Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Диний иденттүүлүктүн илимдеги орду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дин жана социология, “диний иденттүүлүк” деген илимий аталыштарды талдаган маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Социологдор “дин” деген түшүнүккө эмнелерди камтыйт? “Иденттүүлүк” маселеси динде канчалык маанилүү?

Бул суроолорго “Кыргыз социология ассоциациясынын” вице-президенти, Бишкек гуманитардык университетинин “Социология” кафедрасынын доценти Бакытбек Малтабаров менен эксперт Канатбек Мурзахалилов жооп издешет.

Канатбек Мурзахалилов: Маегибиздин башында жалпы эле “иденттүүлүк” деген терминге түшүндүрмө берели.

Бакытбек Малтабаров: Акыркы жылдары иденттүүлүк маселеси актуалдуу болуп, буга социологдор талдоо жүргүзө баштады.

“Иденттүүлүк” - латын тилинен “окшош”, “ушул сыяктуу” деп которулат. Биз аны “кимдик” деп котордук. Себеби, ар бир инсан социо–маданий топто өзүнүн ким экенин салыштырып билет экен. Бул болсо “улуттук кимдик”, “диний кимдик”, “жарандык кимдик” деп өзүнүн түрмөгүндө социалдашып кете берет.

Канатбек Мурзахалилов: Социологдор “дин” деген түшүнүккө эмнелерди камтыйт?

Бакытбек Малтабаров: Cоциологдор дин менен коом ортосундагы гана мамилени изилдешет. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын динге, диний уюмдардын бири-бирине же мамлекет менен диндин ортосундагы мамилесине көңүл бурат.

Теолог жана дин таануучулардан өзгөчөлөнүп, “ыйык нерселерге”, “өлгөндөн кийин жашоо бар же жок" деген маселелерге баш оорутпайт.

Канатбек Мурзахалилов: Учурдагы бийлик менен диндин ортосундагы мамилеге кандай баа бересиз. Сиздер жүргүзгөн изилдөө мамлекет жарандарына динди карманууга, аны эркин тутууга, диний көп түрдүүлүккө шарт түзүп бергенин көрсөтө алдыбы?

Бакытбек Малтабаров: Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын карасак, сурамжылоого катышкандардын 35 – 41% “мамлекет диний уюмдардын иш жүргүзгөнүнө шарт түзүп жатат” деп айтууда.

Биздин Конституция боюнча дин мамлекеттен бөлүнгөн. Демократиялык өлкөдө дин саясатка кийлигишпейт. Бирок ошол эле учурда мамлекет менен диндин ортосуна “кытай дубалын” орнотуп коюуга да болбойт. Себеби, дин туткан киши дагы мамлекеттин жараны.

Канатбек Мурзахалилов: Социология илиминде диний иденттүүлүк кандай шартта аныкталат?

Мамлекет менен диндин ортосуна “кытай дубалын” орнотуп коюуга да болбойт. Себеби, дин туткан киши дагы мамлекеттин жараны.
Бакытбек Малтабаров.

Бакытбек Малтабаров: Социологдор арасында диний иденттүүлүктү, диний “кимдикти” профессор Кусейин Исаев жана анын жамааты “Жалпы жарандык иденттүүлүктүн маселеси” деген долбоордун негизинде изилдеген. Аны мамлекет жана Кыргыз- Түрк “Манас” университети каржылап, аталган окуу жайдын базасында жалпы республика боюнча 2 миң адам сурамжылоого катышкан. Ошол жерде социо-маданий иденттүүлүк, жалпы жарандык иденттүүлүк, диний иденттүүлүк, тил жана улут маселеси комплекстүү түрдө каралып чыккан.

Канатбек Мурзахалилов: Мындай изилдөөлөр Кыргызстандан башка жактарда да жүргүзүлөбү?

Бакытбек Малтабаров: Диний иденттүүлүк маселеси дүйнө жүзү боюнча социологдор тарабынан изилденип жатат.

Инсандын динге болгон көз карашына, коомдогу динчилдиктин деңгээлине, азыркы заманбап, маалыматтык коомдо динге тиешелүү эрежелердин канчалык аткарылып жатканына илимпоздор байкоо салып турат.

Алсак, Америкадагы социологдор протестанттык агымдарга көп көңүл бурушкан. Макс Вебер алгачкы эмгегинде “протестанттык этика - капитализмдин руху” деп жазган. Ал сөзүн изилдөө менен далилдеп берген.

Постсоветтик аймакта ​иденттүүлүк маселеси Советтер Союзу урагандан кийин курчуган. Көз карандысыздык менен кошо улуттук кимдик, диний кимдик биринчи планга чыккан.

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстандагы диний иденттүүлүктү аныктоого кандай процесстер түрткү болду?

Бактыбек Малтабаров.
Бактыбек Малтабаров.

Бакытбек Малтабаров: Өзү “кимдик” же иденттүүлүк маселесин алгач психологдор баштап берген. 1991-жылдан баштап орус социологдору “кимдик” маселесин жалпы карай баштаган. Владимир Ядов “Социалдык иденттүүлүк” деген китеп жазган. Леокадия Дробежева “этносоциология” деп улут маселесин иликтеген. Ал дагы иденттүүлүк, этникалык иденттүүлүк маселесине көңүл бурган.

Кыргызстанда социолог Галина Горборукова менен тарыхчы Зайнидин Курманов иденттүүлүк маселесин чогуу изилдешкен. Анда дин маселеси да каралган.

Мен өзүм жөнүндө айтсам, жалпы жарандык иденттүүлүктү карап жаткан кезде жалпы диний иденттүүлүккө кызыгып, ушул тармакка өтүп кеткем.

Канатбек Мурзахалилов: Учурдагы Кыргызстандагы диний абалды социологиялык талдоонун негизинде кантип сүрөттөп бере аласыз?

Бакытбек Малтабаров: Кыргызстанда калктын 90-91% мусулмандар. Андан кийин 6.5 – 7% православдар жана христиандар. 1-1.5% атеисттер, калганы башка динди кармагандар.

Биз социологиялык изилдөөдө 2000 адамды сураганбыз. Алардын баарына “Сиз кайсы динди өзүңүздүкү катары эсептейсиз, эмне үчүн антип ойлойсуз?” деген собол узатканбыз.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү ата-энеси, үй-бүлөсү кайсы динди тутса, ошол динди карманарын айтышкан. Себеби, үй-бүлө - бул социалдык институт. Эне тилге, каада–салтка, динге мамиле ушул жерден калыптанат.

(Маекти толугу менен бул жерден уга аласыз)

Диний иденттүүлүк деген эмне?
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:17 0:00

Канатбек Мурзахалилов: Биздин коомдо “кыргыз болгондон кийин мусулмансың” деген түшүнүк бекем орноп калган. Бирок “ар бир улут тарыхый жана социо-маданий процесстердин негизинде өзгөрүп кетиши мүмкүн” деген божомолдор да четке кагылбайт. Өзүңүз “үй-бүлө социалдык институт катары диний социалдашууда жана иденттешүүнүн калыптанышына таасир берет” деп айттыңыз. Буга кандай мисалдар бар?

Бакытбек Малтабаров: Биздин сурамжылоодо өзүн мусулманмын деп эсептегендердин ичинен 60-65% ата-энеси, ата-бабасы ислам динин тутунганын айтып жатат. Ошол эле мезгилде коңшу-колоңдун, жамаатташ жашагандардын ж.б. факторлордун таасири болот.

Айталы, тажиктер менен ирандыктар фарси тилинде сүйлөшөт. Бирок ирандыктар исламдын шиит, тажиктер суннит агымында. Азербайжандыктар түрк элдерине киргени менен шииттер. Буга өз кезегинде көптөгөн тарыхый жагдайлар таасир эткенин унутпашыбыз керек.

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстандын аймагында жашаган эл теңирчилик, фетишизм, анемизм жана башка көптөгөн диний ишенимдерди карманышканы маалым. Изилдөөңүздөрдө ошол ишенимдерди карманган кишилердин санын аныктоого мүмкүн болдубу?

Бакытбек Малтабаров: Мисалы, 1-1.5 – 2% чейин сурамжылоого катышкан респонденттер башка ишенимде экенин айтышат. 0.5% респонденттер “теңирчиликти карманабыз” деп жооп беришкен. Айрымдар теңирчиликтин кээ бир элементтерин ислам дининин талабы деп түшүнүшөт. Бул айрыкча көчмөн элдерде байкалат.

Бирок соңку мезгилде радикалдашкан исламдын агымдары – консерваторлор, салттуу исламга караганда бул түшүнүктөрдү “бидаа” деп жерип, коомдо кээ бир түшүнбөстүктөр жаралууда.

Канатбек Мурзахалилов: Айтсаңыз, этноконфессионалдык талдоонун негизинде өлкөбүздө жашаган түрдүү улуттардын кайсыл диний ишенимге таандык экендигин аныктоо мүмкүнчүлүк барбы?

Бакытбек Малтабаров: Мүмкүнчүлүк болот. Жалпы Кыргызстан боюнча изилдөө болуп жатканда 3% чейин башка улуттар сурамжылоого кошулат. Жакында эле менин магистрантым Бишкек шаары боюнча сурамжылоо жүргүзгөндө корей улутундагы эки адам бутпарас болуп чыкты, атеисттер, "кудайга ишенем, бирок эч бир динди тааныбайм" дегендер да бар экен. Көпчүлүгү христианчылыктын протестант багытына караштуу пресвитериандар экени аныкталды.

Биз Кыргызстанда фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү керек деп ойлойбуз. Эки миң эмес, андан да көп адамды, башка чакан улуттарды да өзүнчө изилдегенге мезгил жетти деп эсептейм.

Канатбек Мурзахалилов: Ушул сиз айткан изилдөөлөргө мамлекет каржылаган долбоорлор же эл аралык уюмдардан долбоорлор керекпи?

Бакытбек Малтабаров: Башында ким каржыласа, ошонун кызыкчылыгы үстөмдүк кылары айтылды го. Эми бул маселени атайын сынак жарыялап, “Ыйман” фонду аркылуу эле жүзөгө ашырса болот. Мисалы, ислам дининин абалын жаштар арасында, үй-бүлөнүн ичинде эле изилдеп чыкканга эмнеге болбосун?

Мен түгөйү башка динге кирип кеткени үчүн ажырашып кеткендерди көргөм. Бир үй-бүлөнү бардык мүчөсү менен өз катарына тартып кеткен агымдар бар. Бул дагы билинбегени менен чоң көйгөй. Буга чейин башка динге өткөн адамды туугандары, коңшу-колоң, айылдаштары жериген учурлар катталган.

Азыр мындай адамдарга теологдор жардам берип жатат. Келечекте биз дин психологдорун даярдашыбыз керек. Мисалы, мусулман башка динге өтүп кеткенде ага туура багыт берүү керек. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде сектанын таасиринен коргой турган ата-энелердин, жалпы психологдордун уюмдары бар. Ушул иштерди азыр баштабасак, көйгөй тереңдеп кетиши мүмкүн.

Канатбек Мурзахалилов: Дин психологу, дин социологу деген кесиптерге окутканга бизде кадрлар жетиштүүбү?

Бакытбек Малтабаров: Кадрлар жетиштүү эле. Дин социологдорун биз жалпы эле социолог деп даярдайбыз. Дин социологу, саясий социолог, экономикалык социолог, үй-бүлөлүк социолог деген жок. Абитуриенттерге мамлекет тарабынан гранттык орундар берилбейт. Бул дагы жакшы окугандарды кармап калууга, көп изилдөөлөрдү жасоого кедергисин тийгизет.

Канатбек Мурзахалилов: Этникалык азчылыктардын тутунган динине карап, мамлекеттик (жарандык) иденттүүлүккө жакын же алыс болгонун кантип билсек болот?

Бакытбек Малтабаров: Эми бул нерсени аныктоо үчүн ар бир индикатор менен изилдөө керек. Улуттук азчылыктар кайсы динди тутат, ар бир диндин эрежесинин, даражасынын деңгээлин аныктоо зарыл. Бул эми майдаланып, жалпы эрежеге зыян келтирбеши керек. Жарандык иденттүүлүк ар бир инсанга тиешелүү бардык нерседен бийик турган тутум да.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG