Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 16:43

Саясий лагерден чыккандан кийинки азап


Кытайдагы мажбурлап иштетүү. 3-декабрь, 2018-жыл.

Саясий лагерден чыгып, тарыхый мекенине келген казактар башынан өткөргөн окуяларын ачык айта башташты. Алар Кытайдын саясий лагеринен чыккандан кийин да кытай өкмөтү үчүн фабрикаларда акысыз иштеп беришкенин билдиришти.

Кытайдын Шинжаң провинциясындагы Кулжа үйөзүндө туулган 42 жаштагы Ержан Курман уулу азыр Казакстандын Алматы облусунда жашап жатат. Ал Кытайдын саясий тарбия лагеринде 2018-жылы 10 ай отуруп чыккан. Чыккандан кийин да эки ай бою Кытай өкмөтүнө бекер иштеп берүүгө аргасыз болгонун эскерди:

Эки айды кулчулукта өткөрдүм. Кездеме фабрикасында иштедим.

«2015-жылы Казакстанга келгенмин. Бирок 2017-жылы 19 жаштагы майып кызымды дарылатыш үчүн Кытайга кайра барган элем. Кытайдын жергиликтүү полициясы менин документтеримди алып койгондуктан кайта албай жүрдүм. Кийинчерээк кызым экөөбүздү тең кармап, саясий лагерге камашты. Лагерден чыккандан кийин да Казакстанга дароо кайта алган жокпуз. Эки айды кулчулукта өткөрдүм. Кездеме фабрикасында иштедим. Үч кабаттуу имараттын 1-кабатында 75 киши кийимдердин жеңин үтүктөчүбүз. Таңкы саат 8ден кечки 6га чейин иш. Ортодо бир саат түштөнүүгө берилет. Эки ай иштегеним үчүн 300 юань алдым. Бул 43 доллар болот. Жол кире жана түшкү тамак өз чөнтөгүбүздөн. Бул кулчулук эмей эмне?»

Ержан Курман уулунун айтымында, цех Кулжа үйөзүнүн административдик борборунда жайгашкан. Ишке аларда айына 97 доллардан акы төлөнөрүн айтышкан.

«Мен акымды алыш үчүн бир нече жолу даттандым. Алар «жол киреден 300 юань карызың бар» деп, көпкө чейин мени иштен бошотпой коюшту. Мен Кулжа үйөзүнүн администрациясына даттанып жатып араң бошондум. Казакстанга анан кайтып келдим».

Мурдараак ачык маалымат булактарына, жандоочтон тартылган сүрөттөргө таянып даярдалган Австралиянын стратегиялык баяндамасында Кытайдын уйгурларга каршы саясаты тууралуу айтылган. Анда элди мажбурлап иштеткен фактылар баяндалган болчу.

Аталган институттун маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары Шинжаң провинциясынан 80 миң уйгур саясий тарбия лагерлерине камалганы баяндалган. Алар Кытайдын 9 провинциясында жайгашкан 27 заводдо ишке тартылган. Ал ишканалардан чыккан товарлар дүйнөгө белгилүү бренддерге сатылып турган. Алар - кадимки «Nike», «Apple», «Samsung», «Dell», «Google», «Adidas», «Zara», «Mercedes-Benz», «Volkswagen», «Lenovo», «Asus», HP, LG жана «Land Rover». Ал маалыматта да кытайлар уйгурларга аз төлөгөнү тууралуу айтылган.

Шинжаңда жашап, 2019-жылы Казакстанга келген кытайлык казак Сейсен Базарали да саясий тарбия лагерине түшкөн. Андан бошонуп, кытай өндүрүшү үчүн бекер иштеп берүүгө аргасыз болгон.

Мен кааласам да, каалабасам да иштөөгө милдеттүү экенимди айтышты.

«Лагерге 2018-жылдын февралында түштүм, - дейт ал башынан өткөргөндөрүн эскерип. - Октябрда чыктым. Бирок чыккандан кийин полиция үйдөн чыкпашым керек экенин эскертти. Бир жумадан кийин жергиликтүү полиция бөлүмүнө чакырылдым. Ал жерден мени Кулжа үйөзүнүн борборундагы тигүүчү фабрикага айдашты. Мен кааласам да, каалабасам да иштөөгө милдеттүү экенимди айтышты. Ал жерде мен аялдар үчүн баштык, эркектердин көйнөгүн тиктим. Бир жума тигүүчүлүккө үйрөндүм. Ал жерде үч айга жакын иштедим. Биринчи айда 29 доллар төлөштү. Экинчи айда 100 доллар алдым. Үчүнчү айда 115 доллар алдым. Бул акча Кытайда бир нече күнгө араң жетет».

Буга окшогон окуялар Кытайдагы уйгур, казак жана кыргыздар арасында миңдеп саналат. Мурдараак АКШдагы «New York Times» гезити саясий тарбия лагерлеринен бошонуп чыккан улуттук азчылыктар кытай өндүрүшү үчүн бекер иштөөгө мажбурланып жатканын жазган.

2018-жылы БУУ Кытайдагы саясий лагерлерде ислам динин тутунган бир миллиондой адам камалып жатканын сынга алган. Расмий Бээжин алгач «андай лагерлер Кытайда жок» деп чыккан. Кийинчерээк ал лагерлер бар экенин мойнуна алып, бирок аны тил жана кесип үйрөтүү борборлору катары мүнөздөгөн.

Жакында эле Шинжаңдагы мусулмандарды аңдуу боюнча Бээжиндин жашыруун буйруктары ачыкка чыккан. Аны эл аралык иликтөөчү журналисттер консорциуму жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG