Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Кытай Шинжаңга дипломаттарды кайра чакырды


Кытай. Шинжаң-уйгур автоном району.
Кытай. Шинжаң-уйгур автоном району.

Кытайдын бийлиги бир нече мамлекеттин БУУда иштеген өкүлдөрүнө Шинжаңдагы «саясий тарбия берүү» лагерлерин көрсөтүп чыкты. Алардын айрымдары аймакта абал жакшы экенин айтып, Кытайдын саясатын колдоп чыгышты.

Дипломатиялык булактар Бээжин эл аралык коомчулуктун сынына камтама экенин билдирип жатышат. Ушул аптада БУУда Шинжаң темасы көтөрүлүп, Бээжиндин дарегине сын-пикирлер айтылды.

«Reuters» агенттигинин маалыматына караганда, Бээжин Сауд Арабиясынын, Алжирдин, Марокконун, Ливандын, Египеттин, Вьетнамдын, Лаостун, Мьянманын, Камбожанын, Бангладештин, Орусиянын, Түркмөнстандын, Грузиянын, Венгриянын жана Грекиянын дипломаттарын Шинжаңга чакырды. Бул - аймакка чет элдик дипломаттардын төртүнчү чакырылышы. Алар бардыбы же жокпу, анысы азырынча кабарлана элек.

Ага чейин, февралдын башында Пакистандын, Венесуэланын, Кубанын, Египеттин, Камбожанын, Орусиянын, Сенегалдын жана Беларустун БУУдагы дипломаттары Шинжаңды кыдырып чыкканы белгилүү болду. Венесуэланын БУУдагы өкүлү Хорхе Валеро Кытайда бир топ өзгөрүү бар деген баасын берди:

- Кытай бийлигинин саясатын сындап, айыптагандар бар. Алар Кытай элинин жашоосу акыркы жылдарда өзгөргөнүнө ишенбейт. Алар Кытайдын модели дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөргө үлгү болот деп тынчсызданышат.

Шинжаңдагы лагерлерди кыдырып чыккан Камбожанын БУУдагы өкүлү Ней Самол Кытайдын саясатын мындайча кубаттады:

- Террорчулуктун бардык түрү адамзатка каршы. Акыркы 25 айда мындай бир да окуя болгон жок. Ошондуктан Кытайдын Шинжаңдын бийлиги өтө туура багыт тандап алды деп эсептейм.

Хотандагы «окутуп-тарбиялоочу борбордогу» кыз-келиндер. 5-январь, 2019-жыл.
Хотандагы «окутуп-тарбиялоочу борбордогу» кыз-келиндер. 5-январь, 2019-жыл.

Акыркы жылдарда Кытайдын Шинжаңдагы саясаты эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Бээжин бул жайларды «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, муну менен шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет. Укук коргоо уюмдары лагерлерде кармалган улуттук азчылыктардын саны миллионго жеткенин белгилеп жүрүшөт.

Шинжаңдагы окуялар башталгандан бери биринчи жолу быйыл январда чет элдик журналисттердин барышына уруксат берилген. Анда маалымат каражаттарынын анча чоң эмес тобун бийлик өкүлдөрү бура бастырбай коштоп жүргөн.

«Reuters» агенттиги дипломатиялык булактарына таянып Бээжин Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын абалына байланыштуу эл аралык коомчулуктун улам күчөп жаткан сынына, өзгөчө Вашингтондун санкция тууралуу эскертүүлөрүнө бушайман экенин кабарлап, бийлик ошол себептен улам абалды өзгөртүү аракетинде деп боолгоду. Ал эми байкоочулар Шинжаңга дипломаттардын улам чакырылышын Бээжиндин актануу аракети катары мүнөздөп жатышат. Алар бул аракетти эл аралык эки маанилүү жыйын менен байланыштырышат.

Биринчиси - 25-февралда Женевада башталган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясы. Экинчиден, Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгеси апрелде Бээжинде талкууланганы турат. Ага бир нече мусулман мамлекеттеринин жетекчилери катышаары күтүлүүдө.

2018-жылдын ноябрында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде Кытайдын баяндамасы каралганда бир топ Батыш өлкөлөрү, негизинен Швейцария, Германия, Британия, АКШ Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын катуу сынга алышкан. Адатта мусулман өлкөлөрү Кытайдын бийлигин сындоодон четтеп келсе, февралда Түркия кескин билдирүү таратып, Бээжинди Шинжаңдагы лагерлерди жабууга чакырып, чөлкөмдөгү саясатты «уят» деп баалады. Бээжин буга кыжырдануу менен жооп кайтарып, түрк тараптын билдирүүсүн «жийиркеничтүү» деп атады.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу ушул аптада БУУда Шинжаң маселесин кайра көтөрдү. Бирок түрк тышкы иштер министринин бул жолку сөзү дипломатиялык тилде, жумшагырак болгону байкалды:

Мевлют Чавушоглу.
Мевлют Чавушоглу.

- Кытайга келсек, БУУнун Расалык басмырлоого каршы комитети таап чыккан маалыматтар жана Шинжаң-уйгур автоном районундагы уйгурлар менен башка мусулман топтордун укугу бузулуп жатканы тууралуу ар кыл уюмдардын баяндамалары тынчсызданууга негиз берет. Кытай террорчулуктун тамырын кыркууга укуктуу экенин түшүнсөк да, террорчулар менен бейкүнөө адамдарды айырмалаш керек экенин айткыбыз келет. Биз «Бир Кытай» саясатын колдойбуз. Бирок адам укуктарын, дин эркиндигин сыйлоого, уйгурлардын жана башка мусулман топторунун маданий өзгөчөлүгүнүн коргоого үндөйбүз.

Бээжинде иштеген чет элдик дипломаттардын бири анонимдүү түрдө Кытай Түркиянын артынан башка ислам мамлекеттери да өз позициясын билдирип чыкпасын деп кооптонуп турганын кабарлады. Батышт өлкөлөрүнүн бир нече дипломаттары «Reuters» агенттигине мусулман мамлекеттери Шинжаңды талкуулоодон качып жатканына таң калганын айтышкан. Маалыматка караганда, былтыр Батыш өлкөлөрүнүн элчилери Кытай Компартиясынын Шинжаңдагы башчысы Чжан Чунсян менен жолугушуу тууралуу өтүнүч жиберип, бирок андан майнап чыккан эмес. Жолугушуу тууралуу өтүнүчкө кол коюу тууралуу кат көп өлкөнүн өкүлчүлүгүнө жиберилгени менен бир да мусулман мамлекети аны колдоп, кол койгон эмес.

Ошентсе да Түркиянын акыркы билдирүүлөрү Шинжаңдагы кырдаалды айыптагандардын катарына ислам дүйнөсү да кошулат деген үмүттү сактап турат. А бирок тышкы саясат боюнча эксперттер андай болушунан күмөн санап, муну мусулман өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн өзүндө адам укуктары тебеленип жатканы менен түшүндүрүшөт.

Укук коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, Шинжаңда репрессия улуттук азчылыктарга, анын ичинде уйгурларга, кыргыздарга, казактарга каршы багытталган. Шинжаңда жакындары калган кытайлык кыргыздар менен казактар ал жакта катуу кысым болуп жатканын айтып жүрүшөт.

«Азаттык» «тарбия берүүчү» лагерлерде отуруп чыккандардын, жакындарын издегендердин айткандарын көп жарыялаган. Анда кайрылмандар лагерлерди «катаал шарттагы түрмө» деп сыпатташкан. Кытай бийлиги куугунтук жана аңдуу, кысым тууралуу маалыматтарды жанына жакын жуута элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG