушу мүмкүн.

ШКУнун "Ысык-Көл -- 2019" марафону илгерки Улуу Жибек жолунун таманында уюштурулду. 11.5.2019.
ШКУнун "Ысык-Көл -- 2019" марафону илгерки Улуу Жибек жолунун таманында уюштурулду. 11.5.2019.

Тарыхта мындай кыйыр фактылар айтылат. Тан династиясынын тушунда Улуу Кытай – Батыш Европа жибек жолу өнүгүп, анын эки тармагы Кыргызстандын аймактарынан өтүп турган. Түштүк тармагы Алайдагы Эркечтамдан, Ош, андан ары Кожент жана жалпы Мавереннахр, ортоңку тармагы Ат-Башыдагы Торугарттан Теңир-Тоо аркылуу Чүй, андан ары Түштүк Казакстандын аймактарына карай уланган.

Жибек жолунда кытай соодагерлери маанилүү орунда тургандыктан, алардын бир катары соода жолдорунун боюндагы шаарларда туруктуу жашап калган мисалдарын да көрүүгө болот. Айрым учурларда Кытай империясынын «Батыш чөлкөм» провинциясынын башчылары Кыргызстандагы айрым активдүү соода түйүндөрүнө соода өкүлчүлүктөрүн уюштурушуп, бул соодагерлерге саясий да тапшырмалар берилип турганын эске алуу керек.

Ошол доордогу Фергана өрөөнүн алып көрөлү.

Кытай тарыхый булактарына караганда, Фергана биздин замандын VI–VII кылымдарында «Полона», кийинчерээк «Пахоньна», «Бохань» же «Фей-хань» деп аталыптыр («Паркана»).

Изилдөөлөрдүн тастыктоосу боюнча, 754-жылы Ферганада 6 ири шаар жана 100дөй кыштактар (бекемделген турак-жайлар) болгон. Алардын ирилери Өзгөн, Ош, Кожент, Андуган (Анжиян), Араник (Наманган) шаарларын атаса болот. Полононун борбор шаары кытай булактарында Сигянь деп аталып, ал Ахсыкет шаары деп божомолдонот.

Кытай булагы «Таншунун» маалыматы боюнча 629-жылдан баштап Фергананы Батыш-Түрк каганатынын ханзаадалары ээлеп калышкан. 629-жылы жергиликтүү башкаруучу Циби батыш-түрк ханзаадасы Кань Мохедо тарабынан өлтүрүлүп, кийинчерээк Фергананы Ашина түрктөрүнүн ханзаадасы Шуни ээлеген. Андан кийин бул жерди Шунинин уулу Йебочжи башкарган. Болжол менен 658–59-жж. Фергананын башкаруучусу болуп Цибинин агасынын уулу Аляошань дайындалат.

Айрым кытайлык булактардын маалымдашынча, Аляошандын мезгилинде Фергана Тан империясына вассалдык көз карандылыкта болуп, салык төлөп турган имиш жана ошол жылдары Фергананы императордун жардыгы менен «Хюсюнь» деп атап, Касан шаарын резинденция катары эсептешкен имиш. Бирок, иш жүзүндө Ферганадагы көз каранды эмес мамлекеттин туруму кытайлык сарай тарыхчысы тарабынан бурмаланып катталган деген азыркы синологдук адистик пикирлерди да эске алуу абзел.

Орус тарыхчысы В.Наливкиндин маалыматына караганда, ал кезде Фергана өрөөнүнүн түндүк-батыш өңүрүндө жайгашкан Касан шаарынын башчысы Ахшид, көчмөндөр жашаган Унгар округунун (азыркы Кербен шаар) башчысы Керван-бас деген адамдар экен.

Бул жерде айта кетчү дагы бир кызыктуу факт бар.

Кытайда жазылган хроникаларда «Батыш чөлкөм» деген түшүнүккө Байыркы Рим, Византия, Египеттен баштап өздөрү эч качан ээлик кылбаган жерлердин баарын киргизе беришкен. Ал эми Орто Азиянын аймактары ошол «Батыш чөлкөм» деген түшүнүктүн ичинде болуп, андагы эгемен Согдиана, Фергана, Жети-Суу аймактары Улуу Кытай Жибек Жолунун боюнда жайгашкан.

Орто Азиядагы түрк каганаттарынын ич-ара ыркырашкан так талашуу мезгилдеринде экономикалык жактан Тан династиясынын жана согдулуктардын таасири бул жерде олуттуу болгон. Биз кеп кылып жаткан toutiao.com сайтынын маалыматтарында «"Батыш чөлкөм" деген термин император Хан Сюань Батыш чөлкөмдө кароол бекетин орноткондон тартып формалдуу түрдө колдонула баштаган» деп жазылып турат.

(Караңыз: // https://www.toutiao.com/a6817602612787937805/2020-04-20 09:40:04)

Ошол эле сайттын бир материалында Цин династиясына вассал катары чын-чынында эгемен болгон мамлекеттер (Корея, Рюкю, Аннан, б.а. Вьетнам, Наньчжан, б.а. Лаос, Мьянма, Сиам, б.а. Тайланд, ж.б., Борбордук Азияда – казак хандыгы, бурут (кыргыз) хандыгы, Бухара хандыгы, Ооганстан ж.б.) саналып кете берген.

Окумуштуу Т.Чоротегиндин жогору жакта айтылган макаласында: «Кытайдын байыркы жана орто кылымдардагы сарай тарыхчылары кытайлык императорлор бул мамлекетке баш ийбеген өлкөлөрдүн далай элчилерин кабыл алгандыгын чагылдырышкандыгы жана айрым учурда сырткаркы элдердин төбөлдөрүнө «Кытайга багынгандар» деп жалган титулдарды таңуулап жаза бергендери маалым», деген маанилүү жыйынтык бар.

«Тан» династиясынын мезгилинде жана андан кийин азыркы Кыргызстандын аймактарында өз алдынча саясат жүргүзүп, Евразия континентинде түрк элдеринин тарыхый ролун Кытай мамлекетинин деңгээлине гана чыгарбастан, андан да маанилүү баскычка жеткире алган эгемен мамлекеттер - каганаттар болгондугун баарыбыз билебиз. Алар Улуу Түрк каганаты (552–704), Төргөш каганаты (704–766), Карлук каганаты (766–940), Карахандар каганаты (940–1212). Энесай Кыргыз каганаты да эгемен мамлекет болгон.

Орто кылымдар доорунда түрк элдерин жана Кыргызстандын аймагын дүйнө аренасына алып чыккан эки окуя болгон. Анын биринчиси төмөнкүдөй эле. 552-жылы негизделген Түрк кагандыгынын биринчи каганы Бумын 553-жылы өлгөндөн кийин анын бир тууган иниси Истеми-каган «багадур-жабгу» 554-жылы жаз айларында Ысык-Көлдүн Барскоонун негизги ордо кылып, Орто Азияны ээлөөгө, Улуу Жибек жолун көзөмөлдөөгө жигердүү аракетин баштаган.

Бир жарым жылдын ичинде ал азыркы Казакстандын борбордук бөлүгүн, Жети-Сууну жана Хорезди каратып, түштүгүнөн Аму-Дарыясынан чектелген зор аймакты Түрк каганатына кошкон. Кийинки жылдарда даңктуу жеңиштер менен ак хун (хиониттер), вар жана огор урууларын каратып, 558-жылга карата Истеми каган Эдил (Волга) дайрасынын боюна чыга алган.

Ал кезде Улуу Түрк каганатынан башка Евразия континентинде тагдыр чеччү үч дөөлөт (держава) бар эле: Византия, Кытай жана Сасанийлик Иран. 560-жылдардын биринчи жарымындагы эл аралык кырдаал Евразиядагы күчтөрдүн өз ара геосаясий таймашын баштаган.

Эгер ушуга чейин Евразиядагы геосаясаттык ири оюнчулар Кытай, Иран жана Византия болуп келишсе, эми ал күрөшкө Улуу Түрк каганаты чечкиндүү кошулган. Ошентип, бул жаңы геосаясаттык оюнда Кытай четтетилип, анын ордуна эл аралык саясатка батыл аралашкан Улуу Түрк каганаты келген.

Геосаясий күрөштүн эки ири маселесинин биринчиси – континенттеги геосаясаттык үстөмдүккө жетишүү болсо, экинчиси – континентте экономикалык ресурска ээ болуу эле. Экономикалык ресурстун эң башкы түйүнү Кытайдан Византияга чейин созулган Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөп туруу болчу. Кимде-ким Улуу Жибек жолунун ээси болсо, ал Азиянын да, Европанын да соода жолунун кожоюну болууга мүмкүн болгон.

Мындай кырдаалда 561-жылы Истеми алгач Иран менен келишим түзүп, анын натыйжасында Согдиананы ээлеп, эфталиттерди талкалаган. 560-жылдардын экинчи жарымында Истеми каган Византия менен келишүүгө аракеттенген.

568-жылдын жазында Ысык-Көлдүн жээгинен Истеми каган жунан (грек) жерин жана тилин жакшы билген атактуу согду көпөсү Маниахты баш кылып, алыскы Византияга ири элчилик жиберген. Маниахтын элчилиги баалуу белектер менен кошо «скиф тамгалары менен даярдалган атайын кат» да ала барган.

Элчиликти Византия императору Юстин II зор ызаат менен тосуп алган. Маниах Истеми кагандын Византия империясы менен келишим түзүүгө ынтызарлыгын билдирип, ромейлердин ички жана тышкы душмандарына каршы турарын тастыктаган. Юстин II жооп иретинде Византиянын чыгыш шаарларынын стратеги киликиялык Земарх башында турган жоон топ элчиликти Кыргызстанга аттандырган.

Земархтын элчилери Эктаг («Ак-Тоо») деген жерге келишкен. Эктагдын кайда экендиги азыр илимде талаш. Грек жана кытай булактарында Эктаг тоосунда алтын кени мол болгон деген маалыматтарды эске алсак, анда Эктагды Таластын Ала-Тоосунун ортосунда жайгашкан Жерүй алтын кени же Чүйдүн Кемин районунун түштүк аймагында Кыргыз кырка тоосунун койнундагы Талды-Булак алтын кени, же болбосо ички Теңир-Тоо койнундагы Кумбел, Солтон-Сары алтын кендери сыяктуу алтынга бай аймактардан издөө керек.

Элчилерди абдан сыйлап, Истеми каган Земархтын өзүнө кыргыздардан чыккан бир сулуу кызды тартуулаганын грек тарыхчысы Менандр жазып калтырган. Орус тарыхчысы Н.М.Карамзин да ушул маалыматты келтирип, «Хан Земархка бир жаш кыргыз сулуусун белек кылды. Ал Дегин жазгандай черкес кызы эмес эле. Ошентип, кыргыздар 569-жылы жылнаамага жазылып, белгилүү болуп калышты» деп жазган.

Немис окумуштуусу А.Гумбольдт өзүнүн 1843-жылы жарык көргөн «Asie Centrale» деген эмгегинин 2-томунун 131-бетинде бул окуяны («Ménandre de Byzance, le premier parmi les ecrivains de ľoccident, fait mention ďune concubine de race Kirghize (Κερκις)» деп) жазып калтыргандыгы чоң мааниге ээ.

Түрк-Византия мамилеси кийинки жылдарда дагы бекемделип, бир нече жолу элчиликтер алмашылган. Натыйжада Константинополдо ар кандай мезгилде келишкен түрктөр көбөйгөн.

Маселен 576-жылы Валентин баштаган Византиялык элчиликти 106 түрк жоокери коштоп келгендиги маалым. 568-жылы Византия менен ийгиликтүү түзүлгөн келишим Истеми кагандын Иранга каршы ачык согушка киришин камсыз кылган. Ошентип, Улуу Түрк кагандыгы менен Византиянын ортосунда саясий-экономикалык геосаясий өнөктөштүк Түрк кагандыгы Евразиялык маанидеги чоң империяга айланып, анын чөлкөмдөрү Дунай дарыясы менен чектелип, Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөөнүн жемиши бүтүндөй Борбор Азияда түрк насилинин (тилинин, дилинин) биротоло орношун камсыз кылган. Тагдыр чеччү бул окуя Кыргызстан жергесинде пландалып, эл аралык деңгээлде ийгиликтүү чечилгендиктен, элибиздин жергиликтүү бабаларынын да бул окуяга салымы бар деп айтууга болот.

Бул континенталдык геосаясий ийгиликтин дагы бир келечектүү тарыхый мааниси - VI кылымдан баштап Евразия мейкиндигинде Улуу Византиянын таасири улам төмөндөп, ал эми түрк элдеринин цивилизациясындагы ролунун жогорулашына алып келген.

Кийинки кылымдарда Улуу Түрк каганаты бытыраган соң келип чыккан башка түрк мамлекеттери (Батыш жана Чыгыш түрк каганаттары, Төргөш, Карлук, Хазар, Булгар, Кыпчак, Карахандар, Уйгур, Кыргыз жана башка мамлекеттик биримдиктер) улам жайылып олтуруп, Анадолуга огуз-селжуктардын X–XI кк. жана осмон түрктөрүнүн XII–XIII кк. жайгашышына, Византиянын түрктөр тарабынан сиңирилип кетишине шарт түзгөн.

Акыр аягында 1453-жылы Византиянын борбору Константинополь шаары алынып, Кичи Азиядагы гректер ж.б. жергиликтүү элдер биротоло огуз түрктөрүнүн жана аларга үзөңгүлөш башка элдердин таасиринде калышкан.

Бул тарыхый жүрүм түрктөрдүн дүйнөлүк аренага чыгуусун камсыз кылган Кыргызстандан башталган биринчи окуянын кийинки тарыхый эпилогу катары саналып калышы абзел.

(Караңыз: Кененсариев Т. Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.).// https://muras.turmush.kg/unews/un_post:3399.22 Апреля 2013).

Экинчи айырмалуу окуя 751-жылы болуп өткөн.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстандын башка аймактарын ээлеп алуу үчүн дагы бир жолу жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген.

Анын үстүнө Орто Азиянын батышынын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли Линьфу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырган. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеп, анын башкаруучусу Мохэдуну туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым аскерлери Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннахрдагы (Сыр жана Амунун Эки дарыя аралыгындагы) көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб жалифатынын баскынчылары чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечкен. Хорасандын акими Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген.

Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавераннахрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан кошуун да кошо келген. Гао Сяньчжинин 100 миң жоокерден турган армиясында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк кошуундары, кучалык, кашкарлык жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон деп айтылат, булактарда.

751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанындагы эки зор армиянын геосаясий тарыхый салгылашуусу - эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки империянын кагылышы болчу.

Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын арт жагынан (тылынан) капыстан сокку урган карлуктар чечкен. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган жоокерлерди карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алган.

Ошол мезгилде кырдаалды байкап турган араб аскерлери Талас суусунан өтө баштап, кытайлардын батыш маңдай жагынан чабуулга кирген. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Ханзулар арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган эле.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн. Гао Сяньчжи бир аз гана кошууну менен качып кетүүгө үлгүргөн. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Куча (Аньси) шаарына жете алган, көбү Теңир-Тоодо тоо-таштын арасында өлгөн дешет...

Ошентип, 751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырындагы этномаданий өнүгүшүнүн багытын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансия далалаттарын жана «Күн чыгыш» өлкөсүнүн Борбор Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн миң жылга чейин токтото алган.

Экинчиден, Араб халифатынын да чыгышка карай аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жүрүмү негизинен тынчтык жолуна - акырындап ынандыруу нугуна багыт алган.

Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырында чоң өзгөрүү жараткан көп этностуу ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүп берген.

(Караңыз: Кененсариев Т. Талас салгылашуусу жана анын мааниси.// https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:759. 10 Мая 2011.)

Баласагын шаарынын чалдыбары ("Бурана" музей-комплекси). 07.6.2015.
Баласагын шаарынын чалдыбары ("Бурана" музей-комплекси). 07.6.2015.

Кыргыз тарыхын андан ары карасак, 940-жылы негизделген Карахандар каганатынын мезгили Кыргызстандын аймактарынын экономикалык, саясий, социалдык жана руханий жактын гүлдөө мезгили болуп эсептелет.

(Маркум профессорлор Омелян Прицак, Өмүркул Караев, Елена Давидович, азыркы анкаралык профессор Решат Генч ж.б. жазган эмгектерди караңыз).

«Ислам ренессансы» жүрүмүнүн алкагында Орто Азия калкы, анын ичинде Кыргызстандын аймактары Евразия континентинин цивилизациясынын авангардына чыга алган деп айтууга негиз бар.

Өнүгүүнүн негизги критерийлеринин бирин илим деп санасак, анда жалпы Орто Азияны айтпай эле коёлу, Кыргызстандын эле аймактарындагы Баласагындык Жусуптун, Барскандык Махмуддун, Оштук Али Мансур менен Сулайман ал-Ошинин, Өзгөндүк Абу Бакр Ас Сарахси, шейх Бурхан ад-дин Клыч ж.б. эмгектери муну ачык далилдеп турат.

Карахандар доорундагы X–XII кылымдарда Кыргызстандын аймактары Кытай империясынын таасирин алмак турсун, аны сезген да эмес. Кытай жана Борбордук Азия өз алдынча аймактар катары бири-бирине көз карандылыксыз жашаган.

Биздин замандын XIII–XVI кылымдары болсо Ички Азияда кидандардын (кара кытай), наймандардын жана Чыңгыз хандын, манчжурлардын чабуулдарынын доорлору болуп, Ыраакы чыгыштагы Кытай империясы коңшу көчмөндөрдүн кысымынан өз айласын таппай тургандыгы белгилүү.

Ал эми Кытайдын Юань (1271–1368) доору Чыңгыз хандын небереси Хубилай хандын таман алдындагы мамлекеттүүлүк болгондугу маалым. Ал эми манчжур тектүү Нуркацинин даңазалуу жеңиштеринин натыйжасы болгон Цин же Манчжур династиясы (1644–1912) жаңы доордогу жаңы дүйнөлүк геосаясий атаандашуунун алкагында өнүккөн.

Натыйжада, орто кылымдардын бул ири бөлүгүндө Кытай Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга эч караандабастан, Чыгыштагы өзүнүн ички маселелери менен гана алпурушуп калган.

* * * * * * *

Профессорлор Рустам Шамсутдинов (оңдо) менен Ташманбет Кененсариев. АнжыянМУ. Май (бугу) айы, 2018-ж.
Профессорлор Рустам Шамсутдинов (оңдо) менен Ташманбет Кененсариев. АнжыянМУ. Май (бугу) айы, 2018-ж.

3-макала. Легендарлуу инсандар Ли Лин менен Ли Бо тууралуу...

Үчүнчү макалабыз кытай-кыргыз алакалары боюнча тарыхый серептин уландысы катары Кытайдын toutiao.com сайтында эскерилген легендарлуу инсандар: кол башчы Ли Лин жана акын Ли Бо (Ли Бай) тууралуу баянды камтыйт.

Эми, атактуу, легендарлуу Ли Линди «кыргыздар анын урпактары катары санашат» деген пикирге сереп.

Акыркы мезгилде Ли Линдин түпкү теги ханзу эмес, хунну элинен болуп, кытай Цзинь империясынын кол башчыларынын бири катары кызмат өтөгөндүгү жөнүндө далилсиз маалыматтар пайда болду. Ал - атактуу ханзу кол башчысы, хуннуларга каршы согуштарда далай жолу командалык кылган Ли Гуандын (б.з.ч. 119-жылы өлгөн) небереси эле.

Б.з.ч. 99-жылы хуннуларды Цзюй Ди-хэу теңиркут бийлеп турган кезде аларга жаш генерал Ли Лин колбашчылык кылган 5 миң кытай аскери 30 миңдик хунну жоокерлерине тайманбай кол салган. Ли Линдин айлакердик менен кармашты башкарган билгичтигине байланыштуу хуннулардын 10 миң жоокери кырылган.

Бирок хуннулардын 30 миң атчан аскери курчаганда Ли Лин багынууга аргасыз болот да, хунну теңиркуту Ли Линдин каармандыгын жогору баалап, ардак менен өз аскерине кошуп алган. Ли Лин туткунга түшкөндөн кийин Кытайга кайта алган эмес, император аны чыккынчы катары баалап, бүт үй-бүлөсүн жана көптөгөн туугандарын түрдүү шылтоолор менен өлтүртүп салган. Ли Лин менен атактуу тарыхчы, «кытайдын Геродоту», Сыма Цзянь жакшы мамиледе болгондугу маалым. Императордун Ли Линге каршы чечимине каршы болгон Сыма Цзянь түрмөгө да жатып, бычылып аман калган экен.

Сыма Цяндын б.з.ч. 201-жылдагы кыргыздар тууралуу жазган маалыматы (кытайлык кыргыздардын арап арибинде). Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014.
Сыма Цяндын б.з.ч. 201-жылдагы кыргыздар тууралуу жазган маалыматы (кытайлык кыргыздардын арап арибинде). Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014.

Хунну теңиркуту Цзюй Ди-хэу Ли Линди өзүнүн кыздарынын бирине үйлөнтүп, Чыгыш Түркстандын түндүк тарабындагы Боро-Хоро кырка тоосунун аймактарында жайгашкан алгачкы кыргыз ээлигинин (мамлекетинин) башкаруучусу кылып дайындаган («Тан доорундагы маалыматтар). Кыргыз ээлигинде башчы болуп турган Ли Лин кыргыз аялга үйлөнүп, анын урпактары кийин кыргызга сиңип кеткен.

Ли Лин, ошентип, кыргыздардын жаңы төбөлдүк династиясынын негиздөөчүсү болуп калган. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн алдында жана андан кийин деле кыргыздар өздөрүн Ли-Линдин урпактары катары санап келгендиги жөнүндө үзүл-кесил маалыматтар Тан династиясы маалындагы кытайлык булактарда кезигет.

(Караңыз: Малявкин А.Г. Материалы по истории уйгуров в IX-XII вв. Т. II. –Новосибирск, 1974. – 33-б.; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии / Ред. Т.К.Чоротегин. — 2-е, доп., испр. — Бишкек: Камекс-Детай; Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995; Худяков, Ю.С. Военное дело кыргызов Центральной Азии (IХ – XVIII вв.) / Под. ред. Т.К.Чоротегина. – Бишкек: «Турар», 2017.; Кожобеков, М.Ч. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013.; ж.б.).

Ли Линди Манас эпосундагы Алмамбеттин образына айкалыштырып жүргөн божомолдун жөнү бар. Айтылган тарыхый окуя менен эпостун сюжети бекеринен айкалышып жаткан жок. Бул маселе келечекте атайын изилдөөгө муктаж.

Кытай тарыхый булактарында көрсөтүлгөндөй, 648-жылы Түрк каганатынын курамындагы кыргыз аймагынын башкаруучусу Элтебер Шибоцюй Ачжандын «Тан» императору Ли Шиминдин кабылдоосунда болушу, андан кийинки Барс бектин мезгилиндеги Тибетке, Кытайга барган Эрен Улук, Эзген, Чочук Бөрү Сангун, Тархан Сангун (Эл-Чур (Чор), 840–46-жылдардагы кыргыз-уйгур согушунун мезгилинде Кытай империясынын борборуна келип кетишкен кыргыздын элчилери Тапказ сангун (Чжу-у-Хэсу), Жоокусол сангун (Табу Хэцу), Ошкор сангун, Дадас Инанч Чорлор (Вэн-у Хэ) жана башкалар жөнүндөгү маалыматтарда, айрыкча Кытай императору Ву-Цзундун 843–45-жылдардагы Бээжинге барган кыргыз элчилери аркылуу берип жиберген кыргыз каганына жазган каттарында белгиленгендей, кыргыздар «кытайларга тууган, жээн» катары саналышкандыгы кызыктуу.

Ушул убакка чейин жеткен 11 каттын айрымдарында Ли Лин аталып, анын ысмына байланыштырып, «кыргыздар кытай эли менен туугандык жайы бар» деген пикир айтылып келет. Ал каттардан азыраак үзүндү келтирели.

«Тан» императору Ву-Цзундун кыргыз каганына 843-жылы жазган биринчи катында: «Хакандын теги жөнүндө укканым бар. Түбүндө биз бир урукка барып такалат экенбиз. Хан сулаласынын түндүк жагын тынчытуучу. Ноюн иш билгилиги, намыстуулугу жагынан бул дүйнөдө теңи жок киши болгон экен...», деп Ли Лин жөнүндө жазып жатат.

Андан ары: «Хакан сиз да улуу кол башчынын (Ли лиңдын) тукумунан экенсиз, мына ошентип биздин түбүбүз бир уруктагы кишилерденбиз деп айтууга болот. Ушундан караганда ар кайсыбыздын оорактуу ордубуз өтө шаңдуу экен...» – делет.

844-жылы жазылган үчүнчү катта: «…Сиз чептин тышындагы чоң чөлдүктөгүлөрдүн бардыгын тынчыттыңыз. Уйгурлардын боз үй, чатырларын жалпайта чаап, кегиңизди алып, адилеттикке кол сундуңуз….Сиз дагы элчи жиберип, кат жазып, улутуңуздун кеменгер вазирин атайын түндүктүн чөлүн кездирип, абыгер чектирип, жиберип отурасыз; тартууга жөнөткөн аргымак, ылаачындарыңыз тээ алыстан кум кечип, жол кезип жетип отурат. Мына мындай иштер Сиз менен биздин теги-түбүбүз бир деген боорукерликти билдирсе, дагы бир жагынан көңүл тындырарлуу аракет болуп отурат…сиздин мамлекеттин ичи-сырты менен арабыз алыс турса, кадыресе, биздин сулаленин падышалары жарыялап койгон жосун боюнча башкарыла турган жерлер болбогон соң, ал жосун-каадаларды сиз жакка жүргүзүүгө болбойт. Ошондой экен, биздин акимчилик сизге кийлигишип алмак беле? Мен тек Хакан Сиз менен болгон тектештик биримдикти кадырлап, илгерки атак-даңкыбызды сактап жүрсөк деген жөнүнөн айтып турам...»

(Караңыз: Кытай императорлорунун Кыргыз кагандарына жазган каттары. –– Бишкек: «Учкун» АК, 2003. –– 88 б.)

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. (Китептин кытайча тарабынын мукабасы).
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. (Китептин кытайча тарабынын мукабасы).

Кийинки каттарда да так ушундай маанидеги пикирлер бар. Бул каттардагы маалыматтар кол башчы Ли Линдин тагдыры чындыгында Энесай Кыргыз каганатына чейинки көөнө кыргыз тарыхы үчүн чоң мааниси бар экенин айгинелейт; ошондой эле бул каттар - кыргыз каганы Тан сулалесинен өз алдынча мамлекет башчы катары эсептелгендигин тастыктоочу фактылар.

Бирок мында кагандын тегинде бир ханзу колбашчысынын кыргыздашкан урпактарынын каны болгондугу жөнүндө гана уламыш айтылып жатат, ошондуктан байыркы кыргыздарды ханзу элин Тан доорунда бийлеген Ли урпактары менен тууган деп катта жазуу - саясий өнөктөш катары өз ара ылым санаганга чакырган дипломатиялык гана усул болгон деп айтуу абзел.

Жалпыласак, toutiao.com сайтындагы «кыргыздар өздөрүн Ли Линдин тукумдары катары санашат...» деген пикирдин аздыр-көптүр чындыгы дал ошол кыргыздашып кеткени жоромол кылынган колбашчы Ли Линге байланыштуу. Адистер бул суроону андан ары иликташ үчүн жаңы булактарды табуу зарылчылыгын да белгилеп келишет.

Дагы да кайталап айтарыбыз – Тан доорунда жазылып калган Ли Линдин байыркы кыргыздарды хуннулардын атынан башкаргандыгы жөнүндөгү уламышка негизденүү менен эле жалпы «кыргыз эли менен ханзу элинин туугандыгын» далилдеп көрсөтүүгө мүмкүн эмес.

Чыгаан кытай акыны Ли Бай (Ли Бо; 701–762).
Чыгаан кытай акыны Ли Бай (Ли Бо; 701–762).

Соңунда, «Тан доорундагы залкар акын Ли Бай (Ли Бо) туулган Суяб шаарынынын аймагы – Тан династиясынын жерлеринен болчу» деген пикирге кыскача серебибизге назар салыңыздар.

Тан династиясынын атактуу акыны Ли Бо (Ли Бай) туулган шаары деп кээде Суяб (Суйаб; азыркы Ак-Бешим чалдыбары) айтылып келет (Кытайдын өзүндөгү шаарлар жоромол кылынган башка варианттар да бар).

Суяб шаары алгач Батыш Түрк каганатынын (603–704), кийин Төргөш каганатынын (704–756), андан кийин Карлук каганатынын (756–940) борбору болуп, ал эми Карахандар каганатынын (940–1212) доорунда эгемен мусулман мамлекеттин ири шаарларынын бири болуп турган.

Улуу Жибек жолунун таманындагы Суяб шаарынын калкы жергиликтүү түрк элдеринен, түрктөшкөн согдулуктардан (согдак), араб ж.б. көп улуттардан, алардын ичинде кытай соодагерлеринен да турган.

Демек, эгерде Ли Бо 701-жылы чын эле Суябда туулган болсо, анда ал ошондой келгин соодагердин үйүндө төрөлүп, бирок, тез эле кайра үй-бүлөсү менен Сычуанга (атасынын мекенине) кетип калган сыяктуу.

Бул мезгил Батыш-Түрк каганатынын алсырап турган акыркы жылдары эле. Каганаттын акыркы башчысы Ашина Хушэло Шад (693–704) Тан династиясынын (Кытайдын) мамлекеттик ээлигине баш ийген эмес. Ошол жылдары кыргыздардын жана башка борбордук азиялык түрктөрдүн ата-бабаларынын бири эсептелишкен түргөш уруулары (сары-мукрин жана кара түргөштөр) бийликке умтулуп, батыш түрк династиясын кулатышат. 704-жылы түргөштөрдүн каганы Үч-Элик каган эгемен Төргөш каганатын негиздеген.

Жыйынтык пикир

Ошентип, жогору жактагы кыскача сереп көрсөтүп тургандай, Кытай аскерлери Кыргызстандын аймактарында биздин заманга чейинки мезгилден жаңы доорго чейин үч гана жолу ири жортуулдар толкунун жүзөгө ашырган.

Алардын биринчиси - б.з.ч. 101-99-жылдардагы атактуу Ли Гуанлинин Давань мамлекетине болгон жортуулу менен б.з.ч. 36-жылкы кытайлык генерал Чен Тан башчылык кылган армия Талас өрөөнүнө чейин келип, мында жергиликтүү кыргыз, усун жана хуннулар (кыргыздар жана жалпы түрк калктарынын айрым ата-бабалары) жашаган чакан Чжичжичэн аттуу шаар-сепилди талкалаган окуясы. Бирок, бул окуялар Кытай таасири Кыргызстанда ченелүү мезгилде гана орнотулгандыгын тастыктайт.

Экинчиси - дээрлик 700 жылдан кийин, тагыраагы 751-жылы генерал Гао Сяньчжинин жүз миң жоокерлик армиясынын Таластагы Атлах шаарынын жанында арабдардын Зияд ибн Салих баштаган армиясынан жеңилип, 40 миң жоокерин жоготуудан кийинки артка чегинген окуясы. Бул аракет таш капкан.

Үчүнчүсү - туптуура 1000 жылдан соң, 1758-жылы гана Цин династиясынын аскерлери Джунгар мамлекетин талкалагандан кийин, анын аскерлеринин калдыктарын батышка кууп, Ысык-Көлгө, түштүктө Алайга чейин келишкен окуясы. Демек, 1758-жылга чейин Кыргызстандын аймактары кытайлык жортуулдардан эркин болгон.

Тайлак баатырдын айкели. Нарын шаары.
Тайлак баатырдын айкели. Нарын шаары.

Бирок, 1758-жылы деле Кыргызстанды цин-манчжур аскерлери каратып алышкан эмес. Бээжинге чакырып, дипломатиялык ызааттоо усулун колдонуп, өз өрөөнүндө гана таасирдүү болгон айрым кыргыз бийлерине «кызыл шарик тебетей» кийгизген гана окуялары болбосо, цин-манчжурдук бийликтер Кыргызстандын аймактарына саясий үстөмдүк орното алышкан жок.

Айтылуу Атантай менен Тайлак баатырлар XIX кылымдын 20-жылдары жортуулга келген цин-манчжур кошуунун Ички Теңир-Тоодо жеңип, Кашкар тарапка сүрүп чыкканы маалым.

Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев.
Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев.

P.S.

Жогорку жыйынтыкка кошумча.

Кыргызстандын аймактарында кытай тилиндеги топонимдер жокко эсе. Тескерисинче, бул өлкөдө, жергиликтүү түрк, кыргыз жер-суу аталыштарынан тышкары, араб, перс, монгол тилдеринен кирген топонимдер арбын кездешет. Бул фактылар да Кытай империясынын бул аймактарда туруктуу саясий үстөмдүгүнүн болбогондугун дагы бир жолу тастыктап турат.

Ташманбет Кененсариев,

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,

тарых илимдеринин доктору, профессор.

(Автордун жеке көз карашы редакциялык турумду чагылдырбайт).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG