Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:51

Уйгур активисттин сырдуу өлүмү


Кытайдын Шинжаң аймагында былтыр 24-ноябрда белгилүү уйгур активист Варис Абабекри 53 жаш курагында ажал тапкан.

Ал көзү өтөрдөн бир апта мурун Бээжин "тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайдан бошоп чыккан. Активисттин жакындары лагерге түшкөнгө чейин саламаттыгы жакшы болгонун айтып келишет. Анын сырдуу өлүмү мындай жайлардагы адам чыдагыс кыйноо, зордук-зомбулук тууралуу жоромолду күчөттү.

Өч алуубу?

Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан Уйгурлардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин билдиришинче, Варис Абабекри 2019-жылы январь айында камакка алынган. Ал 1980-жылдары Шинжаң университетинде окумуштуу студенттердин союзун түзгөндөрдүн бири болгон. Аталган уюмдун башчысы, группалашы Долкун Иса менен чогуу 1988-жылы июлда Кытай бийлигинин уйгур улутундагы элди басмырлаганына, кытай тектүү жарандарды Үрүмчүгө көчүрүп келүү саясатына каршы нааразылык акцияларына катышкан. Мындай акциялардан кийин Абабекри менен Долкун абройлуу бул окуу жайдан айдалган жана куугунтукка кабылган.

Уйгурлардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин маалыматы боюнча, Абабекри 1990-жылдары бир канча жолу түрмөгө отуруп чыккан. Кийинчерек Абабекри кино тармагына ыктаган жана "Tengritag Ekrani" деп аталган журнал чыгара баштаган. Уйгурлардын бүткүл дүйнөлүк конгресси Абабекри былтыр жыл башында дагы башка маданий ишмерлер, интеллигенциянын өкүлдөрү менен чогуу кармалышы ыктымал деп боолголойт. Анткени "кытай бийлиги сөзү өтүмдүү, коомго таасир эте алган уйгур тектүү жарандардын оозун басууга аракет кылып жатат" дейт уюм.

Абабекринин ажал тапканын "Уйгурлар үчүн өнөктүк" уюмунун аткаруучу директору Рушант Аббас да "Твиттердеги" баракчасы аркылуу тастыктады.


"Эркин Азия" радиосу Абабекринин өлүмүн өз алдынча иликтегенге аракет кылган. Алар Үрүмчүдөгү Галибиет округундагы полициянын өкүлү менен сүйлөшкөндө, ал активист тууралуу укпаганын жана Кытай бийлиги улуттук азчылыктын өкүлдөрүн күчтөп камап турган жайлар тууралуу билбей турганын айткан. "Эгер силер муну билгиңер келсе, Үрүмчүгө келип, күбөлүгүңөрдү көрсөткүлө" деп жооп берген.

Үрүмчүдөгү Саясий жана укук маселелери боюнча комиссиянын атын атабоону өтүнгөн кызматкери Абабекри өлгөнү тууралуу укканын айтып берген. Анын өлүмү кокусунан болгонун, жаназасы Ногай мечтинде окулганын кошумчалаган. Анын айтымында, активист кыйноодон эмес, жүрөгү кармап калып жан таслим болгон. Ал Абабекри түрмөгө эмнеге түшүп калганын билбей турганын, бирок ал бийликке жакпаган жагдайларга кабылганын билдирген.

"Ал убагында Шинжаң университетинен чыгып калган жана бир канча жолу соттолгон. Ошондой эле аялуу темалардагы макалаларды журналдарга жарыялаган", - деген үрүмчүлүк аткаминер.

Атын атабаган аткаминер Абабекри паспорт алуу үчүн бир канча жолу кайрылганын кошумчалады.

"Эркин Азия" радиосу Үрүмчүдөгү Варис Абабекринин жакын досторунун бири менен байланышкан. Ал досу өткөн жылдын башында камакка алынганга чейин саламаттыгы мыкты болгонун айтып берген.

Бээжин башында мусулман азчылыктар күчтөп кармалып турган жайлар тууралуу маалыматтарды жокко чыгарып келген. Андан кийин радикалдашуунун алдын ала турган тарбиялоочу, кесип үйрөтүүчү жайлар деп атай баштаган. Бирок улуттук азчылыктардын өкүлдөрү андай жайларда тууган-уругуна кабар бербей эркинен тыш кармалып турганы, катаал мамилеге кабылганы тууралуу бир канча окуялар ачыкка чыккан. Лагерлерде тамак-шарты начар экени, күзөтчүлөр өтө орой мамиле кылары белгилүү болгон.

"Эркин Азия" радиосу лагерде жүргөндө, же бошоп чыккандан кийин ондогон адам өлгөнүн жазган. Алардын айрымдарына убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй саламаттыгы кескин начарлап кеткени, башына түшкөн азапты көтөрө албай кайгыдан ажал тапкандары да болгон.

"Атайлап жок кылуу"

Уйгурлардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин өкүлү Иса Абабекринин өлүмү кокусунан эмес деген пикирде, ал "Кытай бийлиги уйгур элитасын атайлап жок кылуу саясатын баштады" деп айтты.

"Биз Варистин кандайдыр бир олуттуу илдетке кабылганы тууралуу эч качан уккан эмеспиз. Анын өлгөнүнө байланыштуу бизге келип түшкөн маалыматтар да муну ырастайт. Анын саламаттыгы чың эле. Бошонуп чыгып келгенден кийин бир жуманын ичинде өлүп калганы ал катуу зордук-зомбулукка, кыйноого кабылганынан кабар берет".

Исанын айтымында, Уйгурлардын бүткүл дүйнөлүк конгресси лагерлердеги кыйноолорду бир канча булактар аркылуу бышыктаган. "Бийлик Абабекрини өлөөрүнө саналуу сааттар калганда бошоткон өңдөнөт", дейт Иса. Ал ошондой Абабекринин кармалганын укканда эле Кытай бийлиги аны өлтүрүп койбос бекен деп чочулаганын да кошумчалады.

"Варис 1985-жылдагы студенттик кыймылдын лидерлеринин бири эле. Ал 1988-жылдагы студенттердин нааразылык акциясындагы да көрүнүктүү активист болгон. Кытай бийлиги үчүн бул өч алуу мезгили. Досумду лагерге камап, аны жазалайт деп көзүм жетип турду эле", деди Иса.

АКШнын аракети

Шинжаңдагы улуттук азчылыктын өкүлдөрү кабылган жагдайга байланыштуу эл аралык коомчулукта тынчсыздануу байма-бай айтыла баштады.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы былтыр жыл этегинде Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна жана ислам динин тутунган аз улуттарга карата репрессиясына байланыштуу мыйзам кабыл алган. Анда бул иштерге жооптуу Кытайдын жогорку кызмат адамдарына санкция салуу жана башка чаралар каралган.

«Уйгур актысы» деп аталган мыйзам долбоорунда Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда адам укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу Бээжиндин дарегине олуттуу сын айтылган.


Кошмо Штаттар андан кийин Шинжаң аймагындагы мусулмандардын укуктарын бузууга катыштыгы бар деген кытайлык 28 компания менен уюмду “кара тизмеге” киргизген. Санкциялык тизмедеги мамлекеттик мекемелер менен жеке менчик компаниялардын арасында Шинжаң уйгур автоном облусунун коомдук коопсуздук башкармалыгы, ага баш ийген 19 уюм жана 8 компания бар. Эң белгилүүлөрү – видеокөзөмөл системаларын чыгарган дүйнөдөгү эң чоң "Hikvision" фирмасы жана адамдын жүзүн таануу технологиялары тармагындагы башка лидер-өндүрүүчүлөр.

Былтыр ноябрь айында кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.

Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анда Кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты чогуу иликтеген, «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып диний ишенимин өзгөртүү жана ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытай бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурат. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды "тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG