Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Түркөйлөр тирүүлөй терисин сыйрыган гений


Бакудагы Насиминин эстелиги.
Бакудагы Насиминин эстелиги.

Быйыл Имадеддин Насиминин 650 жылдыгы ТҮРКСОЙ маданий уюму аркылуу белгиленип жатат.

Айтылуу акындын мааракеси тарыхый жашы байыркы Грекиядагы даңазалуу Троя шаары менен теңдеш эң байыркы шаар-чептерден болгон ордолуу Ош шаарында белгиленгени өзүнчө сыймык.

XIV-XV кылымда азербайжан, фарс жана араб тилдеринде эркин сүйлөп, эркин жазган акын жана окумуштуу, философ жана даанышман, өз доорунун коомдук ишмери Имадеддин Насими - фарс тилинде жазган Низами менен Ширваниден айырмаланып, ырларын азербайжан тилинде жазган алгачкы акын.

Чыгыш поэзиясынын эң жарык жылдызы жана азербайжан адабиятынын баштоочусу Имадеддин Насиминин поэзиясы, көз караш, дүйнө таанымы жана адамдык насили, өзгөчө тагдыры менен бардык жагынан феноменалдуу жана таң каларлык. Анын чыгармалары азербайжан поэзиясына чоң бурулуш алып келген, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Прогрессивдүү ой жүгүрткөн, илим-билими терең, ой чабыты кенен Насиминин поэзиясы философиялуу жана терең психологиялык чеберчилиги менен ар бир окурманды тамшандыра алат.

... Бөлүкчөсү бүт нерсенин, жердин алты тарабында күнүмүн.

Кара менин нурдуу жүзүм: ал нурларга дагы сыйбай жүрүмүн.

Табият да, мүнөз да мен, жармы шекер, жармы роза кошулган,

Өзүм чечим, жүйөө да өзүм, - жабык оозго тосулган.

Таттуу түшмүн, аймын, күнмүн. Демим, жаным беремин.

Бирок, демге, жанга да бүт батпай, сыйбай келемин.

(которгон – Алтынай Темирова)

Орто кылымда Насими гана өзүн дал ушундай табияттын ааламдык бир түбөлүктүү бөлүкчөсү катары карап жана аны жар салган. Ал бул ыры менен адамды Ааламдын бир атомдук бөлүкчөсүндөй карап, аны түбөлүктүү баа жеткис нерседей аздектеген. Бул анын адам жана аалам жөнүндө улуу гимни, аны өзүнүн автобейнеси аркылуу түзгөнү көрүнүп турат. Бул Насиминин поэзиясын улуулатып жана бүткүл чыгармачылыгынын башкы программасы, бийик үлгүсү катары түбөлүктүү жашатып келатат.

Оштогу Насиминин чыгармачылыгы боюнча иш-чаранын катышуучулары.
Оштогу Насиминин чыгармачылыгы боюнча иш-чаранын катышуучулары.

Имадеддин Насими орто кылымда үч тилде эркин сүйлөп жана жазган прогрессивдүү инсан жана да ырларынын формалары да ар түрдүү стилде болгону менен айырмаланат. Ал салттык рубаилерден, казалдардан, бейттерден тышкары «күзгүдөй чагылтма» ыр формасында, туюк ыр формасында да жазган. Булар - бүгүнкү күндө унутулуп калган, бирок Чыгыш поэзиясынын тарыхында өзгөчө бир өтө кызыктуу стилдер.

Коралл мончок эриниң – бал, балдай эриниң коралл,

Эң бир таттуу жашоомдон да, жашоомдон да таттуу ал.

Айдын нуру – сенин жүзүң, жүзүң сенин – ай нуру,

Албырууда жанып бетиң, жанып бетиң албырды.

Кимдер сени көрбөдү экен, сени кимдер көрбөдү?

Көнбөй азап тартты четте, азапка четте көнбөдү.

Кимдер сенин сөзүң укту, сөзүң кимдер укту экен?

Мактоолорун айтты анда, анда мактоо айтты эчен.

Сөзүн укчу Насиминин, Насиминин ук сөзүн:

Бардыгынан мыкты окуду ыр, окуду эң мыкты ырын.

(Күзгүдөй чагылтма казал. Которгон – Алтынай Темирова)

* * *

Жаз кайрадан келди бийликке, тоо этектей жайгашып.

Куштар сайрайт таттуу эрите, жарык нурга жайгашып.

Буйругуна баардын баш ийе, кар да көчүп сайга жайгашып,

Пери көзү гана тоң дале, болоттой курч нурун жайнатып.

(Туюк ыр. Которгон – Алтынай Темирова)

Имадеддин Насимиге эч бир диний же турмуштагы пенделик көз караштан кароо мүмкүн эмес, ал жашаган доордун чегинен да кароого болбойт. Өзүн дүйнөнүн бир бөлүкчөсү катары карап, микрокосмос катары түшүнгөн акын ошол оюн ар бир адамга жеткирүүгө аракет кылган. Анын жан-дүйнөсү мына ушул нерсени өз замандаштарына, элге жеткире албай келгени көрүнүп турат. Ал жектеген караңгылык адамдарды азыр деле өзүнө чидерлеп келатат.

Дин бийликке, саясатка үстөмдүк кылган капсалаңдуу орто кылымда мындай эркин көз карашы жана өтө прогрессивдүү ойлору жана ырлары, илимий эмгекке тете ачылыштары, ошондой эле кайраттуу жана чечкиндүү мүнөзү үчүн акынды эң оор жазага тартууга өкүм кылышкан. Анын ырларын жатка айткан жаш жигиттердин да бир нечеси дарга асылганын, өзүн Насимимин деп, дагы эле башка адамдар аны коргоп мерт болуп атканын билген соң кезектеги бир жаш жигит да «Насими менмин» деп дарга асылганы атканын көрүп, буга чейин куугунтуктан качып жашырынып жүргөн Насими аны куткарып, жаза сыйыртмагына өзү түшүп берет. Жазалагандар Насиминин терисин тирүүлөй сыйрып, андан соң кескилеп өлтүрүшкөн. Ага чейин, бир топ жыл мурун анын устатын үч атка кердирип, үч тарапка айдап, эл алдында сүйрөтүшкөн...

Бирок аны жазалагандардын аты «караңгылык, наадандык, зулумдук, карөзгөйлүк» аталып унутулса, акындын аты менен ажайып даанышман саптары кылымдардан кылымдарга өчпөй, эл оозунда жашап келатат, окулуп келатат!

Алтынай Темирова, акын, адабиятчы, котормочу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG