Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

950: «Кутадгу билиг» эмгеги жоктон жаралбаган


КУУнун короосундагы Жусуп Баласагындын айкели. 14-май, 2015-жыл.

Карахандар каганатындагы залкар ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» («Кут билим» же «Куттуу бийлик») чыгармасынын жазылып бүткөндүгүнүн 950 жылдык мааракесине арналган тарыхчынын блогу.

Бишкекте Михаил Фрунзе көчөсүндө жайгашкан улуттук университетибиздин башкы имаратынын алдындагы Жусуп Баласагындын айкелинин ары-бери жагынан өтүп жаткан азыркы жаштар атажурт тарыхы боюнча далай сынактарды тапшырып, мындан миң кылым мурда мамлекетибиздин аймагы айтылуу «мусулмандык кайра жаралуу» (англисче «Исламдын алтын доору» -- The Islamic Golden Age) доорунун чөлкөмүнө киргендигин, Батыш жана Чыгыш Европада караңгылык каптап турганда Баласагын, Өзгөн, Ош, Тараз сыяктуу шаарларда «медресе» аталган жогорку окуу жайларында Мухаммед Хорезминин «Алгебра» («ал-жабр ва-л-мукабал») чыгармасын, Эвклиддин китептерин, Берунинин математикалык астрономиясын, Ибн Синанын медициналык трактатын, философ Аристотелден кийин эле «Экинчи Мугалим» атыккан жалпы түрк ойчулу Абу Наср Фарабинин ж.б. чыгармаларын окуп, ар тараптуу билимкөйлөрдөн болушканын саймедиреп айта алышат.

Теңир-Тоодо, Карахандар каганаты мамлекетинде 1069-1070-жылдары өзүнүн «Кутадгу билиг» («Кут билим» же «Куттуу бийлик») ыр дастанын жазган даңазалуу жердешибиз –– Жусуп Баласагын.

Ал өз дастанын «Чыгыш вилайетинде жалпы Түркстан элдеринде Буура-хандын тилинде түрк лугатында» жазылган китеп жана «түркчө кошок» деп атаган.

Арабдар менен тажиктерде мындай жазма дастандар көптүгүн, өз эне тилинде болсо бейт (кош ыр сап) аркылуу алгачкы «кошок» (дастан) жазылып жатканын да Жусуп Баласагын белгилеген (караңыз: № 73 кош ыр сап, б.а. бейт).

«Кутадгу билиг» эмгегинин сакталган 3 көчүрмөсүнүн түстүү фото факсимилеси. Түркия. 14-июнь, 2015-жыл.
«Кутадгу билиг» эмгегинин сакталган 3 көчүрмөсүнүн түстүү фото факсимилеси. Түркия. 14-июнь, 2015-жыл.

Даанышман Жусуп Баласагын так илимдерди билүүнүн зарылдыгы жөнүндө мындайча ыр саптарын калтырган (55-бап, 4378-бейттен тартып):

«Билейин десең, окугун эсеп илимин,

Ачылаар сандардын капкасы ушундан кийин.

Үйрөнгүн көбөйтүп, бөлүүнү, түгөл бил бөлчөгүн,

Балким, бул - сыноодур билимдин өлчөмүн.

Көбөйтүүнү даражага, кемитүүнү жетик бил,

Ушундан соң тамырлардан чыгарууну тетик бил.

Жана аянтты кошуп, алып, өлчөөгө өт,

Жети кат асманды аягыңда чымча тут.

Дагы калса алгебраны (текстте: «ал-жабр ва-л-мукабал») оку,

Евклиддин (текстте: «Оклидистин») капкасын эринбей соккун».

Он кылым мурда татыктуу илим-билимдүү кишилер өзгөчө кадыр-баркка ээ болгонун эми жаштарыбыз бабабыздын ушул дастанынын аркасында мыкты билишет.

Акын бабабыз Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» эмгегинде өзү да (51-бап; 4341-бейттен баштап) айдың (интеллектуал) кишилерге кастарлап мамиле кылууга үндөгөн:

«Дагы бири – билимдүү, куттуу аалымдар болоор,

Илимдүү калк үчүн алар –– жаркытаар жол.

Аларды катуу сүй, кадырла сөзүн,

Билимдерин үйрөн, азын же көбүн...

Алардын билими болду го элине шамдай,

Жаркыраса шамдар, уланаар түнкү жол жанбай».

Албетте, сабаттуулукка чакыруу - билимсиз, бирок көкүрөгү тунук кишинин деле колунан келчү иш. Ал эми Жусуп Баласагын дастан гана жазып тим болбостон, өз доорундагы мамлекетти башкарууга катышы бар айдың, ак сөөк инсан болгон.

Муну деле анын өз чыгармасындагы төмөнкү саптардан (54–55-бей ттер) тастыктай алабыз:

«Баамдап көр, бул китепти жазган киши

Өнөрлүү эренден, ак сөөктүн башы.

Бу түркүн кадыр-барк, нарктарды биле,

Жашаган ал, өз доорун, күлө».

Азыркы тапта Баласагын шаарынын урандылары Токмоктун түштүк-батышындагы «Бурана» археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагында жана ага жакын айдоо жерлеринин алдында калганын кыргызстандык жаштар мыкты билишет.

«Бурана» шаар чалдыбары - айтылуу Баласагындын урандылары. 7-июнь, 2015-жыл.
«Бурана» шаар чалдыбары - айтылуу Баласагындын урандылары. 7-июнь, 2015-жыл.

Бул Баласагын шаарынын тарыхтагы залкар орду жөнүндө жылуу сөз XX кылымда гана археологиялык жана башка булактарга негизденип айтыла баштады. Дал ушул шаарда 1015-1016-жылдар аралыгында Жусуп Баласагын өзү жарык дүйнөгө келгенин окуучулар 7-класстын тарых сабагынан дурус билишет.

Ал эми 57-бейттеги: «Бул эрдин туругу - Куз-Ордо эли» деген акындын сөзүн кантип түшүнүүгө болот?

Махмуд Кашгари Барскани чийген тегерек дүйнө картасынын чордонундаТеңир-Тоо кыркалары жана Ысык-Көл жайгаштырылган. 1072–1077-жж.
Махмуд Кашгари Барскани чийген тегерек дүйнө картасынын чордонундаТеңир-Тоо кыркалары жана Ысык-Көл жайгаштырылган. 1072–1077-жж.

Жусуп Баласагындын кичүү замандашы - энциклопедиячы окумуштуу, этнограф, картограф, диалектолог Махмуд Кашгари Барскани калтырган маалымат бизге ачкыч боло алат (ал 1029-1038-жылдар аралыгында Ысык-Көлдөгү Барскан бектигинин борбору Барскан шаарында Карахандар сулалесинин өкүлүнүн үй-бүлөсүндө туулганын украин чыгыш таануучусу Омелйан Прицак жазса, ал эми кыргыз чыгыш таануучусу Өмүркул Караев анын теги көчмөн чигилдерден экенин, бул түрк тилдүү чигилдер кийинчерээк кыргыздарга жана башка теңир-тоолук жана борбордук азиялык түрктөргө жуурулушуп кеткенин жазган).

Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн 1072-1077-жылдары арабча жазган «Дивану лугати т-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») эмгегинде Баласагын шаарын өз замандаштары «Куз-Ордо» жана «Куз-Улуш» деп да аташканын билдирет. Мындагы «Қуз» сөзү каткалаң Қаф / ق тамгасы менен жазылган, демек, айрым калемгерлерибиз «Қуз» сөзүн «Күз» деп жумшак «к» аркылуу ката белгилеп келишет. «Қуз» - «тескей» маанисин да берет. Мында, демек, Карахандар каганатынын Түштүк Теңир-Тоодогу (азыркы Кара-Тоодогу) борбору Кашкардан айырмаланып, Баласагын шаары –– Түндүк Теңир-Тоодо (азыркы Ала-Тоодо) жайгашкан байтакты шаар болгону чагылдырылган.

Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин Бишкектеги айкели. Бедизчи Тургунбай Садыков. 1995.
Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин Бишкектеги айкели. Бедизчи Тургунбай Садыков. 1995.

Баласагын шаарында чегилген тыйындар азыр да Бишкектеги жана дүйнөнүн башка аймактарындагы нумизматтардын ажайыпканаларында сакталууда.

Баласагын (Қуз-Ордо, Қуз-Улуш) шаарында абдан көп окумуштуулар таалим алган жана сабак беришкен.

Баласагындык аалымдар жөнүндө марылык (мервдик) Абу Са‘д ас-Сам‘ани (1113––1166) өзүнүн арабча жазган «Китабу л–ансаб» («Ныспалар китеби») эмгегинде жазган. Арабча эмгектерди калтырган географ жана адабиятчы Йакут (Жакут) ал-Хамави (1179-1229) да кызыктуу маалыматтарды кайталап берген. Мисалы, Йакут айтылуу Баласагын шаарынан чыккан окумуштуулардын бири катары Абу Абдулла Мухаммад ибн Муса ал-Баласагуни тууралуу эскерип, мусулмандык Батышта аны «ат-Түрки» деп да аташканын белгилейт.

Демек, ушул саясий ордо шаардан бир далай айдыңдар менен окумуштуулар да чыгышкан.

Мунун өзү көөнөргүс поэзиялык, философиялык жана саясат таануу багытындагы эмгек калтырган Жусуп Баласагын бул карахандык байтакты шаардан туулуп-өскөн жападан-жалгыз айдың эмес экендигин тастыктайт.

Айтмакчы, шаарда канчалык сабырдуулук болсо жана канчалык ар кыл улуттардын өкүлдөрү байырлашса, мындай шаарда ошончолук илим-билим өнүккөн.

Махмуд Кашгари Барскани өз «Диванында» тастыктап жазат:

«Баласагындын калкы согдулукча да, түркчө да сүйлөшөт».

Буга, албетте, мусулман кайра жаралуу доорунда «лингва франка» –– «эл аралык баарлашуу тили» болгон араб тилин да кошуубуз зарыл.

Улуу Жибек жолу аркылуу ар тараптан Баласагын шаарына келген чет элдик соодагерлер парсы («Дивандын» автору түрк элдери парсыларды «тат» деп да аташаарын белгилейт), ханзу (кытай), санскрит, урум (византиялык грек), тибет («түбүт»), чыгыш славян (саклаб) жана башка тилдерди, ар кыл чет жердик түрк тилдерин да билишкендиги, анан калса, алардын өкүлдөрү бир нече алфавитте, санскритте жана кытайлык иероглифте жаза алганы ажеп эмес.

Жергиликтүү түрктөшкөн тарсалар (несториандар) арамей тилинен бөлүнгөн көөнө сириялык тилди да билишкендиги алар Чүй өрөөнүндө несториандык жазмаларда калтырган мүрзө таштардагы эпитафиялык жазма эстеликтерден эле айгинеленет.

Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу «Бурана мунарасы» музейинде. Чүй облусу. 16-сентябрь, 2016-жыл.
Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу «Бурана мунарасы» музейинде. Чүй облусу. 16-сентябрь, 2016-жыл.

Теңир-Тоодогу түрктөр дини жагынан ар кыл болушкан. Бийликте ханафийлик сабырдуу усулду туткан сунний мусулмандар сулалеси болгонуна карабастан, эл арасында теңирчилер, бутпарастар, тарсалар, отко табынуучулар да болгон.

XI кылымда дал ушундай көп улуттуу, ар кыл маданияттуу, ар башка динди туткан аймакта терең билимдүү жана сабырдуу окумуштуулар таалим алып чыгышы үчүн жаралган шарт католиктик түркөй саясий үстөмдүктө болгон ошол кездеги Батыш Европага салыштырмалуу алда канча жогорку середе болгонун баамдоо кыйын эмес.

Албетте, кийинчерээк аймакта диний сабырсыздык күч алып, илим-билимдеги кыйла жетишкендиктер акырындап колдон чыгарылган.

Ошого карабастан, сабаттуулар катмары Теңир-Тоодо бардык эле кылымдарда сакталып келди. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин эле кыргыз айдыңдары өз эне тилинде, араб арибинде китептер жарыялагандыгы, «жаңы усул» («усул-и жадид») кыймылынын аркасында сабаттуулук жогорулагандыгы буга далил.

«Өктөбүр ыңкылабына чейин калкыбыз сабатсыз болчу, Ленин гана сабатыбызды ачкан» деп оозду куу чөп менен аарчып, тарыхыбызды тарытып салган эски түшүнүк 1991-жылы Кыргызстан эгемендикке жетишип, коммунисттик бир беткей цензура ойрон болгон соң, айкындуулуктун шарапаты менен биротоло артта калды.

Бирок өлкөбүздөгү илим-билим тарыхынын бөксөсү дагы эле толтурула элек... Маселен, улуу-кичүү муундагылардын бир даары дагы эле Жусуп Баласагындын айдыңдык доору тууралуу жетиштүү кабардар эмес.

Жусуп Баласагындын шарттуу сүрөтү Кыргызстандын 1000 сомдук акчасына түшүрүлгөн.
Жусуп Баласагындын шарттуу сүрөтү Кыргызстандын 1000 сомдук акчасына түшүрүлгөн.

Быйыл Кыргызстанда Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» эмгегинин жазылып бүткөндүгүнүн 950 жылдыгы белгиленмекчи.

Балким, санарип доорунда, Интернет заманында, азыркы интернеттик коомдук тармактарды коён жатагындай мыкты өздөштүргөн жаш атуулдарыбыз бул даанышман бабабыз жана анын жөн гана Куранды эжелеп окуп жаттабастан, ар тараптуу жана терең билим алууга үндөгөн поэзиялык бермети тууралуу терең маалыматты өздөрү эле бүт дүйнөгө жана бардык муундарга жайылтышаар?

Аларга жана жалпы коомчулукка «Кутадгу билиг» эмгегинин быйылкы мааракеси анын айдыңдык чакырыгын жаңыча жайылтууга кандайдыр-бир огожо болоор?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG