Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:51

Дүйнөбий мамлекет менен диндин мамилеси


Нурлан Исмаилов жана Канатбек Мурзахалилов.

Кыргызстандагы саясий система, экономикалык абал өлкөдө дүйнөбий көз караштын калыптанышына канчалык таасир этет?

Көп диндүү мамлекетте тең укуктуулукту кантип элге сиңириш керек? Эмне үчүн дүйнөбий мамлекет дегенди динге тыюу салуу деп түшүнгөндөр басымдуулук кылууда?

«Азаттыктын» «Биз жана дин» берүүсүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов менен юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Исмаилов ушул суроолорду талкуулашты.

Мурзахалилов: - Жалпы эле дүйнөбий деген түшүнүк кайдан, эмнеден улам келип чыккан?

Исмаилов: - Орто кылымдарда Европанын феодалдык мамлекеттеринде диний идеология бир эле адамдын жеке жашоосуна эмес, жалпы мамлекеттин системасын көзөмөл кылууну колго алган. Ошонун натыйжасында Европадагы «Кайра жаралуу доорунда» философтор, юристтер дин менен мамлекеттин ортосундагы мамилени идеалдаштыруу же болбосо жакшы жагына буруш үчүн ар түрдүү эмгектерди жаратышкан.

Бул эмгектердин эң негизгилеринин бири болуп атактуу англис философу Жон Локтун «мамлекет диндин ишине, ал эми дин мамлекеттин ишине кийлигишпеши керек. Бардык диндер мамлекетте тең укуктуу болсо гана мамлекетте жагымдуу жагдай түзүлөт» деген бир чоң идеяны ортого чыгарышы эсептелген. Биринчи жолу 1787-жылы Америка Кошмо Штаттарында толугу менен динди мамлекеттен ажыратуу концепциясы иштелип чыгып, ал Конституцияда аныкталып, анын натыйжасында дин мамлекеттик саясаттан жана мамлекеттик башкаруудан ажыратылган.

Мурзахалилов: - Дүйнөбийлик боюнча Англиядагы классикалык түшүнүк, дүйнөбийлик боюнча базалык түшүнүк азыркы учурда Кыргызстанда түзүлгөн системага дал келеби?

Дүйнөбий мамлекет да ошол тең укуктуулуктун бир атрибуту, символу болуп саналат.
Нурлан Исмаилов

Исмаилов: - Ар бир мамлекет өзүнүн түзүлүшүнө, географиялык абалына жараша, калктын туткан динине ылайыкташтырып бул түшүнүктү иштеп чыккан. Ал эми Кыргызстандагы бүгүнкү дүйнөбий мамлекет түзүмү - Европадагы дүйнөбий мамлекеттин түзүмүнүн уландысы десек болот. Кыргызстандын укуктук системасында, Конституциясында дин мамлекеттик саясаттан, мамлекеттик идеологиядан, мамлекеттик башкаруудан жана мамлекеттик билим берүү системасынан ажыратылган. Эң ириде демократиялык мамлекеттердеги бирден-бир принцип - бул жалпы адамдардын, жарандардын тең укуктуулугу. Дүйнөбий мамлекет да ошол тең укуктуулуктун бир атрибуту, символу болуп саналат. Анткени, эгерде биз кандайдыр бир динди мамлекет тарабынан колдоого алынган дин деп эсепке ала турган болсок, анда башка диндин өкүлдөрү жапа чегип, алардын укуктарына чек коюлуп калышы мүмкүн.

Мурзахалилов: - 2014-жылы кабыл алынган, Мамлекеттин диний саясатын аныктоо боюнча концепцияда ислам дининин ханафи агымынын матрудий акыйдасы өлкөнүн негизин түзгөн дин катары кабыл алынып калды. Бул сиз жогоруда айткан дүйнөбийлик принцибин бузуп жатабы?

Исмаилов: - Дүйнөбий мамлекет принцибиндеги өтө чоң маани - бул өлкөдөгү эң обьективдүү жана эң оптималдуу багытты биз тандап алышыбыз керек. Ошондуктан концепцияда бекитилген ханафи мазхабынын матрудий акыйдасын мамлекеттик эмес, коомдогу ислам дининин түзүүчү, куруучу идеясы катары кабыл алуу түпкүрүндө конституциялык дүйнөбий режимге каршы эмес. Бул келечектеги диний биримдикти, андан кийин диний тармактагы мектептердин, медреселердин, ислам динине тиешелүү болгон тармактардын, ой-жүгүртүүнүн биригишине алып келүү максатында жасалган иш да.

Бүгүнкү күндө башка дагы ислам жаатындагы идеяларды, идеологияларды, диний окуу тармактарынын баарын Кыргызстанда жайгаштырууга аракет кылсак, анда ислам дининин өз ичинде жаатташуу пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жалпы коомду, калкты бириктирүү үчүн жасалган идея болуп саналат.

Негизинен ислам дининин кыргызстандыктарга таасир эткен өңүттөрүн да карап чыгышыбыз керек. Диний ишеничтен сырткары, ислам дини ириде маданий да баалуулук, тарыхый да баалуулук болуп саналат. Ошондуктан бүгүнкү күндө ислам динин кыргыз улутунан, анын маданиятынан, анын тилинен, анын дилинен бөлүп алып түшүнүүгө мүмкүн эмес болуп калды.

Мурзахалилов: - Дүйнөбий мамлекетте саясий чечим чыгарганда диний догмалардан эркин болуу зарыл, ал эми диний чечим кабыл алганда эч кандай саясий басымга кабылбаш керек деген пикирге кошумчаңыз барбы?

Дүйнөбий мамлекеттин негизги принциптери эмне? Ал - диндин коомдогу өз ордун туура табуу, туура орнотуу.
Нурлан Исмаилов

Исмаилов: - Дин менен мамлекеттин ортосундагы мамиле тарыхтан бери ар түрдүү зигзагдарды басып өттү. Кээ бир учурда дин мамлекетти багындырган учурлар болду, кээ бир учурда мамлекет толугу менен динди көзөмөлгө алып, аны коомдон четтетип, динди толугу менен коомдогу эң жат көрүнүш катары көрсөтүүгө аракеттенген убактар болду.

Бирок бүгүнкү күндөгү дүйнөбий мамлекеттин негизги принциптери эмне? Ал - диндин коомдогу өз ордун туура табуу, туура орнотуу. Мына ушул диндин коомдогу ордун туура орнотуунун бир багыты - динди саясаттан оолактатуу. Саясат - бул мамлекеттин коомду башкаруусу. Саясат - бул мамлекетти башкарууга келиш үчүн ар түрдүү саясий партиялардын ортосундагы оюндар, идеялар. Саясат кээде жакшы да болушу мүмкүн, кээде терс да болушу мүмкүн. Ошондуктан келечекте динди саясатташтыруу ириде диндин акырындык менен булганышына, диндин идеяларынын бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Мурзахалилов: - Бүгүнкү күндө калктын басымдуу көпчүлүгүнүн арасында дүйнөбий мамлекет десе «динге бөгөт коет экен, каршы экен, ага тыюу салат экен» деген түшүнүк пайда болгону эч кимге жашыруун эмес. Ушул түшүнүктөрдөн биз кантип арылышыбыз керек?

Келечекте динди саясатташтыруу ириде диндин акырындык менен булганышына, диндин идеяларынын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Нурлан Исмаилов

Исмаилов: - Дүйнөбий түшүнүктү биз коомго ачык, так, даана көрсөтүп беришибиз керек. Калыс, адам укуктарын сыйлаган мамлекетте гана идеалдуу түрдө мусулмандар өз динин коргой алат. Эми экинчи маселени карап көрөлү: мисал үчүн адилетсиз мамлекетте мусулмандар жашай алабы? Жашайт, алар намаз окуйт. Бирок пара бергенге аргасыз болуп калат.

Бир эле мисалды айтайын. Кыргызстанда бүгүнкү күндө намаз окугандарыбыздын саны, мечитке барган адамдардын саны 1990-2000-жылдардын башына караганда көбөйдүбү!

Мурзахалилов: - Беш-он эсе көбөйдү.

Исмаилов: - Коррупциянын деңгээли түштүбү?

Мурзахалилов: - Тескерисинче, көбөйдү.

Исмаилов: - Кылмыштуулук азайган жок да, туурабы? Кылмыштуулук жыл сайын күчөп жатат. Демек, биз бул жерден эмнеге басым жасашыбыз керек? Мамлекеттин дал ушул адам укуктары тармагындагы иш-аракетинин өнүгүшүнө басым жасашыбыз кажет.

Төрт жыл болуп калды, Францияда, Германияда, Щвейцарияда илимдин 10 доктору менен жолуктум. Бүт баары Египеттен, Түркиядан анан Ирактан чыккан илимпоздор экен. Көбү саясат таануучу, кээ бири юрист. Анан аларга бир суроо бердим: «Силер ушул Европа мамлекеттеринде ислам дини менен кантип жашайсынар?» - деп. Бардыгы намаз окуган, динге ишенген ыймандуу жигиттер экен. Мына ушулардан аябай таңкалычтуу бир жооп уктум. «Биз өзүбүздүн динибизди өзүбүздүн мамлекетке караганда жакшы сактайбыз», - дейт. «Биринчиден бизди черткен, урушкан, куугунтуктаган эч ким жок. Экинчиден, биз Европа мамлекеттеринде бирөөнө барып пара берип, экинчисине барып акча алып, үчүнчүсүн алдап жана башка күнөөгө бата турган шарт жок», - дейт. Ал эми адилетсиз мамлекетте биз канчалык кааласак да, беш маал намаз окусак жана башка кылсак деле күнөөгө батканга бизди система өзү түртүп атат да.

Мурзахалилов: - Биздин коомубуз көп диндүү коом болуп калыптанып калды. Коомчулукта динге ишенгендер бар, атеисттер бар. Диндин басымдуу көпчүлүк бөлүгүн түзгөн уюмдар менен диний азчылыкты түзгөн топтордун ортосунда алардын тең укуктуу экенин биз анда кантип түшүндүрө алабыз?

Исмаилов: - Ислам дининин өзүндө тең укуктуулук бар. Ислам дини адамзат тарыхында эбегейсиз чоң цивилизацияны, чоң баалуулукту алып келген дин болуп саналат. Мисал үчүн, пайгамбарыбызга башка диндин өкүлү келип, өзүнүн дининин татыктуу экенин түшүндүргүсү келгенде ал мындай деген жакшы сөзүн айткан: «Сиздин диниңиз сизге, биздин динибиз бизге», - деген. Көрдүңүзбү, башка диндин өкүлдөрү болсо да алар менен биз ынтымактуу жашаганга аракет кылышыбыз керек. Экинчиден, атеисттер боюнча «динде зордуктоо жок». Зордуктоо менен эч качан дин идеалдашпайт. Зордуктоо менен кайра эле зордукту жаратабыз, күч колдонуу күч колдонууну жаратат. Анда биз ислам дининин негизги, түпкү принциптерин бузуп алышыбыз мүмкүн.

Мурзахалилов: - Анда аны ким түшүндүрүш керек, Нурлан мырза? Диний лидерлер түшүндүрүшү керекпи же мамлекетпи?

Исмаилов: - Муну диний лидерлерден, мектептерден баштап бардык жерде түшүндүрүшүбүз керек. Анткени бүгүнкү Сирияда, согуш болуп жаткан жерде, Дамаскта мурда бир эле эшикте эки диний имарат жайгашкан. Бир жагы мечит, экинчи жагы христиан чиркөөсү. Бүгүнкү заманбап мамлекет болбосо да ошол убакта ар бир адамдын укуктары корголгон. Эч качан езиддер азыркы XXI кылымдагыдай болуп куугунтукталган жок. Анткени ошол эле маалда Осмон мамлекети мусулмандардын мамлекети катары аларга калыстыкты камсыз кылып берген. Мисалы, ошол эле Стамбулга барыңыз. 700 жылдык тарыхы бар ислам мамлекетинде бир эле көчөдө синагога да жайгашкан, ортодокс православ чиркөөлөрдүн башчысы да ошол жерде, мусулмандардын халифи да ошол жерде отурат.

Караңыздарчы, тарыхта Осмон империясынын жетекчилери, бийлик башчылары эч качан башка диндин өкүлдөрүн, еврейлерди да, христиандарды да эч качан куугунтукка алган эмес.

Дүйнөбий мамлекетке, демократиялык коомго түзүлгөн коркунучтарга карата биз алдын алуучу иштерди сөзсүз түрдө көрүшүбүз керек. Менимче Кыргызстанда көпчүлүк Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө караганда эл билимдүү. Биринчиден мен ал мамлекеттердин көбүнө барып, жашап да келгем. Экинчиден, калкыбыз көчмөн цивилизациянын улантуучусу болгондуктан, биздин элдин бир өзгөчөлүгү бар - кыргыздар дайым ортосун кармайт. Кыргыздар өтө эле радикалдашуудан бир аз алысыраак. Кыргыз элинин жүрөгүндө калыстык дайым бар!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (44)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG