Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

УКМК: азыр "Таблиги жамаат" уюмунан коркунуч жок


Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.
Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.

"Таблиги жамаат" уюму учурда Кыргызстанга коркунуч жаратпайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков 12-сентябрда Жогорку Кеңеш сессиясында депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Кожобеков ошол эле маалда аталган уюм атайын кызматтын көз кырында экенин айтты:

- Азыркы убакта коркунучтар жок. Бирок биздин көзөмөлдө. Эгерде, аны жабуу үчүн кандайдыр бир негиз тапсак, жабабыз. "Таблиги жамаатта" "Йакын инкар" деген бөлүм бар. Алар өздөрүнүн экстремисттик көз карашын көрсөтүштү. Балдары мектепке барбай, светтик жашоо образынан баш тартышты. Биз жетиштүү маалыматтарды топтоп, соттун чечими менен бул уюм "экстремисттик" деп табылды.

"Таблиги жамаат" уюмуна Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес. Коомдо ар кандай радикал кадамдары менен белгилүү болуп, Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген “Йакын инкар” уюму "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыкканы белгилүү. Тактап айтканда, "йакын инкарнчылардын" негиздөөчүлөрү мурда "Таблиги жамаатка" мүчө болушкан.

Жогорку Кеңеште 12-сентябрда Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кыргызстан террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык үч конвенцияга мүчө. (NT)

XS
SM
MD
LG