Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Апта: УКМКда кагаз, музейде таш жоголду


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.

ШКУнун конвенциясын ратификациялоо "Таблиги жамаатка" барып такалды, тарых музейиндеги коррупциянын жана "Белизгейт" чуусунун жаңы өңүтү ачылды.

13-сентябрда парламентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясын ратификациялоону карап жатканда документте Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына каршы келген жагдайлар табылды.

Былтыр Астанада кол коюлган “Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан өнөктөш өлкөлөрдө экстремисттик уюмдар деп таанылган топторго каршы биргелешкен милдеттерди өз моюнуна алат.

Бул жерде талкуу уюмга мүчө Орусияда, Кытайда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда экстремисттик деп таанылган, бирок Кыргызстанда эркин ишмердик жүргүзгөн “Таблиги жамаат” агымына барып такалды.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев келишимди ратификациялоо талкууланып жатканда "Биз бул конвенцияны кабыл алсак, анда биз дагы аны экстремисттик уюм катары тааныган болобузбу?" деп суроону кабыргасынан койду. Эл өкүлү ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылып, "биздин жалпы коопсуздук үчүн жана конвенцияга башка өнөктөштөр менен бирге кол коюп жаткан соң, аларды биз дагы тазалашыбыз зарыл" деген сунушун айтты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Кыргызстан Астана конвенциясына кошулгандан кийин анын талаптарын аткарып, “Таблиги жамаатты” биз дагы “мыйзамсыз” деп табууга тийишпиз. Анткени конвенцияда экстремизмге байланыштуу түшүнүктөр жана принциптер бирдей болушу керектиги жазылып турат" - деп эскертти.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров непадам кыргыз жараны ШКУга мүчө башка өлкөнүн аймагында экстремизмге шектелсе, анын жоопкерчилиги кандай жөнгө салынарына кызыкты. Баш ​мыйзамга ылайык, Кыргызстан кылмышка шектелген жаранын башка мамлекетке өткөрүп бербейт. Эгерде кыргыз жаранына козголгон иш Кыргызстанда кылмыш иши деп таанылса, улуттук мыйзамдар менен жоопкерчиликке тартылат. Депутат "эгер ал иш Кыргызстанда кылмыш деп саналбаса кандай болорун" тактады.

Бангладештеги медресе.
Бангладештеги медресе.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков оболу “Таблиги жамаат” агымынын кыргыз коомуна коркунучу жоктугун белгиледи. ​"Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда диний кырдаал такыр башка" деген өлкөнүн башкы чекисттеринин бири Кыргызстанда "диний кырдаал бир топ жакшы" экенине токтолду. “Таблиги жамаат” сопучулуктан тамыр алган. Илимий жактан изилденгендей, сопучулук бул жихадчылардай коркунучтарды алып жүрбөйт" - деп түшүндүрдү.

УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борборунун директорунун орун басары Канжарбек Бакаевдин белгилешинче, “Таблиги жамаатынын” ишмердиги такай көзөмөлдө. Эгерде уюмга мүчө мамлекет кыргыз жаранын экстремизмге айыптап, соттосо, анда анын кылмыш иши боюнча жарандын үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынарын түшүндүрдү.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Орусияда экстремизмге каршы күрөштүн алкагында "Таблиги жамаатка" мүчө болгон деген шек менен буга чейин ондогон кыргызстандыктар соттолуп кеткен. Өлкөнүн укук коргоо органдары мекенинде аларга каршы кылмыш иши козголбогону менен алар башка мамлекеттин мыйзамы боюнча экстремизмге айыпталып, жазага тартылганын жүйө келтиришкен.

“Азаттык” радиосунун “Машаал” кызматынын редактору Дауд Хан "Таблиги жамааты" эң кеңири тараган Пакистанда бул диний агымдын "исламдын эски эрежелерин" таңуулаган ролуна токтолду.

"Мисалы, үй-бүлөнүн бир мүчөсү “Таблиги жамааттын” жактоочусуна айланып, калгандары ага кошулбаган учурлар бар. Тиги бир адам исламдын эски эрежелерин жана тартиптерин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө таңуулаганга аракет кылышууда. Калгандары муну жактырышпайт. Натыйжада үй-бүлөдө ажырым пайда болуп жатат" - деген журналист Пакистанда барган сайын бул агымга кошулган адамдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Алексей Малашенко.
Алексей Малашенко.

Ал эми орусиялык эксперт, белгилүү чыгыш таануучу Алексей Малашенко Кыргызстандын дин саясатындагы эркиндик принцибин жактап, ​чектөөлөрдүн кесепети "жакшылыкка" алып барбастыгын эскертет. "Бир диндин ичинде башкача ойлонгондордун, баштапкы идеологияга баш ийбегендердин суурулуп чыгышы кадыресе көрүнүш. Өкмөттү, мамлекетти кайра курууну көздөгөн радикал исламисттерге караганда эч зыяны жок, саны чектелүү, дүйнөдө анча таанымал эмес мелүүн топтордун болгону туура да" - деп өлкөнүн дин саясаты туура багытта баратканын баса белгиледи.

14-сентябрда Бишкекте Кытай, Орусия баштаган сегиз мамлекеттин муфтийлери, дин комиссияларынын өкүлдөрү жана эксперттери чогулуп, исламчыл экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты. Алар өз ара тажрыйбалары менен бөлүшүп, диний радикализмдин алдын алуу ыкмаларын сунуш кылышты. Бирок ошол эле кезде бул өлкөлөрдүн мусулман жамааттарынын кээ бир көз караштары дал келбей турганын айтышып, чогуу күрөштөн майнап чыгарынан шектенгендер да болду.

Белизгейт: Тастыкталбаган кагаз кайда?

14-сентябрда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинин курулушундагы коррупциялык иштер тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.

Анда музейдин сыртынан сыйрылган гранит менен мрамор таштардын кайда жоголгону жана музейге сатылып алынган курулуш материалдарынын, эмеректердин жана экспонаттардын баасы ашыкча көрсөтүлгөн фактылар аныкталганы белгилүү болду.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев бул боюнча кылмыш иши козголуп, аны тергөө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин айтты.

Музейдин каражаты туура эмес жумшалган
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Фракция жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов иш козголгонуна эки ай болсо дагы негизги күнөөлүүлөр эмне үчүн аныкталбай жатканын, музейден ташылып кетти делген баалуу таштар кайда экенин такып сурады. "Кимдер акчаны жеген, кимдер аны бөлүшкөн, кимдер жанагы имарттан сыйрылган таш плиталарды ташып кеткенин таппай жатасыңарбы? Гранит жана мрамор таштарды СМУ-3 деген компанияга эмнеге жооптуу сактоого койдуңар? Андан башка бул ишти жасай турган компания жок беле?" - деп жыйынга катышып жаткан Башкы көзөмөл органы менен УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылды.

Депутат музейди жаңылоо боюнча өткөрүлгөн тендерге катышып, аны утуп алган СМУ-3 ишканасынын ишмердигине кызыкты. ​"Анткени ат майданын курган да мына ушул компания, УКМК сыяктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн көп кабат үйлөрдү курган мына ушул компания. Бул курулуш компаниясы жалаң гана шектүү делген мамлекеттик ири долбоорлорду алыптыр" деп, таш плиталар анын "кампасында" экенине көзү жетпей турганын да айтты.

Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары Талант Кожоновдун сөзүнө караганда, кылмыш иши факты боюнча козголуп, жалпысынан музейден 14 027 чарчы метр гранит жана 4 миң чарчы метр мрамор сыйрылганы аныкталган. Учурда бул таш плиталардын каякка жумшалганы териштирилип жатат.

Коррупцияга каршы кызматтын өкүлү тарых музейи үчүн сатылып алынган буюмдардын баалары ашкере көрсөтүлгөн мисалдарды келтирди:

- Музейдин концепциясына туура келбеген жалпы баасы 3 503 449 сом турган эки жыгач атты сатып келишкан. Ошол ар бир жыгач аттын баасын эсептеп бөлгөндө 1 миллион 751 миң сом же болбосо 22 миң евро турганы аныкталды. Ошондой эле 6 миллион 603 миң сомго стул, 147 413 сомго бир даана кофе кайнатуучу жабдуу сатылып алынган. 97 812 сомго муз даярдоочу аппарат алып келинген. Инсталляция катары музейге коюу үчүн алынган теректин бутагынын ар биринин баасы 148 миң турган.

Азырынча келтирилген зыяндын өлчөмү 118 миллион сомдон ашуун. Бирок УКМКнын тергөө башкармалыгы бул сан аудитордук текшерүүлөрдүн толук жыйынтыгы менен дагы өсүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Тарых музейин оңдоп-түздөөгө мамлекеттик бюджеттен бир миллиард 400 миллион сомдон ашуун каражат чыгымдалганы териштирүү учурунда чыккан. Мындан сырткары Түркиянын ТИКА уюму музейдин сыртын оңдоого 4,5 миллион доллар бөлгөн.

"Ата Мекен" фракциясы ошондой эле 2016-жылы чыккан “Белизгейт” чуусуна байланыштуу маалыматты укту. УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев үстүбүздөгү жылдын 16-майында Башкы прокуратуранын катынын негизинде атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөнүн билдирди. ​

"Комиссия кызматтык иликтөө учурунда 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө "Мегакомго" таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды" - деген Мүсүралиев иликтөөнүн материалдары үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Башкы прокуратурага жиберилгенин кошумчалады.

Атайын кызматтын жооптуу жетекчиси 2016-жылдын 14-ноябрында УКМКнын ошол маалдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн бир нече барактан турган, “Белиздин расмий органы апостиль менен тастыктаган” деген үч документ эч жерде каттоодон өтпөгөнүн жана кагаздын өзү дагы табылбаганын айтты.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин айтымында, УКМКдан келген материалдарды жана Белиз өлкөсүнөн дипломатиялык жол менен алынган расмий жоопту атайын түзүлгөн топ анализдеген соң, “кылмыш ишин ачууга негиз жок” деген бүтүм чыгарылып, материалдар “өтө жашыруун” деген гриф менен сакталып турат.

Фракция мүчөсү Сайдулла Нышанов башкы көзөмөл мекемесинин өкүлүнө кайра-кайра суроо берип жатып, Белизден келген документте үч саясатчынын үлүшүнө тиешелүү “акция жок” деген жоопту укту.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Эки жыл мурун УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев парламентке келип, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Быйыл апрель айында кызматтан кеткен Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. "​Тактаганга бир нече аракет жасадык. Бирок тилекке каршы, Белизден так жооп алыш кыйын экен. Жооп алалган жокпуз. Ошол эле учурда кыйыр тастыктама деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык" - деп жооп берди.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев “Азаттыкка” берген комментарийинде “Белизгейтти” атайын кызмат алды-артын карабай жасаган, “чоң кара пиар” деп баалады. "Азыр эч нерсеге арзыбай калган кагазды кайсы оперативдүү жол менен кантип алышканын аныктоо керек" - деген экс-прокурор ыкчам маалымат менен иштөөнүн тартибин түшүндүрдү. "Кандай оперативдүү маалымат болбосун, УКМКда кагазга түшүрүлүп, мекемеге кириштелип, каттоодон өткөрүлүп, мөөр басылып мыйзамдаштырылат. Анан ошол президентке, башка тиешелүү тараптарга көрсөтүлөт. Документ Башкы прокуратурага берилээрде УКМКдан чыгышталат" - деп чечмеледи.

“Ата Мекен” фракциясы "кызматтык жасалмалуулук" боюнча ошол кездеги УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага кылмыш иши козголушу керек деген маселени көтөрдү.

Сегизбаев: Жээнбеков менен келечекти талкуулаганбыз

Сегизбаев: Жээнбеков менен келечекти талкуулаганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:24 0:00

Солсбери: "туристтик" сапардын максаты

Шаршембиде "Russia Today" (RT) телеканалы өздөрүн “Руслан Боширов” жана “Александр Петров” деп тааныштырган эки жаран менен болгон видео маекти жарыялады. Британ полициясы дал ушундай ысымдагы эки орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызын ууландырган деп айыптаган.

Кремл каржылаган, дүйнөнүн бир топ жеринде иш жүргүзгөн телеканалдын жетекчиси Маргарита Симонян Лондон "химиялык курал менен кол салган" деп айыптаган эки киши ага өздөрү телефон чалып кайрылышканын, коркуп жүрүшкөнү даана байкалып турганын айтты. "Орус паспортторун көргөзүштү. Паспортторго караганда ысымдары чындап эле ошондой. Сыртынан караганда жарыяланган сүрөттөрдөгү адамдарга окшошуп кетет. Ошол кишилер экенинен күмөн санабайм" - деген журналист эки аптадан бери маалымат каражаттарынан түшпөгөн эки орусиялыктын паспорттору, сүрөттөрү жана видео тасма дал келээрин ырастады.

Петров жана Боширов.
Петров жана Боширов.

Петров менен Боширов Солсбериге барган себебин "досторубуз көптөн бери эле бул кооз шаарды көргүлө деп айтып жүрүшкөн" деп, ал жерде белгилүү Солсбери чиркөөсү бардыгын айтышты.

Эмне себептен ал шаарга эки жолу барышканын 3-мартта “кар калың” болгондуктан, эртеси аба ырайы оңолгондо кайра сапар алышканы менен түшүндүрүштү.

Алар Солсбериде жүргөндө кокусунан Сергей Скрипалдын үйүнө дагы барып калышканын жокко чыгарышпайт. “Балким биз ал үйгө барсак баргандырбыз, бирок анын кайда экенин билбейбиз” – дешти. Алар ошондой эле Солсбериде бир саатка жетпеген убакыт жүрүшкөнүн кошумчалашты.

Шаршембидеги видео интервью жарыялангыча президент Владимир Путин эки орусиялыктын ким экендиги билингенин жана алардын атайын кызматтарга тиешеси жоктугун, эки жарандын аракетинен эч кандай кылмыш көрбөгөнүн айткан. Орус президенти кылмышка шектүүлөр окуя боюнча өз версиясын айтып бере аларын кошумчалаган.

"The Insider" жана "Bellingcat" агенттиктери Орусиянын федералдык миграция кызматындагы Солсбериге барды делген Александр Петров деген кишинин жеке маалыматынын көчүрмөсүн жума күнү жарыялашты.

Петровдун сүрөтү чапталган формада анын атайын кызматтын адамы экенин көргөзгөн “маалымат берилбесин” деген штамп басылып, анын алдына кол менен “совершенно секретно (өтө жашыруун) деген кат бар” деп жазылган. Кагазда ата-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, ата-энесинин ысымдары жана катталган жери көрсөтүлгөн.

Федералдык миграция мекемесинде иштеген булак мындай штамп жашыруун органдардын адамдарынын жана мамлекеттик жогорку кызматтагылардын жеке маалыматын коргоо үчүн коюларын ырастады.

Журналисттик иликтөөлөр агенттиги Петров менен Бошировдун качан, кайда учканы тууралуу коомчулукка жашыруун маалыматка ээ болушкан. Ана эки орусиялык жарандын Лондонго учуп кетип, кайра кайтканы британ полициясы берген даталарга дал келет.

Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Британ премьер-министри Тереза Мэй Скрипалдарды ууландырууга катышкан адамдар Орусиянын аскерий чалгын башкармалыгы – "ГРУнун офицерлери" деп бир апта мурда билдирген.

Британ бийлиги “Биз Орусиядан март айында Солсбериде болгон окуя боюнча жооп берүүнү талап кылып келатабыз, бирок Москва такай “калп айтып, баш айландыруу аракетинде” – деп айыптап келет.

Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал кызы экөө быйыл 4-мартта Солсбери шаарында Советтер Союзунда чыгарылган "Новичок" деген нервди шал кылчу зат менен ууландырылган. Алар ооруканада жатып, дарыланып чыгышкан. Бул кол салуу үчүн Лондон башынан эле Кремлди айыптап келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG