Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Кытайлык кыргыз Жусуп Мамайдын урпагы Тургунаалы Кыргызстанга келди


Тургунаалы Турсунаалы уулу жана Табылды Муратбеков.
Тургунаалы Турсунаалы уулу жана Табылды Муратбеков.

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын урпагы Тургунаалы окууга байланыштуу Бишкекте жүрөт. Бул тууралуу анын досу Табылды Муратбеков маалымдады. Анын айтымында, Тургунаалы 14-майда окуусуна байланыштуу келген. Учурда ал канча убакыт жүрөрү белгисиз.

Тургунаалы алгач Кыргызстанга 2014-жылы билим алганы келген. Тургунаалы Турсунаалы уулу бул жакта маданий чөйрөдө тез эле популярдуу болуп, «Манас» айтуудан сырткары кыргыз бийи менен атагы чыккан. Ал 2017-жылы Тургунаалы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, эки жылдык магистратурага тапшырган. Бирок 2018-жылы октябрь айында Кытайга кетип, ошол боюнча кайтып келген эмес.

2019-жылдын апрель айында америкалык «Foreign Policy» басылмасы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жатып жайкы каникулда Кытайга кетип, кайтып келбеген кытайлык кыргыздар жөнүндө макала даярдаган. Анда басылма «Кытайда жергиликтүү бийлик Тургунаалынын чоң атасынын китептерин конфискациялап, чөбөрөсү адабияттардын кайсы бир бөлүгүн сактап калууга үмүттөнгөн болушу мүмкүн» деп жазды. Ошондой эле басылма Тургунаалы кайра тарбиялоочу лагерге түшүп калышы мүмкүн экенин божомолдоп жазган.

Учурда Кыргызстандагы досу Табылды Муратбеков бул сөздөр жалган экенин, Тургунаалы Кытайдын Ак-Чий деген жеринде үйлөнүп, аялы мугалим экенин, өзү музейде иштеп жатканын маалымдады. (TSh)

XS
SM
MD
LG