Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:21

Ислам дүйнөсүнүн илимге кошкон салымы


Базарбай Темишов.

Мусулмандардын дүйнө цивилизациясына кошкон салымы жана ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын солгундап кеткени жөнүндө көп сөз кылса болот.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында тарыхтагы мусулман окумуштууларынын дүйнө цивилизациясына кошкон салымына, соңку 300 жылдан бери ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын солгундап кеткен себептерине кайрылып, өлкөдө Ислам академиясын түзүү маселесин талкууладык.

Эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна философия илимдеринин кандидаты, 20дан ашуун илимий-философиялык, диний-футурологиялык, адабий китептердин автору Базарбай Темишов жооп берди.

Канатбек Мурзахалилов: - VII кылымдан XIII кылымга чейин созулган «Исламдын алтын кылымы» же «Исламдын кайра жаралуу доору» деп аталган мезгилде мусулман окумуштуулары дүйнө цивилизациясынын өнүгүшүнө өтө чоң салым кошконун билебиз. Орто кылымдагы исскустводо, илимдин философия, медицина, астрономия, математика, физика, химия, биология жана башка тармактарында мусулмандар эң алгач­кылардан, образдуу айтканда «пионерлерден» болушкан. Тилекке каршы, акыркы 300 жылда ислам дүйнөсүндө олуттуу илимий ачылыштар болгон жок. Анын кандай себептери бар?

Базарбай Темишов: - Негизи «Ислам маданиятынын алтын доору» менен «Ислам дининин алтын доорун» айырмалай билиш керек. «Ислам дининин алтын доору» деп пайгамбарыбыздын доору айтылат. Ал эми ислам маданиятынын, илиминин өнүккөн алтын доору VII-XIII кылымдарга туура келет. Бул доордун пайда болушунун башкы себеби катары ислам дининин жалпы өнүгүшүн карасак болот. Бул мезгилде ыйык Куран түштү, «ислам жаңыланды» же «жаңылануу доору» дейбиз. Ушунун шарапаты менен ислам маданиятынын «алтын доору» келип чыкты. Илимде деле «Исламдын ренессансы» деп айтылат да. Орто Азия чөлкөмүн эле алсак, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Аль-Фергани, Аль-Хорезми, Аль-Туси, Ибн Сина, Аль-Фараби, Аль-Беруни, Улукбек, биздин эле Оштон Сиражуддин аль-Оши сыяктуу улуу аалымдар, окумуштуулар чыгып, диндин эле эмес, табигий илимдердин өнүгүшүнө да өтө чоң салым кошушкан.

Бишкектеги мечит.
Бишкектеги мечит.

Ислам дининин өнүгүшүнүн өтө чоң этабы айрыкча Орто Азияда болуп өттү. Мындайча айтканда Курандан кийинки ислам дининин эң чоң маданий баалуулугу болуп эсептелген хадис илимине, башкача айтканда пайгамбардан калган осуяттардын топтомуна арнап Аль-Бухари 97 китеп жазган. Исламды турмушка ашыруу боюнча ислам саясаты, ислам акыйдасы, ислам философиясы сыяктуу илимдер өнүгүп, китептер жазылды. Мисал катары Орто Азиядан чыккан көрүнүктүү аалым Абу Мансур аль-Матирудини алсак болот. Дүйнөлүк мусулмандардын окумуштуулар лигасы да Матирудини эң туура ислам акыйдасын жараткан киши катары тааныган.

Канатбек Мурзахалилов: - Бирок 300 жылдан бери ислам дүйнөсүндө эң чоң илимий ачылыштар болбой жатат. Эмне себептен бул жараян токтоп калды?

Базарбай Темишов: - Бул жерде үч негизги себеп күчүн жоготту. Башкача айтканда араб дүйнөсүнүн империясы барган сайын 27 халифатка бөлүнүп, өздөрү бытыранды болуп, биримдик кетип, бардыгы феодалдык түзүмдөн башы чыкпай калган.

Канатбек Мурзахалилов: - Сиз айткан себептерди кандайдыр бир кризистик мезгил деп атап койсок болобу? Андан чыгуунун жолдору барбы? Азыр ислам дүйнөсү илимге кандайдыр жаңылыктарды киргизе алабы?

Базарбай Темишов: - Жаңылыктарды киргизүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби, Европанын XV кылымдан баштап дүркүрөп өнүгүшүнө «Исламдын алтын доорунун» мезгилинде табылган илимий ачылыштар негиз болуп берген.

Мисалы, Эйнштейндин өзүнүн сөзү бар, «динге таянбаган окумуштуу гений болушуна ишенбейм. Себеби, дин менен илим биригип, билимдин эки буту болот. Эгерде илимге таянбаса, ал аксайт» деген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мына, азыр ислам дини өтө жаш, өтө курч жана таамай айтылган ыйык Курандын ээси болуп турбайбы. Ошондуктан Куранга парадигма катары таянып, өнүгүп кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Дүйнөдө деле чоң-чоң ачылыштарды жасаган окумуштуулар мусулман болуп, исламга кайтып жатат. Торонто университетинин профессору Кейт Морду алалы. Ал генетика боюнча 20 жыл эмгек кылып туруп тапкан илимий ачылышын Курандын ичинен таап чыгып, өзү таң калган. «Чоң жарылуу» - Ааламдын пайда болуу теориясы боюнча Нобел сыйлыгын алган Арно Пензиас, Роберт Уилсон деген америкалык окумуштуулар чоң жарылуу менен аалам пайда болгондо «нөл көлөмдөгү чекиттен пайда болгон» деп жатышат. Бул болсо Курандын ичиндеги «жоктон аалам пайда болгон» дегендин илимий далили.

Эми бүгүнкү күндө бизде мүчүлүштүк эмнеде болуп жатат? Негизинен исламга, Куранга таянып илимге багыт алуучу парадигманы колдонуш жок. Бизде ислам аалымдары көбүнчө фундаменталдык илимдер менен алектенип, Курандын, хадис илиминин чегинен чыгып, ой жүгүртүүдө тушалып турушат.

Канатбек Мурзахалилов: - Ислам дини биринчи кезекте адамдарды илим-билим алууга чакырат. Курандын эң алгач түшкөн сүрөөсү деле «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен...» деген маанилер менен башталат. Тилекке каршы, исламды терроризм, экстремизм менен байланыштырышат. Мусулмандарды «билим деңгээли жеткиликтүү эмес» деген адамдар да бар. Бүгүнкү күндө коомдо орун алган бул терс пикирлерди жоюш үчүн чыныгы мусулмандын образын, анын имижин кантип кайра жаратсак болот?

Базарбай Темишов: - Маселе эски, салттуу, «хүжрөлүк» метод менен же болбосо медреселик илим берүү жолу менен чечилбейт. Себеби бул бир эле тарап болуп калат. Көбүнчө ислам окуу жайларында берилген илимдер «акыреттик, наркы дүйнөгө» керектүү илимдерден түзүлөт. Биздин жашоо дүйнөбүздө болуп жаткан зарыл илим-билимдер берилбейт. Ошондуктан мусулмандардын интеллектуалдык жагы аксап жатат. Бул маселени чечиш үчүн ислам жогорку окуу жайларында дүйнөбий илимдер менен айкалыштырып окутуу системасы киргизилип жатат.

Канатбек Мурзахалилов: - Мисалы Кыргызстандын алкагында айтып жатасызбы же дүйнөлүк алкактабы?

Базарбай Темишов: - Бул бүткүл дүйнөлүк маселе. Мына, азыр Орусияда – Казанда атайын Ислам академиясы ачылды.

Канатбек Мурзахалилов: - Булгар ислам академиясы...

Базарбай Темишов: - Ооба, Булгар ислам академиясы. Учурда мусулмандардын образын, келбетин, ички руханий маданиятын өзгөртө турган билим берүү системаларын түптөш керек.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда жүздөн ашуун медресе, ислам институттары, ислам университети бар. Бирок 2018-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарында өткөн «Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте» аттуу экинчи эл аралык конференцияда ажобуз Сооронбай Жээнбеков «келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек. Ата-бабалар карманган ислам дини дүйнөбий коомго, дүйнөбий мыйзамдарга карама-каршы келбейт» деген пикирин айткан. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул чакырык сөз жүзүндө эле калып кеткендей. Өлкөбүздө сөз болуп жаткан Ислам академиясын түзүүгө эмнелер тоскоол болуп жатат?

Базарбай Темишов: - Ислам академиясы айрыкча кыргыз элинин менталитетине шайкеш келген нерсе. Себеби, бул мекемени түзүү менен илимий ачылыштарга да, маданиятты жогорку деңгээлге көтөрүүгө да жолдор ачылмак. Ошондуктан президенттин бул маселеге токтолгону туура болуп жатат. Бирок бизде Ислам академиясын ачууга тоскоолдуктар чоң.

Канатбек Мурзахалилов: - Булар кандай тоскоолдуктар?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Базарбай Темишов: - Айтып берейин. 2012-жылы, мен муфтиятта иштеп жатканда - анда Чубак ажы Жалилов муфтий кези эле - Ислам академиясынын уставын жазып, аны талкуулап, бул ага жаккан. Курамы 20 дүйнөбий мусулман окумуштууларынан, 20 аалымдан турган Окумуштуулар кеңешин түзүш керек деп сунуш киргизгенбиз. Андан кийин «Кыргызстанда диний акыйда, диний саясат, диний философия, ошондой эле диндин өзүнүн таза сакталышына жол ача турган, бүгүнкү илимдерди, окууларды изилдей турган, азыркы дүйнөбий илимдерге парадигма болуп, жол көрсөтө турган академияны түптөш керек» деген идеянын концепциясы жазылган. Муну муфтий колдогон. Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовго алып киргенимде ал «болбойт» деп четке каккан. Ушундай түшүнбөстүктөр, даярдыктын жоктугу бул нерсеге чоң тоскоолдуктарды жаратууда. Эгерде президент айткандай мамлекет маселени колго ала турган болсо, анда бул сөзсүз турмушка ашып кете турган нерсе.​

Канатбек Мурзахалилов: - Базарбай Темишович, сиз «дүйнөбий окумуштуулар менен диний окумуштуулар кирген, курамы 40 кишиден турган Окумуштуулар кеңешин түзөлү» деп айттыңыз. Макул, дүйнөбий мусулман окумуштуулар бизде бар. Бирок диний жактан илимий даража алган окумуштуулар бүгүнкү күндө барбы?

Базарбай Темишов: - Бизде андай окумуштуулар жок. Жалпы эле аалымдар, шейхтер, анча-мынчасын докторлор деп чет мамлекеттен окуган кишилерди айтып жүрүшөт. Бирок буларды даярдаганга болот эле.

Канатбек Мурзахалилов: - Кантип даярдасак болот?

Базарбай Темишов: - Ислам академиясынын түзүмү биздин Илимдер академиясына окшош эле. Эксперттик, аттестациялык комиссияларды түзсө болот. Алардын илимине баа берип, наамдарды берип, жоболорду иштеп чыгып, аны бекитип, системага салыш керек эле да. Бизде «ардактуу профессор», «ардактуу доцент» деген наамдар бар. Ушул жол менен биздин аалымдарга илимий даражаларды ыйгарса болот. Мындан тышкары, аларга илимди аралаш жактоого шарт түзүп бериш керек. Мисалы, мен диссертациямды диний жана илимий өңүттө, плюралисттик усул менен жактагам. Ушундай жол менен Ислам академиясын иштетсе болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Сиз айткан боюнча илимий, кадрдык жагынан маселени чечтик деп айталы. Бирок каржы маселесин кантип чечсек болот? Донорлордон алыш керекпи же белгилүү бир өлчөмдө мамлекет каржылап бериши керекпи?

Базарбай Темишов: - Башында, башын көтөргүчө мамлекеттик жардам керек болот. Ошондой эле чет мамлекеттерде бул маселеге көмөк көрсөтө турган, демөөрчү боло турган фонддор толуп атат. Долбоорлорду жазып, аракет кылса болот. Негизи биринчи уюмдашуу зарыл. Туурабы? Уставды жазып, каттодон өткөрүп, ишти башташ керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG