Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:03

“Таблиги жамаатка" эксперттердин баасы


Кыргызстандык дааватчылар. Нарын облусу.

Өткөн жумада “Таблиги жамаат” боюнча маселе парламентте кайрадан көтөрүлүп, бул диний уюмдун оң-терс жактары тууралуу пикирлер айтылды. Кыргызстандын атайын кызматы "Таблиги жамаат" уюму өлкөгө коркунуч жаратпайт деп билдирди. Бул уюмдан башка өлкөлөр, анын ичинде Казакстан менен Орусия эмнеге чочулап жатат? Ал эми "Таблиги жамааттын" Пакистандагы таасири кандай?

Парламентте көтөрүлгөн “Таблиги жамаат”

“Таблиги жамаат” уюму тууралуу маселе кыргыз парламентинде мурда да бир канча ирет көтөрүлгөн. Бул сапар ал 12-сентябрда Жогорку Кеңеште Шанхай Кызматташтык Уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо каралып жатканда кайра козголду:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Бул конвенцияга кол койгон мамлекеттердин көпчүлүгүндө "Таблиги жамаат" мыйзамдан сырткары агым деп таанылган. Бул конвенцияга биз дагы кол коюп, ага кошулгандан кийин "Таблиги жамаатын" биз дагы "мыйзамсыз" деп табууга тийишпиз. Анткени конвенцияда экстремизмге байланыштуу түшүнүктөр жана принциптер бирдей болушу керектиги жазылып турат. Ошондуктан конвенцияга кошулгандан кийин биз өз моюнубузга бир топ милдеттерди алып жатабыз, - деди депутат, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев.

“Таблиги жамаат” уюму Шанхай Кызматташтык уюмунан тышкары, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда да экстремисттик деп табылган. Кыргызстандын кошуна жана стратегиялык өнөктөш өлкөлөрү саналган Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган. Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков Кыргызстандын жагдайын башка өлкөлөрдөн бөлүп кароону белгиледи парламенттеги сөзүндө:

- Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда диний кырдаал такыр башка. Өзбекстан менен Тажикстандын өлкөдөн сырткары аймагында диний негиздеги куралдуу оппозиция бар. Бизде Кудайга шүгүр, бул багытта диний кырдаал бир топ жакшы. Биздин азыркы жагдайда "Таблиги жамаат" сопучулуктан тамыр алган. Илимий жактан изилденгендей, сопучулук бул жихадчылардай коркунучтарды алып жүрбөйт. Ооба, алардын кийими, кебете-кешпири жана алардын динге чакырыгы боюнча сындар бар. Бирок азыр муфтият бул боюнча бир топ чараларды көрүп, тартипке салып келе жатат.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Дааватчылардын тамыры кайда барат?

Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат. Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары айтышат.

Айрым эксперттерди “Таблиги жамаат” кыймылынын ансыз да туруксуз, жакыр, диний экстремисттик уюмдар арбын жана диний абал жакшы көзөмөлдөнбөгөн Пакистан, Бангладеш сыяктуу мамлекеттер менен бекем алакасы кооптондурат.

Пакистандагы, Индиядагы же Бангладештеги “Таблиги жамааттын” борборлорунан мамлекеттин кызыкчылыгына кайчы келген бүтүмдөр болуп калуусунан чочулашат. Маселен, Казакстан бул уюмга тыюу салып жаткан кезде ушул жагдай да көбүрөөк эске алынган.

"Бул башка элдин башкарылуусу менен жүрө турган жамаат. Мыйзамга каршы чыкпайбыз деп айтышат. Мечиттин, мамлекеттин ишине кийлигишпейбиз, биз тек гана пайгамбарыбыздын айтканын жеткиребиз дешет.

Деген менен жыл сайын Пакистанга, Индияга барып, ошол жактан насааттарды алып келип жатканынын өзү биздин элге кооптуу экенин билдирет. Башка элден башкарылган кандай гана жамаат болбосун, мейли ал жакшы нерсени үйрөтсө да, балким адамдарынын саны көбөйтүп алуу үчүн жакшы нерсе үйрөтүп жаткан чыгар" деген казакстандык диний ишмер Казакстандагы телеканалдарга берген маегинде.

Жыл сайын ондогон кыргызстандык дааватчылар да Пакистанга, Индияга же Бангладешке барып, ал жердеги жылдык курултайларга катышып турат. Андан тышкары ондогон кыргыз балдары ушул өлкөлөрдөгү "Таблиги жамаат" уюмунун атайын борборлоруна жана медреселерине окуганы кеткен.

“Таблиги жамаат” тууралуу илимий китеп жазган эксперт Канатбек Мурзахалилов буларга токтолду:

- Бул уюм тууралуу китеп жазган адам катары айтсам, “Таблиги жамаат” кыймылынын башка уюмдарга караганда, “коомдук түзүлүштү өзгөртөбүз”, “халифат курабыз” деген эч кандай чакырыктары жок. Чындыгында булардын машфаралары (курултайлары) октябрдын 15инде жыл сайын Бангладеште, Пакистанда болуп, миллиондой адам катышат. Ошол жерде кабыл алынган чечимдер дүйнө жүзүндөгү “Таблиги жамааттын” жактоочуларына жана тарапташтарына тарайт. Бирок ал чечимдерди да, талаптарды дааватчылардын бул жактагы лидерлери биздин мыйзамдарга жана менталитетке тууралаштырып келе жатат. Себеби, бүгүнкү күндө “Таблиги жамааттын” лидерлери Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, анын аймактардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматтарында отурушат.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

“Таблиги жамааттын” негизги шарты боюнча бир адамга айына үч, бир жылда 40 күн жана өмүр бою төрт айга дааватка чыгуу зарыл деп айтылат.

Дааватчылардын “алты сыпат” деп аталган негизги алты шарты бар. Биринчиси - Кудайдын жалгыздыгына ишенип, келме келтирүү, экинчиси намаз окуу болсо, үчүнчүсү илим-зикир деп айтылат, башкача айтканда исламий билим алуу жана Кудайды көп эстөө. Ал эми төртүнчүсү икром муслим — бир тууган мусулмандарга сый-урмат көрсөтүү, бешинчиси - ыклас ниет - сооп иштерди жасоодогу ыкластуулук. Акыркысы даават - исламдагы үгүт ишине катышуу. Алар дааватты көчө кыдырып, адамдарды мечитке чакыруу менен жүргүзүшөт.

Ошол эле кезде саясий илимдердин доктору, талдоочу Нурлан Наматов “Таблиги жамаат” четтен каржыланбайбы деген суроону көтөрдү:

- Мени башка бир жагдай кичине чочулатат. “Таблиги жамаат” четтен каржыланбайбы деген суроо. Эгер четтен каржыланса, анда бул жакшы эмес. Каржылоо дааватчылардын өзүнөн гана болуп жатса, мен мындан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун.

Талдоочу Канатбек Мурзахалиловдун божомолунда, Кыргызстан боюнча “Таблиги жамааттын” 18 жаштан 70 жашка чейинки 20 миңге чейин жолдоочусу бар. Алар өлкөнүн алыскы аймактарына чейин тараган.

Пакистандагы “Таблиги жамаат”

“Таблиги жамааттын” тамыры Индия субконтинентине барып такалары белгилүү. Учурда бул уюм Пакистандагы эң чоң диний топтордун катарында турат. Бул өлкөдө “Таблиги жамаат” канчалык таасирдүү? Пакистандагы Тынчтыкты изилдөө институтунун директору Мухаммад Амир Рана өз ою менен бөлүштү.

“Азаттык”: Мухаммад мырза, алгач эле “Таблиги жамаат” уюмунун таржымалын жанан анын башка диний топтордон айырмасын түшүндүрүп бересизби?

Мухаммад Амир Рана: Бул уюм Индияда түзүлгөн. 1947-жылы Индия менен Пакистан бөлүнгөндөн кийин “Таблиги жамааттын” түйүндөрү азыркы Пакистандын аймагында пайда боло баштаган. Лахор аймагы уюмдун Индиядан кийинки эле негизги чордонуна айланып, “Таблиги жамааттын” тарыхындагы маанилүү барак ачылган.

Дааватчылыкты уюмдун негизги өзгөчөлүгү деп атасак болот. Бул саясий уюм эмес. Террорчул топторду да жактабайт. Уюмдун жактоочулары Лахордогу жылдык жыйындарында да радикалдуу исламга каршылыгын билдиришкени бар.

“Таблиги жамаат” кайсы бир деңгээлде суфизмдин баалуулуктарын карманат. Бирок суфилерден оолак турууга аракет кылышат. Алар адам дин аркылуу жан дүйнөсүн тазаласа болот деп ишенишет. Мусулмандарды исламдын туура жолуна салууну көздөшөт.

Алар убактысына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша үч күн, 40 күн же төрт айга чейин дааватка чыгышат. Бул мөөнөт ичинде алар башкаларга үгүт-насаат айтууга аз гана убакыт сарпташат. Көбүнчө убактысын намаз жана Куран окуп өткөрүшөт. Алар исламдын ар кыл жол-жоболору жана үй-бүлөгө кызмат кылуу, мусулмандарды сыйлоо сыяктуу милдеттер камтылган алты шартты аткарууга аракет кылышат.

Пакистандык мусулмандар.
Пакистандык мусулмандар.

“Азаттык”: Мен билгенден Пакистанда бир катар белгилүү адамдар, алардын ичинде ырчылар, крикет оюнчулары “Таблиги жамаат” уюмуна кошулган экен. Бул уюмду Пакистандагы бирден-бир таасирдүү, балким өлкөдөгү эң чоң диний уюм деп атаса болобу?

Мухаммад Амир Рана: “Таблиги жамаатты” Пакистандагы эң чоң же номур биринчи диний уюм деп айтуу кыйын го. Себеби исламдын сунни багытын карманган башка чоң уюмдар деле бар. Мисалы, “Даават Ислами” диний тобунун миңдеген мүчөлөрү бар экенин айтылып жүрөт.

Ошентсе да Пакистанда “Таблиги жамаат” кыйла эле таасирдүү экени бышык. Атактуу спортчулар, кинорежиссерлор, саясатчылар бул уюмдун жолдоочуларына айланган.

Бирок “Таблиги жамаатта” мүчөлөрдү каттоого алып турган кандайдыр бир механизм жок. Каалаган адам бул топко кошулуп, каалаган учурда чыгып кете алат.

Бул уюмдун түзүмү Индия субконтинентиндеги хинди, мусулман же христиан болобу, айтор, башка диний топтордукуна окшош. Адатта көпчүлүк саясатчылар өзүнүн саясий кадыр-баркын көтөрүү үчүн мындай диний уюмдарга кошулуп келишет. Ушундай эле жагдай “Таблиги жамаат” уюмуна да мүнөздүү деп айтсак болот.

Индияда да индуизмди жайылткан ушундай эле түзүмдөгү уюмдар бар. Сиз ишенесизби же жокпу, бирок алардын көбү адамгерчиликти, адамзаттын баалуулуктарын алдыңкы планга коет. “Таблиги жамаатты” Индия субконтинентиндеги андай уюмдардын мусулмандарга ылайыкташкан версиясы десек да болот.

“Азаттык”: “Таблиги жамааттын” Кыргызстан сыяктуу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө тарапкерлери бар экени белгилүү. Сиз айтып өткөн, жылдык жыйындар Пакистанда гана эмес, Индияда, Бангладеште да өтөт экен. Анда динге байланыштуу талкуулар болот, чоң чечимдер да кабыл алынары кабарланып жүрөт. Дал ушундай жыйындарда кабыл алынган чечимдер “Таблиги жамааттын” жактоочулары байырлаган башка өлкөлөрдүн шартына же мыйзамдарына каршы келип калбайбы?

Мухаммад Амир Рана: Ооба, менимче, Борбор Азия сыяктуу чөлкөмдөр үчүн бул чоң маселе. Себеби бул чөлкөмдүн саясий, социалдык түзүмү башкача да.

“Таблиги жамаатка” көбүнчө Түштүк Азиянын маданияты мүнөздүү. Индонезия менен Малайзияда индиялыктар менен пакистандыктардын ири диаспорасы бар. Андыктан бул өлкөлөрдө "Таблиги жамааттын" түйүндөрү көбөйүүдө.

Менимче, Борбор Азияда динчил адам болуу түшүнүгү Түштүк Азиядан айырмаланып турат. Балким Борбор Азияда динчилдик көйгөй катары каралышы мүмкүн. Пакистан сыяктуу өлкөлөрдө андай эмес.

Андыктан бул жакта жылдык жыйындарды өткөрүү диний топторго мүнөздүү кадыресе жөрөлгө катары каралат. Болгону айрым өлкөлөрдө бул уюмду “консервативдүү жашоо образын алга сүрөйт жана кайсы бир террорчул уюмдарды көрүнө же көмүскө колдойт” деп мүнөздөгөндөр бар.

Бишкек шаарындагы мечит.
Бишкек шаарындагы мечит.

“Азаттык”: “Таблиги жамааттын” Кыргызстандагы жолдоочулары дааватка чыкканда өздөрүн өздөрү каржылай турганын айтышат. Пакистанда абал кандай? Деги эле бул уюмду Пакистанда ким каржылайт? "Таблиги жамаааттын" башка өлкөлөрдөгү жактоочулары сырттан каржыланат деп айтса болобу?

Мухаммад Амир Рана: Бул топтун иш-чараларына катышкысы келгендер акчалай салымын кошушу керек. Дааватка чыккандар жол киресин, тамак-аш чыгымдарын өздөрү чыгарышат. Бирок кээде кайсы бир адамдын акчасы жок болуп жатса, башкалары жардам бере алат. Ошентсе да мындай көрүнүш көп колдоого ээ болбойт. Анткени алар “өз акчаң менен дааватка чык” дешет.

"Таблиги жамааттын" жактоочулары кудай жолу үчүн өз каражатыңды сарптамайынча өзүңдү тазалай албайсың деп ишенишет. Андыктан бул топто өзүн каржылоо механизми иштейт.

Ошондой эле айрым бай адамдар каржылаган мечиттер да бар. Бирок даават кылып барган жерде өздөрүнүн мечиттери жок болсо, алар Пакистандагы каалаган сунни мечитине кире алышат.

“Азаттык”: Ошентсе да Кытай, Орусия жана Борбор Азиядагы бир катар өлкөлөр “Таблиги жамаатты” экстремисттик уюмдардын катарына кошподубу? Буга негиз берген жагдайлар болгону үчүнбү? Себебин эмне менен байланыштырасыз?

Мухаммад Амир Рана: Негизи Кытай бардык эле диний уюмдарга ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат. Бул өлкөнүн бийлиги ал түгүл кайсы бир диний кийимдерге жана жөрөлгөлөргө чектөө койгону белгилүү. Менимче, Борбор Азиядагы айрым өлкөлөр да ушундай эле чаралар иштеп жаткан болушу мүмкүн. Мен муну диний эркиндиктин маселеси деп атайт болчумун.

"Йакын инкардын" пайда болушу

Кыргыз коомчулугун жана бийлигин “Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан делген, ашкере радикал "Йакын инкар" уюмунун пайда болушу да кыйла чочутту. Алар материалдык жана маданий баалуулуктардан, заманбап медицинадан, балдарын мектепте окутуудан кескин баш тартканы менен айырмаланат. Бул диний топтун эркектери узун чач коюп, узун кийинип, аялдары бети-башын толук жашырып жүрөт.

"Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү.
"Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү.

Бишкектин октябрь райондук соту 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп таап, тыюу салган. Ошондон бери бул уюмдун ондогон мүчөлөрү кармалып, жоопко тартылды. Эксперттер алардын саны учурунда миңге чейин жеткенин белгилеп, бирок азыр кыйла азайды деп эсептешет.

Нурлан Наматов.
Нурлан Наматов.

- “Йакын инкардагылар” мурда “Таблиги жамааттын” жолдоочулары болушкан, бирок алар абдан аз. Алардын идеялары “Таблиги жамааттан” колдоо тапкан жок. Аларды таап-аныктоодо “Таблиги жамаат” укук коргоо органдары менен кызматташты. Башкача айтканда, алар өз катарын тазалоого өздөрү кызыкдар болушту. Жаап-жашырышкан жок, тескерисинче жардам беришти. “Йакын инкарчылар” азыр дээрлик жок калды, - деди саясий илимдердин доктору, талдоочу Нурлан Наматов.

Дүйнөдө ислам аалымдарынын арасында да “Таблиги жамаат” боюнча бирдиктүү пикир жок. Айрым аалымдар алар “алсыз” (дайиф) хадистерди колдонот, дааватка чыгууну исламдагы башка амалдардын, маселен, илим алуудан жогору койот деп белгилешет.

Орусияда соттолгон дааватчылар

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен “Таблиги жамаат” уюму тыюу салынбаган жалгыз өлкө болгондуктан дааваттын КМШ аймагындагы борбору катары да кабылданып калганын айтып жүрүшөт. Анткени Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан атайын Кыргызстанга келип, дааватка чыккандар да жок эмес. Ошол эле кезде ондогон кыргызстандык дааватчылар Орусияда жана Казакстанда ишмердик жүргүзгөнү үчүн соттолушкан. Ички иштер министрлиги мигранттарды Орусияга бара жатканда “Таблиги жамаат” уюмунун китептерин албоону, анткени бул китептер ал жакты тыюу салынганын буга чейин эскерткен.

Москвада кармалган дааватчылар.
Москвада кармалган дааватчылар.

Москвадагы “Цивилизациялар диалогу” институтунун илимий изилдөөлөр боюнча жетекчиси, саясат таануучу Алексей Малашенко “Таблиги жамаат” уюму, Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

Алексей Малашенко: “Таблиги жамаатка” Казакстанда, Өзбекстанда, өзгөчө Орусияда жөн жерден тыюу салынып калган. Бул уюмдун терроризмге эч кандай тиешеси жок. Мен буларды "оппозициячыл агартуучу ислам" деп мүнөздөйм. Пакистанда жаралып, топ-топторго чогулуп, кадимкидей эле агартуучулук иштерди жүргүзүшөт. Зыяны жок диний уюмдарга тыюу салуу бул катачылык. Муну менен адамдарды радикалдуулукка түртүп алууга болот.

“Азаттык”: Кыргызстан региондогу кошуналарынан айырмаланып, дин саясатын өз алдынча жүргүзүүгө аракет кылууда. Дин саясатындагы эркиндик туурабы?

Алексей Малашенко.
Алексей Малашенко.

Алексей Малашенко: Бардыгына тыюу сала берүүнүн кесепети оор. Өзгөчө, ислам динине карата чектөөлөр жакшылыкка алып барбайт. Бир диндин ичинде башкача ойлонгондордун, баштапкы идеологияга баш ийбегендердин суурулуп чыгышы боло берчү иш. Өкмөттү, мамлекетти кайра курууну көздөгөн радикал исламисттерге караганда эч зыяны жок, аз санда, дүйнөдө анча таанымал эмес мелүүн топтордун болгону туура да. Жөн жерден жектөө, тыюу, бөгөт коюулардын аягы кандай бүтөөрү белгисиз. Бул жаатта Кыргызстан жөндүү иш алып бара жатат деп ойлойм.

“Азаттык”: Кыргызстандагы азыркы диний кырдаалды кандай баалайсыз?

Алексей Малашенко​: Мен Кыргызстандагы диний абал күтүлгөндөн алда канча жакшы деп эсептейм. Бир жагында Тажикстан менен Ооганстан турат, "Ислам мамлекети" тобу менен кагылышуулар да болгон. Ооба, акырындык менен исламдын саясатка таасири күч алып баратканы байкалууда. Бирок дагы деле Өзбекстан менен Тажикстандагы абал менен салыштырууга болбойт.

Кыргызстандагы дааватчылык

Жогоруда айтылгандай, “Таблиги жамаат” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий колдоосуна ээ. Кыргыз бийлиги жана диний башкармалык дааватчылар Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда бир канча кылымдан бери калыптанып, салттуу саналып калган, сабырдуу жана зордук-зомбулукту катуу айыптаган исламдын ханафи мазхабын жайылтууга салып кошуп келе жатканын белгилешет.

Алгачкы дааватчылар Кыргызстанда 90-жылдардын башында пайда болгон. Бул жылдар аралыгында “Таблиги жамаат” уюму бир канча этаптарды басып өттү. Айрым талдоочулар бул жамаатты светтик илим-билимге умтулбаганынан, эски жашоо образын тандап алганынан, шарты бар-жогуна, мыйзамда тыюу салынганына карабастан, өз жолдоочуларын эки аял алууга үгүттөгөнүнөн улам антисоциалдык уюм катары да санап жүрүшөт.

Дааватчыларды каттоого алуу, ички тартибин кыргыз мыйзамдарына шайкеш келтирүүдө да татаалдыктар бар. Маселен, жашы жете элек балдардын дин үгүтүнө чыккан учурлары кездешип, дааватка барып жаткандардын саны тууралуу так маалыматтар жок.

- “Таблиги жамаат” кандайдыр бир жаңыланууга, реформага муктаж. Улуу ислам ойчулдары дайыма "Билим бул - нур" деп айтышкан, башкача айтканда, биз илимге, модернизацияга умтулушубуз керек. Медицина бир ордунда турган жок. Илимде прогресс болуп жатат, технологияда прогресс болуп жатат. Прогресс боло турган нерсе, андан кача албайсың. Мында эч бир жаман нерсе жок. Муфтияттын жетекчилери ушул нерсеге көңүл бурушу керек. Биз илим-билимге, модернизацияга жана жаңы технологияларга умтулушубуз зарыл. Бул “Таблиги жамааттын” да, дегеле жалпы исламдын негизги идеяларына да карама-каршы келбейт, - деди талдоочу Нурлан Наматов дааватчылар жаңыланууга барышы зарыл экенин белгилеп.

Динди таңуулоонун тескери натыйжасы

Кыргызстанда дааватчылар айлап динге чакырууга кетип калышкандыктан, үй-бүлөсү, балдары каралбай калган учурлар да катталган. Бирок муфтият муну “кой аксагы менен миң” деп түшүндүрүп, мындай окуялар саналуу экенин айтып жүрөт.

“Азаттыктын” пакистан кызматынын редактору Дауд Хандын айтымында, дааватчылар өз көз караштарын таңуулагандыктан, Пакистанда үй-бүлөлүк чыр-чатактарга, туугандардын араздашуусуна себеп болгон учурлар бар:

Дауд Хан.
Дауд Хан.

- Биринчиден, алардын даваат кылуу ыкмасын карасак, бул топту Пакистандагы башка экстремисттик маанайдагы уюмдардын катарына кошо албайбыз. Бирок кадыресе турмушта маселе жараткан жагдайлар бар. Мисалы, үй-бүлөнүн бир мүчөсү “Таблиги жамааттын” жактоочусуна айланып, калгандары ага кошулбаган учурлар бар. Тиги бир адам исламдын эски эрежелерин жана тартиптерин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө таңуулаганга аракет кылышууда. Калгандары муну жактырышпайт. Натыйжада үй-бүлөдө ажырым пайда болуп жатат. Убакыт өткөн сайын “Таблиги жамаатка” кошулган адамдардын саны өсүп жатат. Бирок кандай масштабда экенин так айтуу кыйын.

Кыргызстанда 2009-жылы “Таблиги жамаат” кыймылын тыюу демилгеси көтөрүлүп, ал Коопсуздук кеңешинде да талкууланган, бирок бийлик кийин андай кадамга барган эмес. 2010-жылдан кийин келген кыргыз бийлиги да дааватчыларга көзү түз экенин көрсөткөн. Депутат Исхак Масалиев диний уюмдар өз талаптарын таңуулабаш керек деп эсептейт:

- Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Мисалы, 2009-жылы Кыргызстандын коопсуздук кеңеши “Таблиги жамаатты” жабууну сунуштаган. Бирок, ал эмнегедир токтоп калган. Балким ушундай кыймылдардын жакшы жактарын алып, туура багытта мамлекет менен чогуу иш алып барса, ийгилик болуп калышы мүмкүн. Бирок ошол эле мезгилде ал кыймылдар өздөрүнүн талаптарын коюп, "мындай жүрүш керек, мындай кийиниш" керек деп башкаларды мажбурласа, анда бул мыйзам бузуу болот. Экинчиден, бүгүнкү күндө ошол аалымдар делген акылдуулардын балдар мектепке мындай кийинип барсын, уруксат берсин деп талап койгону - бул мыйзамга дал келбейт. Же башка бирөөгө мажбурлоо, милдеттүү кылуу - бул кичине жакшылыкка алып барбайт.

Кыргызстанда учурда 20 диний уюм экстремисттик жана террордук багытта деп табылып, алардын ишмердигине тыюу салынган. Алардын акыркысын “Таблиги жамаат” кыймылынан бөлүнүп чыккан "Йакын инкар" тобу толуктады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG