Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:12

АКШда «Уйгур актысы» кабыл алынды


Кытайдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлердин» бири.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы 3-декабрда Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна жана ислам динин тутунган аз улуттарга карата репрессиясына байланыштуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Анда бул иштерге жооптуу Кытайдын жогорку кызмат адамдарына санкция салуу жана башка чаралар каралган. Бээжин мыйзам долбоорунун кабыл алынышын катуу сындап чыкты. Кытайдын Шинжаң аймагында миллиондой киши атайын лагерлерге жайгаштырылып, укуктары одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

АКШнын Өкүлдөр Палатасында кабыл алынган, «Уйгур актысы» деп аталган мыйзам долбоорунда Кытайдын Шиңжаң-уйгур автоном районунда адам укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу Бээжиндин дарегине олуттуу сын айтылган. Аны Өкүлдөр Палатасынын 407 депутаты колдосо, бирөө каршы добуш берди.

Конгрессмен Крис Смит буларга токтолду:

Крис Смит.
Крис Смит.

- Балдар үй-бүлөсүнүн жылуу кучагынан айрылып калды. Анын ордуна аларды коммунисттик идеологияга ишендирип, өзүнүн дининен жана тилинен баш тарттырып жатат. Лагерлерде аялдарды зордуктоо, жыныстык ыдык көрсөтүү жана күчтөп аборт жасатуу көрүнүштөрү бар. Күчтөп иштетүүнүн масштабы болуп көрбөгөндөй жогору болгондуктан, ал кытай компанияларына азыркы замандагы кулчулуктан пайда көрүп калууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

«Уйгур актысында» Шинжаңдагы аз улуттардын абалына байланыштуу сентябрда Сенатта кабыл алынган мыйзам долбооруна караганда катаалыраак шарттар жана талаптар камтылган. Өкүлдөр Палатасынын документинде аз улуттардын укуктарынын бузулушуна жооптуу кызмат адамдарына санкция киргизүү каралып, Бээжинден «саясий тарбия берүүчү лагерлерди» жабуу талап кылынган. Эки документ эми бир мыйзам долбооруна бириктирилгенден кийин президенттик администрацияга кол коюуга жиберилет.

АКШнын Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пелоси:

Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

- Биз Бээжинге белги берип жатабыз. Америка жөн гана карап, унчукпай тынч отура бербейт, - деди.

Ал эми Кытай Өкүлдөр Палатасында Шинжаңдагы аз улуттардын абалына байланыштуу кабыл алынган мыйзам долбоору боюнча дароо катуу жооп кайтарды. Кытайдын өкүлү АКШны «бул катасын оңдоого» чакырып, «Кытайдын кызыкчылыгына каршы аракетке кол куушуруп отуруп калбайбыз» деп эскертти.

- Биз АКШга Шинжаң маселеси толугу менен Кытайдын ички иши экендигин жана кайсы бир өлкөнүн ага кийлигишүүсүнө жол бербей турганыбызды катуу эскертебиз. АКШнын «Уйгур актысы» атайылап эле Кытайдын терроризмге каршы туруу жана экстремизмди жоюу боюнча чараларын жокко чыгарууга багытталган. Бул анын кош стандарттуу мамилесин билдирет, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунин.

Диний ишенимин жана социалдык жашоо образын күчтөп өзгөрткөн Шинжаңдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» ислам динин тутунган аз улуттардын миллиондой өкүлү, атап айтканда уйгурлар, казактар жана кыргыздар бар экендиги тууралуу маалыматтар 2015-жылдан бери айтыла баштаган.

Бээжин анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

Өткөн айда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан. Бул уюм 12-ноябрда ушул сыяктуу 182 жай бар экендиги тууралуу алгачкы маалыматын таратып, калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде ошол лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.

Ноябрда Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анда Кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты чогуу иликтеген, «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып диний ишенимин өзгөртүү жана ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG