Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:05

Халел Досмухамед уулу - “Алаш” туусун көтөргөн казак айдыңы


Халел Досмухамед уулунун (1883—1939) Петербургдагы академияны бүтүргөн жылы. 1909.

1930-жылдардагы сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз мерт болгон казак илимпозу, мурдагы “алашчы” Халел Досмухамед уулунун (1883—1939) элесин Казакстанда эч унуткарышпайт.

Алгы сөз

1930-жылдарда сталинчил жазалоолорго жазыксыз жерден кабылган казакстандык окумуштуулардын бири Халел Досмухамед уулу (казакча Халел Досмұхамедұлы; орусча Халел Досмухамедов; 24.04.1883 - 1939) тууралуу кыргыз окурмандары анчейин кабардар эмес.

“Алаш” урааны аркылуу советтик доорго чейин эле казак, кыргыз, башкыр сыяктуу түрк тилдүү калктардын автономиясы жана ага жетүү аркылуу болочокку эгемендиги үчүн күрөшкөн бул коомдук ишмер жана дарыгер Кеңеш бийлигинин алгачкы жылдары казак таануу илимин жана түркологияны өнүктүрүү үчүн да бараандуу салым кошкон.

Падышалык доордогу бала чагы, жаштыгы

Халел Досмухамед уулу падышалык оторчулук доорунда, 1883-жылы жаз мезгилинде (чын курандын - апрелдин 24үндө делип жүрөт) казактын даркан талаасында туулган. Анын киндик каны тамган жер азыркы тапта Атырау (Атыроо) облусуна караштуу Кызыл-Коога ооданындагы Тайсойгон (Тайсойған) кыштагынын аймагында жайгашкан. Азыр да бул кыштакта миңге жетпеген киши байырлайт.

Анын бешинчи бабасы Алдар Эрназар уулу (Ерназарұлы) санжырада калыс бий катары айтылып келет. Алдар бийдин Тилеке деген уулунан бай Байнак туулган, андан Машак бий туулган. Аны айтылуу Зимбил акын “берки бир атам – бий Машак, булбулдай топто сайраган” деп мүнөздөгөн.

Машак Байнак уулунун (1835—1889) үч эркегинин бири Досмухамед 1850-жылы туулган делет. Ал 33кө келгенде жубайы Айкен ага Халел деген уул төрөп берет.

Балдарынын кенжеси, жетинчи уулу болгон Халелди атасы жаштайынан сабаты жоюлсун үчүн алгач айылдык молдого берип кат тааныткан. Андан соң Халел орус-казак (“орус-тузем”) мектебинде окуусун уланткан.

Окууга дилгир Халел 1894-жылы Орол (Теке) шаарындагы аскердик-реалдык окуу жайдын даярдоо бөлүмүнө кабыл алынган. Бул окуу жайды ал 1902-жылы аяктаган соң, Орусиянын борбору Санкт-Петербург шаарындагы Императордук аскердик-медициналык академияга латын тилинен кошумча сынак тапшырып өткөн.

Маалыматтарга караганда, ал аталган академияда академиктер Иван Петрович Павлов, Василий Радлов (Вилгелм Радлофф), Василий (Вилгелм) Бартольд, профессор Бодуэн де Куртэнэ ж.б. дарс окушкан экен.

Мени жана башка казак студенттерин эч бир саясий партиянын программалары канааттандырбады. Социал-демократтар жөн гана жумушчулар тууралуу айтса, социалист-революционерлер чарбачылык жөнүндө сүйлөп жатты. Кадеттер орус калкынын улуулугу жөнүндө сайрап, башка калктар тууралуу ооз ачып да койбоду...
Халел Досмухамед уулу

1908-жылы бештин айынын (декабрдын) 10унда студент Халел Досмухамед уулу Сагира Жумагалы кызы Токтыбаевага үйлөнгөн (ошол учурдагы аскердик окуу жайдын эрежесине ылайык, нике куруу үчүн ага академия уруксат бергендиги тууралуу тастыктама да сакталып калган).

(Караңыз: Каренов Р.С. Алаштың асыл арысы Халел Досмұхамедұлы ғұмырының ғибратты тұстары // Караганды университетиниң кабаршысы. — Караганды, 2013. — Тарых.)

Анын студенттик жылдары падышалык Орусиядагы ири саясий окуялар маалына туш келген. Халел өзү да акырындап коомдук-саясий окуяларга катыша баштайт.

Казак тарыхчысы Р.С.Касенов белгилегендей, кийинчерээк, 1931-жылы Халел Досмухамед уулу сурак маалында өз колу менен чекиттерге жазган түшүндүрмө маалыматында жаштык кезиндеги күрдөөл окуяларды мындайча сыпаттаган:

Мен Петербургга биринчи орус революциясынын тушунда келдим. Бул кезде демократиялык күчтөр, анын ичинде студенттик коом да, тез-тез нааразылык билдирип жаткан. Кымгуут студенттик өмүргө аралашуу менен бирге саясий билимимди арттырууга да кириштим. Ар түрдүү саясий партиялардын баяндамалары менен... тааныштым... Мени жана башка казак студенттерин эч бир саясий партиянын программалары канааттандырбады. Социал-демократтар жөн гана жумушчулар тууралуу айтса, социалист-революционерлер чарбачылык жөнүндө сүйлөп жатты. Кадеттер орус калкынын улуулугу жөнүндө сайрап, башка калктар тууралуу ооз ачып да койбоду. Оңчулдар болсо орус эмес калктарды жамандап, аларды кодулоо менен алек...”

Монархиялык режимди конституциялык жол менен либералдаштыруу үчүн күрөшкөн кадеттер партиясына ылым санаган Халел өзү да студент кезинде гезиттерге макалалар жазып кирди. Андан тышкары ал 1905-жылы Теке шаарындагы казактардын айдың жигиттеринин жыйынына катышып, кадеттик усулда саясий партия түзүү далаалатын жасагандардын арасында болду.

Халел Досмухамед уулунун диплому. Санкт-Петербург. 12.1.1910.
Халел Досмухамед уулунун диплому. Санкт-Петербург. 12.1.1910.

1909-жылы Халел аскердик-медициналык академияны алтын медал менен аяктаган. Офицер (аскер дарыгери) катары кызмат өтөөгө жиберилип, ал оболу Пермь губерниясына караштуу Чердын үйөзүндө Морчань жергесинде кызмат өтөдү.

Ошол эле жылы ал Түркстан шаарына которулуп келди. 1910-жылдан тартып Орол аймагында казак-орустарды эмдеген ооруканада аскер дарыгери болуп иштеп калды. Ал эми 1913-жылдан тартып аскер кызматынан бошонуп, Орол облусунун Темир үйөзүндөгү бөлүмчөгө дарыгер болуп жиберилди.

Халел Досмухамед уулу дал ушул жылдан тартып өзүнүн саясий ишмердигин жанданткан. Ал кадеттер партиясынан оолактап, 1913—1915-жылдары болочокку улуттук демократиялык партияны түзүү аракеттерине кошулган.

“Алашчы” айдың

Халел Досмухамед уулу 1913-жылдан тартып “Казак” гезитине белсене көмөк кылып, макалалар жазды. Ал да Алихан Бөкөйхан уулу сыяктуу эле болочокку “Алаш” партиясынын пайдубалын түптөөгө салым кошту.

1917-жылы Халел Орунбор шаарында өткөн Биринчи жалпы казак курултайында төрагалык кылды. Дал ошол жылы ал Алаш Ордонун Батыш Казакстан бөлүмүн Орол аймагында куруу үчүн мээнет кылды. Бул доордо “Алаш Ордо” болшевиктер менен ачык таймашууга барган. 1918-жылы жаз мезгилинде Халел Досмухамед уулу өзүнүн саясий шериги Жаханша (Жаһанша) Досмухамед уулу менен кошо советтик борборго келип, Владимир Ленин жана Иосиф Сталин менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Алар Кеңеш бийлигинин башчысына “кызылдарда” туткунда жаткан алашчы казактарды боштондукка чыгаруу, казактар жерлешкен аймактарды бүт казактарга кайтаруу, Алаш Ордого ал өкүм жүргүзгөн аймактарда бийлик ыйгарымдарынын бир катарын (мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги, сот бийлиги, аскердик көзөмөл) калтыруу, ж.у.с. талаптарды айтышкан. Ал түгүл болшевиктерден анча-мынча акчалай көмөк алууга да жетишкен.

Бул макулдашуунун алкагында Жаханша менен Халел Орол шаарында курултай чакырып, аймакта Ойыл вилайетинин убактылуу өкмөтү дегенди жарыялашат. Кол курап, ал түгүл төмөнкү аскер жетекчилерин даярдай турган окуу жайдын орунун такташат. 1918-жылы Өфө (Уфа) шаарында казак, кыргыз, башкыр алашчыларынын жыйналышы болуп, Халел ага да катышкан. Мында “Ойыл вилайети” тек гана “Алаш Ордонун Батыш бөлүмчөсү” деп аталып калган.

Ошентип, Алаш Ордо автономиясын, “Алаш” партиясын түптөөгө Халел Досмухамед уулу аймактык жетекчи катары чоң үлүш кошту.

Кеңеш бийлигиндеги кызматы

Атуулдук согушта “ак гвардиячылар” жана “алашчылар” “кызылдарга” жеңилип калган соң, Халел Досмухамед уулу Кеңеш бийлиги тарабына биротоло өтүп, жаңы шартта өз элине кызмат кылууну уланткандардын катарында болду. (Айрым “алашчылар” чет мамлекеттерге бозгунга кетишкен).

1920-жылы Кеңеш өкмөтү “Алаш Ордонун” мүчөлөрүнө кечирим жарыялады (албетте, 1930-жылдары сталинчилер “эски жараны” кайра ачып, далай айдыңдарды мурдагы “Алаш Ордо” менен байланышы үчүн кайра жазалай баштагандыгы тууралуу сөз — алдыда).

Ушундай атуулдук келишимден кийин Халел да жанын аябастан Кеңеш бийлигиндеги жаңы турмушка сүңгүдү. Оболу ал Маскөөгө жиберилди. Андан соң билимине, кесиптик жана саясий жетекчи катары даярдыгына ылайык Түркстан АССРинин борбору — Ташкен шаарында бир катар кызматтарды аркалады.

Халел Досмухамед уулу.
Халел Досмухамед уулу.

Бул шаарда ал өзүнөн башка да Турар Рыскулов, Эшенаалы Арабай уулу, Муктар Ауэзов (Əуезов) сыяктуу мурдагы “алашчылар” менен кайра жолукту. Чөлкөмдүн саясатчылары болочокку Казак, Кыргыз, Өзбек, Тажик жана Түркмөн советтик мамлекеттерин түптөө иштерин ушул шаарда да улантышкандыгы жакшы маалым

Ташкенде Халел кесипкөй дарыгер катары жалпы Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоо тармагын кайра уюштуруу иштерине кол кабыш кылды.

Ал Түркстан АССРинин эл агартуу комиссардыгына караштуу Түркстан калктарынын окуу-агартуу, маданият жана илим көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган Билим комиссиясына мүчө жана андан соң төрага болуп иштеди.

Халел Досмухамед уулу 1920—1921-жылдары Ташкендеги дене эмдөө институтунун ординатору, Орто Азия университетинин медицина факультетинин хирургиялык ооруканасында ординатор болуп да иштеди.

1922—1924-жылдары ал Түркстан Саламаттыкты сактоо эл комиссариатынын кеңешинин мүчөсү болду.

Халел Досмухамед уулу басма ишинде да салым кошту. Ал 1923-жылы Орто Азия мамлекеттик басма коллегиясын жетектеди, кийинчерээк Казак мамлекеттик басмасынын Чыгыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп калды.

1926-жылы ал Алматы шаарындагы Казак педагогикалык институтун (азыркы Абай атындагы улуттук педагогикалык университетти) уюштуруу боюнча комиссиянын төрагасы болгон. 1927-жылы аталган институттун доценти, 1929-жылы профессору болуп бекитилген жана проректор кызматын да аркалап калган.

Капсалаңдуу доордо

1920-жылдардын соңунан тартып “тап күрөшүнүн” курчуганына шылтоолоп, сталинчилер бүткүл СССР боюнча жазалоолордун улам жаңы толкунун уюштурган кезеңде, анын эпкини Халел Досмухамед уулуна да тийген.

Ал бир кезде “Алаш Ордо” уюмунун аймактык жетекчилеринен болгондугу 1930-жылы кайра эске алынып, саясий айыптын негизинде кызмтынан айрылды. 1932-жылы чын куран (апрель) айынын 20сында ОГПУнун үчтүгүнүн чечими менен ал Орусиянын Воронеж шаарына беш жылга сүргүнгө айдалды.

Воронежде ал Саламаттыкты сактоо жана гигиена институтунда бөлүм башчы, темир жол бекетинде дарыгер-эпидемиолог ж.б. кызматтарда иштеди. Кошо айдалгандардын арасында мурдагы алашчылар Жаханша Досмухамед уулу, Мухаметжан Тынышпай уулу да болгон. Аларга 1935-жылдан соң атажуртуна кайтууга уруксат берилген.

Ал эми Халел Досмухамед уулу Воронежде кала берди. Бирок 1938-жылы теке (июль) айынын 26сында ал жалган саясий жалаа менен кайрадан камакка алынып, оболу Маскөөгө, андан соң этап менен Алматыга жиберилди. Воронежден Алматыга издеп келген жубайы Сагирага абактагы күйөөсүнө жолугууга чекисттер уруксат беришкен жок.

1939-жылы чын куран (апрель) айынын 24үндө аскер трибуналы аны атуу жолу менен өлүм жазасына кести. Ошол эле жылы аяк оона (август) айынын 19унда ал абактагы ооруканада кургак учук оорусунун айынан каза болду (анын айоосуз уруп-соккуга учурагандагы оор акыбалы абактын супсак маалыматында ушундайча кыска диагнозго жашырылган).

Аракеттеги айдың жана тарыхчы

Халел Досмухамед уулу ар кыл тармактар боюнча илимий жана илимий-жамаагаттык эмгектер калтырган көп кырдуу илимпоз болгон.

Бул чакан макалада анын айрым гана эмгектери жөнүндө сөз кыла кетелик. Ал тарыхка астейдил көңүл буруп, казактардын бардык жерлери падышалык Орусия тарабынан аскер жиберип басып алуу жолу менен каратылганы тууралуу маселеге кайрылган.

Кыргызстанда Т.Усубалиевдин тушунда “Түндүк Кыргызстан Орусиянын курамына өзү эле ыктыяры менен кирген” деген жаңылыш жобо расмий түрдө таңууланып жаткан чакта, коңшу Казакстанда да “Кичи жүз казактары XVIII кылымдын 30-жылдары өз эрки менен Орусияга кирген” деген жобо таңууланган.

Ал эми Халел Досмухамед уулу болсо казак элинин боштондук көтөрүлүштөрүнүн тарыхын жазуу аркылуу мындай “ыктыярдуулук” казак жеринде деги эле болбогондугун тээ 1920-жылдары эле тастыктап жазган.

Халел жана Махмуд Кашгари Барсканинин мурасы

Халел Досмухамед уулу казак айдыңдарынын ичинен алгачкылардан болуп өз чыгармачылыгында карахандык доордогу энциклопедиячы аалым Махмуд Кашгари Барсканинин мурасына — айтылуу “Дивану лугати т-түрк” — “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” (1072—1077) эмгегине изилдөөчү катары кайрылган.

Ал 1923-жылы “Шолпан” (“Чолпон”) журналынын 7-санында арап арибинде жарык көргөн “Дивану лугати т-турк” («Диуани лұғат ат-түрік») аттуу макаласында Махмуд Кашгари Барскани ээлеген көөнөргүс тарыхый орунду белгилейт.

Махмуд Кашгари Барскани чийген арап тилиндеги дүйнө картасынын чордонунда Ысык-Көл жайгаштырылган. 1072-1077-жж.
Махмуд Кашгари Барскани чийген арап тилиндеги дүйнө картасынын чордонунда Ысык-Көл жайгаштырылган. 1072-1077-жж.

Халел Досмухамед уулу Махмуд Кашгари Барскани чийген “Дивандагы” дүйнө картасында түрк этносторунун жайгашкан жерлери көрсөтүлгөнүн жана “Диванда” мусулман элдеринин тил илиминде алгачкы ирет географиялык маалымат филологиялык маалыматтар менен айкалыштырылып берилгенин баса белгилеген.

Халел Досмухамед уулу Махмуд Кашгари Барсканинин киндик каны таамп-өскөн ата конушу катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги Барскан (Барсхан) шаарын белгилейт. Ал Махмуддун тектүү экенин, “түрк бектеринен, аскеринен, илимпоз, шайырларынын алдыңкы сабынан болгонун да” баса көрсөтөт. Халел Досмухамед уулунун оюнча, Махмуд Кашгари өз эмгегин 1073-жылы жазган.

Махмуд Кашгаринин "Диванындагы" картанын чордондук жана чыгыш бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997.
Махмуд Кашгаринин "Диванындагы" картанын чордондук жана чыгыш бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997.

Халел Досмухамед уулу бул Карахандар каганатындагы кош жылдыз тууралуу сөз кылып, алардын китептеринин жазылышынын арасын эки-үч гана жылдык убакыт бөлөт деп белгилейт. Тактай кетсек, чынында да 1069-жылы Жусуп Баласагын өзүнүн “Кутадгу билиг” эмгегин жаза баштап, кийинки жылы бүткөргөн, ал эми Махмуд Кашгари Барскани өз чыгармасын беш жыл ичинде (1072—1077-жылдары) жазып бүткөнүн тастыктайбыз.

(Караңыз: Досмұхамедұлы, Халел. Таңдамалы еңбектері: Қазақ тарихы, әдебиеті мен тілі, сондай-ақ медицина, биология, табиғаттану салаларына қатысты ғылыми мақалалары және оқулықтарынан үзінділер. - Астана: Астана-Полиграфия, 2008. - 400 бет. - ISBN 9786012540314. – "Арыс" қоры; Исабекова, Улдар Келдибековна. Махмуд Кашгари — основоположник ареальной лингвистики // Вестник РУДН. Серия: Теория языка. Семиотика. Семантика. – М., 2017. Т. 8. № 2. С. 301—308. — мында 303-бетте.).

Кандай болсо да, тээ 1923-жылы эле Халел Досмухамед уулу Махмуд Кашгари Барсканинин Стамбулда Биринчи дүйнөлүк согуш жылдары Килисли Рифат тарабынан таш басмада үч томдук болуп жарыкка чыккан эмгегинен дурус кабардар болгону, бул мурасты Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” — “Куттуу билим (бийлик)” аталган жана 1069—1070-жылдары жазылган эмгеги менен байланыштырып тыянак чыгаргандыгы — казак таануу үчүн гана эмес, жалпы Борбордук Азиянын заманбап түркология илими үчүн дагы баалуу тарыхнаамалык маалымат болуп саналат.

Эстутум

Халел Досмухамед уулу 1958-жылы бирдин айынын (февралдын) 11инде толук акталган. Бирок... Совет доорунун соңку учуруна чейин Халел Досмухамед уулу тууралуу Казакстанда жылуу сөздөр оозеки аңыз катары гана айтылып келди. 1984-жылы “Алгачкы казак дарыгерлери” деген китеп чыгып, анда Халел Досмухамед уулу тууралуу жылуу сөз айтылган экен, бирок көп узабай эле коммунист цензорлор бул китепти сатыктан жана китепканалардан кайра чогултуп, жок кылышкан.

Эгемендик доорунда болсо Казакстанда Халел Досмухамед уулу тууралуу калыс баа берилип, ар кыл иликтөөлөр кеңири жарыяланып келет.

1994-жылы Казак өкмөтүнүн чечимине ылайык Атырау шаарындагы Атырау мамлекеттик университетине анын ысымы ыйгарылып, кийинчерээк университеттин кире беришине айкели тургузулду.

Учурда Астана, Алматы, Атырау, Орол (Уральск) шаарларында Халел Досмухамед уулунун ысымындагы көчөлөр бар.

Азыркы тапта Халел Досмухамед уулунун инсан жана атуул катары көөнөргүс ролу жана мурасы түркологдор тарабынан ар тараптуу иликтенип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG