Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Шинжаңдын экс-губернатору өмүр бою кесилди


Нур Бекри сотто.
Нур Бекри сотто.

Кытайда уйгурлардын көрүнүктүү өкүлү Нур Бекри өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.

Нур Бекри Кытайдагы уйгур азчылыгынын жогорку даражалуу кызматка чейин көтөрүлгөн бирден бир өкүлү эле. Ал 2004-2008-жылдары Шинжаңдын губернатору, кийин Улуттук энергетикалык агенттигин жетектеп, Кытайдын Реформа жана өнүктүрүү боюнча комиссиясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

61 жаштагы Бекри жемкорлукка байланыштуу айыпталып, сентярь айында камалган. 2-декабрда өткөн соттук жараянда ал коюлган айыпты мойнуна алганын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Бекринин кармалышы Бээжин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элине, анын ичинде уйгурларга болгон саясатына байланыштуу эл аралык сынга кабылып жаткан маалга туш келди.

«Кытай тору»

Өткөн жумада эле Шинжаң-уйгур автоном районунда адамдарды күчтөп кармаган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтер жарыяланган. Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму колуна тийген документтерди 17 маалымат каражатты менен бирге изилдеп чыккан соң ачыкка чыгарган. ​

Шинжаңдын экс-губернатору Нур Бекри. 7-март, 2010-жыл. Бээжин.
Шинжаңдын экс-губернатору Нур Бекри. 7-март, 2010-жыл. Бээжин.

«Кытай тору» деп аталган баяндамада лагерлердеги тартипти Шинжаңдын коопсуздук кызматынын жетекчиси өзү түздөн-түз көзөмөлдөп, анда кармалып тургандардын чачтары кыркылып-кыркылбаганына, эшиктер жабылып-жабылбаганына чейин карап турары айтылат.

Укук коргоочу уюмдар лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчтөп ассимиляция кылууну, алардын диний ишенимин өзгөртүүнү көздөй турганын белгилешкен.

Мындай маалыматтар жарыяланган соң Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын Коммунисттик партиясына кайрылып, «ажыдаар саясатын» токтотууга чакырган.

Документтерде Кытай бийлиги жүргүзүп жаткан камоо, уйгурларга жана башка Шинжаңдагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнө болгон репрессиялык саясаты төкпөй-чачпай жазылган.

«Бул кабарлар көпчүлүк маалыматтарга дал келип, Кытайдын Коммунисттик партиясы адам укуктарын болуп көрбөгөндөй бузуп, камактагыларга кара өзгөй мамиле жасап жатканын далилдеп турат. Биз Кытай бийлигин себепсиз кармалгандарды токтоосуз бошотууга жана Шинжаңдагы өз жарандарын басмыралаган «ажыдаар» саясатына чекит коюга чакырабыз».

Шинжаңда туугандары камалган кытайлык казактар. 30-октябрь, 2019-жыл. Алматы.
Шинжаңда туугандары камалган кытайлык казактар. 30-октябрь, 2019-жыл. Алматы.

Кытай Шинжаңда мусулмандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды такай четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур, кыргыз жана казак ж.б. мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укуктары одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

«Human Rights Watch» сыяктуу эл аралык уюмдар кеминде 1 миллион уйгур Шинжаңдагы саясий лагерлерде негизсиз кармалып, Коммунисттик партиянын идеологиясын жана кытайча үйрөнүүгө мажбур болуп жатканын белгилешкен. Муну чет өлкөлөргө, анын ичинде Казакстан жана Кыргызстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн шинжаңдыктар да ырасташкан.

Казакстандагы кытайлык казактар Шинжаңда калган жакындарын лагерлерден бошотуп берүү тууралуу өтүнүч менен соңку эки жыл ичинде бир нече жолу казак бийлигине кайрылышкан. Былтыр Кыргызстандагы кытайлык кыргыздардын өкүлдөрү да Шинжаңдагы жакындары кармалып жатканын айтып чыгышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG