Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:39

Тарыхый жана маданий эстеликтерге залал келтирүү учурлары Ооганстанда талиптер бийлеген доордо гана жолукпастан, секулярдык Кыргызстанда да учурап жаткандыгы кейитет.

Тарыхый жана маданий эстеликтерге залал келтирип, бүлүндүргөндөр Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 235-беренесине ылайык 120 сааттан 180 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат. Бирок бул жаза деле жосунсуз жорукка баргандардын жолуна бөгөт боло албай келет.

Бүгүнкү күнгө чейин кооз курулушу менен зыяратчыларды таң калтырып, чет өлкөлүктөрдү кызыктырган Кыргызстандагы тарыхый эстеликтердин бири - Бурана мунарасы. Ал 10-12-кылымдарда Караханийлер доорундагы ордо калаа катары тургузулган гүлдөгөн шаардын калдыгы катары кылымдарды карытып келатат.

Мунара - ири жамы мечиттин бир бөлүгү болгон, андан азан чакырылчу. Ага чыккандар алыска көз чаптырып, айланага сереп салып турушчу.

Ал кезде бул жай жаштар бири-бирин сүйгөнүн билдирген же өз аттарын дубалдарга чийип жазып, сагызын жабыштырып “өз эстелигин” калтырган жайга айланат деп ойлошпосо керек. Тилекке каршы, бүгүнкү Бурананын абалы дал ушундай.

Туристтер бул жерге миң жыл мурдагы тарыхый доордун эстелигин көргөнү байма-бай эле келип турушат.

Биз барган кезде улуу ойчул Жусуп Баласагын жашаган доорду, анын өмүр жолун чагылдырган тасма тартып жүргөн түркиялык киночуларга туш болдук.

Тасманын режиссеру Камил Коч дубалдардагы түркүн жазуулар терс таасир калтырарын белгиледи.

- Тасмага алар тоскоол деле болбойт, техниканын жардамы менен жаап-жашырып коёбуз. Мен башка нерсени байкадым. Мисалы, мен тасмаларымда өз атымды жаза алам. Жусуп Баласагындын аты он кылымдан бери эмгектеринин арты менен өчпөй келатат. Бул жерге жазгандар деле изим калсын дешсе керек. Бирок из калтыруу деген мындай болбойт да. Каалаганың эле ошол болсо, анда китеп жаз, кино, сүрөт тарт. Бирок ал үчүн эмгектенүү керек.

“Форбс” журналы жыл жыйынтыгын чыгарып, 2017-жылы дүйнө калкы барып эс алууга эң арзан жана кызыктуу өлкөлөрүн жарыялап, анда Кыргызстан тууралуу: “93 пайызы тоо менен курчалып, бай тарыхка ээ, саякатчылар али анчейин биле элек мамлекет. Борбор Азиянын дал ортосунда жайгашка бул өлкөнүн баш калаасына жакын жерде Бурана мунарасы бар. Капчыктан көп акча коротпой саякатоого абдан ыңгайлуу”, - деп айтылат.

Бирок минтип чет элдиктерге көрүүгө сунушталып жаткан жайды жергиликтүү элдин баалабай, тескерисинче, жырткычтай мамиле күчөп жатканы музейде көп жылдан бери эмгектенип келаткан Турган Кожомамбетованы катуу кейитет.

- Муну эми улуулар эмес, жаштар жасайт да. Чыкпа десек болбой кырына чыгып алышат. Ышкырып, ызы-чуу салышат. Кээ бирлери ичип алышат, тамеки тартышат. Ошолор жаштык кубатын туура жакка жумшаса болмок. Бурананы кайра курсак да, дал өзүндөй кыла албайбыз. Кайталангыс тарыхый эстеликтерге туура мамиле кылууну балдарыбызга үйрөтсөк жакшы болмок.

Жаштардын дубалдарга, эстеликтерге түрдүү сөздөрдү жазуусуна эмне түрткү болоруна кызыгып, өздөрүнө суроо салдык.

Оюнга тойбой, күч-кубатын кайда жумшаарын билбей турган жигиттер жол боюнда турган унааларды чиймелеп, айкелдерге мык, ачкыч менен өз ысымдарын чегип жазган учурлары болгондугун жашырган жок.

- Менден кийин да атым калсын дейсиң да, туурабы? Мен деле ошентип жазып койчумун. Бирок мен башка районго барып ээнбаштык кылалбайм. Ал эми башка райондун балдары биздин аймакка келип атын жазып, тополоң сала алышпайт. Кокустан эле ошондой эр жүрөктөрдү кармап алсак, оңдурбайбыз го.

Билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жоодонбеков бул кадамга күч-кубатын туура пайдалана албаган, ичинде бугу болуп, ачыла албаган адамдар барышат деген пикирде.

- Айрымдары эмнеге минтип жасап жатканын, мотивин деле билбеши мүмкүн. Авторитардык чөйрөдө тарбияланып, интеллектуалдык, физикалык жактан ачыла албай, ушул сыяктуу иштерди жасап жатышат. Мындай кадамга баргандарды таап, жазасын берүүдөн мурда себептерин анализдеп алышыбыз керек. Балдарга билим, тарбия берүүдө туура багытты көрсөтүп беришибиз керек. Алардын ички потенциалын туура ача алсак, коомдо бул көрүнүштөр азыраак орун алмак.

Былтыр жыл аягында Административдик жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, эл көп жерде сөгүнгөн, коомдук тартипти бузган, таштандыларды тыюу салынган жерге өрттөгөн айрым кишилер борбор калаа көчөлөрүн тазалоого тартылууда.

"Азаттык+" берүүсүнүн Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди коруу көйгөйлөрү тууралуу тасма баянын толугу менен төмөндө сунуштайбыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG