Линктер

шаршемби, 26-июнь, 2019 Бишкек убактысы 08:06

«Бала баскан» балалык


Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп.

Ысык-Көлдө 8-класстагы кыздын төрөгөнүнө байланыштуу факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Укук коргоочулар эрте төрөгөн өспүрүмдөрдүн көбү зордуктоого кабылганын белгилешет.

Ысык-Көлдө 15 жаштагы өспүрүмдүн төрөгөнүнө байланыштуу анын 20 жаштагы кошунасы суралып жатат. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, тараптар бул окуя кыздын макулдугу менен болгонун белгилеп, бул факт боюнча арыз жазышкан эмес. Бирок Кыргызстандын мыйзамдарында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан укук коргоочулар кылмышка барган адам мыйзамга ылайык жазасын тартышы керек экенин белгилеп жатышат.

Сталбек Усубакунов.
Сталбек Усубакунов.

- Буга чейин эч ким кайрылган эмес. Кыздын кош бойлуу экенин ата-энелери деле билишет экен. Караколдо төрөптүр. Азыр прокуратура материалды карап жатат. Ал жакта кылмыштын курамы болсо бизге бөлүп беришет да, - деди Сталбек Усубакунов.

«Азаттык»: ​- Арыз болбосо деле жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруунун өзү кылмыш да?

- Өзү деле кылмыш, прокуратура анын мыйзамдуулугун текшерет да. Мурда бизге арыз менен кайрылган жок. Мурда кайрылып, «зордукталып, анан боюна бүтүп калып төрөдү» десе башкача болмок.

Жети-Өгүз райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаеванын айтымында, социалдык кызматкерлер, мугалимдер бул окуя тууралуу кыз төрөгөндөн кийин гана билип калышкан. 6-майда Жети-Өгүз районунда 8-класстын окуучусу эркек бала төрөгөнүн укук коргоочулар кабарлашкан. Учурда эне-баланын абалы көзөмөлгө алынганы кабарланууда. Кыздын мындан аркы билим алышы да көзөмөлгө алынат.

«Кыз ичи билинип калгандан тартып мектепке барбаптыр, - деди Гүлбара Жаанбаева. - Мектеп да көңүл бөлгөн эмес окшойт же кайдыгер болуп койгонбу? Бирок апасы «ооруп жатат» деп дарыгерден тастыктама алып барып берген экен. Балдардын укуктарын коргой турган орган болгондон кийин «ага эмне себеп болгон, жашы жете элек кызга ошол ишти кылган киши жазаланышы керек» деп жатабыз. ИИМге да «юридикалык баа бергиле» деп билдирүү бергенбиз. Өз каалоосу менен болгон учурда деле кыз жашы жете элек болуп жатпайбы».

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, төрөгөн кыз марттан бери мектепке келбей калган. Аталган министрликтин адиси Марат Үсөналиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, апасы кызынын буту сынып, Бишкекте дарыланып жатканын айтып, дарыгерден тастыктама алып берген.

«Мартка чейин ал окуучу жылуу кийим менен келип, сабакка отуруп кетчү экен, - дейт министрликтин өкүлү. - Биздин мугалимдер барса энеси «кызымдын буту сынып калды» деп тастыктама алып келип бериптир. Ошондо директор «үйдөн окуталы» десе, апасы кызынын Бишкекте экенин айткан. Балдар жөнүндө конвенция кабыл алынып жатат. Ошондо ата-эненин жоопкерчилигин кылмыш жоопкерчилигине чейин да күчөтүш керек. Азыр болгону болду, эми биздин милдетибиз - окутуу. Мындан ары да ушундай окуялар болбош үчүн аракет кылабыз».

Тилекке каршы, бул өзү бала болуп туруп бала кучактаган биринчи учур эмес. Мамлекеттик статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жаргандардын саны 2013-2014-жылдарга караганда саал азайганы менен токтоп калган жок. Миң кызга 6 төрөт туш келет. Эрте турмуш куруу фактыларынын көпчүлүгү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында катталат.

Сурамжылоого ылайык, өлкө аймагы боюнча 20-24 жаш курактагы аялдардын 13% 18 жашка чейин турмушка чыккан. Талас облусунда бул көрсөткүч 18%, Чүй жана Нарын облустарында 17% чыккан. Ошто 10% болсо, Бишкекте 6% катталган. Комитеттин отчетуна ылайык, 15-19 жаш аралыгындагы ар бир он үчүнчү кыз үй-бүлөлүү. Турмуш курган өспүрүмдөрдүн 2,7% күйөөсү өзүнөн 10 жаш же андан да улуу экенин айтышкан. Изилдөө ЮНИСЕФ балдар уюмунун колдоосу менен өткөрүлгөн. Ага 7 миң үй кожейкеси катышып, 2018-жылдын сентябрь-ноябрь айларында жүргүзүлгөн. Чүйдө 15-17 жашында эне болгондордун ичинен бул курактагы 1000 кызга 11 бала туура келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп. Бирок 2015-жылга караганда эки эсе азайган.

Укук коргоочулар эрте төрөгөндөрдүн көбү зордуктоого дуушар болушарын белгилешет. Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова балдарга өспүрүм кезде көңүл буруп, кароосуз калтырбоо зарыл экенин эске салды:

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

«Кыздар кароосуз калып, көзөмөл жок болуп жатат. Бул үй-бүлө институту ураганы деп билсе болот. Ошто 14-15-16 жашында боюнда болгон кыздар катталып жатат. Алар жакындарынан, кошуна-колоңдон зомбулук көрүп жатат. Ушунун өзү да кыздар кароосуз калып, аларга таалим-тарбия берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын көрсөтүп турат».

Асылбекованын айтымында, Ошто 7-8-классты бүткөндөн кийин окубай койгон өспүрүмдөр бар. Кыздарды эртелеп турмушка берүү өнөкөтүнүн айынан документи жок балдар да көп. Экинчиден, мындай көрүнүш ата-энеси «каалабаган» балдардын төрөлүшүнө алып келүүдө. Андай болгон учурда ымыркай балдар үйүнө тапшырылып, ата-эне мээримин билбеген муундун катарын толуктап жатат.

«Ош шаарында 7-8-классты бүтүп эле кыздар мектепке барбай калып жатат. Экинчиден, кыздардын колунда документи жок. Алар эч жерде катталган эмес. Ушундан улам да жашы канчада экени белгисиз болуп, туугандар арасында турмушка берип коюп жатышат», - дейт Дарика Асылбекова.

Гендердик эксперт Гүлжамал Султаналиева кыздарды жашы жете электе турмушка берүүнүн алдын алыш үчүн комплекстүү чаралар зарыл деп эсептейт.

Гүлжамал Султаналиева.
Гүлжамал Султаналиева.

«Азыр мындай учурлар көп аныкталып жатат. Ошондуктан да эрте төрөгөн кыздар көбөйүүдө. Убакыт өткөн сайын окуучулар төрөгөн учурлар көп катталып жатса, демек ушул багыттагы мамлекеттик саясатты, ыкманы өзгөртүш керек. Бала маселеси каралган учур бир гана мекеменин ишин эмес, комплекстүү иш-чараларды талап кылат».

Билим берүү министрлиги бала менен ата-эненин, мугалим менен окуучунун мамилесин жакындатуу максатында жергиликтүү бийлик менен кошо ата-энелер сабагын өткөрө баштады. Мындай сабак айына бир жолу өткөрүлөт.

«Үй-бүлө жана нике» борборунун дарыгери Бурул Самидинова эрте курактагы төрөттүн кесепети жөнүндө айтып берди. Анын сөзүнө караганда, кош бойлуу кезде аялдын организми эки эсе көп иштейт. Ал эми кыздардын организми 17-18 жаштан кийин гана толук калыптанып, жетилди деп эсептелет. Андыктан эрте куракта төрөө баланын да, эненин да ден соолугуна зыянын тийгизет.

«Бойго бүткөндө организм демейдегиден эки эсе көп иштейт, - дейт ал. - Жөнөкөй учурда жүрөк 4,5-5 литр кан менен айланып иштесе, кош бойлуу кезде баланыкы менен дагы 3-3,5 литр кан кошулат. Ошондо жүрөк, өпкө, бөйрөк, боор - организмдеги бардык органдар эки эсе жүктөм менен иштейт. Ал эми 13-14 жаштагылардын жыныстык органдары да толук жетиле элек болот. Мунун кесепети да көп. Экинчиден, ал кыз өзү да эне болууга психологиялык, моралдык жактан даяр эмес. Кантип боюна бүтүп калганын өзү да билбейт».

Айрым изилдөөлөргө караганда, эрте төрөгөн кыз-келиндер билим алуу жагынан чектелет. Андай болгон соң көбү жумушу жок, үйдө отуруп калат. Бул кайра эле экономикалык зомбулукка, көз карандылыкка алып келиши ыктымал. Өспүрүм кезинде төрөгөндөр 18 жаштан жогору жашта балалуу болгондорго караганда 1,5 эсе көп оорушат экен.

Былтыр Талас шаарында да 8-класстын окуучусу төрөгөн. 23 жаштагы жаран шектүү катары кармалган. 2017-жылы Таласта 7-класстын окуучусу төрөп, ымыркайдын атасына кылмыш иши козголгон. 2017-жылы Чүй облусундагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу көз жарып, куурчак ойной турган куракта өзү бала кучактаган. Буга чейин көз жарган өспүрүм окуган мектептин директору өз каалоосу менен арызын жазып кеткен, бирок кылмышка шектүү тууралуу маалымат айтылган эмес. Жогоркуда айтылгандар боюнча канчасы мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылганы тууралуу да маалыматтар жок.

Укук коргоочулар жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашка баргандардын көбү жазасыз калып жатканын белгилеп жатышат. Алардын айтымында, бул кылмыштын азайбай жатышынын негизги себептеринин бири.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эртелеп никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG