Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети дүйшөмбүдө талкуулады. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөртүүлөрдүн маанисин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда диний билимди милдеттүү түрдө лицензиялоонун негизинде жүргүзүү, радикалдык көз караштар жана чакырыктар жок экендиги ырасталгандан кийин диний билим берүү менен алектенүүгө уруксат берүү сунушталууда. Ошондой эле чет мамлекеттерге диний окууга бара тургандар Кыргызстанда жалпы орто же диний билим алышы зарыл. Андан кийин гана дин иштери боюнча мамлекеттик органды кабарлап, кетсе болот деген талап камтылган.

Талкууда ар кыл пикирлер айтылып, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды. (NT)

XS
SM
MD
LG