Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Кытайда чыккан макалага Бишкек жооп береби? (Оңдолду)


toutiao.com технологиялык потралына жарыяланган Кыргызстан тууралуу макала.
toutiao.com технологиялык потралына жарыяланган Кыргызстан тууралуу макала.

Кытайдын технологиялык платформасында Казакстан жана Кыргызстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген маанайдагы макала жарыяланды. ​Буга байланыштуу Казакстан Кытайга нааразылык нотасын жолдоду. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча маалыматка реакциясын билдире элек. 

Бул макалага оңдоо киргизилди: Кытайдагы toutiao.com жана sohu.com – маалымат басылмалары эмес, алар жалпы технологиялык плафтормалар. Мындай платформаларга чыккан маалымат кытай бийлигинин расмий көз карашын билдирбейт. Кыргызстан тууралуу макаланын автору ким экени да көрсөтүлгөн эмес.
«Азаттык» радиосу аталган макалага улай эле тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин «Евразия жана кыргыз тарыхы: Жаатташпастан, ынтымакка көпүрө салуу кезеңи» деген аталыштагы блогун окурмандарга сунуш кылган.

Нур-Султан Бээжинге нааразылык нотасын жолдоду

Казакстандык активист Серикжан Билаш «Кыргызстан эркиндик алгандан кийин эмне үчүн Кытайга кайткан жок?» деген тема менен жарыяланган макаланы казакчага которгон видеосун 14-апрелде жарыялады.

"Кыргызстан Хан династиясынын тушунан берки миңдеген жылдар бою Кытайдын аймагы болгон. Юань жана Цин династияларынын тушунда да Кыргызстан Кытай менен аралашып жашаган. Цин династиясынын акыркы жылдарында Орус империясы Борбор Азияны өзүнө карата баштаган. 1864-жылы Орус империясы кубатын жоготуп койгон Цин императорун түндүк-батышындагы 440 миң чарчы чакырым аяттан баш тартууга аргасыз кылган. Андан соң дагы 70 миң чарчы чакырым аянтын тартып алган. Ошондо Кытай жалпысынан 510 миң чарчы чакырым жеринен айрылган. Бүт Кыргызстан мына ошол аймактын ичинде турат. Кыргызстан Монголия сыяктуу эле байыртадан бери Кытайдын аймагы", - деп которду Билаш макаланы.

Макалада ошондой эле “Кыргызстан Кытайдын курамында турганда абдан бай жашаган. Азыр дүйнөдөгү эң кедей өлкө. ИДПсын жан башына бөлгөндө 1000 доллардан гана тиет” деп өлкөнүн экономикалык абалы да талданган.

Буга удаа эле Кытайдагы sohu.com порталы «Эмне үчүн Казакстан Кытайга кайткысы келет?» деген макаланы жарыялаган. Анда Цин империясынын тушунда казак уруулары Кытайга баш ийип турганы жазылган.

"Жунгар хандыгы кулагандан кийин XVIII кылымда казактын улуу, кичүү жана орто жүз уруулары бара-бара Цин империясынын карамагына өткөн. Апийим согушунан кийин XIX кылымда Цин империясы мурдагы кубатынан тайган. Ошол учурда Кытайга караштуу жерлер, анын ичинде Казакстан дагы Орусиянын курамына өтүп кеткен. Мына ошентип, жер бөлүштүрүүдө Кытай Казакстандан айрылып калган. Ушу тапта Кытай Казакстанга көп инвестиция салды. 400 миң кытай жараны Казакстандын ар кыл тармагында тынымсыз иштеп жатат. Казакстандын кичи шаарларында жашаган тургундар өздөрүн кытай акыны "Ли Бонун (8-кылымда жашаган кытай акыны) урпагыбыз" десе, дагы бир даары өздөрүн ханзу деп эсептешет», - деп жазылган макалада.

28-мартта жарык көргөн бул макаланы казакстандык Интернет колдонуучулар кызуу талкуулашты.

14-апрелде Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяону чакырып, сөз болуп жаткан макаланын мазмунуна нааразы экенин билдирип, Бээжинге нааразылык нотасын жолдоду.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев менен Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо.
Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев менен Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо.

"Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болду. Анда Кытайда чыккан макалага казак тарап нааразы экенин билдирди. Мындай маалыматтар Кытай менен Казакстандын өлкө башчылары 2019-жылы 11-сентябрда ар тараптуу түбөлүк кызматташтык тууралуу кол койгон келишимге каршы келет", - деп маалымдады мекеме.

Адатта дүйнөдөгү ар кыл окуялар тууралуу социалдык тармактарга көз карашын ачык жазган Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо бул жолу эч кандай пикирин билдирген жок. Кытайдын Казакстандагы элчилигинин расмий сайтына да чуулуу макала тууралуу эч кандай билдирүү жарыяланбады.

Кытай дүйнөдө экономикасы жактан АКШдан кийинки эле держава. Бул өлкөгө Казакстан 11 млрд. доллар, Кыргызстан 1 млрд. 700 млн. доллар карыз. Мына ушул себептен уламбы буга чейин расмий Бишкек да, расмий Нур-Султан да Кытайдагы боордошторунун саясий лагерлерге жапырт камалып жатканына нааразылык билдирип койгонго батынган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG