Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Шахид: "Таблиги жамаатка" жашынган экстремисттер бар


Лахордун четиндеги жылдык жыйынына бараткан пакистандык дааватчылар, 3-ноябрь, 2016-жыл.

Кыргыз парламентинде “Таблиги жамаат” боюнча маселе соңку жарым жылда кеминде эки жолу көтөрүлдү. Дааватчылар деген ат менен белгилүү бул диний кыймылга Орусия жана Борбор Азиянын үч өлкөсү тыюу салган. Бирок Кыргызстан коңшуларынын мындай чараларын колдобойт.

Исламдын суннит багытын карманган "Таблиги жамааттын" тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат. Пакистандын өзүндө бул кыймыл боюнча коомдук пикир бир кылка деп айтууга болобу? Чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине 35 жылдан бери байкоо салып келе жаткан пакистандык журналист, “Пешавар Тудэй” басылмасы жана “Америка добушу” радиосу менен кызматташкан Шамим Шахид “Азаттыкка” өз байкоолору менен бөлүштү.

“Азаттык”: Шамим мырза, “Таблиги жамаат” кыймылынын дүйнөдө миллиондогон жолдоочулары бар. Алардын басымдуу бөлүгү Пакистанга туура келет. Бул өлкөдө “Таблиги жамаат” канчалык таасирдүү?

Шамим Шахид: Пакистанда “Таблиги жамаат” ашкере таасирдүү десек болот. Миллиондогон жолдоочулары бар. Алардын саны өзгөчө Хайбер-Пахтунхва жана башка уруулар байырлаган аймактарда көп. Негизинен алар исламдын баалуулуктарын элге жеткирүү менен алектенишет.

Пакистандык журналист Шамим Шахид.
Пакистандык журналист Шамим Шахид.

Алардын лидерлери же башкы аалымдары бул топ бейтарап, экстремизмден жана саясаттан алыс экенин, жолдоочулары исламды таанууга гана көңүл бураарын айтып келишет. Бирок, менин байкоолорум боюнча, 90-жылдардын жарымынан бери айрым экстремисттер жана радикалдуу көз караштагы адамдар кайсы бир жолдор менен “Таблиги жамааттын” ичине кирип алып жатышат. Бул топтун жылдык жыйындары мындай адамдардын бир аймактан экинчи аймакка жер которуп кетишине шарт түзүүдө. Алар жыйынга чогулган жоон топ элге кошулуп, из жашырып кетип жатышат.

Экинчиден, “Таблиги жамааттын” жолдоочулары дааватка чыгышат. Бир аймактан экинчисине, бир шаардан экинчиси барышып, исламдын идеясын элге жеткирүү менен алек болушат. Бул дагы полициядан качып жүргөн же көшөгө артындагы максатын ишке ашыргысы келген согушкерлерге тек-жайын билгизбей жүрө берүүгө жардам берет.

Мындай окуялар маал-маалы менен болуп жатканына күбө болуп келебиз. Соңку жылдары биздин региондо эле полиция издөө салган жана “Таблиги жамаатка” кошулуп алган бир топ адам кармалды.

Алар саясаттан алыс. Бирок диний партиялардан эмес... Алардын диний партияларды колдогону дайыма демократиялык, прогрессивдүү партиялардын көрсөткүчүнө таасирин тийгизет.

“Азаттык”: Камакка алуулар тууралуу айтып кетпедиңизби. Мен бул кыймылдын Пакистандагы макамын сурайын дедим эле. “Таблиги жамаат” тууралуу Пакистан өкмөтүнүн расмий позициясы кандай? Бийлик бул топко кандай мүнөздөмө берет?

Шамим Шахид: Өкмөт “Таблиги жамааттын” кишилери менен дайыма достук мамиледе болуп келет. Бул топтун мүчөлөрүнүн арасында жогорку билимдүүлөрү көп. Жарандык жана аскердик кызматтагы адамдар, бизнесмендер бар. Айтор, “Таблиги жамаатка” коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрү мүчө.

Өкмөт өкүлдөрү бул топ мамлекетке каршы иш-аракеттерге аралашпаганын айтып келишет. Андыктан Пакистан өкмөтү “Таблиги жамаатка” жакшы мамиле кылат.

Бирок акыркы бир канча жылда өкмөт террорчул топторго каршы күрөштү күчөткөндө көптөгөн экстремисттердин изи бул топтун арасынан табылды. Кезинде “Талибан” кыймылынын жоочулары “Таблиги жамааттын” жолдоочуларын өзүнүн катарына кошуп, алардын мечиттерин көзөмөлгө алууга аракет кылганын да билебиз.

“Азаттык”: Экстремисттердин бул топко жашынып аларын айтып жатасыз. “Таблиги жамааттын” өз мүчөлөрүн каттоого алып турган кандайдыр бир системасы жок экени белгилүү. Бул топтун радикалдуу көз караштагы адамдарды аныктоочу башка механимздери барбы?

Шамим Шахид: Эч кандай механизм жок. “Таблиги жамаатта” экстремисттерди таап чыгуучу механизм иштелип чыккан эмес. Аларга түрдүү мечиттерден адамдар кошулушат. Адам болгону “мен үч күнгө же кырк күнгө дааватка чыгам” деп айтат. Негизги процедура ушул.

Алар дааватка кошулган адамдардын тек-жайын тактоого же экстремисттик топтор менен байланышын аныктоого аракет кылышпайт. Андыктан “Таблиги жамааттын” мечиттеринде же жамааттарында эч кандай мониторинг системасы жок.

“Азаттык”: Ошондо андай механизмдерге зарылчылык бар деп эсептебейсизби?

Шамим Шахид: Ооба, мен жоочулардын маалы-маалы менен бул топко кошулуп кетишин алдын алуу үчүн “Таблиги жамаат” көзөмөл системасына муктаж деп ишенем. Бул алардын өздөрүнүн кызыкчылыгын коргогон иш болот.

Биз билгендей, “Таблиги жамааттын” жолдоочулары динчил адамдар. Бирок бул топко кирип алган согушкерлер да “дин жана ислам” деген сыяктуу окшош ураандарды чакырып жүрүшөт. Аталган топ мындай адамдарды өзүнүн катарынан чыгарып салууга жөндөмдүү болушу керек.

“Азаттык”: Албетте, “Таблиги жамааттын” Пакистанда канча мүчөсү бар экенин так айтуу кыйын болсо керек. Ошентсе да алардын Пакистандагы болжолдуу саны белгилүүбү? Же кандайдыр бир расмий статистикалар барбы?

Шамим Шахид: Жок, “Таблиги жамааттын” мүчөлөрү же жолдоочуларынын саны тууралуу расмий маалымат жок. Бирок жеке өзүм “Таблиги жамаатты” Пакистандагы ири диний топ деп мүнөздөмөкмүн.

Суроолорду жараткан бир жагдай бар. “Таблиги жамааттын” адамдары талылуу маселелер боюнча талкуулардан качып турушат. Жолдоочулары саясаттан оолак болугусу келишет.

Бирок мындай позиция өлкөдөгү башка радикал топтордун пайдасына иштеп жатат. Андай зомбулукчул күчтөр демократиялык, прогрессивдүү, мекенчил партияларга коркунуч жаратууда.

Саясий талкууларга катышуудан карманган позиция согушкерлер топторунун чырагына май тамызып жатат.

Лахордун жанындагы үч күндүк диний жыйынга келе жаткандар, 2-ноябрь 2018-жыл.
Лахордун жанындагы үч күндүк диний жыйынга келе жаткандар, 2-ноябрь 2018-жыл.

“Азаттык”: Пакистанда башка да диний топтор бар экени белгилүү. Алар менен “Таблиги жамааттын” мамилеси кандай?

Шамим Шахид: Пакистанда “Жамиат Улема-е-Ислам”, “Жамаат-е-Ислами” деген сыяктуу диний топтор бар. Шайлоо маалында “Таблиги жамааттын” мүчөлөрү бул диний партияларды колдошот. Ошондуктан жогорудагы диний топтор “Таблиги жамаат” менен дайыма жакшы мамиледе.

“Азаттык”: Ошондо “Таблиги жамааттын” Пакистандагы бөлүмү толугу менен саясаттан оолак турат деп ишенимдүү айта аласызбы?

“Таблиги жамааттын” жолдоочулары динчил адамдар. Бирок бул топко кирип алган согушкерлер да “дин жана ислам” деген сыяктуу окшош ураандарды чакырып жүрүшөт. Аталган топ мындай адамдарды өзүнүн катарынан чыгарып салууга жөндөмдүү болушу керек.

Шамим Шахид: Ооба, алар саясаттан алыс. Бирок диний партиялардан алыс эмес... Себеби ар бир шайлоодо “Таблиги жамааттын” адамдарынын басымдуу бөлүгү “Жамиат Улема-е-Ислам”, “Жаммат-е-Ислами”, “Жамиат Ахле Хадиз” деген сыяктуу диний партияларга ыкташат.

Алардын диний партияларды колдогону дайыма демократиялык, прогрессивдүү партиялардын көрсөткүчүнө таасирин тийгизет.

“Азаттык”: “Таблиги жамааттын” негизги шарттарынын бири – бул даават. Адамдар үч күнгө, 40 күнгө же төрт айга дааватка чыгышып, исламдын баалуулуктарын элге жеткиргенге, динди таанууга аракет кылышат. Пакистанда узак мөөнөткө дааватка чыккандар көппү? Айлап үйүнөн оолак болууга үй-бүлөлөрдө же коомдо кандай кабыл алынып келет?

Шамим Шахид: “Таблиги” системасы биздин коомду өзгөрткөнү бышык. Кары-жашы дебей түрдүү мөөнөткө дааватка чыгып турушат. Айрым учурларда алар жубайларын же балдарын жалгыз калтырып кетишет. Мындай жагдай балдардын билим алуусуна таасирин тийгизбей койбойт.

“Таблиги жамааттын” жолдоочулары балдарын медресеге же диний жайларга окууга бергенге аракет кылышат. Басымдуу бөлүгү болбосо да жеткинчектердин айрымдары күч колдонууга жана экстремизмге үгүттөгөн радикал топтордун катарына кошулуп кеткенин билебиз.

Экинчиден, билим берүү тармагында иштегендер да бул топко кошулуп, дааватка чыгышканда кызматтык милдеттерин толук аткара албай калышат. Себеби өкмөттүк мектептердеги сандаган мугалимдер “Таблиги жамаатка” кошулуп жатышат.

Мындай жагдай дисциплинага да шек келтирүүдө. Полицияда, билим берүү, медицина же инженерия тармактарында иштегендердин бул топтун иш-аракетине ашкере аралашып кеткени өкмөттүк кеңселердеги жумуш дисциплинасына да кедергисин тийгизип жатат деп ишенем.

Кыргызстандык дааватчылар, Нарын облусу.
Кыргызстандык дааватчылар, Нарын облусу.

“Азаттык”: Кыргызстанда жогорку кызматтагылардын арасында дааватка чыккандар бар экенин угуп жатабыз. Пакистанда да саясатчылар жана мамлекеттин расмий өкүлдөрү дааватка чыккан учурлар барбы?

Шамим Шахид: Ооба, талашсыз. Пакистанда бийликтин жогорку тепкичиндеги расмий өкүлдөр “Таблиги жамааттын” жолдоочулары. Араларында армиянын жетекчилери да бар. Алар өздөрү иштеген департамент же тармактардын эрежелерине эмес, “Таблиги жамааттын” өзүнүн доктринасына басым жасашат.

“Азаттык”: Анда өкмөт мындай кырдаалды кадыресе, нормалдуу эле көрүнүш деп эсептейт турбайбы?

Шамим Шахид: Чынында бул абдан татаал маселе. Пакистандагы ар бир өкмөт “Таблиги” жөнүндө бир нерсе айтса, системаны өзгөртүү же таалим окуткан борборлорду жана диний топко таандык жайларды каттоого алуу тууралуу кеп кылса, мындай аракет динчил адамдардын каршылыгына туш болот.

Мисалы, февраль айында Индиянын Кашмирдеги чабуулунан кийин Пакистан өкмөтү өлкө аймактарындагы тыюу салынган уюмдарга каршы өнөктүк баштады. Эки күн мурда “Жамиат Улема-е-Исламдын” лидери, белгилүү диний саясатчы Маулана Фазд-ур-Рехман өкмөттүн медреселерди же диний окуулар өткөрүлгөн борборлорду каттоого алуу планына каршы чыкты.

Андыктан ар бир өкмөткө “Таблиги системасы” тууралуу да маселе көтөрүү кыйын болот.

Полицияда, билим берүү, медицина же инженерия тармактарында иштегендердин бул топтун иш-аракетине ашкере аралашып кеткени өкмөттүк кеңселердеги жумуш дисциплинасына да кедергисин тийгизип жатат деп ишенем.

“Азаттык”: Пакистан Шанхай кызматташтык уюмуна 2017-жылы кошулган. Бул уюмдагы Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Кытай жана Тажикстан, Өзбекстан “Таблиги жамаатты” кара тизмеге киргизген. Бул жагдай Пакистан менен ШКУнун айрым мүчөлөрүнүн ортосунда келечекте кайчы пикирлерди жаратпайбы?

Шамим Шахид: Албетте, бул жерде маселе бар. Себеби мен билгенден “Таблиги жамаатка” Борбор Азиянын көп өлкөлөрүндө тыюу салынган. Пакистан, Индия жана Бангладеште эркиндик берилген. Ооганстанда болсо “Таблиги жамаатка” карата көзөмөлдөө чаралары көрүлгөнүн билем. Ооган өкмөтү Пакистандагы “Таблиги жамааттын” айрым кишилерине виза бербей койгон. Себеби алардын бул топ боюнча өзүнчө камтамачылыгы бар.

ШКУда болсо тең укуктуу мамлекеттердин өз ара мунасасына жараша болот го. Бирок Пакистанда “Таблиги жамаатка” карата эч кандай чектөө жок.

Бангладештеги мусулмандар.
Бангладештеги мусулмандар.

“Азаттык”: Бангладеш тууралуу сөз кылгым келип жатат. Соңку жылдары бул өлкөдөгү “Таблиги жамаат” кыймылынын жолдоочулары эки жаат болуп, бири-бири менен кагылышканын жаңылыктардан окуп жатабыз. "Dakha Tribune" басылмасы 2018-жылдын декабрь айында болгон мындай кагылышуулардын биринде адамдын өмүрү кыйылганын, 200дөн ашык киши жараат алганын жазды. Өзүн саясаттан алыс кармаган жана тынчтыкты көздөгөн топтун ичинде эмне себептен мындай окуялар орун алып жатат?

Шамим Шахид: Мен 2019-жылы Бангладешке барып келдим. Мен ал жерден өзүмдүн өлкөмдөн, өзүм жашаган аймактан барган “Таблиги жамааттын” кишилерин жолуктурдум. Алар уюмдун Даккадагы жылдык жыйынына барышкан экен.

Ооба, менин маалыматым боюнча Бангладеште “Таблиги жамааттын” эки тобунун ортосунда кеминде эки жолу кагылышуу болгон.

Негизи Пакистан, Индия жана Бангладеште эки мектеп бар. Бири «Деобанди», экинчиси «Барелви» (Брекви). Экөөнүн ортосунда түрдүү пикир келишпестиктер көп.

Соңку жылдары Пакистандагы “Барелви” мектеби өзүнүн доктринасына негизделген “Таблиги” кыймылын түздү. Ошондой эле кырдаалды Индия менен Бангладештен байкасак болот. Динчил топтордун көз караштары бири-биринен айырмаланып тургандыктан мындай кагылыштар чыгып жатат.

“Таблиги жамаат” чөлкөмдөгү ири шаарларда чоң-чоң мечиттерди салып, диний билим берүүчү жайларды ачты. Анан жогорудагы мектептер бири-бирине каршылык көрсөтө башташты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG