Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:38

Орозо айт - адамгерчиликтин майрамы


Самира Мейсан, Милянфан айылынын тургуну.

Кыргызстандыктар 5-июнда Орозо айтты белгиледи. Ислам дининдеги маанилүү күндөрдүн бири саналган бул майрам үч күнгө созулат.

​Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Милянфан айылынын тургундары жыл сайын Орозо айт майрамын тосууга өзгөчө даярданышат.

Майрамдык маанайга күбө болуу үчүн 5-июнда алардын кыштагына барып, бир топ үйлөргө баш бактык. Ар бир короодо эки жерге дасторкон жайылган. Биринде таттуулар, мөмө-жемиш, суусундуктар, экинчисинде түркүн ысык тамактар жайылган. Дасторкондо бош орун жок.

Айт күнү эртеден кечке бардык үйдүн дарбазалары ачык турат. Адамдар каалаган үйүнө айттап барып, бири-бирин майрамы менен куттуктап, куран окуп, даам сызып кетишет.

Кыргызстандык дунгандар.
Кыргызстандык дунгандар.

Бул күнү куран аяттарын чоңдор эмес, балдар окушат. Дунгандар заманбап жашоо менен кошо шарият амалдарын бирдей алып кетүүгө аракет кылгандыктан, тестиерлер диний билимин айт күнү чоңдорго көрсөтүп, алкыш алганга аракеттенет экен.

Кичинекей балдар-кыздар болсо жаңы кийимдерин кийип, үймө-үй кыдырып чоңдордон майрамдык белек чогултушат. Чөнтөктөрү тыйынга, момпосуйга толуп, кубанып жүрүшөт. Алар эшиктен “бежелэли” деп киришет. Кыргызча которгондо бул сөз “Конокко келдик” дегенди түшүндүрөт.

Айыл тургуну Юнус Мейсан балдарга берем деп, эки миң сомдой акчаны камдап коюптур. Дарбазадан киргендин баарына тыйын менен кошо бирден момпосуй карматып жатты. Жубайы Самира болсо дасторконду толтуруп, конок күтүп жүрөт. Ал бизге дүйүм тамактарды көрсөтүп, айт майрамынын өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берди:

"Мисалы, бул ак түстөгү тамагыбыз тиангоу деп аталат. Сүт, жумуртка жана шекер кошуп, бууда бышырабыз. Аны чыныга куюп, үстүнө мейиз салып десерт катары тартабыз. Майрамдык дасторкондо томомо деген таттуу токоч сөзсүз болот. Көрүнүшү уйгур жана өзбек элинин кичинекей самсасына окшош. Томомо жасаш үчүн сары майга ун кошуп, камыр жууруйбуз. Ичине майдаланган жаңгак, мейиз, бал кошуп, меште бышырабыз. Андан башка деле толтура тамактарыбыз бар. Уйдун, тооктун эти сөзсүз болот. Конокко келген адамдын баарына дарбазабыз ачык, тууган же жат киши деп бөлбөйбүз. Чоочун кишилер келсе да тамак сунуп, конок кылабыз. Эркектер күндүз тууган-туушкан, дос-жар, айылдаштарга барат. Аялдар болсо күндүз конок тосуп, кечинде башкалардыкына айылчылайт. Албетте, түйшүгү оор. Бирок мындай улуу майрамды бийик деңгээлде белгилегенге даярбыз".

Самира айтмакчы, айт күнү каалаган киши Милянфанга мейманга барса болот. Мисалы, Нарында туулуп-өскөн Чолпон Жолдубаева бул кыштактагы курбуларынын үйүндө коноктоп жүрөт. Ал милянфандык келиндер менен Бишкектеги тигүү цехтеринде чогуу иштейт:

"Мени апам, сиңдим конокко чакырды. Бирок мен дунган мекендештеримдин салт-санаасын көрүүнү каалап, бул жака келдим. Аябай жакшы майрамдашат экен. Тамак-аштары да ар түрдүү, баары даамдуу. Эми буларды мен да конокко чакырып, кыргыздын улуттук тамак-аштары менен сыйлагым келип калды".

Томомо
Томомо

Дунгандар орозо айтты – эң чоң майрам деп эсептеп, аны тосууга акча аяшпайт. Орточо эсепте 10-15 миң сом коротушарын айтышты. Сарп-каражаттын көлөмүн жайылган дасторкондон эле байкайсыз. Ал эми дагы бир диний майрам – Курман айтты болсо баары өз үйүндө курмандык чалып, белгилешет. Конок тосуп, мейманчылашпайт. Бир койдун этинин үчтөн бирин үйдө алып калып, калганын муктаждарга бөлүштүрүп беришет экен.

Ал эми кыргыздар бул күнү боорсок жана башка улуттук тамактарды бышырып, дүйнөдөн өткөндөрдү эскеришет. Маркумдарга куран багыштап, алардын жакындарына колдоо көрсөтүшөт. Бөбөктөргө, өспүрүмдөргө тыйын-тыпыр же таттууларды беришет. Чоңдор да бири- бирин куттуктап, майрамдык белектерин тартуулашат же болбосо, чогуу чер жазып майрамдашат.

Оштун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын тургуну Гүлжан Алтымышбаева деле колу-коңшулары сыяктуу бул диний жөрөлгөгө өзгөчө көңүл бурат. Биз барганда ал кыздары жана уулу менен майрамга даярданып, боорсок бышырып жаткан экен:

Гүлжан Алтымышбаева кызы менен.
Гүлжан Алтымышбаева кызы менен.

“Айт майрамы биз үчүн жогору мааниге ээ болгон күндөрдүн бири. Бул күн бизден куран үмүт эткен, көзү өткөн тууган-туушкандарыбызды эскерүү менен башталат. Боорсок жасап, жыт чыгарып, куран окуйбуз. Айт күнү үйдө кир жуулбайт. Майрамдан бир-эки күн мурун эле бүт кир-кокту жууп, үйлөрдү тазалап, өзүбүз да жуунуп даярданабыз. Айтта баарыбыз жаңы кийимдерди кийип алабыз. Тамак бышырып, жакындарыбызды конокко чакырабыз.

Бала кезде айттайбыз деп, досторубуздун үйлөрүнө барат элек. Азыр эми өзүбүз үй күтүп, дасторкон жайып, конок тосуп калдык”.

Өзбектер деле айт майрамына өзгөчө даярданышат. Үй-жайды жыйнап, айлана-чөйрөнү тазалашат. Айт күнү эртең менен көчөлөргө суу сээп, шыпырышат. Айт намазы окулуп бүткөн соң эркек-аялдар топ-топ болуп, жакындарын жоготкон кишилердин үйүнө барып куран окушат. Аялдар жаңы келин алган үй-бүлөлөргө баш багып, келин аларга салам берип, ысык чай сунат.

Өзбектер айттан бир күн мурун аш бышырып, аны чоң чыныларга бөлүп салып коңшуларга таратышат. Калган кепти Ош шаарынын тургуну Бахром Рахманжан айтып берет. Баса, өзбек элинде майрамдык палоону көбүнчө эркектер демдейт, Бахромду деле очок башынан сүйлөттүк:

Майрамдык палоо
Майрамдык палоо

“Аш тараткан салтыбыз бар. Кудайга шүгүр, көп жылдан бери жоголбой, сакталып келатат. Айттан бир күн мурда, тагыраагы арапа күнү шам намазы маалында коңшуларга, туугандарга палоо беребиз. Жүзүмдүн жалбырагынын ичине эт салып бышырган азыгыбыз болот, ал “кавартек” деп аталат. Ошону аштын бетине басып коёбуз. Болбосо эт, жумуртка, салаттарды кошобуз. Мисалы, биздин үйгө коңшубуз аш чыгарса, мен анын чынысына өзүбүз демдеген аштан салып, жөнөтөм. Кээде ар кандай шарт болуп, палоо бышырбай каласың. Андай учурда тигил кошунаң берген ашты бул кошунаңа узатып, кырдаалдан чыгып кетесиң. Же болбосо, чынысын момпосуйга толтуруп жөнөтөсүң”.

Бахромдун айтымында, өзбек жигиттер арапа күнү кечинде аш жеп, андан соң чогулуп, мончого барышат. Айт күнү таңкы саат 3-4төрдө эле ойгонушат. Эркектер мечитке чыгып, айт намазын окугандан соң сөзсүз үйгө таттууларды алып барат да, аны энесине, аялына, кызына, келинине жана бөбөктөргө таратып берет:

“Нышалда деген суюк таттуу азык жасайбыз. Жумуртканын агына шекер кошуп даярдалат. Көбүнчө аны аялдар жасайт. Айт күнү жакындары дүйнөдөн өткөн кишилердин үйлөрүнө барып, куран окуп келүү да милдетибиз. Алардын үйлөрүндө дарбазалар үч күн бою ачык турат. Андан тышкары, мүрзөгө барып, зыярат кылып келебиз. Эс алуу бактарында сейилдейбиз. Баары жакшы көргөн кийимдерин кийип, атырын себинип, жакшы маанайда жүргөнгө аракет кылышат”.

​Нышалданы өзбектер орозо айынын азыгы дешет.

Тажиктердин орозо айттагы салты да өзбектердикине окшошуп кетет. Арабдар бул күндү көбүнчө үй-бүлөгө арнап, жашы улуу кишинин батасын алышат. Андан ары дүйнөдөн өткөн туугандарынын кабырына барып, райхан эгишет жана куран окушат. Кийин алыс-жакын тааныштардыкына барып, аларды майрам менен куттукташат. Түрктөр болсо «шекер майрамы” деп, мечиттин алдында элге момпосуй таркатышат.

Орозо айтка түшүндүрмө

Орозо айттын биринчи күнү Кыргызстандын жылнаамасында майрам катары көрсөтүлүп, дем алыш деп жарыяланган.

Мусулмандар орозо айында колу жукаларга жардам болсун деп мечиттеги атайын акча чогултулган кутуга битир-садака акчасын салышат. Же болбосо аны муктаж үй-бүлөлөргө “айттык белек” деп берип койсо болот.

Быйыл Кыргызстанда Мусулмандар дин башкармалыгы битир-садаганын баасын киши башына 35 сомдон эсептеген. Мисалы, бир үйдө төрт адам жашаса, ар бири үчүн 35 сомдон санап, бей-бечараларга беришет. Акчалай бербесе да азык-түлүк, дан, мейиз тартууласа болот.

Орозо айт майрамы мусулмандардын ай календарынын Рамазандан кийинки Шавваль айынын алгачкы үч күнүндө белгиленчү маараке. Эртең менен айт намазын окуу менен башталган жөрөлгө адамдардын бири- бирине жакшылык кылууга үндөгөн салттар жана майрамдык маанайы менен уланат.

Дин маселелери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалиловдон кыска түшүндүрмө:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

“Орозо тутуу Куранда жазылып, айтты белгилөө пайгамбардын осуятынан уланып келет. Ислам дининде Орозо айт жана Курман айт күндөрү майрам болуп эсептелет. Орозо айт майрамынын себеби Рамазан айында 30 күн такай тутулган орозо күндөрүнө негизделет жана ошол айдын 27-түнү Курандын түшкөн түнү болуп эсептелинет, демек бул майрамдын негизи бекем. Айт деген сөздүн өзү арабча “ъид” деген сөздөн келип чыккан. “Ъид ал-фитр”, рамазан майрамы, орозо айт, битир майрамы деп ар кандай аталат. Айттын эрежелери пайгамбар заманынан тартып сакталып келген, бирок кээ бир улуттар өздөрүнүн салттык түшүнүктөгү майрамын дагы киргизишкен”.

Орозо айт намазы Бишкекте көп жылдан бери он миңдеген кишилердин катышуусунда эски аянтта окулуп келет. Аймактарда аянттарда, стадиондордо же мечиттерде окулат. Эксперт Канатбек Мурзахалилов муну калкынын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзгөн өлкө бийлигинин өз жарандарынын ишенимине көрсөткөн урматы деп баалады:

“Адаттагы майрамдардан өзгөчө болуп, бул майрамда ыр-кесе, бий уюштурулбайт, ичимдик ичилбейт. Эс алуучу жайларда, парктарда кээ бир кайрымдуулук жасашкан топтор бекер тамак-аш таркатышат, жаш балдар үчүн оюн-зоокторду, балдарга балмуздактарды акысыз беришет же арзан сатышат. Айрым коомдук транспорттор айт күнү жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Намаз окулган аянттарда кишилер артынан таштанды калтырып кеткен учурлар боло элек, мүмкүн болушунча тазалыкты сактаганга аракет кылышат”.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG