Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Жаңылган кызга жаза катуубу?


Иллюстрация
Иллюстрация

Никесиз төрөгөнү үчүн үйүнөн куулуп, чүрпөсү менен туугандарынан жашынып жүргөн кыз "Азаттыкка" арыз-арманын айтып кайрылды.

Кыргыз коомчулугунда кыз балдардын тарбиясына өзгөчө маани берилип, аларга карата кыйла чектөөлөр бар. "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп кыздын жүрүм-турумун ата-энеси эле эмес, жакын туугандары кошо тескеп, атургай ур-токмокко алган учурлар азыр да кездешет.

Жакында эле никесиз төрөгөнү үчүн үйүнө батпай, туугандарынан жашынып жүргөн кыз "Азаттыкка" арыз-арманын айтып кайрылды. Укук коргоочулардын баамында, айрым үй-бүлөлөр кыздын келечегине туура жол көрсөтүү ордуна "катуу тарбиялайт элек" деп жарга такап, тагдырына балта чаап коюшат. "Аялзат" берүүсү ушул темага арналат.

"Жигитимди Интернеттен тапкам"

"Азаттыкка" арыз-арманын айтып берген Атыргүлдү никесиз төрөп койгону үчүн динчил ата-энеси үйүндө кармоодон уялышкан. Бир жылдан бери тууган-уругунан жашынып, айылына бара албай жүргөнүн айтып берди.

Көзгө көрүнүп, талпынып калган чүрпөсүн улам жыттап, баштан өткөн окуясын эстеп кайта ыйлап алган 19 жаштагы кыз милицияга бир нече ирет арыз жазган экен:

- Ал бала менен Интернеттен таанышкам, мен деле жакшы эле ойдо жазгам. Биз бир эле жолу чогуу болдук. Кош бойлуу экенимди кийин беш ай болгондо билдим. Окууга тапшырайын деп документтерди, 086 даярдап жүргөм. УЗИге барып "жөн эле мөөр басат окшойт" десем, текшерди. Ошол жерде: "Карындашым, турмушка чыккансыңбы?" деп сурады. Мен ошондо билдим. Эмне кылышымды билбей жүрүп, бала чоңоюп кетти. Ата-энеме айтпай, батирден батирге көчүп жүрө бердим. "Окуп жатасыңбы?" десе: "Ооба" деп жүрө бердим. Анан жети ай болгондо билишти. Атам менен апам жаман акыбалда калышты, ошол учурлар эч эсимден кетпейт. Эмне кылышат эле, алдыртып салайын десе да болбойт, айылда өздөрү багып алайын десе да болбойт. Анан милицияга беш-алты жолу арыз жаздык. Карабай коюшту. Анан эл көзүнөн далдоо болсун деп Бишкекке жөнөтүштү.

Жоолук салынган, илбериңки кыз чүрпөсүн өмүр бою жашырып өтөм деген ойдо.

Балалык доору эми гана аяктаган Атыргүл өзүн алдап кеткен Нурсултандын үй-бүлөсүнөн баланы кабыл алышын гана суранып жатат:

- Боюмда бар кезде өзүм тамак-аш жасап, аны цехтерге таратып иштеп жүрдүм. Азыр бакканга күчүм жетпей калды. Айылдагылар билип же угуп кала турган болсо билбейм, эмне болот. Атам имам, апам да жоолук салынып, намаз окуйт, "имамдын кызы" деп айтышат да. Алар өздөрү эч нерсе деген жок, "бешенеңе жазганы ушул тура" деп жер караган бойдон калышты... Нурсултандын атасы менен сүйлөшсөм "биздин бала экенин далилдеп берсең, жардам беребиз" дешти. Биз жашабасак деле ошонун баласы, канынан жаралган. Баланын тагдыры үчүн бардыгына даяр элем. Ушунча жашырып, бекиткенден кийин аягына чейин эле бекитем го.

Атыргүл күнөөлөгөн тарап менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Учурда "Сезим" кризистик борбору Атыргүлгө юридикалык жардам берүүгө даярданууда.

"Эл эмне дейт?"

Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кыздар никесиз төрөгөн учурда таландыга калып, моралдык басымга кабыларын белгиледи. Анын айтымында, "Эл эмне дейт?" деген көз караш кыргыз коомунун кан-жанына сиңип, айрым учурда жеке жашоого аралашып, залалын тийгизген учурлар болууда:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Каалайбызбы-каалабайбызбы, бизде элдин пикири менен эсептешкен, "кокуй, эл эмне дейт?" деген көз караш бар. Эртең эле андан кутулуп кете албайбыз. Ошондуктан ойлонгула! Эгер төшөккө бир жатсаңар эмне болот, бала кайдан төрөлөт, ойлоно жүрүш керек. "Жашап көрөлү, мүнөзүбүз келишеби же жокпу, анан көрөбүз" деп бала төрөлгөндөн кийин эки жакка баса берген учурлар көп. Мындайда жалгыз кыздар күнөөлүү болуп калат. Бул бизге сабак болушу керек. Сөзсүз эле өлүп алыш керекпи же аны өлтүрүп коюш керекпи?! Акыл калчап, тынч жол менен көйгөйдү чечсе болот. Эне болгондон кийин бизде да күнөө бар. Кыз балага жеринен туура тарбия берип, укугун коргоого үйрөтүү керек.

Жакында эле Ноокат районунда энеси никесиз төрөгөн кызын "айылга, туугандарга шерменде кылдың" деп бутун байлап, уулу экөөлөп каналга ыргытып жиберген окуя катталган.

Милициянын маалыматына караганда, эне-бала кызын эч жакка чыгарбай, үйдө кармоону чечкен. Бирок кыз ага көнбөй каршылык кылган.

Ошондо анын бутун байлап, түнкү саат 12де каналга ыргытып жиберишкен. Бул үрөй учурган окуяны укук коргоочулар феодализм заманындагы жоруктарга теңешкен.

“Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева айрым үй-бүлөлөрдө эрежелер мыйзамдан жогору болуп, “өзүмбилемдик менен жазалоо” өкүм сүрүп келе жатканын айткан:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

- Ноокатта жүрөк титиреткен окуя болду. Бул окуя азыр деле үй-бүлө мүчөсүнүн тагдырын, айрым учурларда жашоосун анын ата-энеси, туугандары чечип жатканын көрсөттү. Бизде дале болсо үй-бүлөдөгү эрежелер мыйзамдан жогору болуп, феодализм учурундагыдай “өзүм билемдик менен жазалоо” өкүм сүрүп келе жатканын ачыкка чыгарды. “Өзүмдүн аялым, эмне кылсам өзүм билем, менин балам, өлтүрсөм-койсом өзүм билем” деген түшүнүк дагы эле элде жашап келе жатат. Үйдө, жабык эшик артындагы “өзүмбилемдик менен жазалоо” - эң коркунучтуу нерсе. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн милиция эл менен иштөөгө тийиш.

Жыныстык тарбия керекпи?

Кыздын кылык-жоругун, баскан-турганын ата-энеден сырткары тууган-уругу да тескеген. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген макал ошол себептүү чыккан.

“Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси Чынара Термечикова мындай учурлар кыздарды ого бетер чүнчүтүп, алар психологиялык зомбулукка дуушар болот деп эсептейт. Психолог кыздар аянычтуу тагдырга туш болбош үчүн балдарга жаштайынан жыныстык тарбия берүү зарыл экенин айтты:

Чынара Термечикова.
Чынара Термечикова.

- Азыркы заманда "кырк үйдөн тыюу" дегенди унутуш керек. Бизди өспүрүмдөрдүн ою угулбайт, аларга кичине баладай карабайыз. Негизи эле баланы кичине кезинен инсан катары кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Атыргүл деле "баламды өмүр бою жашырам" деп жатат. Андай шартта өзү да чүнчүп, баланы да чүнчүтөт. Турмушта ушундай жаңылыштык, ушундай туура эмес иштер, кырдаалдар болот. Ата-энелер аны кабыл алганды, кечиргенди билбейбиз. Ал үчүн өлүп калыштын кереги жок. Эми бала жөнүндө, анын келечеги жөнүндө ойлонушубуз керек. "Жыныстык тарбияны кичине кезинен бериш керек" десе эле "эрте" деп уялышат. Эмнеге уялышат!? Минтип төрөп койгондон кийин, бала атасыз калгандан кийин айтабызбы?!

Соңку кезде өспүрүм кыздар арасында төрөп, баласынан баш тарткандар жана баласы менен жалгыз калгандар көбөйүүдө.

Көп учурда баланын атасы бардык жоопкерчиликтен, анын ичинде алимент төлөп берүүдөн же материалдык жардам көрсөтүүдөн да баш тартат. Мунун айынан кыргыз коомунда социалдык жетимдер мууну чоңоюп жатканы да айтыла баштады.

Адистер муну социалдык-экономикалык кырдаалдан, жыныстык сабатсыздыктан, тарбиянын, адеп-ахлактын жетишсиздигинен жана эркектердин жоопкерчиликсиз мамилесинен көрүшөт. Мусулман аялдардын "Мутакалим" коомунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы ириде эркек балдардын жоопкерчилигин көтөрүү зарыл деп эсептейт:

Жамал Фронтбек кызы.
Жамал Фронтбек кызы.

- Бул жерде кыз да, бала да кылган ишине жооп бериши керек. Дин жагынан алып келгенде бул зына болуп саналат. Динде "муну кылбагыла" эмес, "зынага жакындабагыла" деген аят келип жатат. Демек, бул чоң күнөө. Ошондуктан биз бул жакшылыкка алып келбей турганын түшүндүрүшүбүз керек. Көп учурда кыздарды "кырк үйдөн тыюу болуш керек", "кыз күнөөлүү" дейбиз. Бирок эркек бала жолобосо кыз кайдан кош бойлуу болот? Ошондуктан эки жакты бирдей карап, тарбиялык иштерди жүргүзүшүбүз керек. Коомчулук жоопкерчиликти эркек балага да жүктөшү керек. Тыйып эле койбой, анын себептерин, кесепетин айтуу зарыл. Ошондой эле эркек балдарга да кырк үйдөн эмес, сексен үйдөн тыюу салуу абзел. Кыздын боюнда болуп калганда "бала керек эмес" деп качып жатышат. Бул өтө туура эмес. Азыркы учурда бизде социалдык жетимдер аябай көбөйүп кетти.

Ар кандай жагдайда кыйчалыш тагдырга туш келип, наристелүү болуп, анын айынан жакындарынын жемесине калган жаш энелер ымыркайды таштап, өзү жанын кыюуга чейин барган учурлар кездешет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын расмий түрдө 95 бала ташталат. Адистер ар кандай шартта ташталган балдардын саны мындан алда канча көп экенин белгилешет.

Улуттук статистикалык комитет соңку он жылда бойдон алдыруу 22% көбөйүп, бир жылда алардын саны 24,5 миңге жеткенин билдирген.

"Азаттыктын" архиви: Уят деп унчукпайлыбы? 26-май, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG