Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Кытай элчисинин АКШны кыйыткан сыны


Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо.
Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо.

Кытайдын Казакстандагы элчиси коронавируска каршы даярдык үчүн дүйнө элине 3 ай убакыт берилгенин, бирок ал убакытты көп өлкөлөр пайдаланбай койгонун жазды. Кытай элчисинин бул пикири казак коомчулугунда чоң талкуу жаратты. 

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо 14-мартта өзүнүн «Facebook» баракчасына аты так аталбаган өлкө тууралуу «коронавирусту токтотууга дармансыз» деген пикирин жарыялады. Кытайлык элчинин мындай пикири казакстандык Интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратты. Кытай элчиси Чжан Сяо «Үч ай бою эмне кылып отурдуңар?» деген суроосун мындай жазган:

«Илдет эми гана от алып жатканда силер эмне кылып отурдуңар? Геосаясий оюндар менен, ички саясат менен, Кытайга жугунду чачуу менен алектендиңер. Кытай өз жарандарынын өмүрү менен бүт дүйнө өлкөлөрү үчүн утуп берген кымбат убакытты пайдаланган жоксуңар. Күнөөлүүнү издегенди токтотуш керек. Силерде беткап, мээлей, тест жабдыктар жана башка керектүү техника жетишпейт. Ал аз келгенсип, фондулук биржалар кулап түштү. Буга да Кытай күнөөлүүбү?»

Кытай элчисинин орус тилинде жазган текстинен кайсы өлкө тууралуу кеп болуп жатканын дароо аңдоо мүмкүн эмес. Бирок «Качан гана илдет көпчүлүк штаттарга жайылып, өлгөндөрдүн саны кырктан ашканда алдастоого өттү» деген сүйлөмүнөн кийин сөз АКШ тууралуу болуп жатканы түшүнүктүү болот. Бул сүйлөм Кытай элчилигинин расмий «Twitter» баракчасынан көчүрүлүп, элчинин өзүнүн «Facebook» баракчасына илинген. Муну көргөн казакстандык Интернет колдонуучулар «мунуңду америкалыктар окубайт» деген жоопторду жазышкан.

Элчи Кытайда тыюу салынган «Twitter» түйүнүнө 2019-жылдын 30-сентябрында катталган. Алгач Кытайдын коммунисттик партиясын мактаган пикирлерди жарыялаган. «Twitter» тармагына катталганына үч күн толгондон кийин Шинжаңдагы саясий лагерлерди актаган пикирин жазган:

«Эл аралык уюмдар 2017-жылдан бери «Шинжаңдагы лагерлерде миллионго жакын мусулман уйгурлар камалып жатат» деп, карандай калп менен Бээжинди айыптап, сындап келет».

Ошол эле элчи Кытайдын бир нече компаниясына карата «адам укуктарын бузду» деген жүйө менен АКШ киргизген санкцияларга да жооп кылган.

«Терроризм менен экстремизмдин алдын алуу боюнча Кытайдын жүзү жарык. Анткени Кытай жергиликтүү элдин тынч жашоого укугун мыкты коргоп жатат. Акыркы 3 жылдан бери Кытайда бир да террордук АКТ катталбаганы буга далил».

Мурунку дипломат Казбек Бейсебаев Кытайдын Казакстандагы элчисинин социалдык тармактардагы пикири Казакстанга эмес АКШга багытталганын айтты:

Казбек Бейсебаев.
Казбек Бейсебаев.

«Эгерде Чжан Сяо Кытайдын АКШдагы элчиси болгондо алар түшүндүрмө талап кылып алышмак. Бул АКШ менен Кытайдын оюну. Анын Казакстанга тиешеси жок. Мындай көрүнүш мурда АКШ менен СССРдин ортосунда болчу. Элчинин пикири АКШга багытталган, бирок казак аудиториясына арналган. Мына ошондуктан биз аны көрүп жатабыз».

Ага карабай кытай элчисинин аракеттерине укуктук жана саясий баа берүүнү президенттен талап кылып чыккан казакстандыктар да болду. Буга Шинжаңдан качып келип, андагы кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу дүйнөгө жар салган Сайрагүл Сауытбай тууралуу элчинин пикири себеп болгон. Кытайдын «Саясий лагерлери» жөнүндө айтып чыкканы үчүн АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытайда туулуп өскөн, азыр качкын макамын алып, Европада жашап жаткан Сайрагүл Сауытбайды «Эрдик» медалы менен сыйлаган. Ал салтанаттан 7 күн өтүп, Кытай элчиси Сайрагүлдү да сындап чыккан:

«Сайрагүл Сауытбай түшүнүксүз эрдиги үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин түшүнүксүз сыйлыгын алды. Бул – Кытайдын ички саясатына кийлигишкен уятсыз чагым. Иш-чара кызыксыз циркти элестетти. Бирок Вашингтондун кара ниетинин бетин ачты. Ал эми Сайрагүл Кытайда да, Казакстанда да кылмышкер деп табылган адам. Анын эрдиги - үй-бүлөсүн жана өзүн баккан өлкөгө чыккынчылык кылганы».

Кытай элчисин эсине келтирип коюуну суранган жарандарга Казакстандын Тышкы иштер министрлиги «Казакстандын кызыкчылыгы эл аралык дипломатиянын алкагында максималдуу корголоруна ишендиребиз» деп жооп берген.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы кайым айтышуу 2017-жылдан бери уланып келатат. Билермандар муну дүйнөлүк лидер деген макамын жогото элек Кошмо Штаттар менен күчкө толо баштаган Кытайдын өз ара таасир талашы катары сыпаттап жатышат.

Кытай бийлиги АКШда ойлоп табылган «Twitter» жана «Facebook» социалдык тармактарын өз өлкөсүндө колдонууга 2009-жылы тыюу салган. Бирок 2019-жылдын күзүнөн тартып Кытайдын бардык өлкөлөрүндөгү элчилери «Twitter» түйүнүнө катталып, АКШ тууралуу пикирлерин жергиликтүү тилдерде ачык жарыялай башташкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG