Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Медреселер илимге эшик ачабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний окуу жайлардын баарында, анын арасында медреселерде да дүйнөбий илимдерди милдеттүү окутуу талабы коюлган жобонун долбоорун иштеп чыкты.

Эгер аны өкмөт бекитсе, “География”, “Тарых”, “Кыргыз тили жана адабияты” ж.б. сабактар окуу программасына кириши кажет. Бирок дүйнөбий илимдерден ким сабак бериши керектигин аныктаган механизм азырынча так эмес. Муну мугалимдер менен жекече келишим түзүү аркылуу ишке ашыруу маселеси каралып жатат. Бирок төлөм маселеси чечилбей турат.

Жобонун максаты – радикализм глобалдык көйгөйгө айланып турган учурда жаштарга диний амалдарды гана үйрөтпөй, алардын дүйнө таанымын өстүрүү. Бирок адистер бул аракет мыйзам менен бекитилмейинче толук иштеп кетиши күмөн дешет.

Албетте, “диний билим берүү” дегенде медресени гана элестетүү туура эмес. Кыргызстанда христиан дининен сабак берген окуу жайлар да бар. Бирок өлкө калкынын негизги бөлүгүн мусулмандар түзүп, жүздөн ашуун медресе катталгандыктан, бүгүнкү баянда медреселердин мисалында кеп кылабыз.

Жаңы жобонун талаптары

Таластын Манас районунун тургуну Токтокан Жумашеванын кызы эки жылдан бери Талас шаарындагы медреседе билим алат. “Азаттыктын” кабарчысынын “Окуу программасынан кабардарсызбы?”, – деген суроосуна ал мындай жооп берди:

«Биз иштейбиз. Жумуш менен болуп, кызымдын сабактарына көңүл бурбаптырбыз. Көбүнчө Куранды, аяттарды окуганын көрөм. Дүйнөбий илимдерди мектептен окуган».

Оштогу медреселердин бириндеги китептер.
Оштогу медреселердин бириндеги китептер.

Токтокан Жумашева медреседеги устаттар кызына диндин оош-кыйышын үйрөтүп, сабаттуу кылып чыгара турганына ишенерин кошумчалады.

Дин комиссиясы сунуштап жаткан жобо бекитилип калса, Токтокан Жумашеванын кызы Куран окуп, аят жаттап гана тим болбой, дүйнөбий илимдерди да окуй баштайт.

«Диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө» жобонун долбоорун анализдеп чыккан адистердин бири, диний багыттагы эксперт Канатбек Мурзахалилов документти мындайча талдап берди:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

«Жобонун долбоорунда Кыргызстанда диний билим берүүнүн стандарттарын аныктоого, окуу жайларды, алардын материалдык-техникалык базасын иреттештирүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынан чет өлкөлөргө билим алууга бара жаткан жарандардын эсепке алуу каттоосун тартипке келтирүүгө, мындан тышкары жашы жете элек балдардын, башкача айтканда 9-класска чейинки балдарга диний билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү механизми каралган. Негизинен диний окуу жайлар орто жана жогору деп эки типке бөлүнүп, аларга өзүнүн билим берүү программасын аккредитациялоого, диний билим берүүнү сапаттуу реформалоого мүмкүндүк берет".

Орто диний окуу жайларда негизги жалпы билим (9 класс) алышкан адамдар окуганга укуктуу жана окуу программалары жалпы билим берүүчү предметтердин минималдуу милдеттүү топтомун камтып, алар төмөнкүдөй беш дисциплинадан турууга тийиш: «Кыргызстандын тарыхы», «Адам жана коом», «Диндердин тарыхы», «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты».

Ал эми жогорку диний окуу жайларда орто окуу жайды аяктаган, жалпы орто билим (11 класс) алышкан адамдар окуганга укуктуу. Алардын окуу программалары жалпы билим берүүчү предметтердин минималдуу милдеттүү топтомунан туруп, он светтик дисциплинаны камтууга тийиш: «Кыргызстандын тарыхы», «Жаран таануу», «Дин таануу», «Кыргыз тили», «Орус/Чет тили», «География», «Социология», «Дүйнөлүк тарых», «Психология жана педагогика», «Маалымат технологиялары» деген сабактар бар».


Жобонун пункттарына ылайык, диний билим берүү жашы жеткен жана жашы жете элек адамдар үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар түрүндө жүзөгө ашырылат. Жашы жеткендер үчүн андай курстарды бир жылдан көп эмес мөөнөттө, жашы жете электер үчүн мектептеги окууга тоскоолдук жаратпаган шартта уюштуруу жагы да каралган.

Диний окуу жайларда курулуш ченемдери жана эрежелери, санитардык жана гигиеналык талаптары, окуучулары менен кызматкерлеринин саламаттыгын сактоо, сабак өтүүчү жайлардын жабдылышы, балдардын, мугалимдердин билими мамлекеттик талаптарга жооп берүүгө тийиш. Адистер бул жобо иштесе, диний окуу жайлар иргелип, сапаттуулары гана калышы ыктымал деп боолгоп атышат.

Механизми азырынча так эмес

Кыргызстандагы медреселердин айрымдары азыр деле өз ыктыяры менен окуучуларга дүйнөбий илимдерди үйрөтүп келет. Дин комиссиясынын маалыматына караганда, жүздөн ашуун медресенин он чактысында азыр ушундай тажрыйба бар. Андан тышкары, балдарга диний билим менен кошо кай бир кесипти да окутуу милдеттендирилген. Кыздар тикмечиликти, тамак бышыруу сырларын үйрөнсө, эркек балдар ширетүүчү, устачылык өңдүү кесиптерди да окушат. Мисалы, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы “Ал-Фарух” мечитинде билим алып жаткан Сапар Жеңишбек уулу бал аары багууну да үйрөнөт:

«Азыр диндин агымдары көбөйүп, терроризм күчөп жаткандыктан, өзүбүздүн динибизди жакшы билбесек, ар кандай адашууларга дуушар болуп калабыз», - деди ал.

Кайрадан дүйнөбий илимдерди үйрөтүү маселесине келсек, адистер бул жобонун долбоорун аябай зарыл документ экенин айтып жатканы менен ишке ашыруунун механизмдери толук болбой турат. Мисалы, диний окуу жайларда дүйнөбий билимдерди кимдер окутат, аларга ким акы төлөйт, деген суроолор азырынча ачык бойдон калууда.

Дин комиссиясынын өкүлү Замирбек Турсунбеков жобонун долбоорун талкуулоо учурунда ал маселени чечүү жолу сунушталарын айтты:

«Ушул маселе толук сүйлөшүлүп бүтө элек. Талкууланып жатат, сырттан келет. География же Тарых сабагы дегени диний эмес да, ошон үчүн педагогдор сабак берет. Механизм иштелип бүтө элек. Азыр долбоор деңгээлиндеги талкуу болуп жатат. Сиз айткандай суроо-сунуштар менен толукталып, өкмөткө жобо сунушталат. Анан токтом катары бекитилет».

(Турсунбеков менен маекти бул жерден угуңуз):

Медреседе дүйнөбий билимди окутуу сунуш кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00


Кыргызстанда медреселердеги окутуу программасын Аалымдар кеңешинин чечими менен муфтият бекитет жана көзөмөлдөйт. Конституцияга ылайык, дин мамлекеттен ажыратылгандыктан, жобо бекитилген учурда деле Билим берүү жана илим министрлиги кийлигишпейт. Андыктан, жогорудагы эрежени ишке ашыруу да жеңил болчудай эмес. Медреселер мектептеги мугалимдер менен жеке келишим түзүп, аларды жалдап окутууга туура келет.

Муфтияттын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Акимжан Эргешов дүйнөбий илимдердин зарылдыгын түшүндүрүп берди.

Эргешов: Биз Кыргыз Республикасынын жаранын окутуп жатпайбызбы. Диний билим алабы, башка кесип ээси болобу, коомдук толук кандуу мүчөсүн түптөшүбүз керек. Андыктан, светтик предметтердин зарылчылыгы өтө маанилүү.

"Азаттык": Мектептен мугалимдерди жалдап иштетүү механизми канчалык реалдуу? Медреселер менен кызматташкан мугалимдер маселесиз эле табылабы? Төлөм жагы кандай болот?

Эргешов: Адис жетиштүү. Бирок адистерди тартып келүүгө финансылык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз. Мугалимдик кесиби бар жарандарыбыз толтура. Айрымдары айлыкка канааттанбай, базарда иштеп жатышат. Каражат болсо, алар менен иштешсек болот.

"Азаттык": Эгер жобо кабыл алынса, финансы жагы кандай чечилет?


Эргешов: Бул маселе көйгөй бойдон калып жатат. Муну чечиш үчүн мамлекет жардам бериши кажет. Мамлекет жардамын аябашы керек. Себеби, биз деле кыргыз жарандарын окутуп жатабыз. Ошолор үчүн чыгымдарды сарптап жатабыз. Медреседе окуганы менен ал Кыргызстандын жараны бойдон кала берет да. Башка планетанын өкүлү эмес го.

"Азаттык": Эгер мамлекет муну колго алса, Конституциядагы “Дин мамлекеттен ажыратылган” деген түшүнүктү четке кагуу болуп калбайбы?

Эргешов: Биз ошол нерсени туура эмес колдонуп келебиз. Германияны мисалга тартайын. Германия деле демократиялык, светтик өлкө. Бирок мамлекет протестант жарандарын окутуш үчүн бюджеттен акча бөлүп берип, диний-светтик билим алышын камсыздайт. Билимдин кандай гана түрү болбосун, мамлекет аны өз жарандарына берүүгө милдеттүү.

(Эргешов менен маекти бул жерден угуңуз):

"Мамлекет диний билимден жардамын аябашы керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00


Эске алчу жагдайлар

Борбор Азияда исламий билим берүүнүн моделин изилдеп жүргөн эксперт, философия илимдеринин доктору Руслан Жалил диний окуу жайларга дүйнөбий илимдерди киргизүүгө мындайча ой кошту:

Руслан Жалил.
Руслан Жалил.

«Кыргызстанда диний билим берүү менен дүйнөбий билим берүүнү аралаштыруунун зарылчылыгы жок. Канчалык кааласак да, экөө бири-бирине аралашпайт. Коомчулуктун да буга даярдыгы жок. Бул маселени теологдорду ишке тартуу менен чечиш керек. Мамлекет муфтият менен кызматташтык жаатында келишим түзүп, жогорку окуу жайларын бүтүргөн теологдорду медреселерге жөнөтүшү зарыл. Алар дин менен дүйнөлүк илимий көз караштарды айкалыштырып, улан-кыздарга сабак өтсө, натыйжалуу болмок. Алардын айлык акысын, программасын, карьералык түзүмүн ишке салып коюу керек».

Диний окуу жайларда дүйнөбий илимдерди окутууга аракет 2014-2020-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу пландарынын бир бөлүгү катары жасалууда. Медреселерде окутуунун абалын изилдеп жүргөн Булан институту мугалимдерди тандоо жана айлык төлөө маселесинде механизмди так-даана кылып коомчулукка жеткирүү зарылдыгын сунуш кылууда. Институттун жетекчиси Чолпон Орозобекова:

Чолпон Орозобекова.
Чолпон Орозобекова.

«Медреселер буга чейин квалификацияланган эмес. Муфтият үч тепкичке бөлуп окутуп келген. Квалификациялоо да жогорудагы жобого кирип жатканы дурус. Медреселердин окуу программасына басым жасоону сунуш кылабыз. Алар Аалымдар кеңеши бекиткен бирдиктүү окуу программасы менен билим бериши керек. Бирок биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал толук сакталбайт. Аны толук сактоо үчүн кандай ыкмаларды киргизишет? Эки-үч айда бир текшерип коюу жетишсиз. Муфтият ачык-айкындуулукту камсыз кылууга тийиш. Муфтияттын сайтындагы окуу программасы аябай майда тамгалар менен жазылган, аны оңдоп, коом арасында да жеткиликтүү кылып түшүндүрүү керек. Ата-эне ал программаны көрүшү шарт. Кийин балдардан да тактап, сурап турганы абзел. Муфтият журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык иштеши керек. Медреселердин көбүнө кириши кыйын. Жада калса, ата-энелери да келип, балдары менен сыртта жолугуп, кайра кетишет. Мындай болбошу керек».



Кыргызстандагы диний окуу жайлардын каржылык булактары да бир кылка эмес. Эксперт Канатбек Мурзахалиловдун айтымында, медреселерге жергиликтүү жана чет элдик демөөрчүлөр, арасында араб мамлекеттеринен жана Түркиядан ишкерлер колдоо көрсөтүп келет. Христиан багытындагы окуу жайлар Батыштан, орустардан колдоо алып турушат. Мамлекеттик органдар алардын каржы булактарын текшерүүгө акысы жок. Салык комитети же Дин комиссиясы гана кат жүзүндө маалымат алууга укуктуу.

«Бүгүнкү күндө муз ордунан жылды. Диний билим берүүнү ирээттештирүү мамлекеттин да, диний уюмдардын да каалоосу болчу. Жобо талкууланып жатат. Эгер токтом катары кабыл алынса, бул жакшы. Бирок аны мыйзам негизинде карап коюу зарыл. Анткени, өкмөттүн токтому мыйзамдан, президенттин жарлыгынан кийин турат»,- деди Мурзахалилов.

Учурда Кыргызстанда ислам дини багытында 110дон ашуун окуу жай бар - бир Ислам университети, 10 ислам институттары жана медреселер. Мындан тышкары христианчылыктын протестант багытындагы 13 окуу жай, орус православ чиркөөсүнө тиешелүү болгон беш орто билим берүү мектеби ишмердик жүргүзөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG