Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Шинжаң маселесин көтөргөн активисттин даты


Серикжан Билаш сотто. Алматы, 13-февраль, 2019-жыл.
Серикжан Билаш сотто. Алматы, 13-февраль, 2019-жыл.

Казакстанда кайрылмандар менен иштеген "Ата Журт ыктыярчылары" уюмунун жетекчиси Серикжан Билаш соттун чечими менен айып пулга жыгылды.

Сот ага "каттоодон өтпөгөн бирикмени жетектеп, ишмердүүлүк жүргүзгөн" деген кине койду. Активист сот чечимине макул эместигин жана ага каршы даттана турганын билдирди.

Серикжан Билаш жетектеген уюм Шинжаңдагы "тарбия лагерлеринде" кармалган казактардын, кыргыздардын укуктарын коргоп келген.

Казакстандагы "Ата Журт ыктыярчылары" деп аталган уюмдун жетекчиси, активист Серикжан Билаш боюнча токтомду Алматынын район аралык административдик соту 13-февралда чыгарды.

Сот чечимине ылайык, Билаш 252 миң теңге же 670 доллар айып пулга жыгылды. Ишти сот 12-февралда кароого киришкен.

Алматынын Медеу райондук полициясы бир нече жыл мурда Кытайдан тарыхый мекенине келген кайрылман Серикжан Билашты "каттоодон өтпөгөн бирикмени жетектеген жана ишмердүүлүк жүргүзгөн" деп айыптап, иш козгогон. Муну менен административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 489-беренеси бузулганы белгиленген.

Сот жараянынан кийин активист чечим менен макул эместигин жана жогорку инстанцияга даттана турганын билдирди. Анын айтымында, бул чечим уюмдун ишине таасир этпейт:

- Сот чечимине ыраазы эмесмин. Биз сыяктуу өз чөнтөгүнөн жетим-жесирлерге көмөктөшүп жаткандар үчүн оор чечим. Кыскасы, өтө оор.

Серикжан Билаш жетектеген уюм Казакстандагы кайрылмандарды укуктук жактан колдоп, аларга жардам берүү багытында иш жүргүзөт. Активист буга чейин өзүнө кылмыш ишинин козголушуна "Жебеу" сайтынын редактору Турдыбек Курметхандын жазган арызы себеп болгонун айткан.

Турдыбек Курметхан "Азаттыкка" өзүнүн бул ишке тиешеси жок экенин, Серикжан Билаштын айрым аракеттерине байланыштуу Ички иштер министрлигине арыз жазган топко киргенин, ал боюнча Алматы шаардык полиция департаментине түшүнүк кат бергенин билдирди.

12-февралда өткөн сот отурумунда Билаш "Ата Журт ыктыярчылары" уюму Кытайдагы этникалык казактардын ал-акыбалына кайдыгер карабаган ыктыярчылардын демилгеси менен түзүлгөн топ экенин белгиледи. Өзүн ошол топтун "администратору" деп тааныштырды. Судьянын "аталган уюмдун өзүнчө кеңсеси барбы" деген суроосуна Билаш "кеңсеси бар, бирок ал ошол топко мүчө адамдын атына ижарага алынган" деп жооп кайтарды.

Коңшу өлкөдө бул уюмдун каттоосуна байланышкан маселе эмне себептен азыр көтөрүлүп жатканы жана буга Шинжаңдагы окуялардын таасири барбы-жокпу азырынча белгисиз.

Кайрылмандар менен иштеген казакстандык журналист Евгений Бунин Билаш жетектеген уюм Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын үнүн жеткирүүгө чоң салым кошту деп эсептейт:

- Менимче, "Ата Журт ыктыярчылары"​ уюму этникалык казактардын маселесин көтөрүүдө чоң роль ойноду. Көп адамга жардам беришти. Маселенин эл аралык деңгээлге чыгышы үчүн көп иш жасашты. Алардын аракеттери аркылуу эл аралык журналисттер, уюмдар Шинжаңда эмне болгонун түшүнүштү десе болот.

Серикжан Билаш уюмдун каттоодон өтпөгөнүн бир нече жолу Казакстандын Юстиция министрлигине кайрылып, бирок андан майнап чыкпаганы түшүндүрүп жатат.

"Ата Журт ыктыярчылары" уюму 2017-жылдын жаз айынан тарта иштей баштаган. Андан бери Кытай бийлигинин Шинжаңдагы саясатына, улуттук азчылыктардын кысымга алынышына каршылык иретинде Алматыда бир нече жолу басма сөз жыйындарын уюштурду.

Урук-тууганы, жакындары Шинжаңда камакта отурганын айткан жарандардын видеолорун Интернеттеги "Youtube" жана "Facebook" социалдык тармактарына да тынымсыз жарыялап, эл аралык коомчулуктун назарын буруп келүүдө.

Буга чейин Серикжан Билаш "Азаттыкка" Кытайда 50 миңдей кыргыз улутундагы жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген. Аталган уюмга Шинжаңда тууган-туушканы, ата-эне, бир туугандары камалып кеткенин жана алар дайынсыз экенин айтып, бир нече кыргызстандык кайрылмандар да кайрылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG