Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Кабарсыз кеткен кытайлык кыргыз студенттер


Тургуналы Жусуп Мамай Көчмөндөр оюндарында. 5-сентябрь, 2018-ж.
Тургуналы Жусуп Мамай Көчмөндөр оюндарында. 5-сентябрь, 2018-ж.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

2019-жылы апрель айында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашык кытайлык студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келбегенин билдирген. Учурда комитет бул кытайлык студенттерге байланыштуу эч кандай кабар жок экенин, дегеле Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар жөнүндө маалымат чогултуу кыйын болуп калганын белгиледи.

Жусуп Мамайдын урпагынын тагдыры

Кытайдагы залкар манасчы Жусуп Мамайдын урпагы Тургунаалы Кыргызстанга 2014-жылы билим алганы келген. Тургунаалы Турсунаалы уулу бул жакта маданий чөйрөдө тез эле популярдуу болуп, «Манас» айтуудан сырткары кыргыз бийин жайылтуу менен аты чыккан.

Өнөрлүү жигит өлкөдөгү ар кандай маданий иш-чараларга жигердүү катышып, бир нече сыйлыкка татыган. Ошондой эле «Жусуп Мамай бабамдын баяны» деген китепти да чыгарган. Манасчынын чөбөрөсү журналисттер менен баарлашып калса Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу дайыма жакшы маанайда гана сөз кылчу.

- Жуңго өкмөтү аз улуттардын маданияттын коргоого жакшы көңүл бөлөт. Бул жагынан аябай жакшы. Кыргыз эле эмес, бардык улуттарды коргойт. «Маданиятыңарды жайылтып, өркүндөткүлө» деп турат, - деп такай айтчу.

2017-жылы Тургунаалы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, эки жылдык магистратурага тапшырган. Бирок 2018-жылы октябрь айында Кытайга кетип, ошол боюнча кайтып келген эмес. 2019-жылы апрель айында анын Бишкектеги жакын досу Урмат Майрамбек уулу буларды айтып берди эле:

- «Эртең кетем» деп жатканда жолуктум. Маанайы жок болчу. «Эмне кылсам?» деп ойлонуп турган чагы экен. Калып калганга мүмкүнчүлүгү бар эле. Биз кеңеш берип, «жогорку жактарга кайрылып жардам сурайлы» дедик. Бирок өзү «ата-энем, бир туугандарым бар, аларга оор болуп калышы мүмкүн» деди. Ошентип, кеткенден бери байланышка чыга алган жокпуз.

Таланттуу жигит Бишкекте жүргөндө Интернетти активдүү колдончу. Бирок Кытайга кеткени куш тилиндей кабар берип же Интернетке да чыккан эмес.

2019-жылдын март айында Америкалык «Foreign Policy» басылмасы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жүрүп жайкы каникулда Кытайга кетип, кайтып келбеген кытайлык кыргыздар жөнүндө макала даярдаган. Анда басылма «Кытайда жергиликтүү бийлик Тургунаалынын чоң атасынын китептерин конфискациялап, чөбөрөсү чоң атасынын китептеринин кайсы бир бөлүгүн сактап калууга аракеттенген болушу мүмкүн» деп жазды. Ошондой эле басылма Тургунаалы «кайра тарбиялоочу лагерге» түшүп калышы ыктымал деп боолгологон.

«Шинжаңдагы курмандыктардын базасы» деп аталган сайтта «26 жаштагы Тургунаалы Турсунаалы 2018-жылдын октябрында камалып, ошол жылдын декабрында бошонгон» деп жазылып турат.

Бирок 2019-жылы 14-май күнү Тургунаалы Турсунаалы уулу Бишкекке келген. Ал жергиликтүү «Баракелде» сайтында учкай гана маек куруп, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданында жашап жатканын, үйлөнгөнүн, жубайы мугалим экенин баяндаган. Ошондой эле Кытайда манасчылардын башчысы, Жусуп Мамайдын мураскери болуп дайындалганын да кошумчалаган. Бирок Кытайдагы башка кыргыздар, «кайра тарбиялоочу лагерь» жөнүндө ооз ачкан эмес.

Тургунаалынын жакын тааныштары ал бир айдан ашуун жүрүп, сынактарды мөөнөтүнөн мурда тапшырып, Кыргыз улуттук университетинин эки жылдык магистратурасынын дипломун алып кеткенин маалымдашты. Тургунаалы Кыргызстандагы тааныштары менен ошол бойдон байланышкан эмес.

Дайынсыз кеткен кыргыз студенттер

2019-жылы жаз айларында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жүрүп, жайкы эс алууга кетип кайра келбеген 45 студенттин тизмесин түзгөн. Комитеттин өкүлү Марат Тагаев тизмедеги маалыматтар Бишкекте жүргөн кытайлык кыргыздардан алынганын айткан болчу. Анда Тагаев дайыны чыкпай жаткан 45 кишинин арасында жогорку окуу жайын бүтүп кеткендери бар экенин айткан эле:

- Алар Кытайга кетип келбей калган студенттерди тизмектеп беришкен. Маалымат боюнча 45 студент болчу. Бирок алар боюнча так кабар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын көбү «лагерге» кирип чыккан.

Бул макала жазылып жатканда жогорудагы маалыматты тактоо иретинде «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» менен кайра байланышканыбызда кытайлык студенттер жөнүндө таптакыр маалыматы жок экенин гана биле алдык. Ошондой эле анын өкүлдөрү Кытайдан келген кыргыздар жөнүндө маалымат чогултуу кыйын болуп калганын белгилешти.

Учурда Бишкектеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кытайлык кыргыздар да бар. Алар журналисттер менен эмес, бейтааныш бирөө менен да сүйлөшүүдөн чочулашат.

2019-жылы апрель айында микрофонго сүйлөөдөн баш тартып, атын-жөнүн жашырган кытайлык кыргыз студент төмөнкү маалымат менен бөлүшкөн.

- Азыр сүйлөп берсек ал жактагы ата-энебизге зыяны тийип калат. Бул жакта калгандардын көбү эле жарандык алып алган. Бирок канчасы жарандык алган же канчасы ала элек экени айтылбайт. Анткени бири-бирибизге билдирбей эптеп жашап жатабыз. Кытайлык кыргыздар Улуттук консерваторияда, Улуттук университетте, «Манас» университетинде, Бишкек гуманитардык университетинде окуп жатышат. Азыр «Манас» университетинде окугандардын баары эле кетип, бирок келген жок. Бишкек гуманитардык университетиндеги жети баланын бешөө кетип, келген жок. 2017-жылы кеткен бир бала Үрүмчүдөн түшүп калган боюнча үйүнө да барбаптыр.

Бул атын жашырган студент менен кайра байланышканыбызда журналисттер менен жолугушуудан баш тартты.

Дайыны чыкпай жаткан 45 студенттин тизмесинде жүргөн Өмүржан Мамбетемин Кыргызстанга 2010-жылы келип, Кыргыз улуттук университетин 2016-жылы аяктаган экен. Алты жыл ичинде Өмүржан Кытайга бир жолу барып келген. Ушул тапта аны Бишкектеги жубайы Чынара издеп жатат. Ал студент кезинде кыргыз жараны Чынара менен баш кошуп, алар эки кыздуу болушкан.

Чынаранын айтымында 2017-жылы күйөөсүнө Кытайдан чакыруу келип, үй-бүлөсү менен кошо кетүүнү көчүп кетүүнү пландашкан. Бирок Чынарага виза берилбегендиктен Өмүржан жалгыз жөнөгөн. Жубайы андан бери Өмүржандын эч дайыны чыкпай, былтыр гана бир нече жолу гана байланышка чыкканын айтып берген эле:

- Акыркы жолу 23-февралда чалды. Эки кызын сурады. «Кыйналып атасыңарбы?» деди. Ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Төрт мүнөт сүйлөштүк. Биринчи чалганда: «Сен каяктасың?» деп сурадым. Ал жакта ачык-айрым «лагердемин» деп айта албайт. Сүйлөшүп жатканда кыйналып жатканын жүрөгүң менен эле сезесиң.

Былтыр Чынарага барып жолукканыбызда атасын сагынып саргайган эки кызын кучактап, көз жашын агызып күйөөсүн күтүү менен күн кечирип жатканына күбө болгонбуз. Эми ага байланышканыбызда, мурдагыга караганда күйөөсү менен телефондон көбүрөөк сүйлөшүп калганын айтып берди. Бирок дагы эле Кытайдагы башка кыргыздар, «кайра тарбиялоочу лагерге» түшүп-түшпөгөнү жөнүндө, Бишкекке эмне себептен келе албаганын ачык айтпайт. Чынара күйөөсү «кайра тарбиялоочу лагерден» чыккан окшойт деп божомолдоп турган чагы. Бирок бул үй-бүлө качан биригери азырынча белгисиз.

Өнөрпоз кытайлык кыргыздар

Ак таңдай акындардын сынагында баш байге талашкан кытайлык кыргыз Гүлкайыр Айбаш кызы 2018-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун студенти болчу. Гүлкайыр төкмө акындар арасында дүбүртү катуу чыгып келаткандардын бири деп таанылган.

Ал 2018-жылы жайында Кытайга жакындарына кетип, кайра окууга келген эмес. Анын күйөөсү, кытайлык кыргыз Ажыбек Дүйшө уулу да колунан комуз түшпөгөн таланттуу өнөрпоз катары таанылып келаткан.

Кыргызстандык төкмө акын Баян Акматов бул үй-бүлө менен чыгармачылыктан тышкары жакын санаалаш болчу.

- Кытайлык акындар менен көп эле чогуу жүрдүк. Эң кызыгы - аларды бири-бири менен сүйлөштүрбөй койгон деңгээлге жеткиришкен. Себеби бири-биринен «сатып коёт, тыңчы» деп шек санашчу. Арасында тыңчылар да бар окшойт же мага ошондой байкалдыбы, билбейм... Ажыбек менен Гүлкайыр кеткенде өлүмгө башын байлаган сыяктуу эле кетишкен. Аларга Интернет бербегенден кийин байланыша алган жокмун. Элден укканым боюнча алар үй камагында окшойт, - деди Баян акын.

Гүлкайыр менен Ажыбек Кыргызстанда баш кошуп, тун кызынын атын төкмө акын Майра Керим кызынын урматына Майра коюшкан экен. Ажыбек Кыргыз улуттук университетинде билим алып жаткан.

Такталбаган сандар

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын Өзбекстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Түркиядагы жана Кытайдагы кыргыздарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун берилет. Министрлик кытайлык кыргыз студенттердин канчасы жайкы эс алууга кетип, келбей калганы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады. Буга чейинки расмий маалыматта 2016-2017-окуу жылдары он, 2017-2018-жылдары эки гана кытайлык кыргыз студент билим алууга келгени айтылат. Азырынча 2019-2020-жылдын маалыматы белгисиз.

Былтыр жазында кытайлык кыргыздар көп тапшырат деген жогорку окуу жайларынын өздөрүнөн маалымат чогултууга аракет кылганбыз. 2019-жылы Бишкек гуманитардык университетинин өкүлдөрү кытайлык жети студент окуп жатканын билдирген. Ал эми Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги жалпы жонунан 20дай кытайлык кыргыз жайкы каникулга кетип, алардын бирөө гана кайтып келгенин маалымдаган.

Кыргыз улуттук консерваториясы 2019-жылы алты кытайлык кыргыз окуп жатканын, алардын ичинен бир студент эки жыл мурун Кытайга кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирди. Андан алынган маалыматка караганда, консерваториядагы алты студент эки жылдан бери жайкы каникулда Кытайга барбай калган.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы Самат Көчөрбаев 2015-2016-2017-жылдары алты кытайлык кыргыз студенттин ичинен төртөө Кытайга кеткен боюнча дайыны чыкпай калганын айтып берген.

- Дегеле кытайлык кыргыз туугандар бул жактан окууну бүткөнчө тоскоолдуктар боло берет экен. Барып келгенден кыйнала беришет экен. Ал жактан ар кандай документтерди талап кылат окшойт, - деди Самат Көчөрбаев.

Көчөрбаев менен азыр байланышканыбызда, кеткен студенттеринен ошол боюнча куш тилиндей кабар жок болуп жатканын айтып, эки жылдан бери Кыргызстанга кытайлык кыргыздар жогорку окуу жайларына келбей калышканын кошумчалады.

Буга чейин кытайлык кыргыздар ар кандай иш-чараларда, майрамдарда же кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүдө чогулуп калышчу. Азыр боордоштор бир шаарда турушса да бири-бири менен жолуккандан, баарлашкандан чочулашат. Кытайдагы «лагерь» темасы боюнча ооз ачышпайт.

Бул макала жазылып жатканда кытайлык кыргыз студент, мугалим, чыгармачыл чөйрөдөгү бир нече адам менен жолугуп, дайынсыз кеткен студенттер, Кытайдагы лагерлер жөнүндө сүйлөштүк. Алардын көпчүлүгү атын-жөнүн, кала берсе журналисттер менен жолукканын дагы сыр бойдон калтырууну суранышты.

Алардын маалыматына караганда 2018-жылы дайынсыз кеткен студенттердин кээ бири бир жылдан кийин Кыргызстанга келип кетишкен. Айрымдары окуусун улантып жатышат. Алар бир жыл эмнеге келбей калганынын себептерин айтышпайт, айрымдары гана «Бишкекте жүргөн жылдардын отчетун бердик» деп кыска жооп беришет.

Кытайда жашаган башка аз улуттардын өкүлдөрүнүн арасында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабар 2018-жылы күз айларынан баштап тарай баштаган. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин» такталбаган маалыматына ылайык, Бээжин расмий түрдө «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. Кыргыз бийлиги бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG