Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Акыйкатчы: Кытайлык кайрылмандар боюнча маалыматтар такталган жок


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов жакындарын издеген кытайлык кайрылмандардын арызы боюнча Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылган. Учурда Кытай тараптан келген баштапкы маалымат боюнча атайын лагерде кармалгандар жөнүндө кабарлар такталган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токон Мамытов маалымдады. Ал жакын арада Кытай мамлекетинен толук маалымат күтүп жатканын кошумчалады.

2018-жылы жылдын 3-декабрында акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстанда жашап калган, жакындарын издеген кытайлык кайрылмандар менен жолуккан. Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана "саясий тарбия берүүчү" лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери тарай баштаган.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

28-30-декабрга чейин 12 өлкөнүн дипломаттары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Шинжаңдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан аймактарындагы тарбиялоочу лагерлерди көрүп чыгышкан. Шинжаңга Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин дипломаты да барганын тышкы иштер мекемеси бышыктап, бирок жабык жайларда канча кыргызга жолукканы, алардын абалы боюнча маалымат айтылган эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG