Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Ошто түшүндүрүү иштери эрте никени азайтты


Ошто дин ишмерлери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кыздарды эрте турмушка берүүнүн кесепеттерин талкуулап жатышат.

Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынгандан бери бул көрүнүш азайганы айтылууда.

«Нике кагазы жок болгондуктан уулума күбөлүк ала алган жокмун»

Ош шаарынын тургуну Айназикти (аты өзгөртүлдү) 17 жашында ала качып кетишкен. Бир балалуу болгон соң пикир келишпей ажырашып кетишкен.

«Ата-энем зордоп отургузуп коюшкан, - дейт ал. - Бир бала менен минтип жалгыз калып, баламды ата-энеме калтырып, шаарга иштегени келдим. Окуйм деген тилегим ишке ашпай калды. Жаш болуп, кызмат кыла албай кайненемдин каарын көп көрдүм. Эми минтип ара жолдо турам. Уулума күбөлүк ала албай, өзүмдүн атыма каттатышка аргасыз болдум».

​Кыздарды эрте турмушка берүүнүн кесепеттери тууралуу мурдатан эле айтылып келген. Мунун негизги кесепети – алардын расмий никеси жок болгондуктан балдарына күбөлүк ала албайт, ажырашып кетсе үй-мүлкүн бөлүштүрө албай, ара жолдо калган учурлар көп катталган.

Амир-Темир кичирайонундагы аялдар комитетинин төрайымы Фатима Насирдинованын айтымында, нике кыюуга талап күчөгөндөн бери кыздардын эрте турмушка чыгышы азайды.

Фатима Насирдинова.
Фатима Насирдинова.

«Мурда көп эле. Азыр азайды. Азыр деле бизге эки тарап келишип алып, «кызыбыз 17ге чыгып калды, аны күйөөгө узатсак деген оюбуз бар эле» деп келишет. Бирок биз уруксат бербей, «расмий түрдө никеге турмайынча эч кандай молдо да нике кыйбайт» деп кайра жиберебиз», - деди Фатима Насирдинова.​

Кыздар укугун билип калышты

Ош шаарындагы Амир-Темир кичирайонундагы №47 орто мектептин мугалими Адина Кучкарованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, кыздарды эрте турмушка берүүнү токтотуу максатында жергиликтүү эл менен дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Ал эрте нике кыюуга мыйзам менен тыюу салынгандан бери ата-энелер өздөрү да кыздарынын мектептен кийин кесиптик же жогорку окуу жайларында окуусун улантуусуна кызыгып калышканын айтты:

«Ата-энелерден тышкары мектепте кыздардын өздөрүнө да эрте турмушка чыгуунун кесепеттерин айтып, түшүндүрүп жатабыз. Мурдагыга караганда кыйла өзгөрүүлөр бар. Мыйзам чыккандан бери кыздарды 18ге чыкканча турмушка узатуу азайды. Мектеп жашындагы кыздар да өздөрүнүн укуктарын билип, качан турмушка чыгууну, кандай окууга баруусун да өздөрү чечип калышты».

Адина Кучкарова былтыр мектепти аяктаган 25 кыздын ичинен 22 кыз окуу жайына тапшырганын кошумчалады:

Адина Кучкарова.
Адина Кучкарова.

«Аларга «турмушта ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан окугула, күйөөң бакпай таштап кетсе да диплом сени багат» деп түшүндүрүп атабыз. Быйыл дагы 19 кыз мектепти аяктап жатат. Жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сегиз кызыбыз тестирлөөдөн мыкты упай алып, бюджетке окууга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кыздарыбыз көбүнчө мугалимдикти, дарыгерликти, фармацевттикти тандап атышат. Теология жагына окуйм деген да беш кызыбыз бар».

Кыздарды эрте турмушка берүүгө дин да, мыйзам да жол бербейт

Ош облусунда жашы жете элек турмушка чыккан кызга нике кыйганы үчүн имам сот жообуна тартылып, үч жылга эркинен ажыратылганы белгилүү.

Ушундан улам учурда молдолор менен имамдарга да жашы жете электерге нике кыюуга катуу тыюу салынып, көзөмөлгө алынган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Оштогу өкүлү Исакбай Мырзабеков ата-энелер кыздарынын келечегин ойлоп, аларды мектептен кийин да кесипке окутушу зарыл экенин билдирди:

Исакбай Мырзабеков.
Исакбай Мырзабеков.

«Биз келин, эне болууга психологиялык, физиологиялык жактан да даяр эмес кыздарды турмушка берип жиберип, аларды кыйнап коюп жатабыз. Кыздарыбыздын укугун эки жактан коргойлу. Мыйзам боюнча эрте нике кыйган имам камалат. Ал эми расмий нике катталбайт. Андай каттоосу жок кыздар балдарына күбөлүк ала албайт, ажырашып кетсе өзү алып барган себин да ала албай калып жатышат».

Ата-энелер арасында кыздарын эрте турмушка берүү аракети азайгандай эле, ала качуу аркылуу кыздарды мажбурлап эрте турмуш курууга мажбурлоо да азайганын адистер белгилеп жүрүшөт.

Бирок кыздар жашы 18ге жетпей туруп кош бойлуу болуп калган айрым учурларда төрөлгөн баласын атасынын үйүнө киргизип берүү аракеттери катталган. Адистер муну кыздардын жыныстык сабатсыздыгынын кесепети катары баалап жатышат.

Оштогу «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова мындай көрүнүштү ата-эне менен уул-кыздардын ортосундагы ачык сөздүн жоктугу менен байланыштырды:

«Кыздардын эч кандай маалыматы жок. Анткени үйдө бул темада сөз болбойт. Тели-теңтуштарынан, Интернеттен маалымат алышканы менен ал жетишсиз. Ошондуктан кыздар көп учурда алданып калып жатат».

Оштогу аймак аралык төрөт үйүндө жыл башынан бери 18ге жашы толбой туруп төрөгөн 16 кыз катталган. Адистер белгилегендей, бул көрсөткүч кыздарды али да болсо турмушка эрте узатуу коомчулукта бар экенин далилдеп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG