Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 18-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:14

Бишкек Шинжаңдагы боордошторго кайдыгерби?


Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар, Бишкек, 2018-жылдын ноябрь айы.

Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоп чыкты. Бишкек Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган Орусия, Мьянма жана Беларус сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду. Ошол эле кезде башка 23 мамлекет Кытайдын аракетин сынга алышты.

Шинжаңдагы коопсуздук чараларын жактаган 54 мамлекеттин биргелешкен билдирүүсүн Беларустун Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Валентин Рыбаков 29-октябрда Башкы ассамблеянын Үчүнчү комитетинин жыйынында окуп берди.

Анда жикчилдик жана террорчулук маселеси "Шинжаң-Уйгур автоном районундагы бардык этностук топтордун турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип жатканы", Бээжин маселенин тамырын кыркуу үчүн “кесипке үйрөтүүчү борборлорду ачуу сыяктуу чараларды көрүп жатканы" белгиленген.

Бул билдирүүгө кошулган Пакистан, Орусия, Сербия, Конго сыяктуу өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан, ошондой эле адам укуктарынын абалы боюнча эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган Түндүк Корея менен Мьянма да бар.

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Айбек Молдогазиев.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Айбек Молдогазиев.

- Кыргыз Республикасы Шинжаң-Уйгур автоном районунун маселелерин түздөн-түз Кытайдын ички иши деп санайт жана Кытай өкмөтүнүн маданияттын көп түрдүүлүгүн жана Шинжаңдагы бардык улуттардын диний эркиндигин сактоо аракеттерин баалайт. Шинжаңдын коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Кытай тарабынан көрүлгөн чараларды колдойт, - деп билдирди Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Айбек Молдогазиев.

Азырынча биргелешкен билдирүүгө кол койгон мамлекеттердин толук тизмеси БУУнун расмий сайтына жарыялана элек. Кантсе да Нью-Йорктогу жыйында Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан Кыргызстандын өкүлү гана Кытайдын саясатын колдоп сүйлөдү.

23 мамлекет Кытайды сындады

Үчүнчү комитеттин адам укуктары боюнча ушул эле жыйынында Германия, Жапония, АКШ жана Британия сыяктуу 23 мамлекет тескерисинче Кытайдын Шинжаңдагы чараларына тынчсыздануусун билдиришти. Алардын билдирүүсүндө Шинжаңда массалык кармоо, маданий жана диний аракеттерди чектөө, уйгурлар сыяктуу этностук топтордүн турмуш-тиричилигин толугу менен көзөмөлгө алуу сыяктуу укук бузуулар катталып жатканын белгиленген.

- Кытай өкмөтүн уйгурларды жана башка мусулман коомчулугунун өкүлдөрүн негизсиз камакка алуудан кармануу сыяктуу сунуштарды тез арада аткарууга чакырабыз. Мындай тынчсыздануулардан улам биз бардык өлкөлөрдү качкындарды өткөрүп бербөөгө үндөйбүз, - деди Британиянын БУУдагы элчиси Карен Пирс.

Шинжаңдагы саясий лагерлердин бири, 6-январь 2019-жыл.
Шинжаңдагы саясий лагерлердин бири, 6-январь 2019-жыл.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районуна уйгур, кыргыз жана казак ж.б. мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укугу одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

“Хьюман Райтс Уотч” сыяктуу эл аралык уюмдар кеминде 1 миллион уйгур Шинжаңдагы саясий лагерлерде негизсиз кармалып, Коммунисттик партиянын идеологиясын жана кытайча үйрөнүүгө мажбур болуп жатканын белгилешкен. Муну чет өлкөлөргө, анын ичинде Казакстан жана Кыргызстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн шинжаңдыктар да ырасташкан.

Казакстандагы кытайлык казактар Шинжаңда калган жакындарын лагерлерден бошотуп берүү өтүнүчү менен соңку эки жыл ичинде бир нече жолу казак бийлигине кайрылышкан. Былтыр Кыргызстандагы кытайлык кыргыздардын өкүлдөрү да Шинжаңдагы жакындары кармалып жатканын айтып чыгышкан.

Алардын бири үч жыл мурда үч баласы жана күйөөсү менен Кыргызстанга келип отурукташып калган Бейшекан Камза Шинжаңдагы атасы үйүндө Куран китеп табылганы үчүн кармалганын, андан көп өтпөй сиңдисин жана күйөө баласын да кармап кетишкенин айтып берген.

- Бир-эки жолу келиним менен сүйлөштүм. “Атам чыктыбы? Эмне болду?” деп сурасам, “чыга элек, азыр атам кытайча үйрөтүп жатат, кытайча сыноо алып жатат, сыноодон өтпөй жаман кыйналды” деди. 65 жашка келген киши эмне билет? Өзүнүн кыргызчасын да толук билбейт да, - деп айткан Камза.

Кытай дооматтарды четке кагууда

Бирок Бээжин Шинжаңдагы чараларды чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүрүп, саясий лагерлерди “кесип үйрөтүүчү борборлор” деп мүнөздөп келет.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан бул аптада Улуттар Уюмунда Бээжиндин дарегине сын айткан өлкөлөргө жооп берди.​

Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Бишкек, 14-июнь 2019-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Бишкек, 14-июнь 2019-жыл.

- Биз аларга “укук коргоочунун” бет кабын чечип салууну, адам укуктары маселесин саясатташтырууну токтотууну сунуштайбыз, - деп билдирди 30-октябрда Гэн Шуан.

Казакстандык «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюму Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганын билдирген. Бирок бул санды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн болбой келет.

Былтыр жыл соңунда Шинжаңдагы окуяларга байланыштуу кытайлык жана кыргызстандык активисттер Бишкекте атайын жыйындарды жана митингдерди өткөрүп, бийлик жетекчилерине кайрылышкан. Баш калаада «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» да түзүлгөн.

Быйыл июль айында Кытайдын лидери Си Цзинпин Бишкекке келгенде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын маселесин "Кытайдын ички иши" деп атаган. Аны улай акыйкатчы Токон Мамытов “Кытайдын түрмөлөрүндө жасаган кылмышы үчүн болбосо, саясий негизде камалган кыргыздар жок” деп билдирген.

Кытай Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүн сап башында турат. Ошондой эле Бишкек Бээжинден соңку беш жылда 1,7 миллиард доллар карыз алган.

Бишкек Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:20 0:00
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (49)

XS
SM
MD
LG