Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Өкүлдөр Палатасы уйгурларды колдогон мыйзам долбоорун жактырды


Кашкар.
Кашкар.

АКШда Өкүлдөр Палатасы 3-декабрда Кытайдагы мусулман азчылыгынын таламын талашкан мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Бул документте уйгурларды ар тараптан кысмактаган саясатына байланыштуу Бээжинге басым-кысым көрсөтүүчү чаралар жазылган.

Мындан үч айдай мурда АКШнын Сенаты Кытайдагы уйгурларга байланыштуу мындан жумшагыраак чаралар каралган мыйзам долбоорун кабыл алган.

Ак үйдүн бул мыйзам долбоорлору боюнча пикири азырынча белгисиз.

Бээжин документти «Кытайга карата кара ниет чабуул» деп баалады жана анын кесепети оор болорун эскертти.

Өткөн айда Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган.

Анын алдында кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде ошол лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.

Бээжин өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

XS
SM
MD
LG