Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:28

Кыргыз-казакка болушкандар соттошууда


Кытайда камакка алынгандардын туугандары. Алматы. 16-август, 2019-жыл.

Казакстанда «Ата журт ыктыярчылары» коомдук бирикмекси Юстиция министрлигин сотко берди. Буга министрлик бирикмени расмий каттоодон баш тартканы негиз берген. Аталган уюм Шинжаңдагы казактар менен кыргыздардын укуктарын коргоп келгени менен белгилүү.

Казак президенти Токаевдин Бээжиндеги сапарында бул маселе козголгон жок.

Кайрылгандар азайды

Кытайдагы казактардын жана кыргыздарын укуктарын коргоп келген «Ата журт ыктыярчылары» коомдук уюмунун кеңсеси мындан бир нече ай мурункуга караганда кыйла эле ээн. Ыктыярчылар эми деле кайрылып жаткандар бар экенин, бирок мурунку убактан бир топ азайганын айтышты. Алардын сөзү боюнча, буга уюмдун лидери Серикжан Билаштын камакка алынганы себеп болгон.

«Серикжан кармалгандан кийин биздин кеңсени Алматы шаардык ички иштер департаменти жаап салган, - деди алардын бири. - 23 күндөн кийин араң алып, ачтык. Бизди «расмий катталбаган, мыйзамсыз, террордук уюм» деген каңшаар чыгарып жиберишти. Элде айтылып аткан соң, адамдар бизге келип арыздануудан да чочулап калышты», - уюмдун өкүлү Ербол Даулетбек​.

Серикжан Билаш, «Ата журт ыктыярчылары» уюмунун лидери.
Серикжан Билаш, «Ата журт ыктыярчылары» уюмунун лидери.

Даулетбектин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, уюм демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен гана жашайт.

Жарандардан арыздарды кабыл алуучу кеңсеге айына 250 миң теңге төлөп, ижарада турушат. Кеңсенин дубалдарына Кытайда куугунтукка алынып, «тарбиялоочу лагерлерге» кармалып, андан кийин камалган казактардын сүрөттөрү турат.

Мадихан Күнбулат кызы уюмга жакын тууганын бошотуп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган. Казакстанда окуусун аяктаган соң Кытайга кеткен тууганын Кытайдын бийлиги кармап, социалдык тармакта жазган сөзү үчүн камап салган. Аны алгач «тарбиялоочу лагерде» кармап, андан кийин он жылга түрмөгө кесип жиберишкен.

«Аны «Казак, күчүң барда мекениңди тап» деп жазган сөзү үчүн кармап кетишти. Себеби ушул эле. Аны кармап кетишип, телефонун, компьютери менен ноутбугун текшеришкен. Ошол жактан ушул сөзүн таап алышыптыр», - деп айтты Мадихан.

«Жогору жактын көрсөтмөсү менен каттабай атышат»

«Ата журт ыктыярчылары» өздөрүн коомдук бирикме катары расмий каттабай жатканы үчүн Юстиция министрлигин сотко беришти.

Министрлик уюмду каттоодон төрт жолу баш тарткан. Адвокат Айман Умарова муну бийликтин атайылап бут тоскону деп эсептей турганын айтты:

«Эгер документ туура эмес толтурулган болсо бир кайтарып бергенде эле оңдомокмуз. Мунун баары жогору жактан атайын көрсөтмө берилип, каттоого оозеки тыюу салышкан. Аны билип эле турабыз».

Серикжан Билаш адвокаты Айман Умарова менен. Нур-Султан. 29-июль, 2019-жыл.
Серикжан Билаш адвокаты Айман Умарова менен. Нур-Султан. 29-июль, 2019-жыл.

Алматы шаарынын Юстиция департаменти мындай дооматтарды четке какты. Анын жүйөсү боюнча уюм документтерди туура эмес толтурганы үчүн катталган эмес.

«Ата журт ыктыярчылары» коомдук бирикмеси 2017-жылдан бери иштеп келе жатат. Бул аралыкта үч миңден ашуун киши ага арыз менен кайрылган. Уюм Шинжаңдагы казактардын жана алардын туугандарынын кайрылууларын Интернетке жарыялап, өтүнүчтөрүн көптөгөн укук коргоо уюмдарына жиберген.

Уюмдун жетекчиси Серикжан Билаш быйыл Казакстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыппулга жыгылган. Ошондой эле ага коомдук иш менен алектенүүгө тыюу салынган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт 11-сентябрда Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Эки күндүк сапарында президент Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиң баштаган бир катар жетекчилер менен жолугушту. Ал эми Шинжаң казактарынын маселеси тууралуу сөз козгогон жок.

Кысымга кыргыздар да кабылган

Казакстандагы «Ата журт ыктыярчылары» коомдук уюмуна Кытайда жакындары куугунтукка кабылган же бийликтин кысымынан кийин дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар да көп кайрылышкан.

Кытайда дайынсыз болуп жаткан Асемгүл Алтынбек кызы үй-бүлөсү менен.
Кытайда дайынсыз болуп жаткан Асемгүл Алтынбек кызы үй-бүлөсү менен.

Кытайдан келип Кыргызстанда жашап калган Айымгүл Турдакун кызы аталган уюм аркылуу жакындарын издеген. Ал быйыл март айында келини Асемгүл абактан чыгып, балдарына келгенин, ошол учурда телефондон сүйлөшкөнүн, бирок ошондон бери байланыш жок болуп жатканын «Азаттыкка» билдирген. Айымгүлдүн айтымында, иниси келини менен кошо кармалып, камакка алынган. Бирок иниси түрмөдөн чыккан эмес.

Жыл башында Казакстан Шинжаңда казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга нота жиберген. Ал эми кыргыз бийлиги тарабынан Шинжаң-Уйгур автоном районунда жашаган кыргыздардын укугун коргоо боюнча кандай аракеттер көрүлгөнү белгисиз.

Шинжаңда миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар «саясий тарбия берүүчү лагерлерди» «түрмө» деп атаса, Кытайдын бийлиги жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе «борборлор» катары сыпаттап келет.

Жергиликтүү активисттер жана камалган казак-кыргыздардын жакындары бир катар эл аралык уюмдарга аларды бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылышкан.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районун 160 миңге жакын кыргыз байырлайт.

Кытайлык кыргыздардын 20-30 миңге чукулу Иле Казак автоном облусунда жашайт. Бул аймакка таандык Текесте кыргыз автоном айылдары бар. Чыгыш Памир менен Хотанда да кыргыз автоном айылдары жайгашкан. Тибетке карай кетчү тоом жолдогу Шайдылда Базар айылында да кыргыздар жашайт (бул айыл Хотанга карайт). Үрүмчүдөгү кытайлык кыргыздардын саны 3 миңдин тегерегинде. Жалпысынан ШУАРда 202 миңден ашуун кыргыз бар.

Андан тышкары, Түндүк Кытайда (Манчжурияда) Хэйлуңжаң вилайетин фу-йү кыргыздары байырлашат. Алар Эне-Сайдан Ички Азия аркылуу көчкөн жана теңирчилик менен бакшылыкты карманышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG