Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Исламдагы укук жана анын тарыхы


Имам Сарахсийдин Өзгөндөгү күмбөзү.
Имам Сарахсийдин Өзгөндөгү күмбөзү.

Борбор азиялык дин аалымы Абу Бакр Мухаммед ибн Абу Сахл Ахмед Ас Сарахсий (имам Сарахсий) диндин өнүгүшүнө, илимге кошкон салым жөнүндө маек.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дин аалымдарынын тарыхтагы орду, бийлик башындагылар менен мамилеси, илимге, коомдук пикирди жаратууга, башкаруу системасына кошкон салымы жөнүндө кеп кылдык.

Теманы Борбор Азиялык атактуу дин ишмери имам Сарахсийдин мисалында дин укугу боюнча илимдин доктору Жаркынбай Себетов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - 2018 – жылдын октябрь айында Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы болуп өттү. Ага имам Сарахсийдин аты ыйгарылды. Кыргызстандын башка аймактарында бул кишинин аты менен аталган башка дагы көптөгөн мечит, медреселер бар. Ал эми Өзгөндөгү бул кишинин күмбөзү оңдолуп, кайрадан салынганын билебиз. Мындан тышкары мавзолейинин жанына исламий китепкана да бар. Деги имам Сарахсий өзү ким болгон?

Жаркынбай Себетов: - Баарыбызга белгилүү болгондой, пайгамбарлар мал-мүлк, дүнүйө, байлыкты мураска калтырбайт. Алардын бизге калтырган мурасы - бул илим. Ал эми пайгамбарлардын мурасына ээ болуу – эң чоң бакыт, эң зор сыймык. Мына ушул илимий мураска ээ болуп, анын муундан муунга өтүшүнө жана илимдин өнүгүшүнө, элдин диний түшүнүгүнүн өрчүшүнө салым кошкон көптөгөн аалымдар жашап өткөн.

Жаркынбай Советов.
Жаркынбай Советов.

Алардын бири - имам Сарахсий. Ал 1009-жылы азыркы Түркмөнстандын Серахс деген жеринде туулган. Кийин Бухарага көчүп келип, ушул жерде илим алып, андан кийин белгилүү бир саясий себептерден улам өмүрүнүн көп убактысын Өзгөндө өткөрүп, 1090-жылы көз жумган.

Канатбек Мурзахалилов: - Имам Сарахсий Өзгөндөгү зынданга эмне үчүн камалган? Негизги себеби эмнеде?

Жаркынбай Себетов: - Сарахсийдин «Зиядатуз-зиядат» аттуу эмгеги бар. Ушул китептин бир жеринде «насаат катары айткан сөзүм үчүн камалдым» деп айткан сөзү бар. Ал эми «Шархус-Сиярил-кабир» аттуу китебинде аны ошол учурдагы башкаруучу камаганын жана буга айрым бузукулар себепкер болгонун айткан.

Тарых барактарына карай турган болсок, мына ошол Сарахсий жашаган учурларда бийлик менен аалымдар ортосунда пикир келишпестик байма-бай болуп турганын көрүүгө болот. Керек болсо аалымдар бийликке сын айтканы үчүн дарга асылган учурлар да кездешет. Мындагы пикир келишпестиктин эки негизги себеби болгон. Биринчиси - салыктардын түрүнүн жана өлчөмүнүн көбөйүшү. Экинчиси - бийликтин исламдын сунний багытынан четтеши.

Эми, Сарахсийдин камалышына келе турган болсок, жогоруда да айтылгандай, өзүнүн үстүртөн гана айтканы бар. Мындан башка да анын камалышына негиз болгон окуянын кандайча болгону тууралуу булактарда ар түрдүү версиялар айтылганы менен так, ынанымдуу маалыматты кездештирүү кыйын. Бирок камакка алынышынын негизги себеби катары ошол учурдагы саясий абалды атаса болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Кандай саясий абал себеп болгон?

Жаркынбай Себетов: - Китептердеги маалымат, имам Сарахсийдин өзүнүн айткандары боюнча ал ошол учурдагы бийликтин кандайдыр бир саясатын сындаган. Ошол сындан улам же болбосо түздөн-түз сындабаса да өзүнүн сабактарынын учурунда айтылган сөздөрүн айрым адамдар падышага жеткирип барганы үчүн камакка алынган.

Канатбек Мурзахалилов: - Белгилүү болгондой, ал камалып отурган учурда 30 томдук «Мабсут» китебин 14 жыл ичинде жазган деген маалыматтар бар. Бул китепти ал эч бир адабиятка карабастан шакирттерине оозеки түрдө айтып берген дешет. Имам Сарахсийдин бул эмгеги ислам дүйнөсүндөгү башка аалымдардын чыгармаларынан эмнеси менен айрымаланат?

Жаркынбай Себетов: - Туура, тарых булактарында имам Сарахсий 1073-жылдан 1087- жылга чейин Өзгөндөгү бир зынданда камалгандыгы тууралуу маалыматтар бар. 15 жылга жакын убакытта имам Сарахсий убактысын жөн өткөрбөйүн деп өзү зындан астында туруп окуучуларына сабак өтүп турган. Мына ушул сабак учурунда колунда эч кандай калем, кагаз, китеп сыяктуу каражаттар болгон эмес. Ал өзү ылдыйда отуруп сөздөрүн айтып турган, окуучулары жогоруда туруп Сарахсийдин айткан сөздөрүн жазып турушкан. Кийин ушул айтылган сөздөр, жазылган жазуулар биригип имам Сарахсийдин «Мабсут» аттуу 30 томдук эң чоң эмгеги деп эсептелген китеби пайда болгон.

«Мабсут» – ханафий мазхабынын фыкх маселелерине байланыштуу көз караштары жана алардын далилдери эң кеңири түрдө изилденген алгачкы жана эң көлөмдүү эмгек болуп эсептелет. Ислам ааламындагы, өзгөчө ханафий-мазхабына тиешелүү болгон эң баалуу китептердин катарына кирет.

Канатбек Мурзахалилов: - Имам Сарахсийдин ханафий аалымдарынын арасындагы орду кандай?

Жаркынбай Себетов: - Шариятта Сарахсийдин орду өтө чоң. Ханафи- мазхабында аалымдар илимине, илимге кошкон салымына жана илимий жетишкендиктерине карап жети даражага бөлүнөт. Имам Сарахсий мына ошол даражалардын үчүнчүсүнө жеткени айтылат. Мунун мааниси «шариятта өкүмү белгиленбеген маселелерге ханафий-мазхабында белгиленген усул-эрежелердин негизинде өзү өкүм чыгарганга кудрети жеткен аалым» дегенди билдирет. Мына ушундай деңгээлдеги аалым болгону үчүн андан кийин жазылган китептердин дээрлик баарында анын атын, кандайдыр бир маселе боюнча айткан пикирин кеңири кездештирүүгө болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Өзү Сарахсийдин деңгээлине жеткен аалымдар барбы?

Жаркынбай Себетов: - Бар. Сарахсийдин окуучусунун небереси имам Казыхан деген өзгөндүк аалым болгон. Бул киши да Сарахсийдин деңгээлине жеткен аалым.

Канатбек Мурзахалилов: - Казыхан аалымыбыз жөнүндө массалык маалымат булактарында чагылдырылган материал жок. Мындан сырткары илимий изилдөөлөр да жүргүзүлбөй жатат. Ушул аалымыбыз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз.

Жаркынбай Себетов: - Жогоруда айткандай Казыхан имам Сарахсийден кийин жашаган. Аны атасы, чоң атасы да казылык милдетти аткарышкан. Өзү да Бухарада жашап, ошол жактан билим алып, Бухарада казы болуп иштеген. Өзгөндөн чыккан белгилүү аалымдардын катарында. Анын жазган китептери да фыкх илиминде, өзгөчө ханафи мазхабында өтө бааланган эмгектердин катарына кирет.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Буйруса Сиз менен имам Казыхан жөнүндө маегибизди кийинки чыгарылыштарда улайбыз. Эми имам Сарахсийге кайра келсек. Имамдын башка эмгектери да ханафий мазхабынын усул жаатындагы эрежелеринин толукталышында жана системалаштырылуусунда эң негизги булак катары колдонулат деп айтылат...

Жаркынбай Себетов: - Жогоруда 15 жыл Сарахсий зынданда отурганын айтпадыкпы. Ошол зынданда отурганда алгач «Мабсут» деген китебин жазган. Андан кийин фыкх усулу багытындагы китебин жазган. Алгач «Асул же болбосо фыкх усулу деген эмне?» деген маселени тактап алсак. Мисалы, «бул парз, бул важип, бул арам» дегендей өкүмдөрдү айтабыз да. Шарияттагы мына ошол өкүмдөрдү чыгаруунун жол-жобосун, эрежелеринин жыйындысын камтыган илим тармагы «фыкх усулу» деп аталат. Эми имам Сарахсийдин бул багыттагы ишмердигине келе турган болсок, ал «Мабсутту» жазгандан кийин, андагы айтылган маселелер, пикирлер, өкүмдөр кандай жол менен же кандай ыкма менен пайда болгонун түшүндүрүш үчүн «Усул» деп аталган дагы бир китеп жазган. Бул китеп имам Сарахсий зындандан чыккандан кийин Өзгөндө жазылган эмгек болуп эсептелет.

Канатбек Мурзахалилов: - «Имам Сарахсий жети миңден ашуун китепти жатка билип, ошол китептердеги окуялардын үзүндүлөрүн айткан» деген маалыматтарды окуп калдык. Бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

Жаркынбай Себетов: - Имам Сарахсийдин өтө зээндүү аалым болгондугу жөнүндө да көптөгөн маалыматтар кездешет. Зынданда эч кандай китеп, кагаз, калем колдонбой туруп 30 томдук китепти окуучуларына айтып берип, жаздырганы буга далил.

Канатбек Мурзахалилов: - «Фыкх илими менен катар эле имам Сарахсий математика, алгебра илимдеринде да билимдүү болгон, ыр жазуу менен алектенген» деп айтылат...

Жаркынбай Себетов: - Бул акыркы мезгилдеги изилдөөчүлөрдүн туура эмес берген маалыматы болуп эсептелет. Айтылган нерсе аалымдардын аттарынан улам адашып калган нерсе. Математик, алгебра жаатында да белгилүү болгон Сарахсий деген аалым – башка киши.

Канатбек Мурзахалилов: - Дүйнөлүк алкакта ислам аалымдарынын сап башында турган имам Сарахсийдин мурастарын изилдөө, үйрөнүү жаатында кыргызстандык жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары тарабынан бүгүнкү күндө кандай иштер жүрүп жатат?

Жаркынбай Себетов: - Анын жазган китептери басылып, ар кандай тилдерге которулуп жатат. Буга мисал катары, анын 30 томдук «Мабсут» деген китеби түрк тилине которулуп жарыяланган. Өзгөчө Түркия мамлекетинде бул аалымдын ишмердүүлүгү өзгөчө бааланып, көптөгөн илимий-практикалык конференциялар, симпозиумдар өткөрүлгөн. Имам Сарахсий боюнча илимий макалалар жазылган. Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, диний жана илимий чөйрөдөгү адамдар бул аалымдын ишмердүүлүгүнө көңүл бөлбөй келебиз. Өзүбүздүн аймактан чыккан көптөгөн аалымдарыбыз бар болгонуна карабастан, бизде ушул нерсеге маани берилбейт.

Эми Сарахсий боюнча айтсак, 2013-жылы Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан «Ханафий мазхабынын улуу аалымы – имам Сарахсий» аттуу илимий-практикалык конференция өткөн. Конференциянын алкагында ал тууралуу чакан китеп кыргыз тилинде муфтият тарабынан даярдалган. Ошондой эле жакын арада эле имам Сарахсий тууралуу түрк тилинен которулган китеп да жарыкка чыкты. Бирок имам Сарахсий боюнча кеңири, масштабдуу илимий иш-чара азырынча Кыргызстанда өткөрүлө элек.

Канатбек Мурзахалилов: - Имам Сарахсийдин күмбөзүн реставрациялоо, жогоруда айтылгандай күмбөзүндөгү исламий китепкананын түзүлүшү 2007-жылы муфтияттын, Ош мамлекеттик университетинин мугалимдер жамаатынын демилгеси менен түрк өкмөтүнүн колдоосу аркылуу ишке ашкан. Эми сиз айткан Кыргызстандын аймагынан чыккан ислам жаатындагы белгилүү аалымдар боюнча илимий изилдөө иштерине динамика берип, алардын ишмердүүлүгүн калктын кеңири катмарына кантип жеткирсек болот?

Жаркынбай Себетов: - Эң алгач эле бул маселеге диний жана илимий чөйрөдөгү адамдар кызыкдар болушу керек. Биздин аймакта жашап өткөн аалымдардын өмүр баянын изилдегенге, «алар кандай иш жүргүзгөн, кандай эмгектерди жазышкан, бул эмгектерде кандай пикирлерди айтышкан» дегенге биринчи кезекте өзүбүз демилге көтөрүшүбүз зарыл. Мындан сырткары мындай иштерди жасоо каражатка келип такалат. Бирок бул жараян да акырындап өз нугуна түшөт деген ойдомун.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG