Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Түркия уйгурларга жасаган мамилеси үчүн Кытайды айыптады


Түркия мусулман уйгурларга жасаган мамилеси үчүн Кытайды айыптап, муну "бүткүл адамзатты уяткарган" иш-аракет катары сыпаттады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксой 9-февралда "Кытай өзүмбилемдик менен чыгыштагы Шинжаң аймагындагы бир миллион уйгурду тарбиялоочу лагерлерге камап салганы баарына белгилүү", деди. Ал уйгур улутундагы азчылык байма-бай кысымга алынып келгенин кошумчалады.

Буга чейин БУУнун эксперттери Кытайдагы бир миллионго жакын уйгур жана башка түрк тилдүү азчылыктар Шинжаңдагы тарбиялоочу лагерлерде кармалып жатканын билдирген.

Бээжин айыптоолорду четке кагып, "эс алуучу билим берүү борборлору" адамдардын коомго аралашуусуна жакшы өбөлгө түзүп, терроризмден оолак болуусун шарттайт деп ишенет.

Кытайда 15 миллиондон ашык уйгур жашайт. Алар Бээжиндин терс мамилеси тууралуу буга чейин да арызданып келгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG