Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:37

Анкара менен Бээжин кайым айтышты


Шинжаңдагы уйгурлар, 26-июнь 2017-жыл.

Расмий Бээжин Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу Түркиянын билдирүүсүн четке какты. Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгурлар кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Шинжаң-Уйгур автономдук районундагы кырдаал тууралуу Түркиянын билдирүүсүнө дүйшөмбү күнү жооп кайтарды.

Министрликтин өкүлү Хуа Чуньин Бээжиндеги маалымат жыйында Анкаранын Шинжаңда уйгурлар сыяктуу бир катар мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы жана белгилүү уйгур акыны Абдурехим Хейит камакта каза болгону тууралуу билдирүүсүн "жалган" деп мүнөздөдү.

- Түркиянын айыптоолору калпка негизделген, жүйөсүз экени бышык. Кытай Түркияга бул боюнча нааразылыгын билдирди. Биз түркиялыктар туура жана туура эмес нерсени бири-биринен айырмалай алат жана каталарын оңдойт деп үмүттөнөбүз. Алар туура эмес айыптоолорун артка алышы керек, - деп билдирди Хуа Чуньин.

Шинжаңдагы саясий лагерлердин биринин сырткы көрүнүшү.
Шинжаңдагы саясий лагерлердин биринин сырткы көрүнүшү.

Ишемби күнү Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксой Шинжаңдагы кырдаал боюнча түрк тараптын расмий позициясын көрсөткөн билдирүү тараткан.

Анда Кытайдын бул районунда уйгурлар жана башка мусулман коомчулуктарынын укугун бузган көрүнүштөр күчөгөнү белгиленген.

Бул билдирүүдө түрк тарап расмий Бээжинди саясий лагерлерди жабууга, Бириккен Улуттар Уюмун Шинжаңдагы абал боюнча чара көрүүгө үндөгөн.

- Бир миллиондон ашык уйгур өзүмбилемдик менен камакка алынып, кыйноого кабылып, жабык лагерлер менен абактарда саясий идеологияга сугарылып жатканы жашыруун болбой калды. Мындай лагерлерде камалбаган уйгурлар да чоң кысым алдында. Биздин кандаштар жана чет өлкөдө жашаган уйгур тектүүлөр бул аймакта жашаган жакындарынан кабар ала албай жатышат. Миңдеген балдар ата-энесинен ажырап, жетим калды. Кытайдын бийлиги тарабынан 21-кылымда жабык лагерлердин кайра ишке киргизилиши жана уйгур түрктөрүнө каршы системалуу түрдө ассимиляция саясатынын жүргүзүлүшү адамзатты уяткарган жагдай, - деп айтылган Түркиянын билдирүүсүндө.

Үрүмчүнүн көчөсүндөгү мусулман аялдар. 3-июль, 2010-жыл.
Үрүмчүнүн көчөсүндөгү мусулман аялдар. 3-июль, 2010-жыл.

Мындан сырткары түрк тарап ырлары үчүн сегиз жылдык абак жазасын өтөп жаткан таанымал уйгур акыны жана музыканты Абдурехим Хейиттин Кытай түрмөсүндө каза тапканын белгилеп, "бул трагедия" Шинжаңдагы укук бузууларга карата Түркиядагы коомдук пикирди ого бетер күчөткөнүн кошумчалаган.

Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин уйгур акыны тирүү экенин айтты:

- Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлүнүн билдирүүсүндө белгилүү уйгур музыканты Хейит абак жазасынын экинчи жылын өтөп жатканда каза тапканы айтылган. Бирок кечээ мен анын Интернеттеги видеосун көрдүм. Бул анын тирүү гана эмес, дени сак экенин күбөлөп турат.

Түрк тараптын билдирүүсүнөн көп өтпөй, жекшемби күнү Кытайдын эл аралык радиосу өзүн Абдурехим Хейит деп тааныштырган, уйгур тилинде сүйлөгөн адамдын 26 секунддук видеосун жарыялаган. Андагы адам Кытайда улуттук мыйзамдарды бузганы үчүн өзүнө карата иликтөө жүрүп жатканын, саламаттыгы жакшы экенин айткан. Азырынча бул видеонун чын-бышыгын көз карандысыз булактар ырасташа элек.

Кантсе да Түркия соңку билдирүүсү менен Шинжаңдагы кырдаалды ачык жана кескин түрдө айыптаган саналуу мамлекеттердин бири болуп калды.

Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар.
Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар.

Кытайдын бул районунда миңдеген уйгур, казак жана кыргыздар негизсиз саясий тарбия лагерлеринде кармалып турганын БУУ, "Хьюман Райтс Уотч" сыяктуу уюмдар байма-бай билдирип келишет.

Расмий Бээжин алгач өлкөдө саясий лагерлер бар экенин четке кагып келсе, кийинчерээк мындай жайларды кесипке үйрөтүүчү билим берүү борборлору катары мүнөздөөгө өткөн. Мындан тышкары Кытай бийлиги Шинжаңда текшерүүлөр күчөгөнүн бул чөлкөмдө соңку жылдары коопсуздук кызматкерлерин бутага алган чабуул жана бомба жардыруулары көбөйгөнү менен түшүндүрүп келет.

Шинжаңдагы кыргыздардын маселеси Кыргызстанда өзгөчө былтыр жыл соңунда көтөрүлө баштаган. 29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети да түзүлгөн. Бул комитеттин өкүлдөрү Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганын билдиришкен.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов жакындарын издеген кытайлык кайрылмандардын арызы боюнча Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылганын, Бээжинден келген баштапкы маалымат боюнча атайын лагерде кармалган кыргыз кайрылмандары жөнүндө кабарлар такталбаганын 11-февралда “Азаттыкка” маалымдады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG