Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 17:09

Кайрылман «жихад чакырыгы» үчүн айыпталууда


Серикжан Билаш.

12-мартта Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укуктарын коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деген айыптын негизинде кармалган.

Активистке карата «улут аралык кастыкты козгоо» беренеси боюнча тергөө иштери быйыл 21-февралда, жергиликтүү тургундун арызынан кийин башталган. Бирок прокуратура арыздануучунун аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

Көзөмөл органы Серикжан Билаштын сөздөрүндө улут аралык кастыкты козгогон чакырыктар бар экенин 5-мартта экспертиза аныктаганын, ал социалдык тармактардагы видеолор, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен да ырасталганын билдирди.

Маалыматта Серикжан Билаштын Кытайдан келген кайрылман экени жана казак жарандыгын алганы эске салынган. Активисттин аты-жөнү документтерде «Серикжан Бияш» деп жазылган, бирок ал Кытайда фамилиясы туура эмес жазылган деген негизде өзүн Билаш деп тааныштырып жүрөт.

«Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси «улут аралык кастыкты козгогон» деген шек менен 10-марттын түнү Алматыдан кармалган. 11-мартта Астанага жеткирилген Серикжан Билаш убактылуу тергөө абагына камакка алынса, сот ушул эле күнү аны үй камагына чыгарды. Ал өзүнө коюлган айыпка макул эмес.

Серикжан Билаш ортодо.
Серикжан Билаш ортодо.

«Мага «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып коюлуп отурат. Мен «бул айыпка макул эмесмин» деп айттым. Эми ишти Астанада эмес, Алматыда кароо боюнча доо арыз менен кайрылам», - деди ал.​

Серикжан Билаш Кытай бийлигинин Шинжаңдагы саясатына, улуттук азчылыктардын кысымга алынышына каршылык иретинде Алматыда бир нече жолу жыйындарды уюштурган. Ага Кытайдан келген кыргызстандык, казакстандык кайрылмандар да катышкан. Серикжан Билаштын кармалышын анын адвокаты Айман Умарова саясий буюртма деп эсептейт.

«Мунун баары анын укук коргоочулук иши менен байланыштуу деп ойлойм. Анын аракетинин натыйжасында бүт дүйнө Кытайда азчылыктарга, казак, уйгур жана башка мусулмандарга каршы лагерлер бар экенин билди. Ошондуктан аны ушундай жол менен «жок кылып турууну» көздөп жатат. Мен муну биздин бийлик Кытай менен мамилени бузгусу келбегени үчүн кылып жатат деп ойлойм», - деди Айман Умарова.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да Билаштын кармалышы тууралуу комментарий берди. Мекеменин расмий өкүлү Лу Каң 11-мартта «Reuters» агенттигине Серикжан Билаш Казакстанга мыйзамсыз киргенин айткан:

Лу Каң.
Лу Каң.

«Биздин аныктаганыбыз боюнча, анын Кытайда да карызы болгон. Мындай кишилер ар кандай нерсени ойлоп таап, чуу чыгарууга маш. Мындай иштерди түшүндүрүп отуруунун зарылчылыгы жок».

Серикжан Билаш – Кытайда туулуп өсүп, бир нече жыл мурда Казакстанга кайтып келген казак. Ал быйыл февралда Алматыда соттун чечими менен 252 миң теңге же 670 доллар айыппулга жыгылган. Буга «каттоодон өтпөгөн бирикмени жетектеген жана иш жүргүзгөн» деген жүйө негиз болгон.

Шинжаңда миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.

АКШнын эл аралык дин эркиндиги боюнча элчиси Сэм Браунбэк 12-мартта Шинжаңда лагерлерге жөнөтүлгөн мусулмандардын абалын аянычтуу деп сыпаттап, Бээжинди көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө жана камактагыларды бошотууга чакырды:

«2017-жылдын апрелинен тартып кытай бийлиги миллиондой мусулманды камакка алды. Уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктары куугунтукталып, күч менен лагерлерге жиберилип жатат. Аларды жакындары кайда экенин, өлүүбү же тирүүбү, билишпейт».

Куугунтукка кабылып жаткандар мындай жайларды «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги «жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттап келет. Бээжиндин маалыматы боюнча, бул жайлар «элди агартуучу, тарбиялоочу жерлер» жана анда шинжаңдыктар коомго интеграция болууну, экстремизмге, террорчулукка каршы турууну үйрөнүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG