Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 9-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 02:09

Казак жарандыгын күткөн кайрылмандар


Кытайдан келген кайрылман Жакып Кадырбек.

Кытайдын кысымынан качып, тарыхый мекенине кайткан казактар алты айлап казак жарандыгын ала албай жатат.

Казак бийлиги кайрылман мекендештерге жарандык берүү кечиккенин миграция кызматындагы кыскартуу менен түшүндүрдү. Ал арада Кытайдан Казакстанга качып келген айрым казактар «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып менен соттолуп жатканы ачыкка чыкты.

Кытайдын Шинжаң аймагынан 2018-жылы көчүп келген Жайна Далел Алматы облусунун Жамбыл районунда жашайт. Жолдошу менен бирге бир уул, бир кызын тарбиялап жаткан чагы. Алар Казакстанга 2018-жылы апрель айында келген. Жарым жыл алдында казак жарандыгын алууга арыз жазышкан. Бирок ал арызга ушул күнгө чейин жооп ала элек.

- Алты ай күтүп чыдам кетти, - дейт ал. - Акыры миграциялык полицияга кайрылдык. Алар «жарандыкка кабыл алуу тууралуу чечим чыккан, бирок аныктама али келе элек» деп жооп беришти.

Кытайда Жайна Далелдин ата-энеси менен агасы калган. Жакында эле апасы көз жумганы тууралуу кабар келген. Жайна казак жарандыгын албаганы үчүн апасы менен коштошо алган эмес.

- Жарандыгым жок болгону үчүн апамдын тажиясына барбай калдым, - деп түшүндүрдү Жайна. - Жетилигине жетишем деп ойлогом. Миграция кызматына барсам, «Алматыдан жооп жок, кийинки аптада келиңиз» деп коюшат. Ошентип, аптадан апта өтүп, ары-бери басып эле жүрөбүз.

Жайна Далел айтып жаткан аныктама - №7 форма деген тактама кагаз. Алматы облустук миграция башкармалыгы ушундай аныктамасы барлар гана Калкты тейлөө борборуна кайрылып, паспорт алса болорун билдиришүүдө.

Жайна Далел дал ошол форма №7 аттуу аныктаманы күтүп жатат. Ал паспорт алары менен Кытайга барып, апасына куран окутуп, атасын алып келүүнү пландап отурат.

Жайна өзүнүн телефонунда сакталуу бир нече үндү «Азаттыктын» кабарчысына угузган. Анда өзүн Шинжаңдагы Кунес уездинин коопсуздук кызматынын кызматкери катары тааныштырган адам Жайнанын казак жараны экенин аныктаган документин сүрөткө тартып жиберишин талап кылган.

Жайнанын айтымында, Кытай полициясы ага күн сайын телефон чалып, андан казак жарандыгын алган-албаганын сурап турат.

Азыр Казакстанда Жайнага окшоп казак паспортун ала албай карайлаган кытайлык кайрылмандар көп. Алардын дагы бири - Шинжаңдан көчүп келген Жакып Кадырбек. Ал да алты айдан бери казак жарандыгын күтүп, Алматы облусунун Талды-Булак айылында жашап жатат.

- Кытайда балдарыбыз үчүн айына 515 доллардан жөлөк пул алчубуз, - деди ал. - Ошол себептүү кытай жарандыгынан баш тарткан эмесмин. Убагында жарандык алыш үчүн документ да тапшырган эмесмин. Кийин казак жарандыгын алууну чечип, алты ай мурда документ тапшыргам. Апта сайын Талгар районунан Жамбыл облусуна каттайм. «Аты-жөнүңүз базада бар» дешет. Бирок жарандык тууралуу чечим келбей жатат.

Жакып Кадырбек былтыр туугандарынын жардамы менен Казакстандан жер сатып алып, үй курган. Бирок жарандык албаганы үчүн ушул күнгө чейин мүлкүн өзүнө каттата албай жүрөт. Ал арада Жакып Кадырбекке да кытай полициясы казак жарандыгын алган-албаганы тууралуу маал-маалы менен чалып, маалымат сурап турат.

Учурда Кытайдан кайткан казактарга Казакстандын жарандык алууга Бахаргүл Табыс аттуу активист көмөктөшүп жүрөт. Ал өзү да Кытайдын жарандыгынан баш тарткан. Бахаргүл 2019-жылдан бери кайрылмандарга жарандык берүү татаалдашып кеткенин айтты:

Бахаргүл Касым (кара күрмөчөн).
Бахаргүл Касым (кара күрмөчөн).

- Азыр бир эле Жамбыл облустук миграция полициясында 90 документ жатат. Алардын бирине да жарандык бериле элек. Мыйзам боюнча жарандыкка байланыштуу документтер 90 күн ичинде чечилиши керек. Азыр документтер дээрлик бир жылдан бери каралбай жатат. Кытайдан келген көп казактардын мөөнөтү бүтүп, жарандык ала албай Кытайга кайра кеткен учурлары бар.

Жамбыл облустук миграциялык полициясынын башчысы Максат Дуйсенбай жарандык боюнча арыздарды тейлөө акыркы жылда начарлап кеткенин танбайт. Анын айтымында, жарандык алууга келген кытайлык казактардын көптүгүнө карабай 2019-жылдын башында миграция полициясынын штаттары кыскарган. Мисалы, бир эле Жамбыл облустук миграция полициясына 2019-жылы 1700 арыз түшкөн. Алардын жарымы гана жарандык алган.

- Алматы облустук миграция башкармалыгында Жамбыл облусунан арыз жазган 200 адамга даяр форма №7 аныктамасы жатат. Андагы жалгыз кызматкердин эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенинен улам, биз ал кагаздарды ала албай отурабыз, - деди Максат Дуйсенбай.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда 2019-жылдын башынан бери Кытайдан келген 4500 казак кытай жарандыгынан баш тарткан. Бирок министрлик алардын канчасына жарандык бергенин маалымдабай жатат.

Ал арада эптеп эле Кытайдан чыгып кетүүнү каалап, Казакстанга мыйзамсыз кире баштагандар көбөйдү. Алардын айрымдары Казакстанда кармалып, соттолуп да кеткен. Ушу тапта Кытайдын «тарбия лагерине» түшүп калуудан корккон 43 жаштагы Кайша Акан аттуу казак аял чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолуп жатат. Ал Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Хоргос» базарына барып, андагы казак соодагерлерге аралашып, Казакстанга жашыруун кирген.

Учурда кытай бийлиги мусулман динин карманган уйгур, казак жана кыргыз улутундагы жарандарды кармап, «тарбия лагерлерине» камап жатат. Дүйнөлүк коомчулуктын сынынан кийин мурда мойнуна албай келген кытай бийлиги аз улуттар үчүн лагерлер бар экенин, бирок алар «кесиптик билим берүү борбору» деп аталарын жарыялаган.

Дал ушул лагерлерге түшүп калуудан качып, кыргыз жана казактар өздөрүнүн тарыхый мекенинен жарандык сурап келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG