Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

«Карыяларды сакалын алууга мажбурлашат»


Шинжаң. 4-июнь, 2019-жыл.
Шинжаң. 4-июнь, 2019-жыл.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Шинжаңдан келген эки кытайлык казактын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө башталганын кабарлады. Мурагер Алимулы жана Кастер Мусакан аттуу кытайлык жарандар Шинжаңда көргөн запкыга чыдабай, чек арадан мыйзамсыз өтүп Казакстан тарапка чыга качышкан.

Мурагер Алимулы менен Кастер Мусакандын айтымында, алардын Кытайдан качышына Бээжиндин Шинжаңда жүргүзүп жаткан саясаты түрткү болгон. Алар дүйшөмбү күнү Алматыда өткөргөн басма сөз жыйынында казак бийлигинен баш паанек сурап кайрылышты.

- Биз бул жерге Кытайдын аймагында чындыгында эмне болуп жатканын айтып бериш үчүн келдик. Ал жактагы казактардын баары жапа чегип жатышат. Бир гана биздин чакан Дүрбүлжүң шаарыбызда тогуз абаккана бар. Аксакалдарды сакалын алууга мажбурлап жатышат. Мусулман экениңди көрсөтпөшүң керек. Антпесе кеминде беш жылга чейин «саясий тарбиялоочу лагерге» камап коюшу мүмкүн. Мен өзүм ал жакта үч жолу болдум. Ар бир жолкусунда 24 саатка камашкан жана такай кыйноого алышчу, - деди 25 жаштагы Мурагер Алимулы. Ал 1-октябрда Шинжаңдын Дүрбүлжүң уездинен чыгышып, Чыгыш-Казакстан облусундагы Шиликти айылынын тушунда чек арадан өтүшкөнүн, он күн дегенде гана Алматыга жетишкенин айтты. 30 жаштагы Кастер Мусакан «саясий тарбиялоочу лагерден» аны жасабаган кылмышты мойнуна алууга аргасыз кылышканын, жумалап суу-тамак бербей кыйнашканын кошумчалады. «Жалпысынан ал жакта төрт жыл сегиз ай отурдум», дейт ал.

Кытайлык казактар Мурагер Алимулы менен Кастер Мусакан. 14-октябрь, 2019-жыл.
Кытайлык казактар Мурагер Алимулы менен Кастер Мусакан. 14-октябрь, 2019-жыл.

Экөөнүн тең Шинжаңда үй-бүлөлөрү калган. Алар чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн Казакстанда жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтып, негизгиси Кытайга депортациялабоону суранышты.

Алимулы менен Мусакандын укуктарын «Ата журт ыктярчылары» уюму менен Адам укуктары боюнча эл аралык бюро коргоп жатышат. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети сөз болуп жаткан кытай жарандарына байланыштуу «Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүү» беренесинин алкагында сотко чейинки тергөө башталганын билдирди.

«Бирок алар кармалган жок, бөгөт чарасы аныкталган эмес. Ошондой эле 2006-жылдын июнь айында, Мусаканулы мал уурдоого байланыштуу жоопкерчиликтен качуу максатында казак-кытай чек арасын мыйзамсыз бузганы маалым болду. Анда ал териштирүүдөн кийин Кытайга депортацияланган» - деп жазылат комитет таркаткан билдирүүдө.

Буга чейин «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинин алкагында, кытайлык казак Сайрагүл Сауытбай жоопкерчиликке тартылган. Ал Кытай бийлиги Казакстандагы үй-бүлөсүнө кетүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткандыктан, чек араны бузууга аргасыз болгонун айткан. Эки айлык соттук териштирүүдөн кийин Сауытбайды камоо тууралуу чечим кабыл алынган. Анын баш паанек алуу аракети казак бийлиги тарабынан четке кагылгандыктан, ал үй-бүлөсү менен быйыл жай мезгилинде Швецияга чыгып кеткен.

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 4-октябрда Шинжаңдагы «кайра тарбиялоочу лагерлерде» казактар жок экенин айткан. Бирок ал жакта камалып турган казактардын Алматыдагы туугандары министрдин бул сөздөрү чындыкка дал келбей турганын айтып чыгышкан.

Кеп болуп жаткан «саясий тарбия берүүчү лагерлер» тууралуу кабар 2016-жылы таркаган. Ал жакта түмөндөгөн казактар кармалып турганын ал жерде камакта отургандардын туугандары айтып чыгышкан. Кийин Нур-Султан менен Бээжин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соңку эки жыл ичинде Кытайдан Казакстанга бир нече миң казак кайтарылганы кабарланган. Бийлик өкүлдөрүнүн соңку билдирүүлөрүнө карабай, Шинжаңдагы «лагерлерде» дагы эле миңдеген казактар кармалып турганы айтылууда.

Буга чейин «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитети андай «лагерлерде» 50 миңдей кыргыз бар экенин кабарлаган. Бээжин «агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп жатканын айтып келет. Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңдагы лагерлерде бир миллиондой адам камакта отурат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG