Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Борбор Азияны илдет толук каптай элек


Казакстанда коронавируска байланыштуу карантиндик аймакты көзөмөлдөгөн күч кызматкери. Алматы. 19-март, 2020-жыл.
Казакстанда коронавируска байланыштуу карантиндик аймакты көзөмөлдөгөн күч кызматкери. Алматы. 19-март, 2020-жыл.

Казакстан соода түйүндөрүн жана базарларды ачууга уруксат берди. Тажикстан Нооруз майрамын бейкапар майрамдап жатат. Ал эми Өзбекстан карантинди күчөттү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылуу ылдамдыгы күчөгөнүн билдирди. Уюм илдет жуккандар 67 күндө 100 миңге жетсе, акыркы төрт күндө 200 миңден 300 миң адамга көбөйгөнүн 23-мартта жарыялады.

16-марттан тартып бүт өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган Казакстан 24-марттан баштап базар жана соода жайларын ачууга аргасыз болду. Азырынча толук карантин абалы Алматы менен Нур-Султан шаарларына гана тиешелүү болуп турат. Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов Казакстанда элдин көбү жумушсуз калганын, соода тармагында эмгектенген эл аз да болсо киреше таап турушу үчүн соода тармагын ачуу зарыл болгонун билдирди:

«Көп сандаган тургундарды жумуш жана киреше менен камсыз кылыш үчүн базар жана соода жайларынын ачылганы туура болот. Оору башка өлкөдөн келгендерден гана табылды. Казакстан бардык коркунучтарды өз убагында аныктап, тиешелүү чараларды көрүп жатат. Илдет толук көзөмөлдө».

Акыркы маалымат боюнча Казакстанда коронавируска чалдыккан 68 киши аныкталган.

Ал эми Тажикстан дүйнөлүк пандемияга карабай Нооруз майрамын чоң салтанат менен белгиледи. Жүздөгөн кыз-келиндер аянтта бийлешти. Майрам массалык оюн-зооктор менен коштолду. Өлкө башчысы Эмомали Рахмон жылдагыдай эле жарандарын салтанаттуу куттукттады.

«Согди облусунун тургундарын, жалпы тажикстандыктарды жана чет өлкөлөрдө жашаган тажик боордошторду Нооруз майрамы менен куттуктайм!» - деди ал.

Тажикстан 5-марттан тартып мечиттерди жапкан. Жума намаздарын жамаатташып окууга тыюу салган. Бирок 20-марттан баштап Тажикстан мечиттерди ачууга жана жума намаздарын мечиттерде жамаатташып окууга уруксат берди. Ислам борборунун кызматкери Жамалидин Хамуши муну «бизде баары жакшы» деп түшүндүрдү:

«Кошуналарда илдетке кабылгандар табылып жатканы менен Тажикстанда оору аныкталган жок. Бизде баары жакшы».

Дүйнөгө тараган коронавирус илдети расмий түрдө Тажикстанда каттала элек. Көчөдө беткап таккандар дээрлик жок. Соода жайлары, көңүл ачуучу мекемелер кадимкидей иштеп жатат.

Өзбекстанда болсо абал күндөн күнгө оорлошуп баратат. 10 күн ичинде Өзбекстанда коронавируска кабылган 46 киши катталды. Бир күн мурун 127 адам карантинде жатканы кабарланган. Бирок азыр дүйнөнүн ар тарабынан президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, мекенине алып кетүүнү суранган өзбектер көбөйдү.

Сырттан баргандар Өзбекстанга кирери менен 14 күндүк карантинге алынышы керек. Өлкө мекеме-ишканалардын санаторияларын карантин максатында колдонууга аргасыз болууда. 24-марттан тартып Ташкенттеги базарлардын баары убактылуу жабылды. Тамак-аш каражаттарын сатууга гана уруксат берилди. 24-марттан тартып Ташкентке жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын кирип чыгышына тыюу салынды. Мурдараак Өзбекстан башка өлкөлөр менен байланышкан транспорттук каттамдарды 30-апрелге чейин токтоткон болчу.

Ошентип, учурда Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстан менен Түркмөнстан гана коронавируска кабылбай турат. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коронавирус менен алышып жаткан кези.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG