Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:03

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Дин комиссиясы сунуш кылган мыйзам долбоорунда милдеттүү түрдө медреселерди лицензиядан өткөрүү жана намазканаларды каттоо каралган. Ошондой эле ата-энесинин коштоосу жок жашы жете электердин мечитке кирүүсүнө тыюу салынат. Бул сунуштарды колдогондор да, сынга алгандар да көп.

Мечитке киргендердин жашын чектөө

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору дээрлик үч жылдай даярдалды. Ал тургай документ былтыр парламентке да кирип чыккан. Тиешелүү комитеттерде каралгандан кийин чийки жерлери аныкталып, аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайра чакыртып алган. Атайын эксперттер менен бир сыйра ийине жеткирилгенден кийин мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов мыйзам долбоорундагы негизги өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди:

- “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” азыр иштеп жаткан мыйзамда намазканалар, сыйынуучу жайлар жана часовнялар каттоого турууга милдеттендирилген эмес. Ошондуктан акыркы убакта бул жайлар, өзгөчө намазканалар абдан көбөйүп кетти. Көп кабаттуу үйлөрдө, кафе-ресторандарда, базарларда, деги койчу, оң келген жердин баарына ачылды. Мечиттер каттоодо тургандыктан биз анын имамын билебиз, ал жерде кандай сабак берилип жатканы көзөмөлдөнүп турат. Бирок намазканалар кимге таандык? Ал жерде ким дарс өтүп жатат? Мындан кабарыбыз жок. Анткени катталган эмес. Балким ал жерде туура эмес диний багытта сабак берип жаткандыр? Ошону көзөмөлгө алышыбыз керек. Эми биз сунуш кылып жаткан мыйзам кабыл алынса, анда ошол намазкана жана жалпы эле сыйынуучу жайлардын баары милдеттүү түрдө каттоодон өтүшөт. Бул маанилүү биринчи сунуш.

Дин мыйзамын талкуулоо учуру. Бишкек.
Дин мыйзамын талкуулоо учуру. Бишкек.

Эргешов ошондой эле жаңы мыйзам долбоорунда жашы жете электердин ата-энесинин коштоосу жок мечитке же башка диний ибадатканаларга киришине тыюу салуу каралып жатканына токтолду. Башкача айтканда эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, эми мектеп окуучулары өз алдынча намаз окуганы бара албай калат:

- Мыйзам боюнча 16 жашка толо элек балдарга диний үгүт-насаат жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул мектепке чейинки же орто билим берүү мекемелери болсун, диний окуу жайлары болсун - баарына бирдей тиешелүү. Ошол эле учурда бизге көптөгөн ата-энелер жана диний уюмдар кайрылып, “балдарыбызды белгисиз адамдар көчөдөн кармап алып эле, диний үгүт жасап, көрүнгөн жакка алып кирип кетип жатышат” деп арызданышкан. Ошондуктан муну ата-эне эмес, мамлекет көзөмөлгө алышы керек деген ой болуп жатат. Экстремизм, терроризм күчөп жаткан шартта, Сирияга балдарыбыз агылып кетип жаткан чакта ушул демилге зарыл болуп турат. Мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө, жакынкы эле Казакстанда да бар. Бул балдардын да келечеги үчүн керек нерсе. Биз балдардын мечитке, чиркөөгө, синагогага же башка сыйынуучу жайларга барышына тыюу салбайбыз, болгону ата-энеси менен гана барышын талап кылабыз. Өзү жалгыз барбашы керек болот. Бул экинчи сунуш, -деди Зайырбек Эргешов.

Бишкек шаарындагы "Victory" бизнес-борборунда 27-июнда өткөн коомдук талкууда алгач жарыяланган бул сунуштар колдоо менен кабыл алынды. Бирок ошол эле кезде ага ынабагандар да болду.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Жоробай Шергазиев бул сунуштарды кайра карап чыгыш керек экенин белгилейт:

- “Мечитке, чиркөөгө же башка жакка балдар ата-энесинин коштоосу жок барбасын” деген сунуш коомчулукта түшүнбөстүк жаратышы мүмкүн. Менин оюмча бала балакатка жеткен болсо, акыл-эси жайында болсо, мечитке өзү барып келе алса, анда өз алдынча барып эле намаз окуп келе бериши керек. Бул жерде ошол мектеп окуучусунун деле укугу бар да? Албетте, мында мектептеги сабак убактысынан сырткары, окуусуна тоскоол болбогудай болуш керек. Биз ансыз деле имамдардан ошону талап кылып турабыз. Эгер "сөзсүз түрдө ата-энеси менен чогуу мечитке барсын" дешсе, анда муну аткаруу өтө кыйын болот. Себеп атасы жумушта болуп калат, балдарынын жанында дайыма эле боло албай калат. Кантсе да бул азырынча долбоор, балким кийинки талкууларда дагы өзгөрүп кетет же башка сунуштар айтылат.

Дин мыйзамын талкуулоо учуру. Бишкек.
Дин мыйзамын талкуулоо учуру. Бишкек.

Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү иштеп жаткан мыйзам 6 бөлүм, 30 беренеден турса, жаңы долбоордо анын дээрлик баарына өзгөртүү киргизилгени жатат. Толуктоолордо көбүнчө терминологиялык тактоолор жана аныктамалар да бар.

Медреселерди жана миссионерлерди көзөмөлдөө аракети

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуш кылган мыйзам долбоорунда Кыргызстандагы диний окуу жайларын иретке келтирүү маселелери да каралган. Тагыраагы өлкөдөгү медреселердин баарын милдеттүү түрдө лицензиялоо тууралуу сунуш киргизилген. Мыйзам долбооруна ылайык, диний билим берүүчү жайларга аларда радикалдык көз караштар жана чакырыктар жок экендиги ырасталгандан кийин гана диний билим берүү менен алектенүүгө уруксат берилет.

Оштогу медреселердин бүтүрүүчүлөрү.
Оштогу медреселердин бүтүрүүчүлөрү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов аны мындайча түшүндүрдү:

- Учурда медреселерде 8 миңден ашуун студент бар болсо, окууну бүткөндөн кийин алардын дипломун мамлекет тааныбайт. Башкача айтканда алар мечиттен, муфтияттан башка жерге ишке кире албайт. Диний окуу жайларында Куран, Библия же башка диний китептер, ошого тиешелүү предметтердин баары окулат. Бирок эгер лицензия алса дүйнөбий сабактар, физика, математика, химия, астрономия жана башка сабактардын баары киргизилет. Натыйжада балдар медресени бүткөндө мамлекеттик деңгээлде тааныла турган сертификат жана аттестат алат. Кааласа андан ары жогорку окуу жайында окуусун улантат. Медресе же башка диний окуу жайлары лицензия алыш үчүн биринчи материалдык жагдайын талапка ылайык кылышы керек. Класстарын, парталарын, окуу куралдарын, жатаканасын же башка шарттарын толук түзүшү керек болот.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча учурда өлкөдө ислам багытында билим берген 114 диний окуу жайы бар экен. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлору. Мыйзамга медреселер боюнча бул өзгөртүүлөр кирсе, булардын көбү жабылып калышы мүмкүн.

Соңку мыйзам долбоорунда мындан сырткары чет мамлекеттерге диний окууга бара тургандар Кыргызстанда жалпы орто билимди же баштапкы диний билимди сөзсүз алышы зарыл экендиги да милдеттендирилгени турат. "Андан кийин гана дин иштери боюнча мамлекеттик органды кабарлап, кетсе болот" деген талап камтылган.

Ошондой эле мыйзам долбооруна ылайык чет элдик дин миссионерлери Кыргызстанда үгүт жүргүзүшү үчүн сөзсүз түрдө Дин комиссиясынан каттоодон өтүшү керек болот. Акыркы сунушту да көбү колдоого алган менен, "бул тоскоолдуктун куралы болуп кетпесе экен" деп кабатырлангандар бар.

Бишкектеги жыйын. Ортодо ак көйнөкчөн Пётр Шмидт.
Бишкектеги жыйын. Ортодо ак көйнөкчөн Пётр Шмидт.

Евангелия багытындагы христиан-баптисттеринин чиркөө бирикмесинин төрагасынын орун басары Пётр Шмидт буларга токтолду:

- Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, эгер биз эми чет өлкөдөн диний миссионерди чакыра турган болсок, ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда сөзсүз катталышы керек. Ошондон кийин гана ал Кыргызстанда диний ишмердүүлүк жүргүзө алат. Бул эрежеден мен карама-каршылык деле көргөн жокмун, бирок эгер миссионерлерге карата объективдүү мамиле болсо. Дегеним, эгер биз чет өлкөдөн кайсы бир диний ишмерди чакырсак, комиссиядагы адистер аларга баш тартып койбойбу же аларга уруксат бербей койбойбу деген чочулоо бар. Бирок жалпылап айтканда, учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору азыркы иштеп жаткан мыйзамга караганда прогрессивдүү деп айтсам жаңылышпайм. Дин комиссиясы бардык диний конфессиялардын өкүлдөрү менен жолугуп, сунуштарын, ой-пикирлерин укту. Анча-мынча биздин ойлор деле эске алынды. Кээ бир терминдер боюнча гана талаш-тартыш пикирлер болуп жатат, алар менимче коомдук талкууларда, кийин парламентте да такталып, оңдоодон өтөт деп ишенем.

Бирок ошол эле кезде эксперттер мыйзам долбоорунда каралбай калган нерселер да бар экенин белгилешти. Мисалы, дин маселелери боюнча эксперт Нурлан Исмаилов диний ишмерлердин саясатка аралашуусуна чектөө коюу боюнча өзгөчө тартип киргизүү керек деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндө саясатчылар дин ишмерлерин ар кайсы максатта колдонгону орчундуу маселе болуп турат. Саясатчылар “биз диниятчыларды колдондук, болду эми, таштап коебуз” деп ойлоп жатышат, бирок тескерисинче диниятчылар саясатчыларды колдонуп жатышат. Алар узак убакытка саясатчыларды туткунга алып жатышат. Ошондуктан диний ишмерлерди саясатка аралаштырбоо боюнча каражатты чыңдоо зарыл. Мыйзамда ошол нерсе эске алынбай калыптыр. Анда “саясатка диний уюм, диний окуу жай жана диний миссиялар аралашпайт” деп жазылганы менен, "диний ишмерлер саясатка аралашпасын” деген эреже калып кетиптир. Биздин оюбузча муну да кошуш керек. Кошуп, диний ишмер ким, мурдагы жана азыркы муфтийби, молдобу, башкабы - так аныктама киргизип, алар кандай жолдор менен саясатка аралашпашы керек экендиги так жазылыш керек. Имам-молдолор же мечиттин миңбарын же саясаттын трибунасынын экөөнүн бирөөн гана тандашы керек. Экөө бири-бирине аралашпашы керек.

Маалым болгондой, акыркы эле президенттик шайлоодо бир катар диний ишмерлер талапкерлер үчүн ачык үгүт жүргүзгөн. Тагыраагы экс-муфтий Садыкжан Камалов ошол кездеги талапкер Өмүрбек Бабановго ачык колдоо билдирип чыкса, экс-муфтий Чубак Жалилов талапкер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий өнөктүгүнө катышып, аны колдоого чакырганы бар.

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Кийин 2011-жылы жана 2012-жылы өзгөртүү киргизилген. Коопсуздук кеңешинин, мурдагы Коргоо кеңешинин 2014-жылкы жыйынында мыйзамды дагы өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алынып, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Жаңы мыйзам долбоору боюнча өлкө аймагында күзгө чейин талкуу жүрүп, андан кийин парламентке киргизилет. Андан өтсө президент карайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG