Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:08

Казандагы кытайлык татар эгиздердин кайгысы


Шахризат менен Шахдияр.

Татарстан Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунан келген татар улутундагы эгиз бир туугандар Шахризат менен Шахдияр Шавкатты өз мекенине депортациялаганы жатат.

Алар Кытайга барса Бээжин «тарбиялоочу лагерлер» деп атаган жерлерге күчтөп камап коёрун айтып чочулашат жана Татарстанда биротоло калууну самашат.

Эгиздер Кытайдагы ата-энеси менен бир жылдан бери такыр байланыша элек жана алар лагерде кармалып турганы жөнүндө кабар келген.

23 жаштагы Шахризат менен Шахдияр Кытайдын Шиңжаң-уйгур автоном районунда төрөлгөн. Алардын апасы татар, атасы уйгур. Эгиздер 2014-жылы Татарстандагы Казань федералдык университетине окууга тапшырышкан.

- Татарлардын дүйнөлүк конгрессинин биз үчүн, Кытайдагы татарлар үчүн атайын программасы бар, - деп түшүндүрдү Шахризат. - Апасы же атасы татар болгондор ушул программага катыша алат. Конгресс биздин окуубуздун чыгымын көтөрүп, Казанга жөнөттү. Биз ошентип Казань федералдык университетинде окуп калдык.

Эгиздердин Казандагы жашоо-турмушу башында жакшы башталган. Шахризат журналистика факультетине тапшырган. Шахдияр болсо дизайн адистигин тандаган. Бирок жагдай өзгөрүп, алар ата-энеси менен былтыртан бери байланыша албай калган жана ошондон тартып алардын дайын-дарегин так билишпейт. Алардын атасы мугалим, апасы судья болуп иштечү.

- Азыр ата-энемдин кайда экенин билбейм, - деп сөзүн улады Шахризат. - Такыр эле байланыша албай калдык. Азыр Кытайда жагдай оор. Мусулмандар ал жакта көп нерсени сүйлөй алышпайт. Мен ата-энем менен кабарлаша элегиме бир жыл болду. Байланыш жок. Мен Кытайдагы досторумдан сурасам, алар «ата-энең тууралуу көп кеп кылба, сен алар тууралуу билбешиң керек» дешет. Мен «эмнеге, алар менин ата-энем да» десем, досторум «эгер сен бизден сурай берсең, биздин башыбызга да мүшкүл түшөт» дешет. Досторум менин ата-энем лагерде экенин айтышты.

Былтыр эгиз бир туугандарды Казань федералдык окуу жайынан чыгарып коюшкан. Окуу жайынын жетекчилиги муну алардын сабакка үлгүрбөй, экзамендерин убагында тапшырбаганы менен түшүндүргөн. Бирок бир туугандар алардын ата-энеси окуу акысын төлөй албай калгандыктан окуу жайынан чыкканын айтып жатышат.

Эгиз бир туугандардын визасынын мөөнөтү быйыл бүттү. Визанын мөөнөтүн узартыш үчүн алар Кытайга барышы керек. Бирок алар мекенине баргандан чочулашат.

- Эгерде менин улутум кытай болгондо маселе жаралмак эмес, - дейт Шахризат. - Аптасына 3-4 жолу деле Кытайга барып келе бермекмин. Менин көйгөйүм - татар болгонумда, мусулман болгонумда. Түрмөгө отурбаш үчүн кытай кызга үйлөнүш керек жана ислам дининен да баш тартыш керек.

Шахризат менен Шахдиярдын ушул тушта жалгыз көздөгөнү - биротоло Татарстанда калуу.

- Менин ата-бабам Казань үчүн жандарын берген, күрөшкөн. Биз татарбыз да, Татарстанда калгыбыз келет, - деп сөзүн аяктады Шахризат.

Бир туугандар Орусияда калышы үчүн алар качкын макамын алышы керек. Татарстандын Ички иштер министрлиги аларга мындай макам берүүдөн баш тарткан. Сот да министрликтин чечими туура болгон деген өкүм чыгарган. Эгиздердин жактоочулары Жогорку сотко чейин арызданган. Адвокат Руслан Нагиев Европа сотуна чейин чукул арада кайрыла турганын билдирген.

Кытайда болжол менен татар улутундагы 8 000 адам жашайт. Алардын дээрлик баары Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районун байырлашат жана негизинен алар XX кылымдын башында Үрүмчүгө орун-очок алып калган татар соодагерлеринин укум-тукумдары болуп саналат.

Казандагы окуу жайлары кытайлык татар жаштарды 2000-жылдан баштап Татарлардын дүйнөлүк конгрессинин атайын программасынын алкагында окута баштаган. Университетти бүткөндөн кийин алардын көбү эле Татарстанда калууга аракет кылышкан, бирок орус бийлиги алардын баарына жарандык берүүдөн баш тарткан. Кытайга кайтып барган татар студенттеринин бир тобунун дайын-дареги белгисиз.

Өткөн аптада Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анда Кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөрү болгон.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты чогуу иликтеген, «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Мындан эки жумадай илгери кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде ошол лагерлерде ушул тушта кеминде бир миллиондой киши кармалып турат.

Бээжин анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

Кытайдагы дайын-дареги табылбай жаткан туугандарынан кабар алып берүүнү өтүнүп Кыргызстандын бийлигине кайрылган кыргыз жаштары да бар. Бирок ушул айдын башында Кыргызстан да Кытайдын Шинжаңдагы саясатын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоп чыкканы белгилүү болгон. Расмий Бишкек Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган Орусия, Мьянма, Түндүк Корея жана Беларус сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүн кубаттаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG