Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:50

Эне болгон секелекти жерибейли


Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Ош облустук төрөт үйүндө жашы жете элек он алты кыз көз жарды.

Байкоочулар эрте эне болгон секелектердин ымыркайы көбүнчө балдар үйүнө түшүп, жаш энелер болсо коомчулуктун кодулоосуна кабыларын белгилешет.

"Алданып калдым..."

16 жашында эне болгон жаш кыз операция жолу менен наристесин жарык дүйнөгө алып келди.

Кыз кош бойлуу экенин курсагындагы баласы беш айлык болгондо билген. Орто мектептин 9-класссын гана аяктап, шаарга иштегени келген секелек өзүнөн үч жаш улуу жигит менен мамиле курган кезде кесепетин ойлогон эмес.

"Мен алданып калдым да... Ал жигит менен мамилебиз үзүлгөндөн кийин гана кош бойлуу экенимди билдим. Ошондо беш ай болуп калган экен... Кош бойлуу кезим жакшы эле өттү, төрөттөн кийин кыйналдым...".

Эң жаш эне - он төрт жашта

Талап боюнча бардык төрөт үйлөрүндө жашы жете элек төрөгөн энелерди каттоочу атайын журнал болот. Ага катталган жаш энелер укук коргоо кызматкерлери менен маектешет.

Облустук төрөт үйүнүн кызматкери Сүйүмкан Бекмуратованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жыл башынан бул журналга жашы 18ге толо элек он алты кыз катталган:

"Бул журналга 2001-жылдан тартып, 2004-2005-жылы туулгандарга чейин катталат. Быйыл 2004-жылы туулган бир кыз, 2005-жылы туулган дагы бир келин катталды. Эң жашы он төрт - он беш жашта. Калгандары он алты, он жети жаштагылар".

Кыргызстандагы нике мыйзамына ылайык, жашы он сегизге толгон улан-кыздар үйлөнүп, никеге турууга укуктуу. Бирок төрөт үйүндөгү статистикага ылайык, он сегиз жаштагы энеден төрөлгөн балдардын саны да өстү.

Ага жараша эрте турмуш куруу көбөйгөнү аныкталып жатат деген пикирин Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева билдирди. Анын айтымында, эрте төрөгөн жаш келиндердин айрымдары социалдык кызматтарга өткөрүлүп берилет:

"Айрым бир адашып же зордук-зомбулукка учураган келин-кыздар тууралуу биз социалдык кызматтарга маалымат беребиз. Төрөт үйүнөн кийин алар ошол социалдык кызматтардын көзөмөлүндө болот".

Алданып, кодуланган жаштык...

Серепчилердин баамдоосунда жашы жетелекте сексуалдык жашоого азгырылып, алданып калган кыздар көбүнчө никесиз төрөп, ымыркайын төрөтканага же балдар үйүнө калтырып кетишет. Алардын өздөрүн деле андан ары жакшы жашоо күтүп турбайт, көп учурда алар коомчулуктун кодулоосуна туш болот.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна мындай акыбалга тушуккан кыз-келиндер көп кайрылат.

Оштогу “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова мындай көрүнүш ата-эне менен уул-кыздын ортосундагы сырдакана мамиленин жоктугунан улам болуп жатат деген пикирде:

"Кыздардын жыныстык жашоо тууралуу эч кандай маалыматы жок. Анткени үйдө бул тууралуу сөз болбойт. Ошондуктан, алданып калып, төрөгөндөн кийин да коңшу-колоң, туугандары тарабынан кодулоого кабылат. Айрым ата-энелер же туугандары антип эртелей, никесиз төрөгөн кыздарды үйдөн кууп чыккан учурлар да бар".

Адистер эртелей эне болгон секелектерди коомчулуктун кодулоосуна салып бербей, жалгыз бой энелердин, жетим балдардын көбөйүүсүнө себеп болгон күкүн ата аталган жигиттердин да жоопкерчилигин күчөтүүнү сунушташууда.

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG